WeChat      Избранное

Оң жолдуу “Терс кайрык” же ментор кыргыз байбиче жөнүндө сөз

02/11/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Оң жолдуу “Терс кайрык” же  ментор кыргыз байбиче жөнүндө сөз

Ушул жылдын май айында YouTube колдонмосунда “Терс кайрык: Карашева Калия. КРнын маданият мыктысы. Борбордук Азиядагы кол саймачылык  ментору” аттуу тасма жарыяланды. Байкагандырсыз, окурман, масштаб кенен – Кыргызстандагы эле эмес, Борбордук Азия чөлкөмү боюнча сөз болуп жатат. 

Теманын мазмунуна киришүүдөн мурда  окурманга түшүнүктүү болсун үчүн “ментор” деген сөздүн маанисин чечмелөөгө туура келет. Ментор – өзүнө бир нече сөздүн маанисин кулпулап турган кенен түшүнүк: 

•окутуучу;

•тарбиячы;

• психолог; 

•тажрыйбалуу устат; 

•иштеги өз ийгилиги менен башкаларды артынан шыктандырган жетекчи;

• эмгеги башкаларга үлгү боло турган ишмер; 

•ишмердүүлүктүн тарыхын, технологиясын модернизациялоо, жаңы менен эскинин шайкештигине жетишкен чыгармачыл адам.

Демек, ментор атына арзуу оңой-олтоң иш эмес. Андай болсо, 70 тин  ашуусун чаалыкпай ашкан, беш уул-кызды тарбиялап, аларды уясынан учурган соң, 30 жылдык филологдук тажрыйбасы бар мугалим, ардактуу эс алууга чыккандан кийин саймачылык өнөргө чымыркана кирип, аалам кыдыра улуттук кол өнөрчүлүктү даназалап жаткан Калия байбиче ментор наамына кантип арзыды экен? Кызык суроо эмеспи, замандаш. Ооба, мындай кутман куракта бир кесиптен, экинчи кесипке өтүп, анын кызыгына батып,  жашоого ак эмгектин нурун чачып, өзүн да өзгөнү да ыракатка бөлөй билүү, ар кандай эле пенденин колунан келе берчү иш эмес, оов!  Көрсө, Калия байбиче секелек кыз кезинен сайманы ык тартып, аны жактырып, Пионерлер үйүнө Сайма кружогуна барчу тура. Балалыктын баалуу кызыктарын өмүр бою сактай билүүнүн өзүндө да касиет бар. Мына эми 1996-жылдан тарта чейрек кылым убакыт, өнөрү менен өзүн, эмгеги менен эскини жашартып келет. Ош шаарында “Сымбат” аталган жеке чакан өндүрүш уюштурган. Демек, анын жогорку диплом менен иштеген  мугалимдиги менен чыгармачылык өнөрү –  саймачылык тең салмактагы, бирин-бири толуктаган кош кесип дегенге негиз бар. А чындыгында  жалындуу жаш курактагы  ишмердүүлүгү эмес,  50 жаштан кийинки иш-аракети ага ийгилик алып келгени да өзүнчө сөз кылууга татыктуу өзгөчө көрүнүш. Ушунун өзү кесип тандоонун, бул жумушта жөндөм-шыктын канчалык маанилүү экенин көрсөтүп жатпайбы.

Тасмадагы баянда айтылгандай, Калия эжебиз эс алууга чыккандан кийин бала кездеги кыялын орундатуу жолуна түшкөнү да үлгү болорлук сапат. Мындай элдик нарктуу ишке киришкенде да, жөн эле бир иш менен алектенүү же акча табуу үчүн эмес, байыркы унутулуп бараткан улуттук баалуулукту калыбына келтирүү, ага жаңы өмүр берүү  максатын аркалашы не деген асыл ой. Бул чыныгы кыргыз байбичесине таандык нарктуулук эмеспи. Баса “байбиче” эпитетин да кыргыз ой келди колдонгон эмес. Кутман курактагы аялзаты нарктуу, башкаларга үлгү болчу сапаты болгондо гана аны “кемпир” эмес, “байбиче” аталары белгилүү.

