WeChat      Избранное

Республика боюнча коменданттык сааттын эрежелерин бузган 137 жаран кармалды

07/05/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Республика боюнча коменданттык сааттын эрежелерин бузган 137 жаран кармалды

Сүрөт интернеттен алынды

2020-жылдын 7-майына карата Кыргыз Республикасынын өзгөчө абал киргизилген аймактарында коменданттык сааттын эрежелерин бузгандыгы үчүн 137 жаран ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө жеткирилди. Бул тууралуу КРдин Ички иштер министрлигинин Басма сөз кызматы маалымдады. 

Кыргыз Республикасынын аймагындагы өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош шаарынын, Жалал-Абад шаарынын, жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактарында коменданттык саат киргизилген убакыттын ичинде тактап айтканда кечки саат 21.00 эртең мененки 06.00 убакыттын ичинде жалпы республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 137 жаран жеткирилди. Бир сутка ичинде атайын коюлуучу жайга 7 унаа киргизилди.

Алардын ичинен: Бишкек шаары– 119, Ош шаары -4, Жалал-Абад шаары-4, Ат-Башы району-10.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 4696 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды, анын 4167 эркектер, 529 аял киши. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен койо берилген. Жалпы 3541 жаранга эскертүү берилип, 1155ине протокол түзүлүп айып салынды. Ошондой эле, 25-марттан баштап азыркы күнгө чейин коменданттык саатты бузгандыгы үчүн 363 автоунаа токтотуучу жайга киргизилди.

ИИМ жарандарды Өзгөчө абалдын жана коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга, социалдык тармактар жана интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырат.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)