WeChat      Избранное

Пандемия коркунучу – окуучулар кайрадан дистанттык формада билим алууда

11/09/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Пандемия коркунучу – окуучулар кайрадан дистанттык формада билим алууда

ФотоWWW

Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдө түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 1-сентябрдан тартып 2-11-класс окуучулары үчүн дистанттык формада билим берүүнү баштады. Бул дагы да болсо, окуучулардын ден соолугунун коопсуздугу үчүн аткарылып жаткан башкы кадамдардын бири. 

Албетте, аралыктан окутуу иштери бир катар кыйынчылыктарды дагы жаратып жаткандыгы эл арасында айтылууда. Мына, ушул багытта биз шаар тургундарынын ой-пикирин билүүнү туура көрдүк. 

Кылычбек Кулубаев, инженер-программист: “Ар бир билим берүү мекемесинде өзүнүн жеке онлайн платформасы болсо аралыктан окуу дагы ийгиликтүү өтмөк”

-Чындыгында, маалымат технологиялары Кыргызстанда жакшы эле деңгээлде өнүккөн. Өлкөнүн университеттеринде бул багытта билим алып чыккан күчтүү адистерибиз көп. Биздин адистер даярдап чыгарган программалар Европа өлкөлөрүндө, башка мамлекеттерде дагы татыктуу атаандаштыкты жаратып келет. Тактап айтканда, дүйнөнүн алдыңкы мамлекеттеринин программисттери менен дагы тең тайлашууга жөндөмдүү. Менин жеке пикиримде, Кыргызстан башка өлкөлөр менен дал ушул IT тармагында татыктуу атаандаштык жарата алат. 

Ал эми, маалымат технологияларынын билим берүү жаатындагы жетишкендиктери тууралуу айтуу азырынча эрте. Анткени, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бул багытта атайын даярдалган портал, же кандайдыр бир автоматташтырылган система жок. Учурда, колдонулуп жаткан системалар атайын демөөрчүлөр тарабынан, же болбосо мурунтан даяр болгон гана программалар. Бул багытта бир калыпка салынып, жалпы маалыматты ичине камтыган жеке өзүбүздүн иштеп чыккан программаларыбыз жок. 

Азыркы тапта, мектеп окуучуларынын көпчүлүгү ZOOM программасы менен онлайн сабак өтүп жатышат. Мындан сырткары дагы, Googleдун бир катар программалары онлайн сабак өтүүгө, видео-конференция уюштууга жакшы көмөкчү болууда. Ал эми, жогорку окуу жайлары болсо өз студенттерине аралыктан сабак өтүү үчүн Moodle системасын колдонуп жатышат. Булардын бардыгы бекер программалар. Албетте, аны толук кандуу колдонуу үчүн университеттердин дагы IT инфраструктурасы жогорку деңгээлде болуусу шарт. Тилекке каршы, көптөгөн ЖОЖдордо андай күчтүү сервер жок. Бирок, кандай болсо дагы мугалимдер телеграмм, WhatsApp аркылуу кайтарым байланыштарын түзүп, учурдагы кырдаалдан чыгууга аракет кылып жатышат. 

Эгерде, ар бир билим берүү мекемесинде өзүнүн жеке онлайн платформасы болуп, ал жакка бардык зарыл болгон маалыматтар киргизилсе, аралыктан окуу дагы бир топ жеңилдеп, өз жемишин бермек деп ойлойм. 

Бул жерден уюлдук операторлордун дагы жардамын айтып кетүү керек. Себеби, алар алыскы аймактарды дагы колунан келишинче ылдам интернет менен камсыз кылып беришүүдө. Бардыгыбызга белгилүү болгондой, интернет жакшы болбосо аралыктан окутуу өз мүдөөсүнө эч жетпейт. 

Адилет Болотбек кызы: “Аралыктан окууда бала менен кошо окуп, аны толук көзөмөлдөө талап кылынат экен” 

-Көп ата-энелер үчүн аралыктан окутуу багыты бир топ көйгөйлүү болууда десем эч жаңылышпайм. Анткени, мурун балдарыбызды үй тапшырмаларын аткарууда гана көзөмөлдөчүбүз. Ал эми, учурда убактыбыздын негизги бөлүгү балдар менен өтүп жатат. 

Менин уулум, азыр экинчи класстын босогосун аттады. Ал кичинекей болгондуктан, онлайн сабакка катталып кирүүгө, электрондук күндөлүгүн колдонууга, кайтарым байланышка чыгууга толук жардам берип жатам. Кээде сабак өтүп жатканда программа иштебей калат, ал учурда дагы жанында болуу шарт. Башкача айтканда, күнүбүз сабак окуу менен өтүүдө. 

Аралыктан билим алууда баланын сабакка көңүл буруусу дагы начар болот экен. Кээде окуу мезгилинде балдар тамактанып, же болбосо ойноп отурган учурлар дагы кездешет. Мугалимди угушпайт. Же үй ичинде бөбөктөрү ыйлап, тынчын алган окуялар дагы болууда. Чындыгын айтканда, үйдө эки-үч баласы бар ата-энелер үчүн абдан эле кыйын болуп жатса керек. Иштегендер болсо андан дагы оор. Себеби, аралыктан окууда бала менен кошо окуп, аны толук көзөмөлдөө талап кылынат экен. 

Үйдө канчалык шарт түзүлбөсүн, баары бир эле мектепке барып билим алууга эч жетпейт экен. Айла жок, пандемияга байланыштуу ушундай кырдаалда окуп жатабыз. Эң башкысы ден соолук болуп, батыраак бул жагдайдан чыгып кетсек болду. 

