Учурдагы кырдаалдан улам, окуучулардын билим деңгээлин аралыктан баалоо сунушталат
Сүрөт интернеттен алынды
Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде аралыктан окутуунун киргизилгенине байланыштуу жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдерине 4-11-класстардын окуучуларынын билимин аралыктан баалоону сунуштайт. Бул тууралуу КРдин Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Мектептер иш жүргүзүүнүн ыкмасы (тармакты, интернет технологияларын алыстан колдонуу) менен өткөрүү мөөнөттөрүн ѳз алдынча тандай алышат. Тесттик тапшырмалар Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борбору (ББСБжМТУБ) тарабынан окутуу программалары менен мѳѳнѳттѳрүнѳ ылайык сунушталат.
6- апрель (ѳтүлгѳндѳрдү кайталоо)
13- апрель (ѳтүлгѳндѳрдү кайталоо)
20- апрель (ѳтүлгѳн темалар, 4-чейрек)
30- апрель (ѳтүлгѳн темалар, 4-чейрек)
20-май (жыйынтыктоочу)
Тапшырмалар кыргыз жана орус тилинде, 4-класстын окуучуларына 3 сабактан (Математика, Эне тили, Мекен таануу), ошондой эле орто жана жогорку класстардын окуучуларына (5-11 класстар) 11 сабактан сунушталат.
Нускама, тесттик тапшырмалар жана баалоо чен-ѳлчѳмдѳрү министрликтин порталына (https://oku.edu.gov.kg/ru/testy/) жана борбордун www.ntc.kg. сайтына жайгаштырылат. Бардык суроолор боюнча тѳмѳнкү телефондор боюнча кайрылыңыздар: +996 551 157378, +996 500 157378, +996 553 230750.
последние
● Представители горной промышленности назвали положительным моментом открытие границы с Китаем
● Учурдагы кырдаалдан улам, окуучулардын билим деңгээлин аралыктан баалоо сунушталат
● С приказами комендатур можно ознакомиться на сайте Министерства юстиции КР
● 15-апрелден тарта коменданттык саат 21:00дөн 6:00гө чейин созулат
Рекомендация
- 1АБР прогнозирует рост ВВП Кыргызстана в 2020 году в 4 процента
- 2Тиешелүү адистердин анализдеринин негизинде Ыкчам штаб ӨА, ӨК режим мөөнөтүн узартууну сунуштайт
- 3Министерство иностранных дел КР проинформировало о новых правилах при вывозе медизделий из КНР
- 4Груз с медоборудованием и средствами защиты от коронавируса пришел в Армению из Китая
- 5Карантинные меры внесли коррективы в работу НЦФ