Республика боюнча коменданттык сааттын эрежелерин бузган 163 жаран кармалды
Сүрөт интернеттен алынды
2020-жылдын 8-майына карата Кыргыз Республикасынын өзгөчө абал киргизилген аймактарында коменданттык сааттын эрежелерин бузгандыгы үчүн 163 жаран ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө жеткирилди. Бул тууралуу КРдин Ички иштер министрлигинин Басма сөз кызматы маалымдады.
Кыргыз Республикасынын аймагындагы өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош шаарынын, Жалал-Абад шаарынын, жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактарында коменданттык саат киргизилген убакыттын ичинде тактап айтканда кечки саат 21.00 эртең мененки 06.00 убакыттын ичинде жалпы республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 163 жаран жеткирилди. Бир сутка ичинде атайын коюлуучу жайга 9 унаа киргизилди.
Алардын ичинен: Бишкек шаары– 143, Ош шаары -10, Жалал-Абад шаары-7, Ат-Башы району-3.
Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 4733 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды, анын ичинен 4195 эркектер, 538 аял киши. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен койо берилди. Алардын ичинен 3504 жаранга эскертүү берилип, 1229 жаранга протокол түзүлүп, айып салынды.
Ошондой эле, 25-марттан баштап азыркы күнгө чейин коменданттык саатты бузгандыгы үчүн 364 автоунаа токтотуучу жайга киргизилди.
ИИМ жарандарды Өзгөчө абалдын жана коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга, социалдык тармактар жана интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырат.
последние
● По всей республике будет сохранен режим ЧС, сроки будут еще продлены
● Республика боюнча коменданттык сааттын эрежелерин бузган 163 жаран кармалды
● 8-майга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 11 жаӊы учуру катталды – жалпы 906
● За три месяца на пособия, зарплату и выплату госдолга потрачено 32,5 миллиарда сомов
Рекомендация
- 1В Кыргызстане зарегистрировали еще 13 новых случаев коронавируса. Всего — 769
- 2Продлен срок действия «зеленого коридора» для иностранных граждан
- 3Посол КНР в КР госпожа Ду Дэвэнь приняла участие в церемонии передачи гумпомощи мэрии Бишкека
- 4С начала года в Баткенской области было выявлено 22 факта контрабанды
- 5Республика боюнча коменданттык сааттын эрежелерин бузган 137 жаран кармалды