WeChat      Избранное

Таалайбек Усубалиев: “Кытай Өкмөтүнө абдан ыраазы болуп кайттым”

02/11/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Таалайбек Усубалиев: “Кытай Өкмөтүнө абдан ыраазы болуп кайттым”

Сүрөттөр Т. Усубалиевге таандык

15-октябрь күнү Кытай Эл Республикасынын Ханчжоу шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында уюштурулган “Жибек жолун тартабыз-бир туугандык сезимди бекемдейбиз” аттуу 4-эл аралык көркөм сүрөт көргөзмөсү менен катар “Сиху көлүн тартабыз” аттуу 7-эл аралык көркөм сүрөт Форуму болуп өттү. Бул иш-чара үч күнгө созулуп, ага Кыргызстандын, Россиянын, Тажикстандын, Казакстандын, Франциянын, Америка Кошмо штаттарынын, Германиянын, Канаданын, Түштүк Кореянын, Япониянын ж.б. 20дан ашуун мамлекеттин, өлкөлөрдүн алдыңкы сүрөтчүлөрү катышышты. 

Бул Форумга Кыргызстандан Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы, академик, жогорку даражадагы реставратор, сүрөтчү Усубалиев Таалайбек Сыдыманович дагы барып катышып келди. Таалайбек Сыдыманович бизге ушул үч күндүк Кытай жергесине болгон кызыктуу жана жемиштүү сапары тууралуу айтып берип, өзүнүн сүрөтчүлүк жолу, ишмердүүлүгү менен дагы тааныштырып өттү.

-Таалайбек Сыдыманович алгач, өзүңүз тууралуу кыскача маалымат берип, эмне себептен сүрөтчү болууну чечтиңиз, ушул тууралуу кеп салып берсеңиз?

-Мен Нарын шаарынан болом. 1987-жылы төрт жылдык С.Чуйков атындагы Көркөм сүрөт училищесын аяктагам. Андан соң, Ленинград шаарындагы (Санкт-Петербург шаары) И. Е. Репин атындагы Живопись, скульптура жана архитектура институтунда алты жыл билим алгам. 2011-жылы Сүрөтчүлөр союзунун Төрагасы болуп шайлангам. Ошол мезгилден бери ушул кызматты аркалап, иштеп келе жатам. 

Чындыгын айтканда, кичинемде сүрөтчү болом деп деле ойлогон эмесмин. Бала кезимде жаныбарларды абдан жакшы көрчүмүн. Чоңойгондо айбанаттарды коргогон аңсакчы болом деген изги тилегим бар болчу. 

Ал эми, сүрөттөрдү мен дайыма эле тартып жүрчүмүн. Ошондон болсо керек, атам бир күнү “Чоңойгондо сүрөтчү болбойсуңбу?”-деп сунуштап калды. Эмнегедир көңүлүмө бул сунуш жаккан жок. Себеби, сүрөтчү десе эле эсиме сакал-муруту алынбаган, жүдөгөн бир адамдар келчү. Бирок, бул ойлорумдун бардыгы биринчи жолу Фрунзедеги (Бишкек шаары) Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейине келгенде толугу менен өзгөргөн. Мына, ошол жактан алгачкы жолу чыныгы сүрөтчүлөрдүн эмгегин көрүп, өзгөчө таасирленип, сүрөтчү болууну чечкем. Жашоомдогу бул эң маанилүү жана эң туура чечимди кабыл алууга атамдын кошкон салымы чоң десем болот. 

-Негизинен кайсы багытта сүрөттөрдү тартасыз, жаратылышка чыгып иштейсизби?

-Канчалаган чет мамлекеттерге чыкпайын бирок, биздикиндей кооз жаратылыш, сулуу табиятты, көк мелжиген тоолорду эч жактан көргөн жокмун. Бардыгыбыз билгендей, чет өлкөлүктөр дагы биздин табиятка абдан суктанышат. 

