WeChat      Избранное

Айтылуу Алайда эмне кеп?

11/09/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Айтылуу Алайда эмне кеп?

Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Молдокулов Замирбек Сарыевич

фото WWW

Салтка айланган аймак жетекчилери менен маекти улантып, бул ирет алыскы Алай районунун акими Замир Молдокулов менен район турмушу тууралуу кенен маек курдук. 

- Замир Сарыевич, район аймагында президент Сооронбай Жээнбековдун Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жөнүндө жарлыгы кандай ишке ашууда? 

- Бул жаатта комплекстүү иштер жүрүүдө. Мисалы, бүгүнкү күндө  республикалык бюджеттин эсебинен социалдык курулуштарга жалпы баасы 427 миллион сомго чукул каражат бөлүнүп,   жергиликтүү бюджеттин эсебинен жалпы баасы 93 миллион сомдон ашык акча бөлүнүп, ал эми капиталдык оңдоого 47 миллион сом акча каражаты каралып, курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Мына жакында эле, Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймактык ооруканасынын  сметалык баасы 64 миллион сом болгон 45 орундуу балдар бөлүмү курулуп, 21 августта ачылышы болду. Андан сырткары, Бүлөлү айыл өкмөтүндө капиталдык салымдын эсебинен сметалык баасы 12 миллион  700 миң сомдук Нарматов атындагы орто мектебинин спорт залы  курулуп,  пайдаланууга берилген.  Чоң-Бүлөлү айылында сметалык баасы 13 миллион сом болгон  Алтын-Түйүн балдар бакчасы курулуп азыр пайдаланууда. Ал эми Талды-Суу айыл өкмөтүнүн Арча-Булак айылында 3 миллион  308 миң сомдук ФАПтын курулушу бүткөрүлүп, ишке берилген.

- Дагы кандай социалдык курулуштар бүтөр алдында турат? 

- Алай айыл өкмөтүнүн Жерге-Тал айылында жеке адамдардан 50 сотук жери менен үй сатып алынып, жалпы баасы 1, 5 миллион  сомго 30 орундуу балдар бакчасын ачуу пландаштырылууда. Ошондой эле бийик тоолуу Сопу-Коргон айылына 4 миллион  200 миң сомдук футбол аянтчасынын курулушу бүтүп, ачылуу алдында турат, анан дагы жеке ишкерлер тарабынан каржыланган  2,6 миллион сомдук участкалык милициялар үчүн заманбап имарат  курулуп, ачуу алдында. Андан сырткары, Будалык айылында сметалык баасы 1,5 миллион сомдук бала бакчанын курулушу аяктоо алдында туруп, Кум-Шоро айылында жергиликтүү бюджеттин эсебинен, сметалык баасы 6,9 миллион  сомдук балдар бакчасы курулуп жатат. Негизи эле бала бакча, спорт аянтчалары, административдик имараттар, дээрлик райондун аймагындагы баардык айылдарда курулууда. Алардын арасынан ири объектилерди атай кетсем, Ленин айыл өкмөтүнүн Күң-Элек айылында капиталдык салымдын эсебинен  сметалык баасы 57 миллион сом болгон Карыев атындагы орто мектебинин 225 орундуу жаңы имаратынын курулушу аяктоо алдында турат.  

- Жол куруу маселеси кандай болууда? 

- Учурда, жалпы район боюнча 13,2 километр жолдорго асфальт төшөлүүдө. Атай кетсем, жергиликтүү бюджеттин жана жеке ишкерлердин эсебинен  3 миллион 500 миң сомго ички жолдор тегизделип, район боюнча 42,2 километр  же болбосо  1 миллион 155  миң сомго көчөлөрдү жарыктандыруу иштери жүргүзүлдү. 

- Өзүңүз билгендей, өкмөт жер-жерлерде жаңы ишканалардын ачылышын кубаттайт. Сиздерде бул жаатта кандай болууда?

- Туура айтасыз. Мисалы, Бүлөлү жана Кабылан-Көл айыл өкмөттөрүндө 2 миллион сомго сүттү кайра иштетүүчү ишканалар ишке кирип, бүгүнкү күндө 9 адам жумуш менен камсыз болуп, элге кызмат көрсөтүүдө. Тоо-кен казуу боюнча «Ибрагимов Кеңешбек» жоопкерчилиги чектелген коому  2019-жылдын январь айында ачылып, 69 миллион сом каражат инвестицияланып, жылына 10  миң тонна көмүр өндүрүүнү пландаштырууда. Мунун арты менен 70 адам жумуш менен камсыз болгон. Гүлчө айылында,  1 миллион сом жумшалып, санитардык талаптарга жооп берген мал союлуучу жай ачылып, 6 адам жумуш менен камсыз болду. Ошондой эле Жошолу айыл өкмөтүндө жеке ишкер Гүлбарчын Мадраимова аялдардын шырдак жасоочу цехин ачын, 200 миң сом инвестицияланып, 5 адам жумуш менен камсыз болгон.

