WeChat      Избранное

ШКУ саммитинин алкагында кыргыз-кытай алакалары талкууланды

10/06/2019  Источник:оригинал   шрифта:

ШКУ саммитинин алкагында кыргыз-кытай алакалары талкууланды

КЭРдин Тышкы иштер министри Ван И иш сапары учурунда  КРдин Президенти Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда болду. 

Сүрөттөр интернеттен алынды

Бишкек шаарында 13-14-июнь күндөрү өтө турчу ШКУнун мамлекет башчыларынын Кеңешинин алкагында көптөгөн иш-чаралар өткөрүлүп, саммиттин жогорку деңгээлде өтүүсү үчүн кызуу даярдык жүрүп жаткан кез.

Мына ушул сааамалыкты утурлай 21-майда Кыргыз жергесине Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, КЭРдин Тышкы иштер министри Ван И расмий сапары менен келди. 

Ван И иш сапары учурунда  КРдин Президенти Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда болуп, Шанхай кызматташтык уюмунун Тышкы иштер министрлеринин Кеңешинин (ШКУ ТИМК) кезектеги жыйынына да катышты. Бул тууралуу Президенттик аппараттын жана ТИМдин маалымат кызматы билдирди. 

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  21-майда, Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешчиси, тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды.

Бул жолугушууда айыл чарба, транспорт, коммуникация тармактарында, кичи жана орто ишкерликти колдоо жана ошондой эле Кытайдын тажрыйбасын эске алуу менен санариптештирүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Муну менен бирге эл аралык уюмдардын жана “Бир алкак — бир жол” платформасынын алкагында эки тараптуу кызматташуу талкууланды.

Сооронбай Жээнбеков КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин 2019-жылдын июнунда Кыргызстанга боло турчу мамлекеттик сапары эки тараптуу кызматташтыкка жаңы дем берип, кыргыз-кытай достугун бекемдей турганына ишенимин билдирди.

“Бул визит ийгиликтүү, жемиштүү өтүп, биздин эки тараптуу мамилелерибизге жаңы түрткү берет деп ишенем. Биздин өлкөлөрдүн ортосунда толук түшүнүшүү, ишеним жана дос мамилелерибизди бекемдөө жана өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүк бар. Кытайдын колдоосу менен Кыргызстанда ири экономикалык долбоорлор жүрүп жатат. Биз кызматташтык жылдарындагы Кытайдын жардамын жогору баалайбыз”, — деп белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы өлкөлөр ортосундагы экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыгууну баса белгилеп, айыл чарба, транспорт жана жолдор тармактарындагы артыкчылыктуу багыттарга көңүл бурду.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан Кытай менен үч коркунуч — терроризм, экстремизм жана сепаратизмге каршы күрөшүү маселелери боюнча бир позицияда экенин кошумчалады.

Мындан тышкары, ал ШКУнун алкагында өнүгүү өлкөнүн тышкы саясатынын артыкчылыктарынын бири экенин белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле кыргыз тарап “Бир алкак — бир жол” платформасынын алкагында кызматташууну өнүктүрүүгө чоң маани берерин белгиледи.

КЭР тышкы иштер министри Ван И өлкөлөр ортосунда стратегиялык өнөктөштүк орногонун белгилеп, Кытай Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү жана жакшы коңшусу экенин кошумчалады.

“Биз Сиздин жетекчилик астындагы Кыргызстандын өнүгүү курсун колдойбуз. Менин визитим Кытай Төрагасы Си Цзиньпиндин Сиздин өлкөгө боло турчу мамлекеттик сапарына жана алдыдагы ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын Саммитине даярдык болуп саналат.

Учурда  Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте бардык багыттар боюнча даярдык иш-чаралары өтүп жатат. Биз КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин тарыхый визити ийгиликтүү өтүп, биздин элдердин ортосундагы дос мамилелерине жана өлкөлөр ортосундагы өнөктөштүктүн өнүгүүсүнө түрткү берет деп ишенебиз”, — деп белгиледи КЭР тышкы иштер министри Ван И.

ШКУ саммитинин алкагында кыргыз-кытай алакалары талкууланды

КРдин Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен КЭРдин Тышкы иштер министри Ван Инин жолугушуусу болуп өттү 

КЭРдин Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, КЭРдин Тышкы иштер министри Ван Инин иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын эки тараптуу сүйлөшүүлөрү болуп өттү, алардын жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелердин бардык спектрин жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин мындан ары жандандыруунун келечегин талкуулашты, ошондой эле эл аралык жана регионалдык күн тартибинин маселелери боюнча пикир алмашышты. 

КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпиндин Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуусунун алкагында ушул жылдын июнь айында Кыргызстанга боло турган Мамлекеттик сапарын даярдоого өзгөчө көңүл бурулду. 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, кыргыз тарабы Кытай менен кызматташтыктын бардык багыттары боюнча эки тараптуу байланыштарды кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө зор маани берээрин баса белгиледи. Болгон бардык макулдашууларды, анын ичинде, Кыргызстан үчүн олуттуу социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн дагы айтып өттү. 