Негизинен, мен көбүнчө сырттан тартканды жакшы көрөм. Бирок, кээде бир жактан өтүп баратып, же болбосо кандайдыр бир аба-ырайынын өзгөчө кооздугун тез тартуу керек болгондо телефонго тартып алам. Андан соң, үйгө келип шашпай иштеп чыгам. Ар кандай кырдаал болуп калат. Чындыгында, өз көзүң менен көрүп, сезип, чыныгы өзүнө карап сүрөт тартуу жакшы. Ошондуктан, атайын даярданып алып, жаратылышка чыгып иштеген жагат. 

Сүрөттүн пейзаж болобу, портрет болобу бардык багыттарын эле тарта берем. Адам ар дайым өнүгүп туруусу керек. Ошондуктан, бул кесипти аркалагандан кийин анын бардык багыттарын өздөштүрүп, үйрөнүүнү туура деп эсептейм. 

Таалайбек Усубалиев: “Кытай Өкмөтүнө абдан ыраазы болуп кайттым”

-Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз, алар сиздин кесибиңизге кандай карайт, колдойбу?

-Бул жагынан алганда, мен абдан бактылуу адаммын десем болот. Анткени, жубайым мени толугу менен колдоп, менин оюмду айттырбай билип-сезип турат. Жакшынакай үч уулум бар. Ушундай үй-бүлөм болгондугу үчүн, жубайымдын жардамынын, колдоосунун арты менен өзүмдүн сүйүктүү ишим менен алектенип келем. Чындыгында, ушундай түшүнүктүү, мээримдүү, аялзатына тиешелүү бардык мыкты сапаттарга эгедер жубайыма жолукканым үчүн жашоомо ыраазымын. 

-Эми кеп нугун, жакында эле Кытай Эл Республикасына болгон сапарыңызга бурсак, ушул иш-чара тууралуу айтып берсеңиз?

-Бул кадам сүрөтчүлөр үчүн абдан мыкты саамалык болду. Иш-чара эки чоң багытты ичине камтыды. Биринчиси, ШКУнун алкагында уюштурулса, экинчиси “Сиху көлүн тартабыз” аттуу эл аралык Форумдун негизинде болуп өттү. Ханчжоу шаарына 20дан ашуун өлкөнүн сүрөтчүлөрү бир арага чогулушту. Албетте, басымдуу бөлүгүн кытай сүрөтчүлөрү түздү. Мен чындыгында, Ханчжоу шаарында биринчи жолу болдум. Шаардын тарыхый жана маданий ажайып жайлары абдан көп экен. Өзгөчө тарыхый жайлары мага абдан жакты. Көргөзмө залы дагы өзгөчө болуп, тегерек формасында жасалгаланыптыр. Биздин эмгектерди келип көргөн адамдар дагы көп болду. Кытай эли чындыгында, искусствого өзгөчө маани берээрин, Өкмөт дагы бул багытка мыкты көңүл бураарын байкадым.

Иш-чаранын жүрүшүндө живопись өнөрүнүн өркүндөөсүнө салым кошкон жетекчилерди алтын медаль менен сыйлашты. Мен дагы ушундай сыйлыкка ээ болдум. Бул учур мен үчүн ары сыймыктуу ары жоопкерчиликтүү көз ирмем болду десем жаңылышпайм.

Форум өтө жогорку деңгээлде уюштурулуп, абдан жакшы маанайда өттү. Кытай тарап биздин чыгымдарды толугу менен каржылап беришти. Көргөзмөнүн ачылышына бир катар сыйлуу меймандар менен бирге Ханчжоу шаарынын мэри дагы келип, куттуктоосун айтып, өз сыйын көрсөттү. 

Көргөзмө ачылгандан кийин, тегерек стол уюштурулду. Ал жакта өз ара кызматташуу жаатындагы маселелер талкууланып, байланышыбызды бекемдөө боюнча дагы сунуштар айтылды. Өз жаңылыктарыбыз менен бөлүштүк. Бир катар жакшы ой-пикирлер айтылып, “өз ара мамилелерибизди өөрчүтүү максатында дагы кандай иштерди аткаруубуз зарыл”-деген суроонун тегерегинде дагы талкуу болуп өттү.

