WeChat      Избранное

8-майга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 11 жаӊы учуру катталды – жалпы 906

08/05/2020  Источник:оригинал   шрифта:

8-майга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 11 жаӊы учуру катталды – жалпы 906

Сүрөт интернеттен алынды

2020-жылдын 8-майына карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 13 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев республикалык штабдын пресс-борборунда билдирди.

Анын айтымында, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 906 адамга жетти. Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 650 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. 

Нурболот Үсөнбаев: “Бишкек шаарында 5, Чуй облусунда 3 жана Жалал-Абад облусунда 3 жаңы учур катталды. Кыргызстанда дагы 13 бейтап коронавирустан айыкты. Сутка ичинде Бишкек шаарынан 6, Ош шаарынан 6 жана Нарын облусунан 1 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды.  

Учурда, коронавирусту Бишкек шаарында бир жана Жалал-Абад облусунда бир медкызматкер жуктурган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 226 учур катталды, алардын ичинен 163 медкызматкер стационарлардан айыгып чыгышкан. 

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 244 адам бейтапканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 12 адамдын абалы оор, 6 бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал эми 68 жарандын абалы орточо оордукта болсо 164 адамдын абалы  канааттандырарлык. 

Учурда Республикалык инфекциялык клиникалык ооруканасында 32 жаш бала дарыланып жатат. Аларда оору жеңил клиникалык түрдө өтүп, оор абалда жаткандары жок. Андыктан, балдардын ден соолугуна коркунуч жок.

“РСК Банк” ААКнын 2 кызматкери коронавирус инфекциясын жуктурду. Биринчи учур Бишкектеги банктын кызматкери, экинчи учур Чаткал районундагы филиалдын кызматкери”, - деп маалымат берди.

Бүгүнкү күнү COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 4 112 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал). Кыргызстан боюнча обсервацияда 1250 адам жатат.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)