WeChat      Избранное

Эмилбек Алымкулов: “Кытай Эл Республикасы менен алакабызды бекемдеп, кызматташууга, мамилебизди өнүктүрүүгө дайым даярбыз”

25/10/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Эмилбек Алымкулов: “Кытай Эл Республикасы менен алакабызды бекемдеп, кызматташууга, мамилебизди өнүктүрүүгө дайым даярбыз”

 Мэр города Нарын 

Сүрөт Нарын шаарынын мэриясына жана интернетке таандык

2018-жыл Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун жарлыгына ылайык “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп жарыяланган. Бул жыл Кыргызстандын аймактарын толук кандуу изилдеп, кем-карчтарын толуктап, жер-жерлерди өнүктүрүүгө карата ташталган алгачкы ишенимдүү кадам десек да болот. 

Аймактарды өнүктүрүү программасы ондон ашуун тармактарды өз ичине камтыйт. Мисалы, 2023-жылга карата ар бир айылды таза суу менен камсыз кылуу мерчемделген. Азыр таза суу маселеси айрыкча алыскы райондордо курч турат. 

Социалдык мекемелердин курулушу жана реконструкция. Аймактарда жаңы бала бакча, мектеп, кесиптик техникалык мекемелерди жана маданият үйлөрүн салуу буга чейин башталган жумуштардан, эми аны жигердүү улантып, билим берүү, маданиятка көңүл бөлүү негизги максат болууда.

Документте белгиленген дагы бир жагдай, транспорттук кызмат көрсөтүү системасын жакшыртуу, жергиликтүү маанидеги автожолдорду реконструкциялоо жана оңдоо иштери дагы кирет. Муну менен катар, региондордун инвестициондук потенциалын жакшыртып, сырттан инвесторлорду тартуу багытында да иштер жүрүүдө. 

Биздин гезит “Аймактарды өнүктүрүү жылына” карата аткарылып жаткан иштер менен жакындан таанышуу максатында Кыргызстандын шаар мэрлери менен маек куруп, окурмандарга сунуштап келүүдө. Бул жолку биздин гезиттин мейманы тоолуу Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов болду. Эмилбек Абдыраимович Нарын шаарында болуп жаткан жаңылыктар, өнүгүүлөрдүн тегерегинде сөз кылып, кызыктуу маек куруп берди.

-Жакында эле Нарын шаары 150 жылдык мааракесин белгиледи. Саамалыкка карата кандай иш чаралар ɵткɵрүлдү, майрамды кандай тосуп алдыңыздар, ушул багытта кеп салып берсеңиз?

-Быйыл Нарын шаарынын аймагына эл отурукташып, калктуу конуш пайда болгонуна 150 жыл толуп олтурат. Бул тарыхый күндү белгилɵɵ менен шаарыбыздын буга чейинки басып ɵткɵн жолуна тарыхый баа берүүгɵ, бүгүнкү жана келечекте жасалуучу кадамдарыбызды аныктап алууга шарт түзүлдү десем болот.

Мааракени уюштуруп, өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн 2018-жылдын 1-мартындагы токтому менен расмий уруксат берилген. Ошонун негизинде, 21-22-сентябрь күндɵрү жогорку уюшкандык менен мыкты маанайда Нарын шаарынын 150 жылдык мааракесин белгилеп, өткөрүп алдык. 

Эӊ негизгиси ата-бабаларыбыз мекендеп келген куттуу калаабыздын кантип түптɵлүп, калыптанып, бүгүнкү келбетине келгени тууралуу маалымат булагын жаратуу максатында “Теӊир-Тоо койнундагы шаар: кечээ, бүгүн жана эртеӊ” аттуу тарыхый китеп чыгарууга, “Нарыным-алтын бешигим” аталышындагы даректүү тасма тарттырууга үлгүрдүк. 

Мааракеге карата театралдаштырылган маданий-массалык иш-чаралар уюштурулуп, шаан-шөкөт менен коштолду. Муну менен катар эле, кыргыздын ат оюндары ойнотулуп, элибиздин каада-салты дагы даңкталды. 

Бул иш-чараларга Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган бир катар сыйлуу коноктор келип катышып, күбө болуп кетишти. Бул биз үчүн чындыгында чоӊ сыймык. 

Биздин башкы максат ушул маанилүү саамалыкты жɵн гана майрамдык шаан-шɵкɵт менен ɵткɵрүп койбостон, мааракенин жана Президентибиз жарыялаган “Аймактарды ɵнүктүрүү жылынын” алкагында келечек үчүн пайдалуу бир катар инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашырып алуу болчу. 

Бул багытта жыл башында 17 инфратүзүмдүк долбоорду иштеп чыгып, аларды ар кандай каражат булактарын табуу менен ишке ашырып алууну пландаганбыз. Пландалган иштердин бир тобу жүзөгө ашырылса, башкаларынын үстүндɵ иштер дагы да улантылууда. 

Мисалы, Ага Хан ɵнүктүрүү фондунун 4,5 миллион сомдук колдоосу менен шаардын Башкы планын иштеп чыгуу жумушу башталды. 150 жылдыкка карата ɵткɵрүлгɵн марафондун жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаардагы Жаштар паркы ишке берилип, Пудовкин атындагы сейил багы реконструкцияланды. Ушул эле каражаттардын эсебинен шаардын четки аймактарына заманбап түнкү чырактар орнотулду. 

