WeChat      Избранное

Марлен Маматалиев: “Эгерде, бул кырдаал дагы курчуй берсе, ӨА жана ӨК режимдерин узартуу элге, экономикабызга, мамлекетке эң кыйын мезгилди алып келет”

17/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Марлен Маматалиев: “Эгерде, бул кырдаал дагы курчуй берсе, ӨА жана ӨК режимдерин узартуу элге, экономикабызга, мамлекетке эң кыйын мезгилди алып келет”

Сүрөт интернеттен алынды

2020-жылдын 15-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин жыйыны болуп өттү. Жыйындын башталышында Жогорку Кеӊеште жаңыдан дайындалган Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова, саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов менен катар эле, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Айгерим Бешимбаева  менен Саматбек Ибраев  ант беришти.

Аталган жыйында, Кыргызстандагы кырдаал, коронавируска каршы күрөш, аны жайылтпоо, алдын-алуу боюнча депутаттардын суроолоруна Өкмөт өкүлдөрү жооп беришти. Муну менен катар эле, мамлекеттин экономикалык абалы, сыртта жүргөн кыргызстандыктарды өз мекенине кайтаруу жаатында дагы бир топ көйгөйлөр көтөрүлүп, сунуштар айтылды. 

Биздин редакциянын журналисти дагы КР ЖКнын депутаты Марлен Маматалиев менен байланышып, жыйындын жүрүшү, айтылган суроолор жана сунуштар боюнча жалпы маалымат алды. 

-15-апрель күнү Өзгөчө абал режимин Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна киргизүүгө мажбур болдук. Анткени, бул аталган аймактарда дагы COVID-19 вирусу күчөп, абал курчуп бара жаткандыгы маалым. Муну менен катар эле, республика боюнча киргизилген Өзгөчө кырдаал жана Өзгөчө абал учурлары 30-апрелге чейин узартылды. Бул кадамдын башкы себеби дагы коронавирус илдетин жуктургандардын саны күндөн-күнгө өскөнүндө болуп жатат. 

Илдеттин азыркы тапта дагы да болсо, жогорку чегине жете элеги айтылууда. Адистердин изилдөөсү боюнча андай кырдаал Кыргызстанда апрель айынын аягына туура келмекчи. Ошондуктан, болжол менен пандемиянын төмөндөө мезгилине чейин аталган режимдерди узартууга аргасыз мажбур болдук. Мунун алкагында Өкмөткө бир топ сунуштар, бир топ сындар айтылды. Өзгөчө абалдын убагында элибиздин кыйналып жаткандыгын дагы белгилеп кеттик. Күнүмдүк акча таап жашап келген жарандарыбыздын, ишкерлер чөйрөсүнөн баштап, мигранттарыбыздын көйгөйлөрүнө чейин айтылып, тиешелүү тапшырмаларды бердик. Мисалы, сыртта жүргөн жарандарыбыздын бир-эки жуманын ичинде толугу менен өлкөбүзгө алынып келүүсү, азык-түлүк көйгөйүнүн чечилүүсү боюнча тапшырмалар берилди. Элди тамак-аш менен камсыз кылуу үчүн резервден дагы акча-каражатын бөлдүрүп бердик. 

Албетте, орто жана кичи бизнестерге дагы учурдагы кырдаалда кандай жардамдарды, жеңилдиктерди бере алабыз, алардын тез арада өз ишмердүүлүгүн улантуусуна кандай шарттарды түзүү зарыл деген маселелердин тегерегинде дагы бир топ сунуштар айтылды. Мен дагы өз сунуштарымды бердим. Мисалы, бизнестердин айрымдарын чоң өндүрүштөн баштап кичи бизнестерге чейин иштетип, кайра жандандыруу маселесин көтөрдүк. Ал жерде өтө этияттык менен бардык нормаларды сактап ишмердүүлүгүн улантууга шарт түзүп берүү дагы заман талабы болууда. Ушундай абалда иштей турган атайын бизнес тармагындагы жумуштар бар. Мына, ошолор жумуштарын иштей берсин деген маселени көтөрдүк. 

Эгерде, бул кырдаал дагы курчуй берсе, ӨА жана ӨК режимдерин узартуу элге дагы, экономикабызга, мамлекетибизге дагы абдан кыйын учурду алып келмекчи. Андай болгудай болсо, башка жол менен кетүү керек деген сунушумду айттым. Чындыгында, коронавирус менен ооруп жаткан адамдарды аныктоо маселеси абдан оор экен. Керек болсо, үй карантинине чыгарылган адамдардын үйдө отурбагандыктарына өзүм күбө болгон учурлар дагы болду. Учурда, үй карантининде болгондорду дагы обсервацияга алуу маселеси ачык калууда. Алар менен байланышта болгон кишилерди тез таап анализдерди алуу ишинде дагы кемчиликтер кетүүдө. Тилекке каршы, жер-жерлерде ушундай мүчүлүштүктөр болуп жаткандыгы ойго салат.

Мүмкүн азыртан баштап “План Б”ны ойлонсок болот эле деп ойлойм. Жалпы бардык байланышта болгондорду тактап, мейманканаларга, аскердик базаларга жаткырып катуу көзөмөлгө алып, анализдерин аныктап, дарылоо иштерин жүргүзүү керек. Башкача айтканда, коронавируска шектүү болгондордун бардыгын коомдон өзүнчө бөлүп анализдерин алып, таза болсо чыгарып, ооруп калса дарылап, айыктырууга аракеттерди көрүү зарыл. Илдетке шектүү болгондор болжол менен бир канча миң болсо дагы бардыгын катуу көзөмөлгө алып, кароо абзел. Мисалы, Кытайда, Россияда ооруканалар курулду. Бизде андай шарт жок. Бирок, аскердик шаарчаларга деле жайгаштырсак болот. Мына, ушул багытта бир топ сунуштарды бердик.

Азыркы мезгилде, Кытай Эл Республикасы бизге гана эмес, башка мамлекеттерге дагы өз колдоосун көрсөтүп жатат. Биз дагы өз учурунда коңшу мамлекетке гуманитардык жүк жибердик эле. Ал жактан дагы кайра келүүдө. Чынын айтуу керек, биз учурда жардамга муктажбыз. Коңшу мамлекеттен жардам сурадык, алар дагы өз колдоосун көрсөтүп жатат. 


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)