КЭРдин Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, КЭРдин Тышкы иштер министри Ван И кыргыз тарабынын чакыруусуна жана салттуу меймандостугуна ыраазычылыгын билдирди. Кыргызстан Кытай үчүн, анын ичинде, “Бир алкак-бир жол” демилгесин биргелешип илгерилетүүнүн алкагында ар дайым маанилүү стратегиялык өнөктөш болуп кала берет деп белгиледи. КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпиндин КРге боло турган Мамлекеттик сапары эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн мындан аркы ургаалдуу өнүгүүсүнө импульс берип, кыргыз-кытай мамилелерин сапаттуу жаңы деңгээлге чыгарат деген ишенимин билдирди. 

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча эки өлкөнүн Тышкы саясий ведомстволорунун башчылары 2020-2021-жылдарга КР менен КЭРдин Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы Кызматташуу программасына – тышкы саясий ведомстволордун компетенциясынын алкагында эки тараптуу кызматташуунун бардык чөйрөлөрүн камтыган жана жакынкы эки жылга негизги курсту аныктаган документке кол коюшту. 

КРдин Президенти Сооронбай Жээнбеков  ШКУга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлери менен жолугушту 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  22-майда, Кыргызстанга Шанхай кызматташтык уюмунун Тышкы иштер министрлеринин Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келген ШКУга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлери менен жолугушту.

Күн тартибинде документтердин чоң топтому бар, эң маанилүү пункттарынын бири — ШКУнун Бишкектеги Саммитине даярдык.

Мамлекет башчысы ШКУ бүгүнкү күндө ар кайсы тармактарда өз ара аракеттенишүү жана кызматташуу механизмдерин иштеп чыгуу боюнча уникалдуу эл аралык бирикме катары калыптанганын белгиледи. Өз ара мамилелерде “Шанхай духу” бекем калыптанды.

“Бул жөн гана декларация эмес, өз ара ишенишүү, тең укуктуулук жана урматтоонун чыныгы иштеген принциби. Кыргыз тарап ШКУнун алкагында көп тараптуу аракеттенишүүнү тышкы саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары карайт. Биз саясий тармакта кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө, коопсуздукту жогорулатууга, ШКУнун соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык жактарын активдештирүүгө даярбыз”, — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент баса белгилегендей, Уюмга төрагалык кылууда Кыргызстан шериктештиктин практикалык жагын өнүктүрүүгө күч жумшаган. Бул — саясат, экономика, коопсуздук тармактары, маданий жана гуманитардык байланыштар жана ошондой эле парламенттер аралык кызматташтыкты алдыга жылдыруу. Кыргызстанда жана ШКУга мүчө башка мамлекеттерде министрлик жана эксперттик деңгээлдеги жыйындар өттү.

ШКУ саммитинин алкагында кыргыз-кытай алакалары талкууланды

Шанхай кызматташтык уюмунун Тышкы иштер министрлеринин Кеңешинин (ШКУ ТИМК) кезектеги жыйыны болуп өттү. 

Мамлекет башчысы өлкөдө акыркы айларда болуп өткөн иш-чараларды санап өттү. Бул ШКУга мүчө мамлекеттеринин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын, коргоо министрлеринин, баңги заттарга каршы ведомстволорунун башчыларынын жолугушуулары. Экономикалык жагын бекемдөө үчүн ШКУ алкагында Бишкекте Бизнес-форум өттү. Элдердин достугун жана маданий интеграциясын өнүктүрүү максатында Ысык-Көлдүн жээгинде ШКУ-Жибек жолу эл аралык марафон өткөрүлдү. Аялдардын форуму өтүп, ШКУ өлкөлөрүнүн Медиафорумунун өтүшү күтүлүүдө.

“Циндаодогу Саммиттин коюлган милдеттери пландуу ишке ашууда. Дүйнөлүк саясат жана экономикадагы жүрүп жаткан процесстердин алкагында ШКУнун мындан аркы өнүгүүсүнүн милдеттерине жетүү боюнча жумуш жүргүзүлүп жатат”, — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Ал ШКУнун алкагында парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, бул маанилүү тармакта байланыштарды түзүү жана бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурду. 

Жолугушууда ошондой эле Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван И, Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Индиянын тышкы иштер министри Сушма Сварадж, Казакстандын тышкы иштер министри Бейбут Атамкулов, Пакистандын тышкы иштер министри Махдум Шах Махмуд Куреши, Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин, Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов сөз сүйлөштү.

Алар Кыргызстан ШКУдагы төрагалыгы астында чоң иштерди жасаганын белгилешип, алдыдагы ШКУга мүчө мамлекеттеринин башчыларынын Бишкектеги Саммити өлкөлөрдүн өз ара мамилелерин бекемдеп, бардык тармактарда көп тараптуу кызматташууга жаңы дем берерине ишеним билдиришти.

