WeChat      Избранное

Айпери Абдылдаева: “Дүйнөдөгү эң оор тилдердин бири ушунчалык сулуу жана көркөм жазылат деп эч ойлогон эмесмин”

13/09/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Айпери Абдылдаева: “Дүйнөдөгү эң оор тилдердин бири ушунчалык сулуу жана көркөм жазылат деп эч ойлогон эмесмин”

                                                         Сүрөттөр редакцияга таандык

Салттуу Кытай искусствосу, көркөм сүрөт өнөрчүлүгү, кытай каллиграфиясы, чындыгында бул сөздөр бир-бири менен абдан тыгыз байланышып, эриш-аркак жашап келишет. Аларды, бир-биринен ажыратып кароо эч мүмкүн эмес. Биз дагы “Вернисаж” рубрикабызда ар дайым кытай көркөм сүрөт өнөрү тууралуу кенен маалымат берип, окурмандарыбызды ушул өнөрдү аркалап келе жаткан мыкты сүрөтчүлөр менен тааныштырып келебиз. 

Бүгүн биздин конокто келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш сүрөтчү Айпери Абдылдаева. Айпери, жаш болсо да сүрөт дүйнөсүн жакындан билип, кытай каллиграфиясын дагы мыкты өздөштүргөн таланттардын бири. Ал бизге искусство жаатында мыкты маек куруп, өзүнүн эмгектери менен дагы жакындан тааныштырып кетти. 

“Жаратылыштын сулуулугун жан дүйнөң көрүп тургандай кагаз бетине түшүрүү дагы мыкты маанай, эргүү тартуулайт”

Айпери Абдылдаева: “Дүйнөдөгү эң оор тилдердин бири ушунчалык сулуу жана көркөм жазылат деп эч ойлогон эмесмин”

                                                         Алгачкы эмгектер.

-Мен кичинекей кезимден эле искусство дүйнөсүндө өсүп, аны жакындан таанып-билдим десем болот. Анткени, ата-энем экөө тең С.А. Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм өнөр окуу жайын аякташкан. Ошондуктан, бала чагымдан сүрөт тартуу менен чоңоюп, бул тармакты хоббим катары өнүктүргөм. Чындыгында, сүрөт тартканды абдан жакшы көрөм. Өзгөчө, пейзаж менен иштеген жагат. Жаратылыштын сулуулугун өзүң, жан дүйнөң көрүп тургандай кагаз бетине түшүрүү дагы мыкты маанай, эргүү тартуулайт эмеспи.  

Үй-бүлөдө үч бир тууганбыз. Эки агам бар, алар дагы сүрөт тартуу менен алектенишет. Кесибим боюнча финансистмин. Учурда, үйдө бардыгыбыз кыргыз сувенирлерин жасап, буйрутмалар менен дагы иштешип келебиз. Ата-энем негизинен портрет тартышат. Чындыгында, сүрөтчүлүк өнөрүн аркалоо үчүн тынымсыз эмгек менен катар, сөзсүз түрдө талант дагы болуусу зарыл. Ушундай таланттуу үй-бүлөдө төрөлгөнүм үчүн сыймыктанам. 

“Искусстводо чек жок” 

-Ал эми, менин кытай көркөм сүрөт өнөрүнө  кызыгып, бул искусство дүйнөсүн жакындан таануума курбу кызым себепчи болду десем болот. Анткени, ал Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетинин Конфуций институтунан билим алчу. Мен дагы аны менен кошо курстарга барууну чечтим. Алгач, кытай тили менен катар, каллиграфия жана кытайдын элдик аспабы гучжэнди черткенди үйрөнүп баштагам. Бирок, убакыттын тардыгына байланыштуу гучжэнди таштап, толугу менен каллиграфия, кытай көркөм сүрөт өнөрүн үйрөнүүнү уланттым.

Чындыгында, бул курстарга төрт ай гана бардым. Ушул кыска убакыт аралыгында, каллиграфиядан берген мугалимдеримдин мактоосуна татып, ардак баракчасын дагы алдым. Бул мен үчүн дагы мыкты мотивация болду. Сүрөттөн берген эжейим “Сенде талант бар, дагы тереңдеп өздөштүр”-, деп көп эле айтты. Бирок, окууга тапшырганыма байланыштуу  бул иштерди токтотууга туура келди.  

