Тартип, мыйзамды сыйлоо, эрежелерге баш ийүү аркылуу гана Кытай COVID-19 илдетин жеңип чыга алышты
Сүрөт интернеттен алынды
Учурда, бүтүндөй дүйнө COVID-19 вирусу менен күрөшүп жаткан кези. Кыргызстан дагы алардын катарында, бизде алгачкы коронавирус менен катталган 3 жаран 18-март күнү тастыкталган. Азыркы тапта, 23-апрелге карата бул жугуштуу илдет менен жабыркагандардын саны 631ге жетти.
Кытай Эл Республикасы коронавирус дартына биринчилерден болуп кабылып, аны менен күрөшүүдө ийгиликти багынта алды. Биздин редакциянын журналисти Кытайдын Ханчжоу шаарында билим алып, окуп жаткан кыргызстандык студент Жылдыз Токтобай кызы менен байланышып, Кытай жергесиндеги учурдагы абал тууралуу маалымат алды.
-Чындыгында, COVID-19 вирусу бүтүндөй дүйнөнүн айласын кетирүүдө. Канчалаган мамлекеттердин экономикалык абалы начарлап, сап башында турган миллиардерлер, ишкерлер дагы эң чоң жоготууга дуушар болушууда. Азыркы тапта, дүйнө жүзү бул жугуштуу илдеттин вакцинасын издеп, көптөгөн изилдөөлөрдү жүргүзүп жаткан чагы.
Аталган дарт Кытайда декабрдын аягында башталганы менен, мен турган шаарда январдын 20ларында алгачкы ооругандар чыккан. Ошондуктан, январдын аягында биздин шаарга Өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
Эң алгач эле, университеттин аймагына кирип-чыккан студенттердин температурасын ченеп, сырттан келген студенттерге, машиналарга кампуска кирүүгө тыюу салган. Ал эми шаар ичинде болсо, бир күндө бир гана кишиге азык-түлүккө, дарыканага жана зарыл болсо ооруканага барууга уруксат берилген.
Кытайда элдин бийликке болгон ишенимин, өлкө жетекчилигинин кадыр-баркын дагы бир жолу ушул илдет менен болгон күрөшүүдө көрдүм десем болот. Анткени, калк жогорку тараптан айтылган эрежелерди, талаптарды толугу менен аткарып, мыйзамга баш ийип, өзгөчө тартип менен бул күрөштү жеңип чыга алышты.
“14 күн мурун башка шаарларга бардынбы, ооруган адамдар менен байланышта болдунбу, температураң 37°С өйдөбү?” деген ушул сыяктуу суроолорду камтыган QR код иштеп чыгышып, ошол аркылуу гана дүкөндөргө кирүүгө, сыртка чыгууга уруксат берип жатышты. Күн сайын температурабызды ченеп турушту. Оорунун белгилери барбы-жокбу бардыгын сурашып, өз ал-акыбалдарыбызды айтып турдук. Мына, ушундай жол менен бийликтин жана жалпы элдин көмөгү менен вирустун жайылышын токтотуп, анын алдын-ала алышты.
Азыр болсо, биздин шаарда бардыгы жакшы. Акырындап жашоо өз калыбына келип баштады.
Ачыгын айтсам Кытайда коронавирус курч болуп жаткан учурда, “Кытай күчтүү, өнүккөн мамлекет бир-эки айдын ичинде жеңип чыгат” деп, менде анчалык деңгээлде коркуу сезими деле болгон эмес. Болгону дүйнөгө жайылып кетпесе экен деп эле тынчсыздангам. Кыргызстан үчүн коркком.
Тилекке каршы, учурда Кыргызстанда дагы кырдаал курч болуп турат. Өзгөчө кырдаал, кээ бир аймактарга Өзгөчө абал режимин киргизгени менен элдин көбү көчөдө жүргөндүгү ойлондурат. Ар бирибиз бул дарт мага келбейт, жукбайт деп ойлошубуз мүмкүн. Бирок, чындыгында коронавирус жаныбызда. Жаныңдан ким өтүп кеткенин билбейсиң, кайсы жерде вирус жатканын дагы билбейбиз. Эл негедир бул илдеттин коркунучтуулугун тоготбой жаткандай.
Белгиленген мөөнөт ичинде бийликтин айтканын угуп, карантин эрежелерин толук жана так аткарып, сыртка зарыл болгон учурда гана чыгып турсак, биз дагы Кытай эли сыяктуу эле бул дартты жеңип чыгабыз деген ойдомун.
последние
● 94 млн 900 миң сом ӨКМга COVID-19га каршы күрөшүү үчүн которулган
● Тартип, мыйзамды сыйлоо, эрежелерге баш ийүү аркылуу гана Кытай COVID-19 илдетин жеңип чыга алышты
● Посол КНР в КР госпожа Ду Дэвэнь встретилась с вице-премьер-министром Кыргызстана Аидой Исмаиловой
● Наш соотечественник отправил маски из Китая для родной альма-матер
Рекомендация
- 1Ош шаарында балдарды аралыктан окутуу үчүн муктаж болгон үй-бүлөлөргө телевизорлор убактылуу пайдаланууга берилүүдө
- 222-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктургандардын 22 жаӊы учуру катталды - жалпы 612
- 3Учурдагы кырдаалдан улам, окуучулардын билим деңгээлин аралыктан баалоо сунушталат
- 4Өлкөнүн айрым шаарлары менен райондорунда өзгөчө абал режими 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартылды
- 5Китайские медики прибудут в Кыргызстан 20 апреля