Дагы бир ишкерибиз, Гүлчө айылынын ичине жана Чакмак, Курманжан-Датка айылдарына баруучу маршруттук каттам ачып, жалпы 12 адам иш менен камсыз болду.

- Айыл чарба жерлерин сугат суу менен камсыздоо кандай болууда?  

- Алай райондук суу чарба башкармалыгы  тарабынан Гүлчө - Семеновский каналынын 1 километр аралыгында 4 миллион 150 миң сомдук реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылына мамлекеттик бюджеттин эсебинен насостук станция толугу менен ремонттон өткөрүлүп, жерлигиктүү бюджеттин эсебинен 3 километр суу кетүүчү түтүкчөлөр 155  миң сомго ремонттолду. 

- Санариптик “карым-катнашка” өтүү кандай жүрүүдө? 

- Бул жаатта, айта кетсем, мектептерди компьютерлер менен камыздоо иштери жүрүүдө. Быйыл жалпысынан 23 компьютер алынды. Мисалы 4  мектепке   Билим  берүү  жана    илим   министрлигинен  8  ноутбук, 3  компьютер,  Алай  райондук  билим  берүү  бөлүмүнүн  окуу-методикалык  кабинетине билим  берүү  министрлигинен  2 компьютер, Кадырмамат уулу Абдразак атындагы лицей интернатына коомдук бирикме тарабынан 10 компьютер берилди. 2019-жылдын  март  айында 2  мектепке  электрондук   доска, 1 мектепке  видео  байкоо  системасы  орнотулду. 

Райондун аймагындагы социалдык жөлөк пулдарды, пенсияларды, айлык акыларды жана электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү төлөөдө накталай эмес электрондук карточкаларга өткөрүү толук кандуу ишке кирбей келет, ошондой эле электрондук төлөмдөрдү жана мобилдик банкингди өнүктүрүү аркылуу айылдарда банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн кирүүсүн көбөйтүү зарыл.  

Мындан тышкары Алай райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы жана райондук мамлекеттик статистика бөлүмү тарабынан «Кыргыз Республикасынын аймагында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдыктарды көрүү жана өткөрүүгө» карата жарандардын кыймылсыз мүлкүн «darek.kg» сайтына киргизүү иштери 99 пайызга аяктоодо, көчөлөрдүн аттары жазылып, үйдүн номерлери илүү иштери 99 пайызга аткарылды. 

- Райондогу ар бир айылга интернет жеткенби? 

- Бүгүнкү күндө район боюнча 64 айыл болсо анын 60 айылына булалуу-оптикалык байланыш  линиясы, 3 айылда эски чубалгыдан интернет байланышы туташтырылып, район интернет байланышы менен 100 пайыз камсыз болгон.

Айтылуу Алайда эмне кеп?

Алай аймактык ооруканасынын балдар бөлүмүнүн жаңы имараты

- Учурда жайыт көйгөйлөрү тууралуу көп сөз жүрүүдө, мал киндиктүү Алайда жайыттардын акыбалды кандай? 

- Бизде, район боюнча жалпы 336 миң 485 гектар жайыт жер болсо, анын ичинен жарактуу жери 132 миң 374 гектарды түзүп, 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча 3 миллион  320 миң сом топтолуп, берилген планга карата 131,2 пайызды түзгөн. Бирок,  бүгүнкү күндө Кара-Суу районунун ири мүйүздүү малдары, кой жана эчкилери кирип жайыттын абалы начарлап дегредацияга учуроодо, мунун жыйынтыгынын негизинде чөптүн түрү азайууда.

- Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан боюнча 653 айылды ичүүчү таза суу менен 10 жыл эмес, 5 жыл ичинде камсыз кылууну талап кылган. Айылдарды таза суу менен камсыз кылуу кандай жүрүүдө? 