Калия байбиче сайма өнөрүндө жалпы эл жасап жаткан сайма оюуларын кайталаган эмес. Өз алдынча изденип, аялзаты беш тырмагын безеп жасачу, сайманын “терс кайрык” аталган, элдик маданияттын  жоголуп бараткан бул түрүнүн   “өлгөнүн тирилтип, өчкөнүн күйгүзүү” максатында иштеп жана изденип келет.  Сайманын кызыгы, терс кайрыктын  өңүнөн эмес, ичинен (тескерисинен) сайылганында. Тескерисинен сайуу менен көз тайгылткан көркөмдүктү жаратуу накта чеберчилик эмей, эмне дейсиз. “Чебер” деген сөздүн нагыз мааниси ушул саймада белем, ар бир түшүрүлгөн сүрөт-чиймеде адамдын жан-дүйнөсүндөгү максат-тилектин гармониясы чагылгандай, бирде  телегейи тегиз бакытка чалкыган сезим, бирде “бири кем дүйнө” философиясы, бирде толкуп-ташуу, бирде бөксөрүү чагылып тургансыйт. Ичинен эмес, өңүнөн сайган сайма деле өйдүк-сөйдүк болуп калганын көрүп жүрбөйбүзбү. Көрсө, кептин баары  дал ушул терс кайрыктын тескери сайылганы саймадагы математикалык тактыкты, геометриялык симметрияны камсыз кылгандыгы менен бааланат турбайбы. Ушунун өзүндө эмне деген элдик даанышмандык жатат... Оо, кыргыздын колунан көөрү төгүлгөн, баа жеткис уздары, силердин акыл-парасатыңарга, көркөмдүктү көрө билген көсөмдүгүңөргө таазим! Силер калтырган “Терс кайрыкта” бир нече илимдин синкреттик гаммасы көркөм чагылып, терең ойлонгон адамды эстен тандырган сезимге кабылтат. Саймадагы шайкештикте анын төрт тарабы төп келишкен өнөр касиетинде Калия байбиченин жан-дүйнөсү, анын жеке турмушундагы   оңунан чыккан үй-бүлөлүк жана телегейи тегиз аялдык бактысы, өмүрүндө өзү тапкан жашоо гармониясы из калтырганын байкоого болот. Ийгиликтин дагы бир ачкычы ушул жерде. Кездеменин артына эриш-аркагы даана көрүнгөн жука кездеме кошо сайылып, анын ар бир тилкеси эсепке алынат. Бир эле тилкени жаза саюу бүтүндөй сайма үлгүсүн жокко чыгарат. Нагыз чеберчилик ушундай көз майына, кылдат табитке, аяр мамилеге муктаж турбайбы. Ушундай чеберчилик менен жаралган, кол өнөрчүнүн колунан чыккан буюмдар көзгө токтоо, ак пейил, байыстуу көрүп, ак эмгектин жемишин даңазалап турат. 

Оң жолдуу “Терс кайрык” же  ментор кыргыз байбиче жөнүндө сөз

“Терс кайрык” сайма өнөрүн улутка кайтарып келүүгө бел байлаган Калия эже адегенде сайманын тарыхын изилдеп, анын көөнө тарыхы чоң алайлык жана жерге талдык, мургаптык кыргыздарда калганын тапкан экен. Кол өнөрчүлүк ушундай сабаттуу мамиле аркылуу гана жаңы өмүргө ээ болушу мүмкүн эле. Адегенде мургаптык чебер алып келип, ишин баштаган кол өнөрчүнүн ийгилиги дароо эле асмандан түшө калган жок. Жашоону жаш келиндей ысык дем менен сүйө билген байбиче мындай керемет өнөр менен талыкпай алпурушуп, сабырдуулук менен жөнөкөйдөй татаалдыкка, тереңдиктен бийиктикке умтулууну максаттуу жана системалуу алып барганын байкоо кыйын эмес. Адегенде “кыргый мүчө, кымча бел” кыргыз кыздарынын бел-куруна “Терс кайрыкты” түшүрөт.   Ушул буюм менен Калия эже  республикада 2012-жылы өтүп жаткан көргөзмөдө алдыңкы орунга ээ болуп, диплом менен сыйланат. Көйнөктү көйкөлтүп көркүнө чыгарган бул курлар кесипкөй искусство таануучу Динара Чочунбаеванын көңүлүн буруп, ал Калия эжеге атайын ЮНЕСКОнун “Сапат” белгисине кур жасоо тапшырмасын берет.  Тапшырманы аткарууда Калия эже кайрадан изденүү жолуна түшүп,  “Сапат” белгисине коюлуучу критерийлерди үйрөнөт. Бул да оңой иш эмес экен:

