WeChat      Избранное

Республика боюнча коменданттык сааттын эрежелерин бузган 109 жаран кармалды

10/05/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Республика боюнча коменданттык сааттын эрежелерин бузган 109 жаран кармалды

Сүрөт интернеттен алынды

2020-жылдын 10-майына карата Кыргыз Республикасынын өзгөчө абал киргизилген аймактарында коменданттык сааттын эрежелерин бузгандыгы үчүн 109 жаран ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө жеткирилди. Бул тууралуу КРдин Ички иштер министрлигинин Басма сөз кызматы маалымдады. 

Кыргыз Республикасынын аймагындагы өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош шаарынын, Жалал-Абад шаарынын, жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактарында коменданттык саат киргизилген убакыттын ичинде тактап айтканда кечки саат 21.00 эртең мененки 06.00 убакыттын ичинде коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 109 жаран жеткирилди. Бир сутка ичинде атайын коюлуучу жайга 7 унаа киргизилди.

Алардын ичинен: Бишкек шаары– 98, Ош шаары -1, Жалал-Абад шаары-2.Нарын облусунун Ат-Башы району боюнча коменданттык сааттын тартибин бузгандар катталган жок.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 4955 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды, анын ичинен 4392 эркектер, 563 аял киши. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен койо берилди. Алардын ичинен 3611 жаранга эскертүү берилип, 1344үнө протокол түзүлүп айып салынды. 

Ошондой эле, 25 марттан баштап азыркы күнгө чейин коменданттык саатты бузгандыгы үчүн 380 автоунаа токтотуучу жайга киргизилди.

(Автор:​ Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)