WeChat      Избранное

Тынчтыкбек Чоротегин: “Тарых иликтөө-тактоо аркылуу тереңдейт”

20/09/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Тынчтыкбек Чоротегин: “Тарых иликтөө-тактоо аркылуу тереңдейт”

Тынчтыкбек Чоротегин Кытайдын белгилүү тарыхчысы Лан Йинг айым менен бирге. 2015-ж. Пекин шаары.Тынчтыкбек Чоротегин Кытайдын белгилүү тарыхчысы Лан Йинг айым менен бирге. 2015-ж. Пекин шаары.

Сүрөт интернеттен алынды

Акыркы жылдары, кыргыз-кытай алакалары бардык тармактарда тереңдеп, бекемделүүдө. Тарых изилдөө жаатында дагы бир катар жаңылыктар бар. Кыргыз-кытай окумуштуулары биргелешип жүргүзгөн изилдөө иштери дагы өзүнүн ийгиликтүү жемишин берүүдө. Биз жалпы эле эки элдин алакасы, алардын тарых жаатындагы кызматташуусу тууралуу Жусуп Баласагын атындагы КУУнун профессору, “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмесинин президенти, тарых илимдеринин доктору Тынчтыкбек Чоротегин менен маек курдук.

-Агай, алгач, “Кыргыз тарых коомунун” алып барган ишмердүүлүгү менен окурмандарды тааныштыра кетсеңиз?

-Мына быйыл, 2019-жылы, “Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты” (Ассоциация молодых историков Кыргызстана) деген уюмдун түзүлгөндүгүнө 30 жыл болду. Бул чыгармачыл уюм Кыргызстандын тарыхын жана дүйнө тарыхын жаңыча көз карашта жазуу жана окутуу көйгөйлөрүн көтөрүп чыккандыгы, алгачкы пост-советтик окуу китептерди жарыялоого, археологиялык, этнографиялык жана башка иликтөөлөргө демөөрчү болгондугу менен маалым.

1995-жылы күзүндө бул уюм “Кыргызстан Тарыхчылар Коому” деп кайра түзүлгөн. Аны тарыхчы Кыяс Молдокасымов жетектеп калган. Ал эми 2011-жылы атайын жыйын өтүп, бул илимий-чыгармачыл уюм “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси болуп кайра түзүлдү. Анын жетекчилигине кайрадан мен шайландым. 

Бул чыгармачыл уюм “Мурас” коомдук фонду, ар кыл илимий институттар менен биргеликте тарых көйгөйлөрү жаатында бир катар эл аралык жыйындарды өткөрүп келет. Жакында эле алтай таануу боюнча илимий симпозиумду өткөрүүгө салым кошту. Андан тышкары кыргыз тарыхын жаңыча таразалаган бир нече китептерди жарыкка чыгарууга катышты.  

-Өзүңүз айткандай, жакында эле “Алтай симпозиуму” болуп өттү, иш-чара кандай болду,  өз максатына жеттиби? 

-Быйыл 19–23-августта Бишкекте жана Чолпон-Атада VIII эл аралык Алтай элдери симпозиуму өткөрүлдү. Бул кадыр-барктуу жыйын алгачкы ирет Кыргызстанда өткөрүлүп, анын быйылкы темасы мал чарбачылыгына байланыштуу болду. Албетте, жалпы көчмөндөр цивилизациясын түшүнүү үчүн ушундай багыттагы темаларды астейдил иликтөө абзел.

Менимче, бул илимий жыйын дурус деңгээлде өткөрүлдү. Аны уюштурууга салым кошкон кыргызстандык, түркиялык, монгол, жапон, орус, казак, өзбек жана башка өлкөлөрдөн келген кесиптештерге терең ыраазыбыз. 

2018-жылы болсо Кыргызстанда Эл аралык алтай таануу жыйынынын (ПИАК) 62-жылдык отуруму да байсалдуу өткөн. Баса, мен ПИАКтын Хух-Хото шаарындагы (КЭРдин Ички Монголия аймагындагы) жыйынына да катышкан элем. 2009-жылы июлда өткөн бул илимий шерине да жогорку деңгээлде уюштурулган болчу. 

-Акыркы жылдары, кыргыз-кытай алакасы ар тармакта өнүгүүдө. Эки элдин тарыхчыларынын карым-катнашы дагы өөрчүгөнүн көрүп жатабыз. Ушул багытта кеп салып берсеңиз?

-Быйыл апрелде Кыргызстандын Президентинин аппаратына караштуу “Мурас” фондунун жетекчиси Кыяс Молдокасымов Бээжинге илимий сапар жасап, Кытайдын Коомдук илимдер академиясынын Тарых институту менен кызматташтык тууралуу өтө маанилүү келишимге кол коюп кайтты. 

