WeChat      Избранное

Амантур Байзак тамсили

11/09/2020  Источник:оригинал   шрифта:


Амантур Байзак тамсили

ФотоWWW

Урматтуу “Жибек жолундагы маданий өнүгүү” гезитинин окурмандары, бул ирет сиздердин назарыңыздарга кытайлык кыргыз акын, коомдук ишмер  Амантур Байзак сөз чебери менен тааныштырууну чечтик. 

Кеч башталган жол

Акын, жазуучу жана коомдук ишмер Амантур Байзак 1919-жылы Мүңгүлкүрө ооданынын Чекирти айылында кедей малчынын үй-бүлөсүндө туулган. Жашы 13 чыкканда мектепте окуганга мүмкүнчүлүк алып, 1931-1942-жылдары толук эмес, толук орто мектептерде окуган. Андан соң 1994-жылы Кулжа шаарында ачылган улуттук гимназия окуу-жайын аяктаган. 

Калемгердин чыгармачылык жолу, Айтматов академиясынын академиги Жамийла Айсаракунованын маалыматы боюнча, 1952-жылы “Матаң” аттуу ыры менен башталган. Андан соң, 12 жыл аралыгындагы акындын чыгармалары тууралуу маалымат жок. Кийин, 1964-жылдан баштап “Тарым” журналында “Кожоакундун өмүр баяны” аттуу очерки  менен башталын далай чыгармалары уйгур тилинде чыгып келген. 

Кийин, кыргыз тилинде да китеп-журналдар чыга баштаганда, акынга эргүү келип, бир далай чыгармаларды жараткан. Мисалы, 1981-жылы “Жылкычыга салам” аттуу ыры, автономдук район боюнча 30 жылдан берки баалуу чыгармалар арасында Биринчи даражадагы сыйлыка ээ болгон. Үч жылдан соң, 1984-жылы Кытайдагы алгачкы жеке автордук чыгармалардан турган “Өмүр жолу” аттуу китеби басылып чыккан.

Жамийла Айсаракунованын маалыматы боюнча, Амантур Байзак коомдук ишмер катары кыргыз маданиятынын кайтадан жаңырышы үчүн көп эмгек жумшаган. 

- Ошого анын ырлары улуттук маданиятыбыздын өсүп-өнүгүшүнө тикеден-тике багытталып, залалдар үчүн зарласа, жакшылыктар үчүн жарнаама айтып отурган, - деп жазат Жамийла Айсаракунова

Акындын ырларында карапайым кыргыздын турмушу чагылдырылып турган. Ал чыгармаларында көөнө доордогу өмүр менен учурдагы жашоо талабы, башка элдердин жетишкен жактары эриш-аркак сүрөттөлгөн. 

Сөз чебери жалпы кыргыздарды атуулдука, жаңылыкка, жакшылыкка далалат кылууну чыгармаларынын негизги өзөгү катары тандап алган. 

Белгилүү акын, 1983-жылы дүйнө салган. 

Өмүр 

Үзүлуп түшкөн жалбырак, 

Сабактан калган ажырап,

Өмүрүн соолгон сыңары,

Өзгөрбөс заңы табийгат.

Маржан таш булак мөлтүлдөйт,

Шылдыры тынбайт күн-түндөп,

Өмүр да ошол булактай,

Токтобойт экен бир мүнөт.

Айланып күндү жер келет,

Ай-күн сааты бир илмек,

Өмүрдүн гүлүн билгизбей,

Үзгүлөп жатат бир бирлеп.

Таң кызы Чолпон жаркырап,

Нур төгүп таңын чакырыт,

Алдейлеп жаткан узун түн,

Өмүрдү кетет жарымдап.

Дүйнөнүн жок дейт аарысы,

Өмүр дейт жылдын арышы,

Чиркин ай өмүр не кыска,

Тийди экен кимдин каргышы.

Жаз келсе жайнап гүл ачат,

Жан бүткөн куунап ырдашат.

Күлбөй жүрсө кокуй күн,

Көңүлдү керпес кир басат.

Атанган күлүк тулпар ат,

Ал оонап бойго күч алат.

“Тишиң барда таш чайна”

Кылчайбайт өмүр жалт карап. 

1974-жыл, тогузунчу ай, Үрүмчү. 

Эне 

Баяндайт тарых өткөндү,

Бар жандын эне өнөрү,

Баардык жаш муун эненин,

Паанасы, боор эт, жүрөгү.

Өксүбөй урпак келгени, 

Өмүрдүн эне чебери,

Өзгөчө асыл энесиз,

Өлүмдү өмүр жеңеби.

Терең го мээриң деңиздей,

Көсөмдү, эрди эмизген. 

Теңдешсиз “алдей садагаң”,

Тентекти эпке келтирген.

Жарыгы сендей таң барбы,

Жаралган тилиң балдайбы?

Жадабай бешик терметип,

Жандашкан далай балбанды.

Эптеген бүтөп жартыңды,

Эринбей берген акылды,

Эркелеймин, сылаймын,

Күмүштөй буурул чачыңды.

Ааламга жайсам даңкыңды,

Аскага чексем атыңды,

Ай-жылдап жүрсөм көтөрүп,

Актаар белем акыңды.

1976-жыл, 11 ай. 

Чычкандын жолборсту коркутканы  

Чымдап таап далданы,

Туйгун жолборс сулады,

Жакын жерде үйү бар,

Чочубай чычкан турабы?

Жүгүрүп жолдон бир өттү,

Билмечи тирүү, өлүкпү?

Тумшугунун учунан,

Демин байкап көрмөкчү.

Соолуп жаткан жолборсу,

“Ап” этти да сугунду.

Чый-пыйы чыгып чыркырап,

Жалынып чычкан боздоду:

“Эсимди алды Кудайым,

Эмне десең угайын.

Бир ишиңе жарармын,

Тамчы каным сураймын”.

Жиберди бүркүп ыраакка,

Чыдабай жолборс ачууга:

“Өзүңдөй сасык сөзүн көр,

Кыламын деди жарма маа”.

Жылдар өттү зыркырап,

Үн чыкты бир күн чыркырап.

Чычкан барып караса,

Жолборс жатат тырпырап.

Тирүү жолборс керек деп,

Хандан жарлык тараптыр,

Айла менен аңчылар,

Жолборсту кармап алыптыр.

Жибек аркан кыл аркан,

Таш байлап чырмап таштаптыр.

Тырп этерге алы жок,

Жолборс жатат араң жан.

Чычкан келди күйүгүп,

Өлүп-талып үйүнө,

Жакындарын чакырып,

Максатын айтты күйүнө:

Чыйп этпесин бир да жан,

Талабым бул баарыңан,

Куткарабыз жолборсту,

Түнү менен атпай таң”.

Мактанып аңчы болушу,

Май, этке абдан тойушту,

Чарчаган баары тартышты,

Алмак-салмак уйкуну.

Агарып аппак таң атты,

Аңчылар тоону жаңыртты.

Жолборс жок ордунда, 

Ханга не дейт кастыкты?

Чоң-кичине дебестен,

Касиет жанда бар экен,

Өкүнүп жолборс өткөнгө,

Деди: “көйрөң акмак мен!”

1982-жыл, 2 ай. 






(Автор:Сергей ИВАНОВ / Редактор:GL)