Учурдан пайдаланып, Кытай Өкмөтүнө, иш-чаранын уюштуруу тобуна дагы өз ыраазычылыгымды билдирип кетмекчимин. Сүрөтчүлөр үчүн бардык ыңгайлуу шарттарды түзүп беришти. Ханчжоунун бардык ажайып жайларына барып, көрүп келдик. Дүйнөгө белгилүү Сиху көлүнө, Будда храмы дагы мага өзгөчө таасир калтырды. Мен Будда храмында эки эмгек жараттым. 

Чындыгында, программабыз абдан көп болду. 14-октябрь учуп барганбыз, 18ине чейин болуп кайттык. Көргөзмө абдан жакшы деңгээлде өттү. Башка мамлекеттерден келген сүрөтчүлөр менен дагы баарлашып, жакындан тааныша алдык. Бул кадам сүрөтчүлөр үчүн эң мыкты мүмкүнчүлүк болду. Ушул иш-чара аркылуу бир-бирибиздин эмгектерибиз менен таанышып, тажрыйба алмашып, алакабызды бекемдей алдык десем жаңылышпайм. 

Кытайга болгон сапарым абдан кызыктуу жана жемиштүү болду. Биз мындан ары дагы Кытай тарап менен абдан тыгыз кызматташыкта болуп, алакабызды бекемдөөнүн үстүнөн жигердүү иштемекчибиз. Көргөзмөнүн башкы максаты дагы эл аралык мамилелерди бекемдеп, бир туугандык сезимдерди өөрчүтүү болуп саналат экен. Ошондуктан, бул жөн гана сүрөтчүлөрдүн жыйыны, көргөзмөсү болбостон, эл аралык ынтымакты, достукту бекемдөөгө, маданий алакаларды чыңдоого кошулган зор салым десек да болот. 

Учурдан пайдаланып, Кыргызстандагы Кытай Эл Республикасынын элчилигине, элчи Сяо Цинхуа мырзага жана биздин Тышкы иштер министрлигине виза алууда көрсөткөн колдоолору үчүн чын дилимден ыраазычылыгымды билдирип кетким келет.

Таалайбек Усубалиев: “Кытай Өкмөтүнө абдан ыраазы болуп кайттым”

-Кытай Эл Республикасынын белгилүү сүрөтчүсү Хе Шуи Фа менен дагы жакындан таанышып келдим деп калдыңыз, ушул тууралуу айтып берсеңиз?

-Ушул жылдын сентябрь айында, биздин Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде Кытайдын белгилүү сүрөтчүсү, каллиграфия жана салттуу кытай искусствосунун заманбап чебери Хе Шуи Фанын персоналдык көргөзмөсү болуп өткөн. Хе мырза, анын эмгектери менен алгачкы таанышуум ошол жакта болгон. 

Ал эми, Ханчжоу шаарында бул таанышуум уланды десем болот. Анткени, Ханчжоудан дагы ушул сүрөтчүнүн эмгектери менен жакындан таанышып, иштеген жерине чейин барып, көрүп келдим. Жеке, өзүнө тиешелүү эки чоң көргөзмө залы бар экен. Ал жакта өзүнүн эмгектери илинип турат. Жанына алып үйрөтүп жүргөн шакирттери менен дагы тааныштым. Кыргызстанга алып келген эмгектеринен сырткары дагы башка мыкты сүрөттөрү бар экен. Алардын бардыгы мага абдан жакшы таасир калтырды. 

Ушул жолугушуунун негизинде, Хе мырза мага өзүнүн көргөзмө залында персоналдык көргөзмөмдү өткөрүүмдү сунуштады. Мен үчүн бул абдан маанилүү кадам болуп саналат. Ошондуктан, ал жакка дагы мыкты даярдыктар менен баруу керек. Чет жерде персоналдык көргөзмө уюштуруу оңой эмес. Бирок, Хе мырза бул ишке өз колдоосун көрсөтөөрүн айтып, жеке көргөзмө өткөрүүнүн эки вариантын сунушташты. Биринчиси, эмгектеримди өзүм менен кошо алып барып, ал жакка көргөзмөгө коюу болсо, экинчиси Кытайга бир айлык мөөнөткө барып, иштеп, андан соң көргөзмөмдү ачуу болду. Бул багытта дагы сүйлөшүүлөр болмокчу, учурда ойлонуп жаткан мезгилим.

