WeChat      Избранное

Бектур Муратов: “Кытайдын көптөгөн шаарларында болдум, бирок Гуанчжоу мага өзгөчө жагат”

02/11/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Бектур Муратов: “Кытайдын көптөгөн шаарларында болдум, бирок Гуанчжоу мага өзгөчө жагат”

Сүрөттөр Б. Муратовдун өздүк архивинен алынды

Учурда, кытай тилин мыкты өздөштүрүп, коңшу мамлекеттен билимин тереңдетип, жогорку окуу жайларын аяктап келген жаштарыбыз күн санап өсүүдө. Бирок, Кытай жергесинде өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп, ийгиликтүү иштеп жаткан жаштарыбыз дагы арабызда жок эмес. Алардын бири, бүгүнкү биздин гезиттин сыйлуу мейманы Муратов Бектур. 

Бектур биздин гезитке Кытай тууралуу кызыктуу маек куруп берүү менен бирге эле, Гуанчжоу шаарынын ажайып жайлары менен дагы тааныштырды.

-Бектур, алгач, биздин окурмандарга өзүң тууралуу маалымат берип кетсең? 

-Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Атам Муратов Шүкүрбек физика сабагынын мугалими, ал эми апам болсо Маматова Акбермет кыргыз тили жана адабияты мугалими. Үй-бүлөдө беш бир тууганбыз, мен эң улуусумун. Менден кийин үч иним, бир карындашым бар. Азыр өзүм дагы үй-бүлөөлүүмүн, уулум бар. Жогорку билимим бар, кесибим боюнча юристмин. 

-Кытайдын кайсы жогорку окуу жайында билим алдың?

-Кытай Эл Республикасынын Гуанчжоу шаарындагы Түштүк Кытай технологиялык университетинде өз билимимди тереңдеттим. Жогоруда айтып кеткендей, аталган университеттин юридика факультетинде магистратураны аяктадым. 

Университет 1952-жылы Түштүк Кытай технологиялык институту катары негизделген. Ал эми, 1988-жылы “университет” статусуна эгедер болгон. Азиядагы күчтүү технологиялык университеттердин катарына кирет. Билим берүү сапаты дагы абдан мыкты. 

-Кытай тилин үйрөнүү оор болдубу?

-Чындыгында, мектепте окуп жүргөн кезимде эле чет өлкөдө билим алуу максатым бар эле. Ошол көздөгөн максатыма кытай тилин үйрөнүү аркылуу жеттим десем жаңылышпайм. Бардыгыбыз билгендей, кытай тили дүйнөдөгү оор тилдердин катарына кирет. Ошондуктан, бул тилди өздөштүрүп, үйрөнүү жеңил болгон жок. Бирок, алдыга койгон максатым, тилге болгон кызыгуум, аны жакшылап өздөштүрүүгө, Кытай жергесинен билим алууга өбөлгө боло алды. Негизи эле, кандайдыр бир ийгиликтин артында ар дайым тынымсыз эмгек турат. Ушул каалоом менен катар эмгектенүүнүн арты менен кытай тили менин жашоомо кирип, маанилүү орунду ээлей алды. 

-Кытай ашканасына көнүп кетүү оор болдубу, деги эле кытай ашканасы тууралуу оюңду айтып берсең?

-Кытай ашканасы чындыгында, ар тараптуу жана абдан көп түрдүү. Бул ашкана кытай маданияты менен тыгыз байланышкан. Ар бир провинциянын өзүнө гана тиешелүү даамдары, өзгөчөлүктөрү бар. Мен жашаган аймак кантон ашканасы менен белгилүү. Бул жакта негизинен, деңиз азыктары басымдуулук кылат. Бирок, аймактагы ар башка маданияттардын айкалышуусунан, бардык эле тамактардын түрлөрүн табууга болот. 

Чындыгында, мен үчүн кытай ашканасына көнүү оор болду. Эң эле кыйын маселе, ушул “ашкана маселеси” болду го деп ойлойм. Окуу жайда окуп жүргөндө, халал ашканабыз бар эле. Ал жактан кыйналбадым, бирок шаарга чыкканда, бизге ылайыктуу тамак-аш даярдаган жерлерди табуу оор эле. 

Мен окууну аяктагандан бери, тактап айтканда 2016-жылдан тартып Гуанчжоу шаарында иштеп келе жатам. Учурда, көнүп калдым. Көп жылдан бери бул жакта жашап жүрүп, өзүбүзгө керектүү жайларды жакшы үйрөнүп, шаарды өздөштүрүп калдык. Учурда, тамак-аш жагынан анчалык кыйналуу жок. 

-Кытай элине мүнөздөмө бере кетсең?

