WeChat      Избранное

Сооронбай Жээнбеков: “ШКУнун өнүгүүсүнө ММКлардын ролу зор”

10/06/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Сооронбай Жээнбеков: “ШКУнун өнүгүүсүнө ММКлардын ролу зор”

Сүрөттөр редакцияга таандык

24-май күнү Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмундагы өлкөлөрдүн II Медиа форумунун ачылыш салтанаты болуп өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын ШКУга төрагалыгынын алкагында уюштурулган.

Медиа форумга мамлекеттик органдардын жетекчилери, ШКУ Катчылыгынын, алдыңкы катардагы ММКлардын өкүлдөрү, ошондой эле ШКУга мүчө өлкөлөрдүн медиа эксперттери, байкоочулар жана диалог боюнча өнөктөштөрүнүн өкүлдөрү катышышты.

Иш-чара “Шанхай кызматташтык уюмун өнүктүрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу” темасынын алдында өтүп, катышуучулар медианы өнүктүрүүнүн заманбап трендин жана ШКУнун жалпы маалымат мейкиндигин өнүктүрүү маселесине бирдиктүү мамилени талкуулашты.

Форумдун жүрүшүндө “ШКУ өлкөлөрүнүн медиа ресурстар каражаттары аркылуу ШКУнун платформасын динамикалуу илгерилетүү” жана “ШКУ өлкөлөрүнүн ММКларынын өз ара эффективдүү аракеттешүүсү үчүн бирдиктүү аянтчаны түзүү” темалары боюнча сессиялар өткөрүлүп, катышуучулар тарабынан даярдалган докладдар элге сунулду.

Эске салсак, Бишкекте ШКУ алкагында ШКУга мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлеринин башчыларынын, Тышкы иштер министрлеринин, Маданият жана Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жыйындары өткөрүлдү. ШКУга мүчө мамлекеттердин Бизнес форуму жана Аялдар форуму дагы болуп өттү.

Иш-чаранын ачылыш аземине КРдин Президенти Сооронбай Жээнбеков катышты. ШКУнун башкы катчысынын орун басары Айзада Субакожоева ШКУнун башкы катчысы Владимир Норовдун кайрылуусун окуп берди. Андан соң, Индиянын, Казакстандын, Кытай Эл Республикасынын, Пакистандын, Россиянын, Тажикстандын жана Өзбекстандын делегация жетекчилери сөз сүйлөштү. 

Форумдун жыйынтыгында, Шанхай кызматташтык уюмундагы өлкөлөрдүн Медиа форумунун резолюциясы кабыл алынды.

ШКУга 8 өлкө мүчө болуп саналат. Алар: Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан. 4 өлкө байкоочу макамына ээ: Афганистан, Белоруссия, Иран жана Монголия. Диалог боюнча өнөктөш өлкөлөр - Азербайжан жана Түркия.

Медиа форумдун ачылыш салтанатына Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков катышып, Кыргызстан дайыма ар кайсы тармактарда, анын ичинде медиа тармагында дагы кызматташууга жана тажрыйба бөлүшүүгө даяр деген ою менен бөлүштү. 

Мамлекет башчысы өз сөзүндө: “Кыргыз Республикасынын ШКУда төрагалык кылган жылында бизге ММК тармагын караган мамлекеттик органдардын жетекчилерин кабыл алууу жагымдуу. Биз Шанхай кызматташуу уюмуна мүчө өлкөлөрдүн медиа-уюмдарынын өкүлдөрүн жана ошондой эле ШКУга байкоочу өкүлдөрүнө салам жолдойбуз. Сиздердин эмгегиңерди жогору бааларыбызды баса белгилейм. Сиздер биздин өлкөлөр үчүн гана эмес, бүт дүйнө үчүн чоң иш жасап жатасыздар. 

Медиа-учурдагы дүйнөнүн тарыхын дароо чагылдырат деп айтылат. Мен кошумчалайт элем: адамдар дүйнөнү сиздердин көз караш менен көрөт. Сиздердин позицияңардан, сиздердин жоопкерчилигиңиздерден ар бир өлкөнүн, биздин мамлекеттер ортосундагы дагы маанай көз каранды. Сиздерге белгилүү болгондой, ШКУ уюмунун башкы милдеттеринин бири – бул өлкөлөр жана элдердин ортосундагы ишеним жана бири-бирин сыйлоо маанайын жаратуу. Бул милдетти ишке ашырууда абдан чоң роль массалык маалымат каражаттарына тиешелүү”,-деп баса белгиледи. 

Бул жылы Кыргыз Республикасы Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кыла тургандыгына токтолуп, Президент жакынкы күндөрү Коргоо министрликтери, тышкы иштер министрлери, маданият министрлери жана ШКУга мүчө мамлекеттердин Коргоо кеңештеринин катчыларынын жыйындары сыяктуу маанилүү саясий иш-чаралардын болуп өткөндүгүнө токтолду.

“Бизде мамлекеттик да, көз карандысыз да ММКлардын күчтүү институту түзүлдү. Биздин өлкөдө прессага мамиле өзгөчө – ага ишенишет жана ага кулак салышат. Анткени сөз эркиндиги жана журналисттин позициясынын көз карандысыздыгы – биздин коомдун көптөн бери кармаган салты болуп калган. Пресса бизде жарандык коомдун жарчысы болуп, коомдук маанайды аныктап турат. Жарандар жана мамлекеттик бийликтин ортосундагы диалогдун ортомчусу болуп саналат. Бизде ММК үчүн жабык тема жок десек болот. Кыргызстан – бул ачык коом. 