- Алгач, статистикалык маалыматка баш баксак. Бизде жалпы 63 айыл бар. Анын ичинен 5 айылда калктын саны аз болгондуктан таза суу өткөрүү талап кылынбайт, 10 айылда такыр таза суу жок, 38 айылда бар, 10 айылга убагында ичүүчү суу тартылып,  бирок бүгүнкү күндө кайра курууну талап кылат. Эми аткарылып аткан иштерге токтолсок, 2019-жылга Корул айыл өкмөтүнүн 4 айылына АРИС тарабынан, Алай айыл өкмөтүнүн Таргалак айылына капиталдык салымдардын эсебинен таза-суунун курулушу башталууда. Үч-Дөбө айыл өкмөтүндө 5 айылына 2017-жылы башталып, курулушу токтоп калган таза суу 2019-жылга капиталдык салымдар беренесинен тизмеге киргизилген. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылында капиталдык салымдын эсебинен 8,5 миллион сомдук курулуш иштери бүткөрүлдү. Жаңы-Алай айылына капиталдык салымдын эсебинен 40 миллион сомдук долбоору өткөрүлүп, курулуш иштерин бүтүрүп, 2019-жылдын сентябрь айында тендер өткөрүлүп, курулуш иштери башталуунун алдында турат. 

- Маалында аймак Алай уяң жүндүү койлордун породасы менен белгилүү эле. Айрым окумуштуулар бүгүнкү күндө бул асыл тукум койлор дээрлик калбай калды деп айтышууда. Бул койлорду кайра көбөйтүү аракеттери көрүлүүдөбү? 

- Чындыгында райондун аймагында уяң жүндүү ак койлор породасы дээрлик калган жок, бирок Алай районунун Ленин айыл өкмөтүнүн Мурдаш айылынын тургуну 200 туяк уяң жүндүү ак койду өстүрүү максатында долбоор даярдалып, иштер жүргүзүлүүдө.  Ири мүйүздү малдардын асылдуулугун өстүрүүдө районго Герефорд жана Ангуст породасындагы торпоктор жергиликтүү ишкер тарабынан алынып келинди.

- Мал чарба темасын улай. Райондо ветеринардык иш кандай коюлган? Заманбап касапканалар курулуудабы, негизи эле мал чарба продукциясынын экспорттук потенциалын айта кетсеңиз?

- Райондо ветеринардык тармак жакшы жолго коюлган.  Алай райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын бүгүнкү күндө идентификация болгон малдарды базага киргизүү жана чыгыш кылуу иштери үчүн мамлекет тарабынан 14 айыл өкмөтүнө бирден компьютер, экиден ноутбук, экиден смарт телефондору алынып берилген, ал үчүн интернет байланышы бардык айыл өкмөттөр боюнча толугу менен  камсыз болгон. Мындан тышкары АРИС тарабынан ветеринардык кызматкерлерге техникалыр алынып берилген. Райондун айыл аймактарынын айыл чарба малдарын алдын ала эмдөөлөрдөн өткөрүүдө өз убагында вакциналар келип, эмделип турат, эпизоотиялык абалды туруктуу сактоодо жана лабораториялык аныктоолорду жүргүзүүдө райондо малдарды идентификациядан өткөрүү үчүн 2019-жылдын башынан 52 миң 700 малдардын кулак биркасы айыл өкмөттөрүнө бөлүнүп берилип, бүгүнкү күндө кулак биркалары басылууда.

- Малдарды асылдандыруу иштери кандай болууда?  

- Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын көзөмөлүндө  15 кичи  өндүрүштүк эт сатуучу жай жана 1 мал союулучу жай,  1 мал базар мамлекеттик каттоодон өтүп, идентификациялык  номур алышкан. Андан сырткары, 2019-жылы мал чарбасында сандан сапатка өтүү максатында 61 бодо мал жасалма уруктандырылды. “Бай-Алай” программасынын алкагында Абердин-Ангус породасында 3 баш бука алынып келинген, Казакстан  Республикасынан Герофорд, Сементал жана  Абердин-Ангус породасындагы 64 баш торпок алынып келинген.

- Райондо кооптуу аймактар көп, ошого карата жаратылыш кырсыктарына каршы туруу үчүн алдын ала кандай коргонуу иштери жүрүүдө? 