Айтмакчы, бул институттун өкүлдөрү Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго байыркы ханзу тилинде кыргыз тарыхы боюнча жаңы маалыматтар табылгандыгы тууралуу быйыл апрелде учкай маалымдашкан. Анан быйыл июнда Бишкекте кыргыз-кытай тарыхчыларынын эл аралык илимий жыйыны өтүп, анда да профессор Юй Тайшандын ачылышы жана башка булак таануу табылгалары тууралуу өзгөчө сөз болду.

Кыргыз тарыхы жаатында кытайлык жана кыргыз тарыхчылары, булак таануучулары, археологдору жана этнографтары жазган макалалар Бээжинде атайын журналдын санында иргелип жарык көрдү. Бул окуя дагы кыргыз-кытай илимий алакаларынын тездеп өнүгүп жатышынын жандуу мисалы болуп калды. 

Бизде кытайлык археологдор Чүй өрөөнүндө кыргыз кесиптештерим менен чогуу иштешип жатат. Эми кыргыз археологдору да КЭРдин аймагында ушундай биргелешкен изилдөөгө киришсе экен деп үмүттөнөм. Мына, кыргыз ханзу булак таануучулары жана эпос таануучулары жакшы кызматташтыгын башташпадыбы! Чыгармачыл алакаларыбыздын жаркын эртеңи бар экенине көзүм жетип турат.

-“Менин атам Дэн Сяопин” китебин кыргыз тилине которгондордун бири катары, ушул китеп тууралуу айтып берсеңиз? 

-Биз тарыхыбызды эскерүүлөр аркылуу да далилдүү чагылдыра алабыз. Мына ушул китеп даңазалуу кытай мамлекеттик ишмери, ойчул, реформатор Дэн Сяопиндин кызы Маомао тарабынан жазылган. Аны биз кыргызчага орус тилиндеги котормосунан таржымаладык. Мыкты которомочулар Эсенбай Нурушев жана Абибилла Пазылов менен бирдикте ушул китепти кыргыз окурмандарына жеткирүүгө салым кошкондугум үчүн өзгөчө кубанычтамын жана “Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фондуна ушул долбоорду жүзөгө ашыргандыгы үчүн алкыш айтамын. 

Бул китеп XX кылымдагы Кытай тарыхын дүйнөлүк тарыхка жана “Маданий ыңкылап” деп аталган катаал доордогу тагдыр чечээр бурулуштарга байланыштырган көп маселелерди ачыктап берет. Китеп эч нерсени жаап-жашырбастан жана окуяны ичтен чагылдырган зор сапатка ээ. 

“Жусуп Мамайдын бизге берген батасы эч эсимден чыкпайт” 

-Кытай тууралуу сөз кылганда залкар манасчы Жусуп Мамай тууралуу сөз козгобосок болбойт, Жусуп Мамайдын деги эле кытайлык кыргыздардын “Манаска”, кыргыз маданиятына, тилине болгон мамилесине дагы сереп салып берсеңиз?

-Кытайлык кыргыздар дагы “Манас” эпосун аздектеп келээрин мурдатан билчүбүз. Мен 1988-жылы Муса аттуу бир ат-башылык жигит Кытайдагы туугандарына Бээжин аркылуу барып, Жусуп Мамайдын “Семетейин” кыргыз тилинде, арап арибинде Ат-Башыга ала келген чагында ага жолугуп, облустук “Нарын правдасы” гезитине бул варианттын чакан бөлүгүн чечмелеп жазган элем.

1989-жылы 3-июнда “Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты” уюмунун негизделиш жыйынына Жусуп Мамай атабыз даңазалуу жазуучу Түгөлбай Сыдыкбек уулу менен кошо катышканда, Жусуп Мамайдын бизге берген батасы эч эсимден чыкпайт. Андан соң 1995-жылы Жусуп Мамай атабыз “Манастын” 1000 жылдык шарттуу мааракесине катышуу үчүн Кытайдан Кыргызстанга келгенинде да учураштым. 

Кийинчерээк аспирантым Чолпон Субакожоева Жусуп Мамайдын жана башка кытайлык манасчылардын өнөрү жаатында тарых илимдери боюнча кандидаттык диссертация коргоду.

Манасчылык өнөрүн азыркы Кытай бийлиги ырааттуу колдоого алгандыгы, элеттеги манасчыларга кошумча айлык акча берип жаткандыгы бизди кубандырат. 2014-2015-жылдары Кытайга жасаган иш сапарым маалында мындай манасчыларга көп учурадым. Алар менен жолугушууну Шинжаң педагогикалык университетиндеги “Манас” изилдөө борбору башчысы уюштуруп берди. Ал дагы заманбап кыргыз-кытай илимий кызматташтыгынын көпүрөсүн кургандардын бири деп айтам.

