WeChat      Избранное

КТРК менен Жуңго Синьцзян радио-телестанциясы кызматташуу келишимине кол койду

09/06/2019  Источник:оригинал   шрифта:

КТРК менен  Жуңго Синьцзян радио-телестанциясы кызматташуу келишимине кол койду

Жолугушуу учурунда Кыргызстандын коомдук теле-радио берүү корпорациясы менен  Жуңго Синьцзян радио-телестанциясы ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду. 

Сүрөттөр редакцияга таандык

21-май күнү Кыргызстандын коомдук теле-радио берүү корпорациясы Жуңго Синьцзян радио-телестанциясы менен биргеликте Азия кино-теле апталыгы көргөзмөсүнүн аземин жана “Бүгүнкү Жуңго” берүүсүнүн көрөрмандары менен жолугушуу иш-чарасын  өткөрүштү. 

Иш-чарага КРдин Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев, КТРКнын башкы директору Жайнак Усен уулу, Жуңго Синьцзян радио-телестанциясынын өкүлү Чжао Ган жана Кыргызстандын маданият, илим дүйнөсүнүн өкүлдөрү катышышты. 

Иш-чаранын ачылышын Кыргыз Республикасынын Эл артисти Саламат Садыкова Кыргыз-кытай достугун даңазалаган ырынын бет ачаары менен баштап, КРдин Эмгек сиңирген артисти Тилек Найманбаев кытай тилинде ыр ырдап көрөрмандардын маанайын көтөрүштү. 

Муну менен катар эле, Кайрат Иманалиев КТРКнын Кытай Эл Республикасынын медиа тармагы менен болгон өтмүшүнө сереп салып берип, кызыктуу маек куруп берди. Чжао Ган мырза да “Бүгүнкү Кытай” берүүсү тууралуу айтып берип, анын өнүгүп-өсүүсү үчүн кыргыз көрөрмандарынын дагы ой-пикири, сунуштары абдан баалуу экендигине токтолду. КТРКнын башкы директору Жайнак Усен уулу болсо, Кыргызстан менен КЭРдин алакасы акыркы жылдары сапаттуу карым-катнаш мамилесин куруп, ар тараптуу өнүгүп жаткандыгын билдирди. 

Бул жолугушуу учурунда Кыргызстандын коомдук теле-радио берүү корпорациясы менен  Жуңго Синьцзян радио-телестанциясы ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду. 

Андан соң, “Бүгүнкү Жуңго” берүүсүнүн күйөрмандарынын сунуштары, ой-пикирлери айтылып, талкууга алынды.

Чжао Ган, Жуңго Синьцзян радио-телестанциясынын өкүлү: “Биз үчүн ар бир көрүүчүнүн ою, сунушу баалуу” 

-Мен бүгүнкү иш-чарага келип катышып берген бардык катышуучуларга өз ыраазычылыгымды билдирмекчимин. Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасы байыртадан бери коңшу болуп жашап келишет. Эки элдин гуманитардык, маданият байланыштары жана башка тарыхый алакалары тууралуу көптөгөн далилдер бар. “Бир алкак-бир жол” демилгесин жүзөгө ашыруу, салттуу кыргыз-кытай достугун тереңдетүү, Жуңго Синьцзян радио-телестанциясы ортосунда маданият диалогун, достугун бекемдөө жана кеңейтүү биздин башкы максатыбыз. 

Акыркы жылдары, Жуңго Синьцзян радио-телестанциясы жана КТРКнын кызматташуусу жыл сайын өнүгүп, чыңдалуунун үстүндө. Мисалы,“Бүгүнкү Жуңго” берүүсү, кытай сериалдары КРдин ичинде адаптация болууда, которуу иштери жүрүп, бул жаатта көптөгөн иштер аткарылып жатат. Башкача айтканда, биздин байланыш кыргыз-кытай маданий кызматташуусунун аянтчасы болуууда. 

Биз бүгүн сөз кылып жаткан “Бүгүнкү Жуңго” программасы эки тараптын узак мөөнөттүү кызматташуу долбоорлорунун бири болуп эсептелет. 15 жылдын ичинде бул программа эки элдин маалымат алмашуусунда, маданият жаатында бир-бирин таануусунда достук көпүрө болгон өз ролун татыктуу аткарып келе жаткандыгына күбө болуп келе жатабыз. Биз үчүн ар бир көрүүчүнүн ою, сунушу баалуу. 

Алдыда, дагы кызматташуубузду өнүктүрүп, кыргыз-кытай маданий алакасын бекемдөөгө өз аракетебизди кыла бермекчибиз. 

Кайрат Иманалиев, КРдин Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары: “КЭР менен достук кызматташуубуз күндөн-күнгө жакшыруусу керек” 

-Бүгүн абдан бир жакшы иш-чаранын күбөсү болуп отурабыз. Анткени, Кытай Эл Республикасы статегиялык жактан дагы, саясий экономикалык жаткан дагы биздин өнөктөш, коңшу мамлекетибиз. Бул мамлекет менен достук кызматташуубуз күндөн-күнгө жакшыруусу керек.

Себеби, Кытай эгемендүү Кыргызстандын дипломатиялык жактан дагы жакын, өнөктөш мамлекети.  Жакынкы күндөрү Шанхай кызматташтык уюмунун саммити Бишкек шаарында өткөнү турат. Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин мырзанын дагы атайын расмий иш сапары менен келүүсү күтүлүп жатат. Мына, ушул иш-чаралардын бардыгын утурлай коомдун жарчысы болгон Кытай Эл Республикасынын өңү-жүзү болгон теле-радионун бир бутагы Жуңго Синьцзян радио-телестанциясы атайын ушундай бир чоң кызматташуу менен Кыргызстанга келип отургандыгы кубандырат.  

