WeChat      Избранное

Рыскулбек Канаев, медицина илимдеринин доктору, профессор: “Салттуу дарылоо ыкмасы менен бирге заманбап медицинаны айкалыштырып иштейбиз”

06/10/2017  Источник:оригинал   шрифта:

Рыскулбек Канаев, медицина илимдеринин доктору, профессор: “Салттуу дарылоо ыкмасы менен бирге заманбап медицинаны айкалыштырып иштейбиз”

Рыскулбек Канаев

Азыркы мезгилде, чыгыш медицинасы эл арасында белгилүү болуп, ушул багытта дарыланууну көздөгөн жарандарыбыз көп кездешет. Кытай Эл Республикасынын, Түштүк Корея, Түндүк Кореянын медициналык борборлору дагы Кыргыз жергесинде орун алып, өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келишет. 

Ошондуктан, салттуу медицина тууралуу кенен маалымат алуу үчүн Кыргыз мамлекеттик квалификация жогорулатуу жана кайра даярдоо медициналык институтутунун Чыгыш медицина кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор Рыскулбек Канаев менен маек курдук.  

- Рыскулбек агай, алгач өзүңүздүн ишмердүүлүгүңүз тууралуу айтып берсеңиз, эмне себептен чыгыш медицинасын үйрөнүүнү чечтиңиз? 

- Өзүм 1987-жылы Кыргыз медициналык институтун аяктагам. Андан соң, 15 жыл бою хирургия, пульмонология, терапия жана жандандыруу бөлүмдөрүндө иштеп жүрдүм. Бул жылдар аралыгында, бейтаптарды дарылоодо кээ бир маселелер чечилбей, жыйынтыгы жакшы болбой, ичимден түпөйүл кылып жүргөн суроолорго көп кездештим. Анан 1999-2000-жж. кытай дарыгерлери менен бирге кызматташып калдык. Алар салттуу кытай медицинасы менен иш алып барышып,оорулууларга көрсөткөн жардамы жакшы натыйжаларды берди. Ошол мезгилден баштап чыгыш медицинасына болгон кызыгуум пайда болду. Чыгыш медицинасын окуп-үйрөнүү, аны тереңдеп изилдөө үчүн Кытай, Казакстан, Корея ж.б. мамлекеттерге чейин барып билимимди өнүктүрүп келдим. Дагы да болсо тереңдеп үйрөнүүнүн үстүндөмүн. Себеби, кайсы гана тармакта болбосун, окуп-үйрөнүүнү, изилдөөнү токтотбоо зарыл. Бул салттуу дарылоо ыкмасын үйрөнгөн сайын, анын өзгөчөлүгүн, философиясын, адамга пайдалуу жактарын изилдөөнүн натыйжасында, менин жүрөгүмдү түпөйүл кылган суроолорго жоопторду таап чыктым. 

Чыгыш медицинасын өздөштүргөн соң,  Кыргыз мамлекеттик квалификацияны жогорулатуу жана кайра даярдоо медициналык институтутунда 2002-жылы Чыгыш медицина кафедрасын ачуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Ошол мезгилден бери, Кыргызстандын булуң-бурчунан келген врачтарды дал ушул чыгыш медицинасы  багытында окутуп, үйрөтүп келебиз. Официалдуу жана чыгыш медициналарын айкалыштырып, кыргыз элибизге өз кызматыбызды дагы көрсөтүп келе жатабыз. Мындан сырткары, Илимий иштерди жазып, эл аралык конференцияларга катышып, башка мамлекеттердин дарыгерлери менен тыгыз мамиледебиз.  

Рыскулбек Канаев, медицина илимдеринин доктору, профессор: “Салттуу дарылоо ыкмасы менен бирге заманбап медицинаны айкалыштырып иштейбиз”

Чыгыш медицинасы ар түрдүү дарылоо ыкмаларына бай.

- Кыргызстанда Кафедранын башкы багыты болгон Чыгыш медицинасын үйрөнүүнү каалагандардын саны көппү?

- Азыркы мезгилде, жеке гана бизде эле эмес, Европада, Азияда чыгыш медицинасына болгон кызыгуу күчөдү. Анын башкы себеби, бейтаптарды дарылоодо жакшы жыйынтыктардын болгондугу. Калк кызыкдар болгон соң, эл арасында чыгыш медицинасына болгон суроо-талап күчөөдө. Ошондуктан дарыгерлер дагы салттуу медицинаны үйрөнүү заман талабы экендигин түшүнүштү. Аларга бул мүмкүнчүлүктү биздин кафедра бере алат. Ушул жерге келип, үйрөнүшөт, окушат. Бизге Кыргызстандан гана эмес, Тажикстандан, Казакстандан дагы келип билим алып кеткен кесиптештерибиз бар. Врачтарыбыздын билими иш жүзүндө, бейтаптарды айыктырууда байкалат. Алар ишин жакшы аткарышса, биздин дагы атыбыз чыгат. Ошондуктан, татыктуу билим берүү үчүн кафедрада бардык шарттар түзүлгөн.  Азыр болсо, эл арасында чыгыш медицинасына болгон кызыгуу күч алууда, ошого жараша бул багытты үйрөнүүнү каалаган дарыгерлердин саны жылдан-жылга көбөйүүдө. 