-Эми, кытай элинин эмгекчилдигин бардыгы эле билсе керек. Чындыгында, абдан эмгекчил, өз мүдөөсүнө жетүү үчүн күнү-түнү тынбай иштөөгө даяр эл болот. Албетте, жаңы Кытайга келген кезимде чоочун эл, башка менталитет болуп бир аз кыйналгам. Бирок, убакыттын өтүшү менен, коңшу элдин маданиятын, каада-салтын, жашоосун жакындан таанып билгендигим үчүн учурда, кытай элине жакшы көнүп калдым. Буга сабак берген мугалимдеримдин, бирге окуган кытай тайпалаштарымдын салымы зор. Алардын жардамы, колдоосу аркылуу кытай тилин жакшы өздөштүрүп, бул жакта иштеп калуума шарт болду. Ушул жактан көп дос таптым.

Бектур Муратов: “Кытайдын көптөгөн шаарларында болдум, бирок Гуанчжоу мага өзгөчө жагат”

-Кытай тилин үйрөнүүнү каалаган же үйрөнүп жаткан жаштарга тилди жакшылап өздөштүрүү үчүн кандай кеңештерди берет элең? 

-Жеке гана кытай тилин эмес, негизи эле чет тилдерди ийгиликтүү өздөштүрүү үчүн биринчи кезекте, өзүңдүн кызыгууң, үйрөнүүгө болгон каалооң болуусу шарт. Антпесе, башка тилди жеткиликтүү деңгээлде үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк аз. Кытай тили деле ошолордун катарында турат. Албетте, башка тилдерге салыштырмалуу үйрөнүү оор. Бирок, кызыгып, баш-отуң менен бул тилди үйрөнүүгө аракет кылсаң, сөзсүз түрдө, ийгилик көпкө күттүрбөйт. 

Муну менен катар, кытайча кино көрүү, жаңылыктарды окуу, угуу тилди жакшылап, тез үйрөнүүгө себепкер боло алат. Иероглифтерди көп жазуу керек, эске тутууну өнүктүрүү зарыл. 

-Учурда, Гуанчжоу шаарында дүйнөгө белгилүү Кантон жарманкеси өтүп жатат, ушул көргөзмө тууралуу дагы айтып берсең?

-Ооба, чындыгында дүйнөгө белгилүү Кантон жарманкеси 15-октябрдан бери Гуанчжоуда өтүп жатат. Бул иш-чара 4-ноябрга чейин созулмакчы. Кантон жарманкесине бүтүндөй Кытайдын экспорт жана импорт товарлары коюлат. Бул жарманкени негизинен “Кытайдын витринасы” деп да атап коюшат. Ал Азиядагы көлөмү боюнча 3-орунда турган Пачжоу көргөзмө залында уюштурулуп өткөрүлүп келет. 

Кантон жарманкеси бүтүндөй дүйнө жүзүнөн ишкерлерди бир арага чогултуп, Кытай экономикасынын жетишкендиктери менен дагы жакындан тааныштырат. Муну менен катар, кызматташуу үчүн кытай өнөктөштөрдү табууга дагы берилген эң мыкты мүмкүнчүлүк болуп эсептелет. Жарманке учурунда, Гуанчжоуга абдан көп киши чогулат. Учурда дагы, чет элдик туристтерди, ишкерлерди көчөдөн эң көп жолуктуруп жаткан маалыбыз. 

-Гуанчжоу шаарын биздин окурмандарга тааныштырып өтсөң?

-Гуанчжоу шаарын Түштүк Кытайдын борбору деп айтсак дагы болот. Ал Пекин жана Шанхайдан кийинки маанилүү шаар болуп эсептелет. Гуанчжоу дүйнөнүн байыркы шаарларынын катарын толуктайт. Ошондуктан, ал бүгүнкү күнгө чейин өзүнүн бай маданияты жана тарыхый жерлери менен бардыгыбызга белгилүү. Чындыгында, шаар аябай кооз. Бул жакта өтмүш менен заманбап бир-бири менен айкалышып, шаарга өзгөчө көрк берип турат. 

Бирок, эл абдан көп. Кытайдын белгилүү “Бермет” (Жемчужинка) дарыясы шаардын так ортосунан кесип өтөт. Абдан кызыктуу тарыхы бар шаар. Эң башкы ажайып жайлары катары Гуанчжоу телемунарасын, Гуандун провинциясынын музейин жана шаардын Опера театрын айтсак болот. Албетте, мындан башка, дүйнө туристтерин өзүнө тарткан тарыхый жерлери дагы абдан көп. Мен Кытайдын көптөгөн шаарларында болдум, бирок мага Гуанчжоу шаары өзгөчө жагат. 

Чындыгында, Гуанчжоу шаарынын, Кытайдын жашоосуна жакшы көнүп калдым. Бирок, баары бир өз мекениңе эч бир жер жетпейт. Убакыт өткөн сайын ата-мекенге, жакын адамдарыңа болгон кусалык күчөп, туугандарыңдын жанында болгуң келет экен. Ошондуктан, Кыргызстаныма кайтып келип, өз жергемде иштөө алдыңкы пландарымда деп айтсам болот.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)