Кыргызстандын коомдук теле-радио берүү корпорациясы менен Жуңго Синьцзян радио-телестанциясынын кызматташуусунун улануусуна дагы салым кошкон адамдардын бири катары  мен бул ишке абдан кубанычтамын. 24 жыл ушул жерде иштегемин. 8 жыл жетекчилик тармакта иштегенде дагы биз ушул кызматташуубузду улантып 4 жолу ушул мекемеге барып кызматташуу келишимин узартуу иштерине катышып келгенмин. 

Биздин кызматташуу 2004-жылы башталган. Мына, быйыл 15 жыл толуп отурат. Бул мааракелик кызматташуу. Мындан 5 жыл мурун 2014-жылы биз Үрүмчү шаарында 10 жылдык мааракесин жогорку деңгээлде белгилегенбиз. Мына, биздин алака дагы да уланып жатат. Радио, телевидение аркылуу Жуңго мамлекетинин саясий-экономикалык өсүп-өнүгүшүн, жаңылыктарын кыргыз мамлекетине жеткирип жатабыз. Жуңго мамлекетинин өнөр адамдарынын таланты менен тааныштырып, эң мыкты телесериалдарын көрдүк. Ушул 15 жылдан бери бул кызматташуу эки өлкө ортосундагы мамиленин чыңдалышына көпүрө болуп келди. 

Биз 10 жылдык кызматташуунун жыйынтыгында,  элдердин арасында сурамжылоо иштерин жүргүзгөнбүз. Ошондо КЭРде жашап, эмгектенип жаткан биздин кыргыз боордоштор менен Кыргызстанда жашаган кыргыздардын бир-бири менен табышуусу, тактап айтканда туугандардын табышуусу, кызматташуусу боюнча дагы уктуруу, көрсөтүүлөр эки өлкө ортосунда чоң данакер болуп жаткандыгы белгиленген. Ушундай кызматташуубуз күн сайын жаңырып жакшыра берсин. 

Жайнак Усен уулу, КТРКнын башкы директору: “Массалык маалымат каражаттары арасында тажрыйба алмашуунун негизинде да өз ара мамилебиз чыңдалып келе жатат” 

-Соңку учурда, бардыгыбыз баамдагандай Кыргыз Республикасы менен боордош Кытай Эл Республикасынын байлап турган стратегиялык карым-катнашы жаңы бир сапаттуу деңгээлге өтүүдө. Алып айтсак, мамлекеттер аралык “Бир алкак-бир жол” ири долбоору транспорттук байланыштарды, эркин сооданы, финансылык интеграцияны, маданий билим берүүнү анын ичинен массалык маалымат каражаттарынын кызматташуусу арасында байланышты өнүктүрүүнү максат кылууда. 

Бул долбоордун негизинде өлкөбүздө көптөгөн инфраструктуралык курулуштар ишке ашууда. Алар эл аралык маанидеги жолдорду куруу, тоо-кенин иштетүү, телекоммуникация тармагындагы курулуштар. Андан сырткары, массалык маалымат каражаттары арасында тажрыйба алмашуунун негизинде да өз ара мамилебиз чыңдалып келе жатат. 

Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекеттер аралык жогорку деңгээлдеги көптөгөн иш-чаралар орун алып, кезектеги саммитин Бишкек шаарында өткөрүүгө камданып жаткан кезибиз. Кытайдын ири медиа компаниясы ССТВ менен алакабызды өнүктүрүп, контент алмашуу жаатында иштер жүргүзүлүүдө. 

Учурдан пайдаланып, Кыргызстандын Коомдук теле-радио берүү корпорациясы менен Жуңго Синьцзян радио-телестанциясынын ортосундагы көп жылдык ийгиликтүү кызматташуу алакасын белгилегим келет. Ушул жылдар аралыгы кыргызстандыктар Кытай тууралуу көптөгөн кызыктуу материалдарга күбө болуп келишти. Дагы да болсо бул багытта кызматташуубузду өнүктүрүп, чыңдоонун үстүнөн иштей бермекчибиз.

Айымкан Жаманкулова, “Шайыр апалар” долбоорунун катышуучусу: “Кытай апалары менен достук алакасын курсакбы деген оюбуз бар” 

-Бүгүн бардыгыбыз абдан жакшы жолугушууга күбө болуп отурабыз. Бул жакта КТРКнын “Шайыр апалар” долбоорунун катышуучулары отурат. Чындыгында, Кытайдын берүүлөрүн үйдө жүргөн апаларыбыз көп көрөт. Мен дагы өзүм абдан кызыгып көрөм, коңшу мамлекет тууралуу маалыматым кенен десем да болот. 

“Бүгүнкү Жуңго” берүүсүндө Кытайдын спорт, айыл чарба, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактары боюнча мыкты программаларды беришет. Дагы да болсо, биз Кытайда чоң апалар кандай иштер менен алектенет, ал жакта “Шайыр апаларга” окшош долбоорлор барбы, ушул тууралуу маалымат алгыбыз келет.  Эгерде, биздикиндей долбоор болсо, мүмкүн бир-бирибизге барып келип, маданият таанытуу жаатында достук алакасын курсакбы деген оюбуз бар. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)