Республика боюнча 17-апрелге карата коменданттык саат учурунда 74 жаран кармалды
Сүрөт интернеттен алынды
2020-жылдын 17-апрелине карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы өзгөчө абал киргизилген аймактарда коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 74 жаран жеткирилди. Бул тууралуу КРдин Ички иштер министрлигинин Басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек шаары, Ош областынын Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Ош шаарынын, Жалал-Абад областынын Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын, Нарын облусунун Наарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймактарында коменданттык саат киргизилген убакыттын ичинде тактап айтканда кечки саат 21:00 эртең мененки 06:00 убакыттын ичинде жалпы республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 74 жаран жеткирилип, 10 автоунаа атайын жайларга токтотулду. Алардын ичинен Бишкек шаары боюнча – 59, Жалал-Абад шаары боюнча – 4, Ош шаары боюнча-2, Нарын шаары боюнча-6, Кара-Суу району боюнча -2, Сузак району боюнча -1.
Ал эми, Ноокат жана Ат-Башы райондорунда тартип бузуулар катталган жок.
Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2705 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен койо берилген.
ИИМ жарандарды Өзгөчө абалдын жана Коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга, ошондой эле жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырат.
последние
Рекомендация
- 1Нарын шаары жана Ат-Башы районунун аймагына Өзгөчө абал режими киргизилди
- 2В Кыргызстане выявлено 11 новых случаев заражения коронавирусом
- 3 Если не сейчас, то когда еще наша помощь будет так нужна Кыргызстану и нашему народу?
- 4Почти 117 миллионов сомов поступили на счет борьбы с коронавирусом
- 5Сегодня в южную столицу отбыла группа специалистов инфекционного контроля для расследования случаев группового инфицирования медработников