 “Чыгыш медицинасы адамдын жан дүйнөсүн дагы изилдейт” 

- Чыгыш медицинасынын өзгөчөлүгү эмнеде?

- Бейтапты дарылоодо салттуу медицина жана официалдуу медицина агымын бирдей үйрөнүп билүү, дарыгер үчүн абдан маанилүү деп эсептейм. Алар бир-бирин толуктап, оорулууну толук кандуу дарылоого мүмкүнчүлүк берет. 

Чыгыш медицинасы адамдын ички жан дүйнөсүн дагы изилдейт. Чындыгында эле ички жан дүйнөнүн бузулушу, ички органдардын бузулушуна алып келет. Же болбосо, тескерисинче, кандайдыр бир ички орган ооруксунуп турса, адамдын жан дүйнөсү дагы кыйналып, начарлайт. Мисалы, дайыма бөйрөгүнөн жабыркап жүргөн адамдарда коркуу сезими көбөйө баштайт. Анын натыйжасында ал-күчү кетип, депрессияга бат кабылат. Боорунда маселеси бар адамдар болсо, ачуу кандуу болуп, бат жини келип, кан басымынан запкы чегишет. Азыркы убакта көп кездешип жаткан инсульт, инфаркттардын бардыгы ушул жактан чыгып жатат. Ички органдардын бир-бирине болгон байланышын, жан дүйнөнүн абалын чыгыш медицинасы терең изилдеген. Официалдуу медицинада мындай жок. Ачуусу келген невроз ооруларын психиатр, психологдор көрсө, кан басымын терапевт-неврологдор, депрессияны  психиатр карайт. Бул жерде жан дүйнөсүнүн, психологиясынын бузулушун, ички органдардын ал-абалын бардыгын чогуу изилдеп туруп, оорунун келип чыгышын, түпкү тамырын дарылашат. Чыгыш медицинасынын өзгөчөлүгү ушунда. 

Бирок, муну толук түшүнүү үчүн абдан көп окуу, илимди изилдөө, тынымсыз эмгек кылуу талап кылынат. Эгерде, эки адамдын тең башы ооруп келсе, оорунун себеби окшош деп айтууга болбойт. Бирөөсүнүкү боордон, бирөөсүнүкү дагы башка бир органдан оорушу ыктымал. Ошондуктан, окшош илдетти ар башка жол менен дарылоо керек. Кээде, бирөөнүн башы, башкасынын ашказаны ооруп келет, бирок, оорунун себеби боордо болушу мүмкүн. Ошол кезде экөө тең бирдей дары алып, окшош дарыланат. Чыгыш медицинасынын тамыры абдан терең, ага үстүртөн мамиле кылууга болбойт. 

Официалдуу медицина дагы өз алдынча маанилүү. Ал жактан биз анатомия, физиология ж.б. багыттарда дагы билим алганбыз, алардын ооруну изилдөөдө бизге берген жардамы абдан чоң. Негизинен эле, калыпка салынган, официалдуу медицинаны билбей туруп, чыгыш медицинасын үйрөнүү абдан оор. 

Ошондуктан, эки жакты тең жакшы өздөштүргөндө гана бейтаптарды толук изилдеп, аларга натыйжалуу жардам берүүгө мүмкүнчүлүк пайда болот.

Рыскулбек Канаев, медицина илимдеринин доктору, профессор: “Салттуу дарылоо ыкмасы менен бирге заманбап медицинаны айкалыштырып иштейбиз”

Ийне саюу менен дарылоо терапиясы абдан кылдаттыкты жана чеберчиликти талап кылат. 

- Кытай Эл Республикасы менен Кыргызстандын ортосундагы саламаттыкты сактоо тармагында кызматташуу алакасы кандай өнүгүүдө?