•кездеменин табигый материалдан жасалышы (хб, жибек, жүн ж.б.);

•саймага колдонулган жиптин (жүн, жибек, пахта ж.б) табигыйлыгы;

•боёктун  табигый ресурстардан алынышы (эрмен, жаңгак жалбырагы ж.б.);

•колдонулган түстөрдүн шайкештиги; 

•буюмдун (кийимдин) улуттук жана маданий баалуулугу;

•буюмдун (кийимдин) практикалык баалуулугу;

•иштин толугу менен кол менен жасалышы

Жогорудагы критерийлерди так жана сапаттуу аткарган Калия байбиченин бел-курлары ЮНЕСКОнун “Сапат” белгисине арзыганы 2012-жылы Иранда өткөн “Кол өнөрчүлөрдүн дүйнөлүк көргөзмөсүндө” жарыя болуп, ааламдык масштабдагы мындай ийгилик Калия байбичени жаңы чыгармачылык изденүүлөргө шыктандырган экен. Акырындап белдемчи, көйнөктөргө сайыла баштаган  “Терс кайрыктын” жолу оңунан чыгып, 2014-жылдын февралында АКШнын Нью-Йорк шаарында кол өнөрчүлөрдүн дүйнөлүк “Байхенд” (By hand)  көргөзмөсүнө  сапар тартат.   By hand – кол менен жасоо  деген түшүнүк эмеспи. Бул жылы өткөрүлгөн көргөзмө Фергана өрөөнүндөгү  аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн алдыга жылдыруу маселесине арналган эле. Көргөзмө   Вашингтон шаарындагы  өкүлчүлүгүндө уланып, Кыргызстандын Канададагы элчилиги Калия байбичеге кыргыз-америка маданий алакасына салым кошкондугу үчүн “Ыраазычылык кат” жолдогон. “Терс кайрыктын” океандын ар жагынан башталган сапары ак жолтой болду белем, ал ушул эле жылдын  октябрь айында  Кытай Эл Республикасынын  Доньон жана Нонтанг  шаарларына багыт алат. Дал ушул кол өнөрчүлүктүн 50 жылдык маарекесине  арналган Эл аралык көргөзмөдө Калия байбиченин эмгегине жогору баа берилет да, Борбордук Азияда   кол өнөрчүлөрдүн    насаатчысы –  катары Ментор  сертификаты тапшырылат. Эгер байбиченин ишине анализ жасоого туура келсе, ал ментор наамына толук жооп бергени байкалат. Менторлук жумуш тынымсыз изденүү, жаңы табылгаларга ээ болуу, чыгармачылыктан ыракат алуу сыяктуу руханий сапаттарды жогору баалаган, муундар ортосундагы байланышты камсыз кылууну максат кылган атак-даңк. Бул кызматта акчанын артынан түшүү, соода ийгилигин биринчи орунга коюга орун жок. Аз, бирок сапаттуу, буюм-кийим, бирок ал адам пайдаланган материалдык гана нерсе эмес, руханий бүтүн чыгарма деген түшүнүктү туу туткан ишмердүүлүк. Биздин азыркы коом дал ушундай көрүнүшкө муктаж эмеспи. 

2016-жылы “Тарых жана маданият” жылынын алкагында өткөн кол өнөрчүлөрдүн жана “Көчмөндөр оюнундагы” көргөзмөдө да Калия байбиченин кол эмгектери дагы жогорку  баасын алды. Ушул эле жылы Ош шаарында өткөн көргөзмөдө  баш байгени багынтууга жетишти. 2018-жылы “Эскиден элес” аттуу жеке көргөзмөсү Г.Айтиев атындагы музейде уюштурулуп, саймачынын эл аралык масштабдагы абройюн дагы бекемдеди.

Эмне дейбиз, улуттук өнөрдү жашартууга багытталган Калия байбиченин аалам кезген сапары да, өзү да карыбасын! Бул көп кишиге үлгү болчу өрнөктүү өмүр го...

(Автор:​ Үмүт Култаева / Редактор:GL)