WeChat      Избранное

COVID-19 илдетинен сакайгандан кийин организмди өз калыбына келтирүү үчүн кандай ыкмаларды колдонуу зарыл?

11/09/2020  Источник:оригинал   шрифта:

COVID-19 илдетинен сакайгандан кийин организмди өз калыбына келтирүү үчүн кандай ыкмаларды колдонуу зарыл?

ФотоWWW

Учурда, республика боюнча коронавирус илдети менен ооругандардын саны азайып, айыгып чыккан бейтаптардын көп болуп жаткандыгы бардыгыбызды кубандырууда. Бирок, бул оорудан сакайып чыккандан кийин дагы адам бир канча убакытка чейин өзүнө келе албай, организм дагы да болсо начарлап, кыйналып калып жаткан учурлар көп кездешүүдө. 

Ошондуктан, биз Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан атайын даярдалган COVID-19 илдетинен сакайгандан кийин толук калыбына келүү үчүн сунуштамалар менен окурмандарыбызды тааныштырмакчыбыз. Чындыгында, бул сунуштамалар абдан маанилүү, аларды туура жана так аткаруу менен биз бул жугуштуу дарттан корсуз айыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк алмакчыбыз. 

Оорудан айыгуу үчүн убакыт жана туура тамактануу режими талап кылынат 

Ооруп айыккандан кийин бир канча убакытка чейин алсыздык, тез чарчоо, булчундардын тонусунун жоголушун сезишиңиз мүмкүн. Оорудан айыккан соң дароо мурунку жашоо ритмине кайтууга аракет кылбаңыз. Кайра калыбына келүү процесси жеке өзгөчөлүктөрүнө жараша ар кимде ар кандай өтөт. Күнүнө кеминде эки литр суюктук ичүү сунушталат. Компоттор, мөмө-жемиш суусундуктары, ит мурундун кайнатмасы, лимон кошулган чай жана таза суу, ага лимон кошсоңуз дагы пайдалуу. Ичеги-карындын иштешин нормалдаштырууга көмөктөшүүчү ачытылган сүт ичимдиктерин - айран, кефирди күнүмдүк рационго кошуу зарыл.

Майлуу эмес эт колдонуу сунушталат: уй, тоок, үндүк этин. Ошол эле учурда, кайнатылып бышырылган этке басым жасоо керек. Балыкты жегиле (бууга бышырылган же меште бышырылган). Мөмө-жемиш жана жашылча пюрелери да пайдалуу. "Ашказанды толтуруп тамактанбаңыз. Калориялуу тамактарды күнүмдүк рационго акырындык менен кошуңуз. Курамында кант бар, куурулган, майлуу, ышталган азыктарды колдонуудан баш тартыңыз.

Күнүмдүк рацион сөзсүз түрдө курамында С витамини бар жемиштер менен жашылчаларды камтышы керек. С витамининин эң белгилүү булагы - лимон, ошондой эле ит мурун, кара карагат, болгар калемпири, шпинат, петрушка, ат кулак жана укроп да С витаминине бай келерин унутпашыбыз керек. 

Физикалык активдүүлүккө акырындык менен жана абайлап кайтып келүү керек. Алгач жай темпте аз убакыт жөө сейилдөөдөн баштап, акырындык менен темпти жана убакытты көбөйтүү сунушталат. Илдеттин оор түрү менен ооруп айыкккан адамдар алгач дарыгери менен кеңешиши керек. Эгер адам ооруга чейин спорт менен машыгып келсе, анда машыгууга бара-бара кайтып барышы керек.

Организм оорудан толугу менен калыбына келүү үчүн, күнүнө үзгүлтүксүз 8 сааттык түнкү уйку талап кылынат. Ошондой эле күндүз эс алууга убакыт бөлүшүңүз керек. Организмдин коргоонуу күчтөрү төмөндөгөндүктөн, суук тийгизип алуудан сактанышы керек, муздак суусундуктардан баш тартып, талап кылынган санитардык нормаларды сактоону унутпаңыз. Ошондой эле тамеки тартуудан жана спирт ичимдиктерин колдонуудан алыс болуу керек.

Коронавирус жүрөк-кан-тамыр ооруларын өөрчүтөт жана аны дарылоо көпкө созулат 

"Коронавирус жүрөк-кан-тамыр ооруларын өөрчүтөт жана аны дарылоо көпкө созулат. Мындан улам, коронавирус жана жүрөк оорулары бар бейтаптар бир катар тийиштүү чараларды сактоосу зарыл", - деп билдирди Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы кардиологу Акпай Сарыбаев.

COVID-19 менен ооруп, айыккан жүрөк-кан тамыр оорулары бар бейтаптар үчүн төмөнкүлөр сунушталат: Ооруканадан чыккандан кийин бейтаптар 14 күнгө чейин изоляцияда болушат; Изоляция учурунда кайра калыбына келүү программасын аткаруусу сунушталат жана изоляция маалы бүткөндөн кийин, атайын реабилитациялоо борборлоруна барууга мүмкүн; Үй шартында толук туура тамактануу зарыл: жашылча-жемиштердин көптүгү (400 гр кем эмес), тамактын аз туздуулугу ( 5 гр ашпаган), суюктукту чектөө зарыл бир күндө 1 - 1,5 литр ичүүгө болот, эгерде дене табы көтөрүлсө 2 литрге чейин көбөйтүүгө болот.

