24-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктургандардын 25 жаӊы учуру катталды - жалпы 656
Сүрөт интернеттен алынды
2020-жылдын 24-апрелине карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 25 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев республикалык штабдын пресс борборунда билдирди.
Нурболот Үсөнбаев: “Жаңы катталган 25 бейтаптын ичинен Бишкек шаарында - 6, Чүй облусунда - 4, Ош шаарында - 3, Ош облусунда - 3 жана Нарын облусунда - 9 учур бар. Ошондо, жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруунун 656 учуру катталды.
24-апрелге карата өлкөдө коронавирус жуктурган 25 жаңы учурдун ичинен 10у медицина кызматкерлери. Нарын облусунда – 6, Ош облусунда – 2, Ош шаарында – 1 жана Бишкек шаарында 1 медицина кызматкери коронавирус жуктурган. Учурда өлкөдө медицина кызматкерлери коронавирус жуктурган учурлардын саны 172ге жетти. Алардын ичинен 50сү дарыгер, калгандары орто жана кенже медицина кызматкерлери жана башка кызматта иштегендер.
Бүгүнкү күнгө карата 53 медкызматкер коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алардын ичинен: 18 дарыгер, 24 орто медперсонал, 8 кенже медперсонал жана 3 башка адис. Учурда стационарда – 326 бар, алардын ичинен бешөө реанимацияда.
Коронавирустан 20 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алардын ичинен Бишкек шаарында – 4, Ош шаарында – 8, Жалал-Абад облусунда - 8 бейтап. Учурда коронавирустан айыккандардын саны 322ге жетти. Жалпы сегиз адам каза тапты” – деп маалымат берди.
Азыркы тапта, илдетти 15 жашка чейинки 75 бала жуктурса, алардын ичинде бир жашка чейинки 4 ымыркай бар. Ал эми 16 жаштан 19 жашка чейин 18 өспүрүм, 20 жаштан 35 жашка чейин 179 жаран, 35 жаштан 55 жашка чейин 239 жаран жана 55 жаштан жогорку 145 адам вируска чалдыккан.
последние
Рекомендация
- 1Республика боюнча 17-апрелге карата коменданттык саат учурунда 74 жаран кармалды
- 2Китайские врачи ознакомились с работой Национальной вирусологической лаборатории
- 3Учурдагы кырдаалдан улам, окуучулардын билим деңгээлин аралыктан баалоо сунушталат
- 4МАГАТЭ оказало помощь Кыргызстану в борьбе против эпидемии коронавируса
- 5Тартип, мыйзамды сыйлоо, эрежелерге баш ийүү аркылуу гана Кытай COVID-19 илдетин жеңип чыга алышты