WeChat      Избранное

Өлкө аймагында өзгөчө кырдаал режимин сактоо зарылдыгы белгиленди

10/05/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Өлкө аймагында өзгөчө кырдаал режимин сактоо зарылдыгы белгиленди

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеш Төрагасы Дастанбек Жумабеков жана өлкө Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Жолугушууда коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча учурдагы кырдаал, өлкөнүн ишкердик активдүүлүгүн жандандыруу боюнча чаралар, постпандемия мезгилине карата артыкчылыктуу милдеттер жөнүндө пикир алмашуу болду.

Элдин мындан ары дагы санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди кармануусу жана өлкөнүн бардык аймактарында өзгөчө кырдаал режимин сактоо зарылдыгы белгиленди.

Президент Сооронбай Жээнбеков ишке тартылган мамлекеттик органдардын экономикалык кесепеттерди жеңип чыгуу, илдеттин мындан ары жайылышына жол бербөө боюнча иштери күчөтүлгөн тартипте улантылышы керектигин баса белгиледи.

Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын, Ош шаарынын, Жалал-Абад шаарынын, жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактарындагы Өзгөчө абал режими эпидемиологиялык кырдаалдын курч болуп жаткандыгына байланыштуу 11-майга чейин узартылган.

(Автор:​ Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)