Нурадил Кылычбеков, окуучу: “Мага аралыктан окуу эч жаккан жок”

-Мен 2-класста окуйм. Мага аралыктан окуу эч жаккан жок. Мектепти, досторумду сагындым. Үйдөн дагы чыкпай, убактымдын көбү сабак окуу менен өтүп жатат. Эжей-агайлар бизге сабактарды түшүндүрүп беришет.

Бирок, интернет начар болуп, же программа иштебей калып, сабакты жакшы түшүнбөй калган учурларым дагы болууда. Үйдөн апам жардам берип жатат. Эртерээк мектепке барсам деп ойлонуп жатам. 

Жаңы окуу жылынын башталышына карата республика боюнча окуучуларга 3594 сыналгы жана 31400 уюлдук телефон жетишсиз (подзаголовок)

Учурда, аралыктан окутуу үчүн телесабактар 10дон ашык студияда  тартылып, ЭлТРдин “Илим жана Билим” (5-11-класс) жана КТРКнын “Баластан” (1-4) телеканалдарынан  эфирден берилүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигини басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, эфирден чыгарылган видеосабактар Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүү порталына (https://oku.edu.gov.kg/ky/) жайгаштырылып жатат.

oku.edu.gov.kg - порталында мындан тышкары мугалимдер үчүн, ата-энелер үчүн методикалык иштелмелер дагы жайгаштырылган, алар үчүн нускама видео сабактар дагы коюлат.

kitep.edu.gov.kg/kg - электрондук китепканасы иштеп жатат. Бул жерге 700дөн ашуун мектеп программасына тийиштүү китептер 3 тилде (кыргыз, орус жана өзбек) жайгаштырылган. Тиешелүү бөлүмдөргө кирип, классты тандап, ар бир предмет боюнча китептерди көчүрүп алууга, же болбосо ошол жерде онлайн окууга да болот. Китептер окуганга ыңгайлуу форматта жүктөлгөн. Мындан сырткары окуучулар үчүн пайдалуу башка адабияттар дагы бар. Мисалы: санариптик сабаттуулукту, медиа маалыматтык сабаттуулукту жогорулатуучу окуу китептери, Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жазуучуларынын белгилүү чыгармалары бар. Китептерди окуучулар электрондук китепкананын ичинде же болбосо көчүрүп алып окуса болот.

Ошондой эле окуу китептерин https://lib.kg/lib/school/  дарегинен табууга болот. Бул жерден окуу китептеринен сырткары да материалдар жайгашкан.

ibilim.kg - окуучулар жана ата-энелерге башталгыч класстар үчүн иштелип чыккан 7 предмет боюнча электрондук программалык-методикалык комплекси. Кошумча билим берүү ресурсу катары сунушталат. Окутуу материалдары республикабыздын кыргыз жана орус тилдеринде окуган мектептердин башталгыч класстарынын окуучуларына арналган, билим берүү стандарттарына жана окуучулардын жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайык келет.

bb.edu.gov.kg/ - “Билим булагы” – бул математика, физика, химия, биология, география, тарых, дүйнөлүк жана кыргыз адабияты, англис тили боюнча Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарынын 5-9-класстарынын билим берүү стандарттарынын чегиндеги окуу материалдарынын мультимедиялык комплекси.

Кошумча билим берүү тиркемелери:

MEGA24 мобилдик тиркемеси. Тиркеменин “Санарип мектеп” бөлүгүндө эфирден чыгарылган видеосабактар жайгаштырылууда. Тиркеменин дагы бир артыкчылыгы видеосабактар көрсөтүлгөн телеканалдарды түз эфирден көрүү мүмкүнчүлүгү бар. Тиркемени колдонууга окуучулардан интернет трафиги сарпталбайт.

Zoom жана WhatsApp мобилдик тиркемелери. Бул тиркемелер аркылуу мугалимдер окуучулар менен кайтарым байланышты уюштуруша алышат.

Билим берүү жана илим министрлиги жаңы окуу жылы башталганга чейин ар бир мектеп дирекциясы жана жергиликтүү бийлик менен биргеликте атайын мониторинг жүргүзүп, окуучулар арасында сыналгы жана телефон жетишсиздиги боюнча сандарды аныктады.

Буга чейин төртүнчү чейректеги дистанттык окутуу мезгилинде министрлик муктаждыгы бар 3403 үй-бүлөнү телевизор менен камсыздаган.

Жаңы окуу жылынын башталышына чейин министрлик жергиликтүү бийлик жана демөөрчүлөрдүн жардамында дагы 1928 телевизор жана 31 143 смартфон менен окуучуларды камсыздады.

Учурда болсо, республика боюнча окуучуларга 3594 сыналгы жана 31400 уюлдук телефон жетишсиз.

Аралыктан билим берүү учурунда окуучуларга, ата-энелерге жардам берүү максатында республиканын ар бир жалпы билим  берүү уюмдарында атайын педагогикалык-психологиялык жана методикалык жардам берүү максатында топтор түзүлдү. Анын курамына соцпедагогдор, мектептин окуу иштери, тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары, класс жетекчилери кирди. Бул топтордун байланыш номерлери окуучуларга жана ата-энелерге жиберилүүдө.

Мындан сырткары райондук, облустук педагогикалык-психологиялык, методикалык жардам берүү штабдары түзүлүп, дистанттык окутуу учурунда жаралган ар кандай суроолорго жооп берүүгө даяр.


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)