-Кытайдан башка дагы кайсы мамлекеттерде өз эмгектериңизди көргөзмөгө коюп жүрөсүз?

-Негизинен, көп эле мамлекеттерге чыгып жүрөбүз. Германия, Испания, Турция, Польша, Франция, Россия ж.б. өлкөлөрдө башка сүрөтчүлөр менен биргеликте көргөзмөлөрдү уюштуруп, катышып келдик. Дагы да пландарыбыз бар. Бардыгыбыз билгендей чет өлкөгө персоналдык көргөзмө менен чыгуу абдан оор жана опурталдуу. Анткени, ага кеткен каражат өзүн актабай калуусу толук ыктымал. Ошондуктан, азырынча, башка сүрөтчүлөр менен биргеликте көргөзмөлөрдү өткөрүп жүрөбүз. 

Таалайбек Усубалиев: “Кытай Өкмөтүнө абдан ыраазы болуп кайттым”

-Биздин жергеде дагы Кытайда болуп өткөн сымал көргөзмөнү өткөрүү планы барбы, Сүрөтчүлөр союзу тууралуу дагы азын-оолак маалымат бере кетсеңиз?

-Бул жылы, жогоруда айтып кеткендей Хе Шиу Фа мырзанын жеке көргөзмөсү болуп өттү. Муну менен катар, кытай сүрөтчүлөрүнүн катышуусу менен дагы бир көргөзмө болуп өткөн.

Чындыгында, Сүрөтчүлөр союзу мамлекеттик эмес, коомдук уюмбуз. Ошондуктан, бизде акча-каражат жагынан тартыштык бар. Албетте, биз дагы бир катар мамлекеттердин сүрөтчүлөрүнүн башын бир арага чогултуп, сый көрсөтүп, кызматташтык алакабызды бекемдегибиз келет. Бирок, учурда тилекке каршы андай мүмкүнчүлүгүбүз жок. 

Ал эми, Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзу тууралуу айта турган болсом, бул-республикадагы сүрөтчүлөрдү (живописчилерди, скульпторлорду, графиктерди), жасалга-колдонмо өнөрүнүн чеберлерин жана искусство таануучуларды бириктирген коомдук чыгармачыл уюм десек болот. 

Ал 1933-жылы уюштурулуп, өз ишмердүүлүгүн баштаган. 1934-жылы жетекчи органы шайланган. Союз сүрөтчүлөрдүн чеберчилиги менен талант кудуретин өстүрүүгө, чыгармачылык изденүүлөрүнө көмөктөшүп, жаштардын чыгармачылык жактан калыптануусуна кам көрөт. Сүрөтчүлөрдүн идеялык-тарбиялык, кесиптик жана теориялык деңгээлин көтөрүү боюнча иш жүргүзөт. Чыгармачыл талкуу, командировка, түрдүү сүрөт көргөзмөлөрүн, конференция ж. б. Иш-чараларды уюштуруп, мыкты сүрөт үлгүлөрүн элге жайылтууга көмөктөшүп жүрөбүз. Мындан сырткары, улуу муундун өкүлдөрү болгон сүрөтчүлөргө дагы өз көмөгүбүздү көрсөтүп, аз да болсо материалдык жардам көрсөтүп келебиз. 

Бирок, каржылык маселелерге карабастан кыргыз сүрөтчүлөрү өз эмгектери менен эл аралык көргөзмөлөргө катышып келишет. Бизде Казакстан менен Өзбекстандагыдай эле көркөм сүрөт окуу жайлары бар. Бирок КРде коңшулардан айырмаланып тармактык университеттер болбогондуктан, бардыгыбыз өз учурунда Москвадан билим алганбыз. Бизде советтик доордун мыкты живописчилеринин күчтүү мектеби бар. Ошондуктан, учурга чейин Орто Азияда ушул багытта алдыңкы орунду эч кимге бербей келебиз. 

Муну менен катар кыргыздар табиятты жакшы түшүнүп, жаратылыш менен жакын мамиледе болгондугу үчүн, искусстводогу жаңы багыттарды тез кабыл алышат. Бул дагы биздин өзгөчөлүгүбүз деп ойлойм. Кытай сүрөт чеберлери дагы “кыргыз сүрөтчүлөрү күчтүү”-деген ойлорун айтып келишет. Бул чындык. 

