WeChat      Избранное

Урматсыз ижарачылар! Бишкектин вице-мэри "алдамчыларга" кайрылды

02/09/2020  Источник:оригинал   шрифта:


Урматсыз ижарачылар! Бишкектин вице-мэри

ФотоWWW

Мэрдин орун басары участок 10 жыл мурун кандай ыкма менен ижарага берилгенин жана азыркы макулдашуу боюнча иштин жөнүн айтып берди.

Бишкек шаарынын вице-мэри Азиз Алымкулов жер тилкелерин ижарага алган адамдарга кайрылып, аларды "урматсыз" деп атады.

Алымкулов брифинг учурунда 10 жыл мурун мэрия жер тилкелерин конкурс жана аукциону жок арендага берип келгенин айтты. Бирок ижарага алган тарап көп кабаттуу имарат кургандан кийин мэрияга белгилүү бир аянтын (батир) бериши керектигин белгилейт. Аны муниципалитет социалдык жактан муктаж адамдарга жана турак жайы жок дарыгерлерге, мугалимдерге жана башка муниципалдык кызматкерлерге берүүнү пландаган.

"Тилекке каршы, көптөгөн компаниялар жер тилкени алары менен сот органы аркылуу токтомдогу аталган пунктту алдырып салышкан. Муну менен курулган имараттын кайсы бир аянтын бөлүп берүү багытындагы иштер токтоп калган", — деди вице-мэр.

Бишкектин чок ортосунда нааразычылык акциясы өтүп жатат. Сүрөт

Мэрия берилген жерлер боюнча келишимдин аткарылышын шарттаган документти иликтеп чыккан. Бул жерде жалпы аянты беш гектарды түзгөн 35 участок тууралуу кеп болуп жатат. Учурда муниципалитет 6 300 чарчы метр жердин кошумча келишимине кол койду.

Алымкулов 35 жер тилкенин 30у өздөштүрүлбөй калганын билдирди. Муну менен ижарачылар же жер участокту кайтарбай, же мэрияга батир бербей жатканын белгилейт.

"Биз бул жер тилкелери боюнча бардык сотко чейинки этаптардан өттүк. Мен азыркы ээлерине кайрылып кетет элем. Урматтуу, а балким, бизге урматсыз ижарачылар! Биз силерди мэрияны алдап кетти деп эсептейбиз. Сентябрдан тарта келишимдеги милдеттемелерди аткарбаган тараптар менен макулдашууну бир тараптуу токтотобуз", — деди Алымкулов.

Ошондой эле ал мэрия бул ишти аягына чыгарууга белсенгенин эскертти.





(Автор:GL / Редактор:GL)