WeChat      Избранное

Үсөйүн менен Ыбырайдын турмуш, партия, жаштык тууралуу ырлары

02/09/2020  Источник:оригинал   шрифта:


Үсөйүн менен Ыбырайдын турмуш, партия, жаштык тууралуу ырлары

ФотоWWW

Поэзия дүйнөсүнө саякатыбызды илгерилетип, бул ирет да кытайлык кыргыз акын-жазуучулардын чыгармалары менен тааныштырууну улантабыз. Кезектеги ыр дүйнөнүн алптары: Үсөйүн ажы Асаналы жана Ыбырай Мамбет.

 Эмесе Үсөйүн ажыдан баштасак. Коомдук ишмер Үсөйүн Асаналы 1916-жылдын 11-айында Кытай мамлекетинин Акчий ооданынын Карачий айылында малчынын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Сегиз жашынан баштап, 1924-1934-жылдары Акчий менен Артышта диний мектептерде окуйт. Андан соң, 1935-жылы Аксууда окууга кирип, эки жыл дагы билим алган. Кийин 1945-жылы Гоминдан партиясына мүчө болгон. Анын кыргыз уюшмасында иштеген. Андан соң 1962-1963-жылдары Бээжиндеги ислам диний шойулнинин изилдөө классында үч жыл билим алат. Ал жактан араб, перс адабиятына кызыгып, жаңы билим үйрөнгөн. “Ислам дининдеги суфизм”, “Шинжаңга исламдын кириши” сыяктуу макалаларды жазган. Кыргыз басмаларынын жолго коюлушу менен бир нече ыр түрмөктөрү жарык көргөн.

1989-жылы Кызыл-Суу кыргыз басмасы “Кыргыз санжырасы” аттуу китебин басып таратты. Ал мусулмандардын ыйык китеби болгон “Куранды” кыргызчага которуп, ал жарыка чыккан.

 “Кытайдагы кыргыз акын жазуучуларынын чыгармалары” китебинин автору Жамила Айсаракунованын маалыматы боюнча, 2009-жылы Үсөйүн ажы Асаналы мамлекеттик саясий кеңештин мүчөсү, мамлекеттик ислам дини коомунун башчысынын  орун басары, Шинжаң ислам шойулинин мүдүрүнүн орун басары, Шинжаң кыргыз тил адабият, илимий изилдөө коомунун мүчөсү болуп иштеп турган.  Эмесе ырларына кезек берсек.

 Теңир Тоо

 Ак баш чал Мамай кептенип,

Ак кардан жоолук салынган,

Кооздонгон мойнуна,

Коргулдан мончок тагынган.

Жасагансып боюна,

Жашылдан ичик жамынган,

Эмчегиңдин сүтүнөн,

Эрме чөл, мал-жан тоюнган.

 Эне болуп өстүрдүң,

Эмгекчи элди байыртан,

Байыр алган сенин балдарың,

Байланып сага табынган.

Канча кылым сыналып,

Калкыңа болдуң кадырман.

 Атактуу ыйык Теңир Тоо,

Айланам сенин атыңдан,

Абасы салкын койнуңда,

Артык көрөм жанымдан.

 Сансыз жер бастым кыдырып,

Самолет менен сыдырып,

Мен көргөн тоодон сенчелик,

Кымбаттуу кайдан таба алган.

 Аскар тоо аппак карларың,

Абасы салкын чарбагың,

Жайкалган ыраң төрүндү,

Жайылып жаткан малдарың,

Кадырың эстейт аны үчүн,

Карыш чыкса балдарың.

 Жеңишке жетип мактанам

 Боштондугум кырк жашка,

Толгондугун каршы алам,

Телегейи тептегиз,

Болгондугун каршы алам.

 Жүз жылдык иштер он жылда,

Жүзөгө ашты шанданам.

Келечекте келүүчү,

Жыргалыма таң калам.

Жетекчи чебер партиям,

Женишке жетип мактанам.

 Мол түшүмгө ээ болдук,

Буудай, күрүч, бактадан (пахтадан).

Бир миллиард элдин азыгы,

Камдалганга таң калам.

Жашыруун күчтөр жамдалда,

Азыгы элдин камдалды.

Аштыгы кандай жетет деп,

Ааламдын эли таңданды.

 Ар бир салаа кесиптен,

Алдынкы озот көбойдү.

Алып жатат кубанып,

Ардак такта мөөрөйдү.

Агартуу менен ден соолук,

Ал дагы өстү барабар.

