WeChat      Избранное

Республика боюнча коменданттык сааттын эрежелерин бузган 106 жаран кармалды

24/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Республика боюнча коменданттык сааттын эрежелерин бузган 106 жаран кармалды

Сүрөт интернеттен алынды

2020-жылдын 24-апрелине карата Кыргыз Республикасынын өзгөчө абал киргизилген аймактарында коменданттык сааттын эрежелерин бузгандыгы үчүн 106 жаран ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө жеткирилди. Бул тууралуу КРдин Ички иштер министрлигинин Басма сөз кызматы маалымдады. 

Кыргыз Республикасынын аймагындагы өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош областынын Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Ош шаарынын, Жалал-Абад областынын Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын, Нарын облусунун Наарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймактарында коменданттык саат киргизилген убакыттын ичинде тактап айтканда кечки саат 21.00 эртең мененки 06.00 убакыттын ичинде жалпы республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 106 жаран жеткирилип, 9 автоунаа атайын жайларга токтотулду.

Алардын ичинен: Бишкек шаары боюнча – 88, Жалал-Абад шаары боюнча 2, Ош шаары -боюнча-5, Нарын шаары-1, Ат-Башы району боюнча -5, Сузак району боюнча-3, Кара-Суу району боюнча-2. Ал эми, Ноокат районунда тартип бузуулар катталган жок.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 3361 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен койо берилди.

ИИМ жарандарды Өзгөчө абалдын жана Коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга, ошондой эле социалдык тармактар жана Интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырат.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)