ШКУнун Тышкы иштер министрлеринин Кеңешинин (ШКУ ТИМК) кезектеги жыйыны болуп өттү 

Үстүбүздөгү жылдын 22-майында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун төрагалыгы астында Шанхай кызматташтык уюмунун Тышкы иштер министрлеринин Кеңешинин (ШКУ ТИМК) кезектеги жыйыны болуп өттү.

ШКУ ТИМКнын жыйынында приоритетүү багыттар, ошондой эле актуалдуу эл аралык маселелер жана ШКУ регионундагы кырдаал боюнча кызматташууну бекемдөө маселелери талкууланды. 

Жыйындын негизги темасы 2019-жылдын июнь айында Бишкек шаарында өтө турган ШКУ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына даярдык жана алдыдагы Саммиттин документтерин талкуулоо болду. 

Мындан тышкары, тараптар өз ара пайдалуу регионалдык кызматташуунун мындан ары өнүгүүсүн талкуулап, орто мөөнөттүү келечекке ШКУнун Катчылыгынын байкоочулар жана диалог боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү боюнча Жол картасын карап чыгышты.

Кыргыз тарап Уюмга төрагалык кылуу мезгилинде жасалган иштер жөнүндө мүчө-мамлекеттерге маалымат берди. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасында министрликтин деңгээлинде кандай маанилүү жыйындар өттү, анын ичинде, коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жолугушуусу, коргоо министрлеринин катышуусундагы иш-чара, баңгизаттарга каршы ведомстволордун жетекчилеринин, маданият министрлеринин Кеңешмеси, ошондой эле ШКУ Бизнес-форуму, аялдар Форуму, Ысык-Көл марафону жана башкалар тууралуу маалымат берилди. 

Мындан тышкары, ШКУга мүчө-мамлекеттердин экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтык чөйрөсүндө, ошондой эле коопсуздук жаатында кызматташтыгын бекемдөөгө басым жасалды. ШКУнун финансылык механизмдерин түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду. 

КРдин Тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков Шанхай кызматташтык уюмунун тышкы иштер министрлери кеңешинин отурумунун жыйынтыгында, Кыргыз тарап мындан ары да ШКУнун өнүгүүсү үчүн алдыда турган тапшырмаларды чечүүгө позитивдүү салым кошо тургандыгын билдирди.

Анын айтуусу боюнча, 13-14-июнь күндөрү Бишкек шаарында өтө турчу ШКУнун мамлекет башчыларынын кеңешинде карала турчу эң алдыңкы маселелер жана уюмдун ишмердүүлүгүн өнүктүрүү боюнча маселелер каралган. Негиз катары Бишкек декларациясынын долбоорлору алынган. ШКУнун катчылыгынын 2018-жылдагы ишмердүүлүгү, уюмдун отчеттук убакыт үчүн ишмердуулугу тууралуу доклад угулуп, жактырылган.

“Отурумдун жүрүшүндө актуалдуу регионалдык жана эл аралык көйгөйлөр боюнча пикир алмашуу болуп, алар боюнча тараптардын позициялары макулдашылган. Ошол көз караштар ШКУ мамлекеттер башчыларынын саммитинин жыйынтыгында ШКУ катчылыгы тарабынан таратылат. Афганистан боюнча ШКУ тобунун кезектеги отурумунун жыйынтыгында жол картасынын долбоору кабыл алынгандыгын кубануу менен белгиледик. Өлкө башчыларынын кароосуна алгач киргизилип жаткан бул документти бүгүн министрлер карап чыгышты”, - дейт Айдарбеков.

Министр белгилегендей, ШКУга мүчө мамлекеттердин ТИМ башчылары Кыргызстанда өткөн бир катар иш-чараларды баса белгилеп кетишти.

“Бишкекте өткөн ТИМ башчыларынын отуруму ШКУнун алдында турган эң негизги тапшырмаларды аткарууда жана уюмдун өнүгүүсүндө эң маанилүү этабы десек болот. Кыргыз тарап мындан ары да уюмдун өнүгүүсү үчүн жана алдыда турган тапшырмаларды аткарууга позитивдүү кадамдарды жасап келет”, -деп кошумчалады Айдарбеков.

ШКУнун Башкы катчысы Владимир Норов өз сөзүндө ШКУнун кезектеги саммитине 20дан ашуун документ мамлекет башчыларынын кароосуна коюлаарын айтты.  Бул документтер саммиттин алдында атайын уюштурулган серепчилердин, министрлердин, тиешелүү структуралардын жетекчилеринин ар тараптуу жолугушууларынын, сүйлөшүүлөрүнүн, талкуулоолорунун негизинде даярдалып, бекитилгендигин дагы белгилеп өттү. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)