Башталгыч, орто, жогору,

Мектепке толду балалар.

Бакчада ойноп жаш бөбөк,

Курулду доктурканалар.

Тоо- ташта өскөн селкилер,

Борбордон билим алышат.

Макташып доорун жаштары,

 Басаке менен жарышат.

 Жардылар ченсиз байыды,

Жайытка малы батпады.

Эмгек сүйгөн баатырдын,

Эмгеги текке акпады.

Алачык, кепе ордуна,

Ак сарай кирди жапжаңы.

Баарысын берген партиям,

Башында акын ырдады.

 Негизи урматтуу окурман өзүңүз байкагандай, көптөгөн кытайлык кыргыз акындар, Кытай Эл Республикансындагы өзгөрүүлөрдү ырга салып келишет. Алар кыска аралык ичинде, карапайым элдин турмушуна тез ылдамтыкта жакшы өзгөрүүлөр кирип жатканын маалымдашат.

 Мисалы, “Тоо- ташта өскөн селкилер,

Борбордон билим алышат.

Макташып доорун жаштары,

 Басаке менен жарышат” деген төрт сапта жаштар үчүн билим дүйнөсү ачылганы айтылат.

 Ал эми бул саптар: “Мол түшүмгө ээ болдук,

Буудай, күрүч, бактадан (пахтадан).

Бир миллиард элдин азыгы,

Камдалганга таң калам”, кытайдын миллиардан ашык калкы болуп туруп, тама-аш менен өзүн толук бойдон камсыз кыла алган дараметин айтып, таң калганын жашырбай келет.

 Дагы бир каарманыбыз, акын Ыбырай Мамбет. 

 Сөз чебери Ыбырай Мамбет 1918-жылы Үчтурпан ооданынын, Жаман-суу айылынын Шаты кыштагында туулган. Жокчулуктун айынан окуй албай байдын малын баккан. 14-15 жашар кезинен баштап, ыр чыгарып, комузга кошуп ырдап, жаш ырчы болуп таанылган.

 Бара-бара такшалып, той- тамашаларда чоң ырчылар менен кайым айтышып ырдашып, мөөрөй алып жүргөн. Ырлары эл ичинде кеңири тараган. “Маданият көңтөрүшү” (Культурная революция, XX кылымдын 60-чы жылдары) кезинде караланып, көп жылдык эмгекке салынат. 1978- жылы акталып, аброй –атагы калыбына келтирилген. Калемгердин ырлары элдик ыкмага жакын болуп, өзүнө таандык, жеңил, куйкумчул мүнөзгө ээ сатиралык, насаат ырларын көп жазган. Өмүргө, актык менен каралыкка, жакшылык менен жамандыкка көзү жетик болуп, башынан көп иш өткөн. Ойчул аксакал иретинде таанылган.

 Калемгер боштондуктан илгери да сонун, эргиген жаштык ырларын жазган. Акындын чыгармачылыгында сынчыл мүнөз басымдуу орунда турат. 1985-жылы Кызылсуу кыргыз басмасынан акындын “Ыр булагы” деген жыйнагы жарык көргөн.

 Эки доорду тең коргон аксакал калемгерибиз 1984-жылы 11-айдын 20-күнү оору себебинен биз менен кош айтышкан болсо да, эмгеги эл эсинде кала берди. Ал Жүнгө жазуучулар коому, Шинжаң бөлүмчөсүнүн мүчөсү болчу.

Аялдар элге энеке

 Карасаң бүгүн аялдар

Эрлер менен тең болду

Бак-таалай берип партиям

Басуучу жолуң кең болду.

 Аялдар эркин чак болду

Аялга сыймык бак конду

Ачылып илим булагы

Коколоп көөнү шат болду.

Аялдар элге энеке

Кут жайнаган береке

Жан үрөп улуу багытка

Жарады алар керекке.

 Сайра тилим

 Сайра тилим оштонуп, эркин сайра

Кирдеген ички дарттын баарын айта

Гүл ачып, булбул сайрап, шаңшып жатат

Улуу Жунхуа мекендин ар жайында.

 Торопойун тоздуруп “торт чаяндын”

Жыт-жыбырын калтырбай такыр айда

Мекен үчүн, элим үчүн күрөшкө

Чындык үчүн жан тигип белди байла.

“Торт чаян” эрик бербей жолду тосту

Шекерге ачуу чылап ууну кошту

Өркүндөп өрчүп жаткан заманымды

Өксүтүп бир нече жыл артка созду.