“Манас” эпосун ырааттуу иликтеген Мухаммед Ху Чжэнхуа, Лаң Йиң, Адыл Жуматурду жана башка инсандар менен да өзүм жолугуп, Кытайда манас таануу жаатында иликтөөлөр терең масштабдуу жүргүзүлүп жатканына күбө болдум. 

Мына, эми Кытайда “Манас” эпосу опера сахнасында да өз ордун тапты. “Манас” изилдөө борборлору мындан ары да канат жаят, алардын “Манас” сыяктуу интернет барактары кайрадан күчтөндүрүлөт деп ишенем.

Буюрса, Кытайдын мыкты патриот окумуштуулары Кыргызстанга байма-бай каттайт го деп үмүт артам. Алардын илимий табылгалары биздеги илим үчүн да олуттуу мааниге ээ. 

-Шанхай кызматташтык уюмунун ишмердүүлүгүнө, өнүгүү тарыхына токтолуп кетсеңиз, сиздин оюңуз боюнча бул эл аралык уюм өз мүдөөсүнө жетүүдөбү?

-Бул суроого көбүнесе саясат таануучулар тагыраак жооп берээр. Мен Шанхай Кызматташтык уюмунун (ШКУ) медиа өкүлдөрүнүн Орусиянын Ханты-Мансы жергесиндеги жыйынына катышып, бул уюм тууралдуу кеңири маалымат алгандыгымды эч унутпайм. Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) - дүйнөдөгү өзгөчө эл аралык уюм катары калыптануу тарыхы бар уюм. 2001-жылы14-15-июнда Шанхай Кызматташтык Уюму түзүлүп, Борбордук Азиядагы ири чөлкөмдүк эл аралык уюм катары жашоосун улантып келүүдө. Ал азыркы кездеги евразиялык эң маанилүү бир катар маселелерди макулдашып чечүүгө багытталган институт болуп калды. 

Эл аралык кызматташтыктын бул түрү биздин Евразия аймагындагы коопсуздугубуз, экономикалык жана маданий байланышыбызды чыңдоо үчүн чоң салым кошуп келет. Бул уюмдун Башкы катчыларынын бири болуп биз сыйлаган кыргызстандык синолог, тарыхчы, булак таануучу Муратбек Сансызбай уулу Иманалиев да иштеген. Кыргызстан ШКУга мүчөлүк аркылуу өзүнүн көп векторлуу дипломатиялык саясатын жүргүзүүгө дагы бир өбөлгө алды деп эсептейм.

-2013-жылы КЭР Төрагасы Син Цзиньпин тарабынан “Бир алкак-бир жол” долбоору сунушталган эле. Бул долбоор эки элдин тарыхчылар ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө өз салымын кошуудабы?

-“Бир алкак – бир жол” долбоорун сындагандар, аны Кытайдын максатын гана көздөйт деп бир тараптуу баалагандар жок эмес. Тескерисинче, ушул долбоор эл аралык кызматташтыкты бир кезде Дэн Сяопин каалагандай жаңы деңгээлде жүзөгө ашырып жатат деп санайм. Албетте, бул долбоор илимий кызматташтыкты да кучагына алат, ошондуктан анын мүмкүнчүлүктөрүн кыргызстандык илимий мекемелер да иштиктүү пайдаланышы абзел.

-Кытайдагы Фу-йу кыргыздары тууралуу дагы эмгектериңиз бар экен...?

-Болочокто тарыхый Манчжуриядагы (азыркы Хэйлуңжан вилайетиндеги) Фу-йу кыргыздарынын журтуна сапарга чыксам деп үмүттөнөм. Фу-йу кыргыздары тууралуу алгач маркум Бейше Урстанбеков менен бирге 1990-жылы жазган “Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк” жыйнагында, андан соң калемдешип жазган окуу китептеримде көп ирет белгиледим. Айрым Фу-йу кыргыздарынын өкүлдөрү менен Шинжаңда жана Бишкекте жолуктум.

Алар Эне-Сайдан Ички Азия аркылуу барып калган кыргыздардын тобу катары биздин көөнө тарыхыбызды, тилибизди жана маданиятыбызды изилдөөдө өзгөчө маанилүү.  

-Кытай жергесине болгон сапарларыңыз тууралуу айтып берсеңиз, Кытай сизге кандай таасир калтырды?

-Мен Кытайга 2009-2016-жылдары ырааттуу барып турдум. Улам барган сайын өлкө улам жаңы өнүгүү баскычын жигердүү баштан кечирип жатканын өз көзүм менен көрдүм. Коңшуң өнүксө, анда өзүң да стимул аласың дегендей, биз КЭРдин базар экономикасы жана демократия жолунда өнүгүшүнө түбөлүктүү коңшу катары  өзгөчө тилектешпиз. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)