Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги “Манас” эл аралык аэропортуна гуманитардык жардам көрсөттү
Сүрөт интернеттен алынды
23-апрель күнү Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги “Манас” эл аралык аэропортуна гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу “Манас” аэропортунун Басма сөз кызматы билдирди.
Кыргызстанда коронавирус инфекциясынын жайылышын болтурбоо жана вируска каршы күрөшүү максатында Кытайдын КРдеги Элчилиги “ “Манас” эл аралык аэропортуна” ААК гуманитардык жардам көрсөттү.
Достук мамилелерин эске алып жана өз ара колдоо көрсөтүүнүн негизинде “МЭА” ААК кызматкерлерине 10 мобилдик электрондук термометр жана 9000 бир жолу колдонулуучу медициналык беткап берилди.
Бул гуманитардык жардам “МЭА” ААК 3 филиалында – “Манас”, “Ош” жана “Ысык-Көл” аэропортторуна бөлүштүрүлмөкчү.
Бардыгыбызга белгилүү болгондой, аэропорттордун кызматкерлери учуп келген жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү алгачкылардан болуп тосуп алышат. Мында жеке коргонуу каражаттарын колдонуу менен бардык коопсуздук чаралары сакталууда. Муну менен катар эле, аэропорттордун медиктери кызматкерлердин температурасын дагы күн сайын өлчөп турат.
Бүгүн Кыргызстан менен Түркиянын өкмөттүк түзүмдөрүнүн жетишилген макулдашууларынын натыйжасында 2020-жылдын 24-апрелине Стамбул-Бишкек каттамы боюнча чардердик каттам уюштурулду.
Кыргызстандын жарандарын алып кетүү Кыргыз Республикасынын Түркиядагы чет элдик мекемелери 2020-жылдын март айынан бери түзүп жаткан тизмелерге ылайык ишке ашырылды. Биринчи кезекте, артыкчылык улуу муундагы жарандарга, балдарга, аялдарга, ошондой эле саламаттыгынан көйгөлөрү бар жактарга берилди. 349 кыргызстандын жараны өз мекенине кайтып келишти.
последние
Рекомендация
- 1Дамир Осмонов: По окончании карантина у нас будет больше работы и пациентов
- 2И корона вирус не спасет
- 3Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги “Манас” эл аралык аэропортуна гуманитардык жардам көрсөттү
- 4COVID-19 сайты - сырттан келип же болбосо бул жактан чогулуп жаткан жардам тууралуу маалыматтарды толук ичине камтыйт
- 5Республика боюнча коменданттык сааттын эрежелерин бузган 88 жаран кармалды