WeChat      Избранное

​Гуанчжоу шаарынын Элдик Өкмөтүнөн Кыргызстанга гуманитардык жардамдын экинчи партиясы жөнөтүлдү

24/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

​Гуанчжоу шаарынын Элдик Өкмөтүнөн Кыргызстанга гуманитардык жардамдын экинчи партиясы жөнөтүлдү

Сүрөт интернеттен алынды

Гуанчжоу шаарынын Элдик Өкмөтүнөн Кыргызстанга гуманитардык жардамдын экинчи партиясы жөнөтүлдү. Бул тууралуу Республикалык штабдын пресс-борборунан билдиришти.

20-апрелде Кыргызстанга Гуанчжоу шаарынын Элдик Өкмөтүнөн Гуандун провинциясынын Курулуш жана жасалгалоо материалдарын өндүрүүчүлөр Ассоциациясынын бир катар компаниялары тарабынан даярдалган гуманитардык жардамдын экинчи партиясын боордош Бишкек шаарына жөнөтүү аземи болуп өттү. 

Гуманитардык жардам коронавирус инфекциясынын эпидемиясына каршы күрөшүүдөгү медицина кызматкерлери үчүн жеке коргонуу каражаттарды, беткаптарды, термометрлерди өзүнө камтыйт жана Бишкек, Ош шаарларына багытталат. 

Жүк «Жакын болуу үчүн аралык тоскоолдук кылбайт, биз кыйынчылыктарды чогуу жеңебиз», «Биргеликте күрөшөбүз!» деген ураандар менен коштолот. 

Буга чейин жардамдар Фошань шаарынын Элдик Өкмөтүнөн боордош Ош шаарына көрсөтүлгөн.

Кытай Эл Республикасы учурдагы кырдаалда Кыргызстанга жардам берип, колдоо көрсөтүп келүүдө. Буга ушул убакытка чейин коңшу мамлекеттен келип жаткан гуманитардык жардамдар толук далил. 

Эске сала кетсек, Кыргызстанда дагы да болсо эпидемиалогиялык кырдаал курч бойдон калууда. Үстүбүздөгү жылдын 24-апрель күнүнө карата COVID-19 вирусун жуктургандардын 25 жаӊы учуру катталды. Өлкө боюнча учурда жалпы 656 учур тастыкталды. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)