- Кытай Эл Республикасында салттуу кытай медицинасы жана официалдуу медицина бирдей өнүгүп, мамлекет тарабынан экөөнө тең бирдей көңүл бурулуп келет. Кытай медиктери менен көп жылдан бери эле кызматташып келебиз. Беш жыл мурун мамлекеттик деңгээлде кыргыз-кытай ортосунда меморандум кабыл алынган. Меморандумдун өзөгүн кытай элдик медицинасын Кыргызстанда өнүктүрүү максаты түзгөн. Ошол келишимдин негизинде, биздин институт менен Кытай Эл Республикасынын Ганьсу университети тыгыз иш алып баруудабыз. Кытай дарыгерлери менен чогуу, биз Кыргызстандын врачтарына жылына эки-үч жолу билимин жогорулатуу курстарын өткөзүп турабыз. Курстар бир айдан үч айга чейин созулат. Бул жакта жеке гана билимин жогорулатуу иштери жүргүзүлбөстөн, бейтапка мамиле кылуу, аны менен иш алып баруу тууралуу мастер-класс сабактары дагы өтүлөт. Окуу толугу менен бекер болуп, ар бир курста элүү кишинин тегерегинде дарыгерлер билим алышат. 

Бул курстарда Чыгыш медицинасы кафедрасынан окуган врачтар жана саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан жиберилген жер-жерлердеги врачтар окушат. Негизинен, дарыгерлердин арасынан ийне саюу терапиясына жакын неврологдор, терапевттер тандалып алынат. Мына, ушундай жол менен дагы кытай дарыгерлери менен тыгыз байланышта иштешип келүүдөбүз. Алар кыргыз элинин саламаттыгын чыңдоодо дагы өз салымдарын кошуп келе жатышат. Мындан тышкары, эл аралык илимий конферецияларда дагы доктордук, кандидаттык эмгектерибизди доклад кылып, өз ара тажрыйба дагы алмашып келебиз.

Азыр, Кытай тарап дагы биздин ишмердүүлүккө абдан кызыгып жатышат. Себеби, кичинекей Кыргызстанда чыгыш медицинасына болгон мамиле, аны өнүктүрүүгө кошкон салымыбыз, кошуна элдин дарыгерлерин кайдыгер калтырган жок. 2013-жылы Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин тарабынан сунушталган “Бир алкак-бир жол” долбоору бардык тармакта ишке ашууда. Өткөндө бул долбоордун алкагында эл аралык конференция өткөрүлдү. Ошол жерде, салттуу кытай медицинасын бүтүндөй дүйнөгө кандай таратуу керек деген маселе дагы каралды. Бул багытта иштеп жүргөн кыргызстандык профессор катары мага да сөз беришти. Ал жактан: “Кытай салттуу медицинасы чындыгында жакшы натыйжа берет. Биз аны илим жүзүндө, бейтаптарды дарылоо жагынан, иш үстүндө болгон жыйынтыктарын көрүп жатабыз. Илимий жагынан дагы изилденүүдө. Ал эми, салттуу кытай медицинасын дүйнө жүзүнө таратуу, жакындан таанытуу үчүн, бул изилдөөнүн сапатын жакшыртуу керек. Ал үчүн билимдүү адистер талап кылынат”, - деген оюмду билдирдим.

Чындыгында, чыгыш медицинасынын эффективдүүлүгүн жайылтууда күчтүү, өз ишин мыкты билген адистер керек. Тилекке каршы, кээде элдик медицинага жамынып, карапайым элди алдаган “дарыгерлер” дагы кездешет. 

Жакында эле Россиянын Санкт-Петербург шаарына барып келдим. Кийинки жылдан баштап, “жеке ишкер менен өкмөт ортосундагы өнөктөштүк программасы” ишке киргизилиптир. Азыр Россиянын врачтары жеке медициналык борборлорун ачууга кызыгып жатышат. Чындыгында, бул жагынан алганда, бизде тажрыйба күчтүү. Көп жылдан бери контракттык негизде иштейбиз. Бул жакта окуу контракттык негизде, андан мугалимдерге акча төлөнөт. Дарылоо иштери дагы акчалай жүргүзүлөт. Ошондуктан, орус кесиптештерибиз биздин жүргүзгөн ишмердүүлүккө абдан кызыгып жатышат. Санкт-Петербургдун бир университетине Чыгыш медицина кафедрасын ачууну сунушташты. Мен 2-ноябрда кайрадан Россия жергесине барып, жүргүзгөн ишибизди жакындан тааныткандан кийин, алардын окумуштуулар кеңеши тарабынан бекисе, кафедра ачууга контракт түзөбүз. Мына, ушундай багытта дагы эл аралык кызматташтык мамилелерин бекемдеп жатабыз.

“Биздин башкы максат жогорку билимдүү, күчтүү, иштин көзүн билген врачтарга гана  Кыргызстанга иштөөгө уруксат берүү”

- Чыгыш медицинасынын альтернативдүү Ассоциациясынын төрагасы катары бул тармактын ишин да тааныштыра кетсеңиз...