Таалайбек Усубалиев: “Кытай Өкмөтүнө абдан ыраазы болуп кайттым”

-Салттуу кытай живописи тууралуу өз оюңуз менен бөлүшө кетсеңиз?

-Мен өзүм май боегу менен иштейм. Бирок, ушул сапардан кийин салттуу кытай живописи багытын дагы үйрөнүп, түшүнүүгө болгон каалоом күчөдү десем болот. Хе Шуи Фа мырза менен баарлашып отурган кезде, бул “кытай живописин башка кагаз бетине тартса болобу” – десем, жок “жибек бетине же болбосо сюаньчэн кагазына (сюаньчэн кагазы-живопись жана каллиграфия үчүн бамбук буласынан даярдалган кагаз) гана сыя жана суу боектору колдонулуп тартылат”-деди. 

Мен азыр бул багытты аста-астадан изилдеп, үйрөнө баштадым. Мурун салттуу кытай живописинде ак жана кара гана түстөр колдонулса, заманбап сүрөтчүлөр ага ачык түстөрдү кошо башташты. Кызыл, алтын түсү дагы көп колдонулат экен. Менин Кытай жергесине болгон сапарларымда ушул өңдөрдүн кытай элинин жашоосунда, искусствосунда дагы өзгөчө мааниге ээ болуп, барктала тургандыгын байкадым. 

Мурун менде белгилүү кытай сүрөтчүлөрүнүн эмгектеринин түп нускасын көрүүгө мүмкүнчүлүк болгон эмес. Азыр болсо, ал эмгектерди өз көзүм менен көрүп, котормочу аркылуу болсо дагы кытай сүрөтчүлөрү менен бетме-бет баарлашууга ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Ошондуктан, кытай живописин аз да болсо түшүнө алдым десем болот. 

Салттуу кытай живописинин эң негизги өзгөчөлүгү бул-бир шилтем, бир дем менен тартылганында. Эгерде, кокусунан чийилген сызык кагаз бетине туура эмес түшүп калса, аны оңдоого мүмкүнчүлүк болбойт. Ошондуктан, абдан этияттыкты жана тактыкты талап кылган сүрөт өнөрүнүн бир багыты десем жаңылышпайм. 

-Мен кытай элинде И. Е. Репиндин эмгектери абдан бааланат деп уктум эле. Ушул туурабы, эмне себептен Репин?

-Ооба, чындыгында ушундай. Илья Ефимович Репин орус элинин залкар, абдан күчтүү реалисттик живописчиси, графика чебери. Мисалы: “Күтүшкөн эмес”, “Пропагандистти камакка алуу”, “Иван Грозный жана анын баласы Иван”, “Өлүм алдындагы керээз”, “Серовдун портрети”, “Запорожьеликтер түрк султанына кат жазууда” деген картиналарын эң жогорку чеберчиликте тарткан. Чындыгында, бул эмгектери бүтүндөй дүйнө жүзүнө белгилүү. 

Ал эми, Советтер Союзу жоюлуп, чек аралар ачылгандан кийин, кытай эли менен дагы алакалар көбөйүп, Репиндин эмгектери ал жакта дагы жогору бааланып келүүдө. Учурда, И. Е. Репин атындагы Живопись, скульптура жана архитектура институтунда билим алган чет өлкөлүк студенттердин арасында кытай студенттери басымдуулук кылат. Чындыгында, реалисттик живопись кытай элинде бааланат. Ар бир сүрөтчү алгач бул өнөрдүн биринчи кадамдарын, фундаментин жакшылап өздөштүрүп алуусу абзел. Андан соң гана, өзү каалагандай абстракттуу багытта күчтүү эмгектерди жаратуусу мүмкүн. 

Ал эми, сүрөтчүлүк өнөрдүн алгачкы кадамдары, күчтүү фундаменти реалисттик живопистен башталат. Жогоруда айтып кеткендей, Репин ушул багыттын чыгаан өкүлү болуп саналат. Ошондуктан, коңшу элде бул сүрөтчүнүн “мектеби” өзгөчө баалуулукка ээ. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)