Чындыгында, искусстводо чек жок. Кайсы элдики, кандай мамлекеттики болбосун искусство тилинде сүйлөшүүгө болот. Сүрөт өнөрү дагы алардын катарында. Ошондуктан, кытай сүрөт дүйнөсүнө сүңгүп кирүү оор деле болгон жок. Бул абдан этияттыкты талап кылган эмгек. Бир дем, бир шилтем менен сүрөт тартуу оңой эмес. Бирок, сүрөтчү катары бул иштер мага абдан кызыктуу болду. 

Каллиграфия салттуу кытай искусствосунда абдан маанилүү орун ээлейт. Ал баарлашуунун гана ыкмасы болбостон, адамдын жан дүйнөсүн дагы таасын чагылдырып бере ала тургандай өзгөчө күчкө ээ экендиги талашсыз. 

Айпери Абдылдаева: “Дүйнөдөгү эң оор тилдердин бири ушунчалык сулуу жана көркөм жазылат деп эч ойлогон эмесмин”

                                                              Кыргыз сувенирлерин дагы даярдайбыз. 

Кытай иероглифтери деле кандайдыр бир деңгээлде искусство да. Мен жаңы гана кытайчаны үйрөнүп баштаганымда, аларды жазуу мага оор болгон. Дүйнөдөгү эң оор тилдердин бири ушунчалык сулуу жана көркөм жазылат деп эч ойлобогом. Азыркы тапта болсо, кайрадан кытай искусствосун тереңдеп үйрөнүүнү каалайм. Ошондуктан, бул менин кытай көркөм өнөр дүйнөсүнө таштаган алгачкы гана кадамдарым десем болот. Алдыда, Кытайдын жогорку окуу жайларынан дагы билим алып, каллиграфия, гохуа стилдерин жогорку деңгээлде үйрөнгүм келет.

Каллиграфия-кытай иероглифтерин сулуу жана туура жазуу чеберчилиги 

Байыркы Кытайда каллиграфияга өзгөчө көңүл бурушкан. Мартабалуу кызматта иштөө үчүн каллиграфиядан дагы сынак тапшырышкан.  Жогорку даражалуу кызматкерлердин балдары кичинекей кезинен баштап каллиграфияны үйрөнүшкөн. 

Айпери Абдылдаева: “Дүйнөдөгү эң оор тилдердин бири ушунчалык сулуу жана көркөм жазылат деп эч ойлогон эмесмин”

                                                         Үй-бүлөбүз менен сүрөт тартабыз.

Кытай тарыхында бул өнөрдү мыкты деңгээлде аркалаган императорлор дагы көп кездешет. Алардын бири, Цинь императору Цянь Лун болгон. Анын эмгектерин бүгүнкү күнү дагы көрүүгө болот. Ал эми, Ван Сичжи (Чыгыш Цинь доору) аттуу аскер башчы, ойчул каллиграфияны согуш талаасына салыштырган. “Бул жөн гана жазуу эмес, аны жазууга шилтенген ар бир кыймыл согуш учурундагы стратегияларды дагы элестетет”-деп, мүнөздөмө берген. 

Каллиграфиянын тарыхы 2000 жылдан ашуун мезгилди ичине камтыйт. Аны жазуунун эң белгилүү беш ыкмасы бар. Ал эми, анын алтын доору Тан династиясына таандык. Ошол кезде, каллиграфия мектептери ачылып, аны жазуу ыкмалары дагы өөрчүп-өнүккөн. Кытай каллиграфия стили бешке бөлүнөт. Чжуаньшу-мөөр каллиграфиясы, лишу-расмий кат стили, синшу-тарыхый жазуу, цаошу-кытай иерголифтерин жазууда колдонулган ыкма жана кайшу-Хань доорунда колдонулган жазуу.  

Кытай каллиграфиясы бул искусство. Ошондуктан, каллиграфия өнөрүн мыкты өздөштүргөн адам, мыкты сүрөтчү дагы болуп эсептелет. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)