- Чыгыш медицинасы кафедрасынын профессорлору, ассистенттери тарабынан Чыгыш медицинасынын альтернативдүү Ассоциациясы негизделген. Бул уюмдун башкы максаты Кыргызстандагы чыгыш медицинасын көзөмөлдөө. Ушул багытта иштеп жаткан врачтар биздин Ассоциация аркылуу тестирлөөдөн өтүп, билим деңгээлинин сапаттуулугу боюнча аттестацияланат. Уюмга КРсынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан аттестациялык сертификатты, ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн лицензия берүү укугу берилген. Бардык текшерүүдөн өткөндөн кийин гана дарыгерлер Саламаттыкты сактоо министрлигине жиберилет. Ал жактан протоколдоруна кол коюлуп келгенде гана биз сертификат жазып беребиз. 

Бул сынак, биздин эле врачтарга эмес, Кыргызстанга келип, өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүнү каалаган ар бир дарыгерге тиешелүү. Сырттан келген дарыгерлердин дипломдору КРсынын Билим берүү министрлиги аркылуу текшерүүдөн өтүп, тастыкталат. Андан соң, профессор болсо дагы бизден, билимин жогорулатуу курстарынан өтүп, тестирлөөгө катышат. Ал жактан беш жүз суроого жооп берип, эң азынан 70 упай топтосо экзаменге киргизилет. Ушундай этаптардан өткөн соң гана, аттестациялык сертификат ала алышат. 

Биз мүмкүнчүлүгүбүздүн жетишинче, бүт баары таза, мыкты врачтарды тандап, кыргыз элинин саламаттыгына кызмат кылсын деген жакшы ниет менен иштеп жатабыз. Сертификат беш жыл сайын жаңыланып туруусу абзел. 

Эми, жашыруун иштеп, сертификат албай жүргөндөр деле бар. Бардыгын тазаладык дегенден алыспыз. Бирок, убакыттын өтүшү менен бул иштер дагы калыпка салынып, туура багытта иштер жүргүзүлөт деп ишенем. Биздин башкы максат жогорку билимдүү, күчтүү, иштин көзүн билген врачтарга гана  Кыргызстанга иштөөгө уруксат берүү. 

- Бардыгыбыз билгендей байыртадан эле кыргыз элинде дагы элдик дарылоо ыкмасы күчтүү өнүккөн, өз ишиңизде бул ыкмаларды колдоносузбу?

- Ар бир улуттун өзүнүн салттуу медицинасы байыртадан эле болуп келген. Кыргыз элинде дагы  элдик дарылоо ыкмасы күчтүү өнүгүп, өзүнүн натыйжалуулугу менен баарыбызга белгилүү. Кыргыздар негизинен чөп жана тамак-аш менен дарылашкан. Ысык, суугун тамак-аш аркылуу теңдеп, көптөгөн оорууларды айыктырып келишкен. Чөптөрдүн эмнеге дары, ысыкка жана суукка кандай түрлөрү колдонулаарын мыкты өздөштүрүшкөн.  Азыр деле, өзүбүздүн эле ата-бабаларыбыз колдонуп келген чөптөрдү колдоном. Биздин чөптөрдүн дарылык касиети кытай дарыгерлерин дагы кызыктырып келет. 

Биз кыргыз элдик медицинасын эч качан унутта калтырбайбыз. Аны өнүктүрүп, заман менен бирге өстүрүү биздин милдет. Чөп дарылар, нукура кыргыз дарылоо ыкмалары боюнча монография чыгарууну дагы ойлонуп жатабыз. 

- 1-октябрь Кытай Эл Республикасынын түзүлгөн күнү ушуга карата кытай кесиптештериңизге, кытай элине каалооңузду айтып кетсеңиз?

- Кытай чындыгында эле эл таң кала турган, эл суктана турган мамлекет. Анткени кошуна мамлекеттин экономикасы дагы, медицинасы дагы өнүгүп жатат. Дээрлик бардык тармактарында прогрессти көрүүгө болот. Кытай эли абдан эмгекчил болот. Бир нерсени жасоого багыт алса, же алдына бир максатты койсо, ошого жетүү үчүн тынымсыз эмгек кылышат. Ишине так келишет. 

Ушундай маанилүү датасы менен кытай кесиптештеримди, жалпы кытай элин куттуктайм. Эки элдин кызматташтык алакасы өнүгө берсин. Саламаттыкты сактоо тармагында дагы биргеликте иш алып барып, ийгиликтерди жаратабыз деп ишенем. 


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)