- Район боюнча 726 турак үй кооптуу аймакта деп табылып, анын ичинен бүгүнкү күнгө чейин көчүрүлүп чыгарылгандардын саны  346га жетти. Ал эми 380 турак үй көчүрүлүп чыгууга зарыл болуп тургандар, 84 турак үй мамлекеттик жардам жана жер тилкелерин албагандар болсо, 296 турак үй мамлекет тарабынан жардам жана жер алып, бирок көчүп чыкпагандар. Аларга биз көчүп чыгуу боюнча атайын эскертмелерди бергенбиз, түшүндүрүү иштери жүргүздүк. Жаратылыштын башка кырсыктарына кайрылсак, суу ташкындарынан, селден коргонуу максатында Гүлчө айылынан 5 сел тосмо, Курманжан-Датка айылынан 7 сел тосмо, 6 канал тазаланды. Калган кооптуу аймакта жашаган айылдарда айыл өкмөт башчылары тарабынан жер тилкелерин трансформациялоого иш кагаздары даярдалууда.

Андан сырткары, райондун аймагындагы мамлекеттик жардам жана жер тилкелерин албаган 84 турак үй ээлерине Жаңы-Алай айыл өкмөтүнөн трансформация болгон 46 гектар жер аянтынан турак жай курууга жер аянтын мыйзамдуу бөлүп берүү каралууда.  Мындан тышкары кооптуу аймакта жашаган тургундарды жаз алдында  убактылуу коопсуз жайга көчүрүү максатында жалпы район боюнча 39 даана чатыр тигилип турду.

Кооптуу аймактарда жер көчкүсүн болтурбоо максатында жашыл долбоор программасынын алкагында жаракасы бар жер тилкелерине жаңгак, кара-жыгач, карагайлардын көчөттөрүн отургуздук.

Район боюнча суу жээктерин бекемдөө максатында 879 даана габион суралып, анын ичинен 196 даана габион берилип, орнотулган. 

- Айтсаңыз, аймакта спорт маселеси кандай коюлган?  Жаштарга спорт менен машыгууга кандай шарттар түзүлгөн?

- Аймакта Алай райондук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт инструкторлору  эмгектенишет. Райондогу  балдар, өспүрүмдөр спорт мектебинде азыркы учурда 23 машыктыруучу, 52 группада 599 бала  спорттун 8 түрүнөн тарбияланат.

Спорт инфраструктурасына кайрылсак, райондун борбору Гүлчө айылында 1 стадион, 1 спорт комплекс, 1 жабык типтеги кичи футбол аянтчасы бар.

Райондо  жалпысынан 37 спорт зал, 55 футбол аянтчасы бар. Быйыл 6 спорт зал, 4 кичи футбол аянтчасы курулууда. Атай кетсем, Будалык айыл аймагынын Октябрь айылында жергиликтүү бюджеттин эсебинен сметалык баасы 2, 5 миллион сомду түзгөн күрөш залы курулуп бүткөрүү алдында турат. Жошолу айыл аймагынын Ленин жолу айылында спорт комплексин куруу иштери башталып, сметалык баасы 18 миллионду түздү. Ал эми Коңур-Дөбө айыл өкмөтүндө 1 миллион  164 миң сомдук спорт аянтчасы курулууда.

Айтылуу Алайда эмне кеп?

Жошолу айыл аймагынын Гердегей айылындагы ФАП

- Аймакта маданият тармагы кандай өнүгүүдө?

- Бул жаатта эки багытта алгылыктуу иштер болду десем болот. Эки багытта дегеним, Алай райондук маданият үйүнө мамлекеттик бюджеттен 746 мин сом акча бөлүнүп, маданият үйү капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Ошондой эле, Сары-могол айыл өкмөтүндө айылдык клуб жана китепкана ачылды. Калган айылдык маданият үйлөрүндө ремонт иштери толугу менен бүттү. Бул эми материалдык жагы дегендей. Ал эми чыгармачылык жагына келсек, Кыргыз Республикасынын тарыхый инсаны Алымбек Датканын 220 жылдыгына карата драматург Жаныш Кулмамбетовдун пьесасы боюнча коюлган «Алай жолборсу» спектаклинин бет ачаары 2019-жылдын 12-13-июль күндөрү  райондук маданият үйүндө жалпы элге көрсөтүлдү. Ал спектакль башка айылдарда да көрсөтүлмөкчү. 

- Коңшулаш Кытай республикасынын аймактары менен кызматташуу барбы?

- Өзүңүздөр билгендей, коңшулаш Кытай Эл Республикасы менен ички байланыш Ош-Сары-Таш-Эркештам авто жолу аркылуу жүргүзүлөт. Эми кызматташтык тууралуу айтсам,  райондун аймагында 2 көмүр казуучу кенде Кытай Эл Республикасынын жарандары кызмат көрсөтүп келүүдө. 

(Автор:Суйунбек ШАМШИЕВ / Редактор:GL)