 Акты-кара бурады чыркырытып

Миллион адил жүрөк дартка төштү

Алышып, күрөш кылып зор майданда

Ак ийилди, сынбады чындык озду.

 Сайра илим ачылып таамай сайра

Чындык үчүн күрөштө белди байла

Буулуккан бук ачылып чер жазылып

Шаңдаган булбул сайрайт ар бир жайда.

 Ырдагым

 Ырдагым келет, ырдагым

Ырыстуу элдин жыргалын

Өмүрүң өтөт билинбей

Өткөрбө өмүр кырдалын.

 Жаш кезде окуп жыргагын

Жаштыктын сырын сындагын

Жалынып таппай каласын

Жаштыктын өткүр кырдаалын.

 Талпынып күндө үйрөнгүн

Табият терең сырларын

Эмгегиң менен эл коргоп

Элиңе байлык жыйнагын

 Ырдагым келет ырдагым

Ырыстуу элдин жыргалын

Бакыттын багы жайнады

Булбулдай таңшып ырдагын.

 Теңдик жок

 Айылдын чети боз талаа,

Амалсыз экен кыз бала.

Алпарып сатат турбайбы,

Атасы чоочун башкага.

 Кошо барар алым жок,

Кор кылды мени жалын чок.

Айрылдым жүрөк сүйгөндөн,

Атаңа берер малым жок.

Маминтип бөөдө айрылдым,

Маа тийип өмүр аткан ок.

Буркурап ыйлап кантесиң,

Бул заманда теңдик жок.

Бир чымчым топо  жашырат

 Чайпалса дениз чачылыт

Чаңдаган туман басылат.

Алдастап тынбай ойдолоп,

Талпынып кыял ашыгат.

 Кадырлуу жакын досунан,

Караөзгой сырын жашырат.

Жеткилең болсо турмушун,

Коштуктан көңүл ачылат.

 Жамандык кылсаң башкага,

Алдындан оро казылат.

Чегинен ашкан кишиге,

Чек койуп закон чакырат.

Бир тоодой жаның болсо да,

Бир чымчым топо жашырат. 1968 жыл.

 Араңдан зорго айыктым

 Ашуудан ашып эңкейип,

Алтымыш бешке барыпмын,

Керилген кайран жаштыктын,

Кеткенин тубай калыпмын.

 Алмадай кызыл жаш чакта,

Армансыз ойноп алыпмын,

Аргендей обон күү чертип,

Ак үйдө шамдай жаныпмын.

 Уккандар мактап таңыркап,

Улардай обон салыпмын,

Баардык эл сыйлап, урматтап,

Бакыттын гүлүн тагыпмын.

 Ардагы болуп элимдин,

Акындык атак алыпмын.

Байкабай кырдаал кетээрин,

Барысын жыга сайыпмын.

 Кечкирген күндөй күүгүмдөп,

Кетерин билбей калыпмын.

Жалгандан жалаа жармашып,

Жабырды тартып жабыктым

Акыйкат кылып партия,

Араңдан зорго айыктым.

Жогоруда байгандай, сиздерге Ыбырай Мамбеттин ар кандай темадагы ырларын келтирдик. Мисалы, “Аялдар элге энеке” деген ырда, заманбап тил менен айтканда, гендерлик теңчилик тууралуу айтылат. “Карасаң бүгүн аялдар, эрлер менен тең болду...” деп, бул теңчиликке партиянын ролу чоң экенин белгилеп кетүүдө.

 Ал эми “Ырдагым” аттуу ырында, жаңы бийлик орноп, жаш муун үчүн кенен мүмкүнчүлүктөр ачылганын айтат. “Жаш кезде окуп жыргагын... Талпынып күндө үйрөнгүн” деп, бир чети философиялык ой да камтылган.

Ошо менен бирге, оор турмуш чындыгын чагылдырган саптар жок эмес. “Тендик жок” деген ырында, кадимки эле социалдык теңсиздиктин айынан, жаш жигиттин сүйгөн кызына жетпей калганы сүрөттөлөт.

 “Кошо барар алым жок,

Кор кылды мени жалын чок.

Айрылдым жүрөк сүйгөндөн,

Атаңа берер малым жок” – деп, бир жагы элдин кенен камтыган кедейчилик, бир чети феодалдык-патриархалдык түзүлүштүн мыйзамдары күч кезин чагылдырат. Бул ыр 1932-жылы жазылган экен.


(Автор:Сүйүнбек ШАМШИЕВ / Редактор:GL)