Шанхай Кызматташтык Уюму жылдан жылга өзүнүн стратегиялык позицияларын бекемдеп, дүйнөдөгү эң абройлуу Уюмдардын бири болуп калды. Бүгүн ШКУнун жоопкерчилик аймагы – бул 3 млрд адамдан ашуун калкы бар, Евразиянын территориясынын 60 пайызынан көбүрөөк жери. ШКУга мүчө мамлекеттер биригишип, бүт дүйнөлүк дүң продукциясынын төрттөн бир бөлүгүн чыгарат. ШКУ өз ара ишенимди бекемдеген, достукту жана жакшы коңшулукту карманган, мүчө мамлекеттердин ар тараптуу аракеттенишүүсүн бекемдеген маанилүү жана иштиктүү механизми болуп саналат. Кыргызстан ШКУнун активдүү катышуучусу болуп саналат. Бул медиафорум – бири-бири менен баарлашуунун жана биздин өлкөнүн өзгөчөлүктөрүн көрүүнүн эң жакшы мүмкүнчүлүгү.

Белгилеп кетчү жагдай, Уюмдун ишмердүүлүгү, анын биргелешкен потенциалы көп тараптуу кызматташтыктын жана жетишкендиктердин жыйынтыктары, пландары жана келечеги жөнүндө маалыматтын деңгээли дүйнөдө гана эмес, ШКУ өлкөлөрүндө дагы салыштырмалуу төмөн болууда.

Ошондуктан биз бул Медиафорум пикир алмашуу жана бирдиктүү маалыматтык стратегияны иштеп чыгуу үчүн уникалдуу аянтча болуп калат деп күтүүдөбүз.

Биздин максат – ШКУ жөнүндө объективдүү пикирди түзүү жана Уюмдун эл аралык коомчулукта имиджин бекемдөө.

Биздин улуу жердешибиз Чыңгыз Айтматов улуу жазуучу гана болбостон, таланттуу журналист да болгон, ал бир ирет: “Биз баарыбыз бир кемедебиз, борт артында космостук чексиздик” деп жазган. Саясий түрдүү айырмачылыктарга карабастан, биздин өлкөлөрдүн экономикалык деңгээлин өнүктүрүүдө баарыбыз биргебиз. Ошондуктан Медиафорум жалпы кызыкчылыктардын духунда өтөт деп ишенем”,-деп Мамлекет башчы өз сөзүн жыйынтыктады.

Ху Сяохань, КЭРдин Бүткүл Кытай журналисттер Ассоциациясынын Төрагасынын орун басары: “Кытай жана ШКУга мүчө-мамлекеттери биримдикте  бардык тармактарда кызматташуу алакаларын өнүктүрүп, бекемдеп келүүдө” 

-Бүгүнкү болуп жаткан иш-чара бардыгыбыз үчүн абдан маанилүү. Бир-бирибизден көп нерсени үйрөнүп, тажрыйба алмашууда, таанышууда, өз ара кызматташтык алакасын курууда бүгүнкү медиа форумдун мааниси абдан зор. Акыркы 18 жыл ичинде Кытай жана ШКУга мүчө-мамлекеттери биримдикте  бардык тармактарда кызматташуу алакаларын өнүктүрүп, бекемдеп келүүдө. Бул байланышты коомго жайылтып, чагылдырууда массалык маалымат каражаттарынын орду алмашкыс. 

Мен ушул жерден үч маселеге токтолгум келип жатат. Биринчиден, биз коомдук пикирди күчөтүп, мындан ары да "Шанхай духунун" өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүүбүз абзел. "Шанхай духу" аркылуу ишенимди жана өз ара пайдалуу теңдикти, сыйлоо жана урматтоону өөрчүтүп, биргелешип иш алып баруубуз абзел. Маалымат каражаттарынын негизинде биргелешкен байланыш тармагын курууну, достук жана жоопкерчиликтүү мамилени бекемдеп, ШКУнун алкагында жүргүзүлгөн жаңы ийгиликтүү тажрыйбаларды жайылтып, кызматташуубузду өнүктүрүү зарыл.

Экинчиден, өз ара кызматташууну өөрчүтүп, ишкердик мамилени бекемдөөбүз керек. Ал эми, үчүнчүдөн болсо, ШКУнун ишмердүүлүгүн объективдүү чагылдырып, сапаттуу контент түзүүгө аракет кылуубуз абзел. 

Былтыр 2018-жылы 47 мамлекеттин жүздөн ашуун массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Пекин шаарында “Бир алкак-бир жол” демилгесинин негизинде уюшулган журналисттер форумуна катышышкан. Ал жактан дагы жаңылыктар жаатында өз ара кызматташуу боюнча 20дан ашуун документтерге кол коюлган. Быйыл дагы, ушул иш-чара өз ишин улантмакчы. Ошондуктан, учурдан пайдаланып, бардык журналисттерди чакырып кетмекчимин. Сөз соңунда, форумдун катышуучуларына ийгилик каалайм.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)