WeChat      Избранное

Кыргызстанга жардам көрсөтүү үчүн Кытайдан дарыгерлер тобу келди

20/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Кыргызстанга жардам көрсөтүү үчүн Кытайдан дарыгерлер тобу келди

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргыз Республикасынын бийлигинин чакыруусу менен бүгүн Кыргызстанга Кытай Эл Республикасынан медициналык кызматкерлердин тобу келди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.  

Бул он дарыгерден турган топ Синьцзян-Уйгур автономдуу округунун адистеринен түзүлдү. Кытай медиктеринин биргелешкен жумушчу тобу атамекендик адистерге коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө көмөк көрсөтүп, топтолгон тажрыйбасы менен бөлүшмөкчү.  Мындан тышкары, алар дарыгерлерге бейтаптарды дарылоодогу эффективдүү ыкмаларды дагы үйрөтүшмөкчү. 

Белгилесек, биздин өлкөгө Кытайдан медициналык эксперттерди жөнөтүү тууралуу макулдашууга 2020-жылдын 14-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен телефондук сүйлөшүүсүнүн жүрүшүндө жетишилген.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуккандар менен байланышта болгон адамдардын саны 8 миң 116га жетти. 

Башкы санитардык врачтын айтуусуна караганда, анын ичинен жакын байланышта болгондордун саны 1 миң 872 адамды түзөт (1-категория). Ал эми башка байланышта болгон адамдардын саны 6 миң 244 (2-категория).

Бүгүнкү күнү Кыргызстан боюнча обсервацияда 862 адам жатат. 20-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккан жаңы 14 учур катталып, жалпы 568ге жетти. Алардын 140ы медициналык кызматкерлер. Ошондой эле 201 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Жети адам каза болду.

Ушундай күндөн-күндө курчуп бара жаткан абалда, коронавирус илдети менен күрөшүүдө тажрыйбасы мол дарыгерлерге өлкөбүз абдан муктаж. Польшадан жана Кытай Эл Республикасынан келген медицина кызматкерлери элибиздин саламаттыгын сактоого көмөкчү болот деп ишенебиз. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)