Сөзсүз түрдө дем алуу гимнастикасын жасоо. Бул багытта программаларды республикалык ден соолукту чыңдоо борборлорунун сайттарынан табууга мүмкүн; Ооруканадан чыгып баратканда физикалык активдүүлүк менен канчалык деңгээлде машыгууга мүмкүн экенин билип алуу зарыл. Эгерде дене табы 37,5 - 38 ге көтөрүлсө, жүрөктүн согушу 100дөн ашса, дем алуусу бир мүнөттө 30дан ашса жана сатурациясы 93%дан жогору болсо, физикалык активдүүлүк сунушталбайт.

Дарыгер тарабынан жазылып берилген дарыларды ичүү маанилүү, бирок кан басымы түшүп же башка дагы өзгөрүүлөр болсо, дарыгерге кайрылууга керек.

Учурда, коронавирус менен ооруп чыккан ар бир бейтап дем алуу гинастикасын үзгүлтүксүз жасоого милдеттүү 

Дем алуу гимнастикасы – бул дем алуучу булчуңдарды машыктырууга жана дем алуу аппаратынын эркин жана үнөмдүү дем алуусун калыбына келтирүү жолу менен анын функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга арналган көзөмөлдөнгөн дем алуу ыкмалары. Дем алуу гимнастикасынын милдети дем алуу булчуңдарынын, анын ичинде диафрагманын алсыроосун жана чыңалуусун дарылоо болуп саналат. Дем алууга катышкан булчуңдарды чыңдоону камсыздай турган атайы көнүгүүлөр топтому сунушталат.

А) Кымтылган эриндер аркылуу дем алуу (каршылык кылуу менен дем чыгаруу)

Өпкөнүн механикалык касиеттерин жакшыртуучу жана газ алмашууну нормалдаштыруучу өтө жөнөкөй, бирок абдан маанилүү көнүгүү.

Баштапкы абал: тике туруу же отуруу.

Мурун аркылуу жетишерлик терең дем алгандан кийин түтүкчө сымал түйрүлгөн эриндер аркылуу 4-6 секунддун ичинде жай дем чыгаруу. Бул көнүгүүнү күнүнө 4-5 жолу 10-15 мүнөттөн кайталаган жакшы.

Б) Диафрагмалык дем алуу:

Баштапкы абал — чалкасынан жатуу.

1-2-3 деп эсептеп, жыйрылган курсак булчуңдарын катыштыруу менен (ошол эле учурда курсакты ичин карай катуу тартуу керек) кымтылган эриндер аркылуу узакка, терең дем чыгаруу, 4 дегенде курсакты мүмкүн болушунча керүү менен диафрагмалык дем чыгаруу. Андан кийин курсактын булчуңдарын тез арада жыйыруу менен 170 жолу акырын жөтөлүү керек. Диафрагмалык дем алуу көнүгүүсүн жатып, отуруп, тике туруп жана ал гана эмес чуркоо же жөө басуу менен алектенген учурларда дагы жасоого болот.

Көнүгүүнү чалкасынан жаткан абалда баштоо керек, андан бир аз убакыт өткөндөн кийин бул техниканы жакшы өздөштүргөн соң аларды вертикалдуу абалда улантуу абзел.

В) Кымтылган эриндер аркылуу дем алуу менен айкалыштырылган көкүрөк менен арткы дем алуу:

Баштапкы абал — тике туруп, буттарды ийиндин кеңдигинде коюп, колду ийиндин деңгээлинде эки жакка таштайт. Кол алакандары менен алдыга бурулган (негизги тике туруу). 1 дегенде терең дем алып, ошол эле учурда өзүн колдору менен кучактайт. Андан кийин дем алууну бир канча секундга кармап, 2 дегенде кымтылган эриндер аркылуу дем чыгарат дагы кайрадан баштапкы абалга келет.

Г) Кымтылган эриндер аркылуу дем алуу менен айкалышкан көкүрөк менен алдыңкы дем алуу:

Баштапкы абал – негизги тике туруу.

1 дегенде терең дем алып, ошол эле учурда колду мүмкүн болушунча артка алып барабыз. Демди бир канча секундга кармап, 2 дегенде кымтылган эриндер аркылуу дем чыгарабыз жана кайрадан баштапкы абалга келебиз.

Дем алуу гимнастикасын аткаруу учурунда сактоо зарыл болгон негизги эрежелер: Кийим ыңгайлуу болушу жана көкүрөк клеткасынын кыймылдарын чектебеши керек; Машыгуулар тамактангандан кийин 2 сааттан эрте эмес убакытта жасалышы абзел; Дем алуу жайбаракат жана эркин болууга тийиш; Дем алуу динамикасынын бузулуусуна жол бербөө үчүн дем алуунун амплитудасы, ритми жана тереңдиги дененин кыймылдарына карата белгилүү бир шайкештикте болуусу керек: - дем алуу көкүрөк клеткасы кеңейген учурда, буту-колду көтөрүү, тулкуну түздөө, колдорду эки тарапка жаюу ж.б. менен бир учурда жүргүзүлүшү керек. 

Дем алуу органдарынын ишмердүүлүгү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүчү “жатуу” жана “тике туруу” абалдары кыйла эффективдүү абалдар деп эсептелет, ошол эле учурда “отурган” абал дем алуу көнүгүүлөрүн аткаруу үчүн оптималдуу болуп саналбайт. Машыгууларды күнүнө 3 жолудан кем эмес, 10 – 15 мүнөт жасоо керек.

 






(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)