Мындан сырткары, шаардын ички жолдору оӊдолуп, заманбап аялдамалар курулуп, шаарды кɵрктɵндүрүү, жашылдандыруу иштерине кɵӊүл бурулду. Албетте, алдыда шаарды өнүктүрүү багытында жүзөгө ашырчу бир топ ой-пландарыбыз бар. Жогоруда айтып кеткендей, аларды ишке ашыруунун үстүнөн иштеп жатабыз.

-2018-жыл Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан “Аймактарды ɵнүктүрүү жылы” деп жарыяланган. Ушул багытта Нарын шаарында кандай иштер аткарылып жатат?

-Президентибиздин үстүбүздɵгү жылды “Аймактарды ɵнүктүрүү жылы” деп жарыялаганы жана “Аймактар ɵнүксɵ-ɵлкɵ ɵнүгɵт” деген урааны абдан туура. Себеби, аймактарга кɵӊүл бурулуп, жер-жерлерде жигердүү ɵнүгүү кадамдары жасалса, жумуш орундары түзүлсɵ, инфратүзүмү жакшырса ɵлкɵбүздүн эртеңки күнү жарык болуп, анын ɵнүгɵɵрүнɵ тереӊ ишенем. 

Ѳлкɵ башчыбыздын ураанынын алдында, аталган жарлыктын негизинде Нарын шаарында дагы бир катар жигердүү иштер жасалып жатат. Жогоруда белгилегендей, жыл башында пландап алган инфратүзүмдүк долбоорлордун үстүндɵ иш алып баруудабыз. 

Мындан сырткары, бүгүнкү күндɵ шаарда республикалык бюджеттин жана эл аралык уюмдардын, ички, тышкы демɵɵрчүлɵрдүн каржылоосу менен ири курулуш долбоорлору кызуу жүрүп жатат. Алсак, Кыргыз Республикасынын Ѳзгɵчɵ кырдаалдар министрлигинин Нарын облусундагы башкармалыгынын, Облустук ички иштер башкармалыгынын жана Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлерине кɵп кабаттуу кызматтык турак үйлɵр курулуп, пайдаланууга берилүү алдында турат. 

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Арзан турак-жай” программасынын негизинде кɵп кабаттуу ипотекалык турак-жайдын, республикалык бюджеттен шаардагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн эки кабаттуу турак үйдүн курулушу кызуу жүрүп жатат. 

Газпром ишканасы тарабынан «Газпром-балдарга» аттуу долбоордун негизинде 256 миллион сомдук заманбап спорт комплекси курулду. 

Европалык реконструкциялоо жана ɵнүктүрүү банкынын «Нарын шаарын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо» долбоору башталып, биринчи фазасы боюнча 5,2 миллион сомдук курулуш иши жүрүп жатат. Бул Нарын шаарынын калкы үчүн абдан чоӊ жана маанилүү долбоор.

Кыргыз Республикасынын 2018-2022-жылдар аралыгындагы Регионалдык саясат концепциясына ылайык республиканын аймагынан 20 шаар пилоттук таяныч шаарлары катары тандалып алыган. Нарын шаары дагы ушул долбоорго кирип, айланасындагы аймактарга ɵнүгүү чекити болуп берүүдɵ. Ушул концепцияда каралган багыттар боюнча стратегиялык план иштелип чыгып, анда туризмди ɵнүктүрүү, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү чакан ишканаларды ачуу сыяктуу бир катар долбоорлор ишке ашканы турат.

Буюрса жакын арада 150 тонналык эски сүт заводу инвесторлордун жардамы менен кайрадан ишке киргени калды. Чындыгында, мындай долбоорлор арбын. 

Эмилбек Алымкулов: “Кытай Эл Республикасы менен алакабызды бекемдеп, кызматташууга, мамилебизди өнүктүрүүгө дайым даярбыз”

-Нарын шаарынын инвестициялык климаты тууралуу маалымат бере кетсеӊиз?

-Нарын шаарында инвестиция тартууга толук шарттар каралган. Бир нерсе курула турган болсо жер маселесин чечип берүүгɵ мүмкүнчүлүк бар. Биз бардык инвесторлор менен кызматташып, өз колдообузду көрсөтүүгө даярбыз.

Буга чейин ички жана тышкы инвесторлордун колдоосу менен бир топ жакшы иштер жүзɵгɵ ашканын белгилесек болот. Алсак, Ага Хан ɵнүктүрүү фондунун материалдык колдоосу менен Борбордук Азия университети курулуп ишке кирди. 

Шаардын Башкы планын иштеп чыгуу жумушу башталды. Ошондой эле заманбап диагностикалык борбор, заманбап парк курулуп, пайдаланууга берилди. 

“Ас-Салам” кайрымдуулук фондунун каржылоосу менен заманбап техникалык жабдыктар менен жабдылган, бардык ыӊгайлуу шарты бар билим борбору курулду. 

Бириккен улуттар уюмунун ɵнүктүрүү программасынын колдоосунун алдында шаардын РТС чɵлкɵмүнɵ заманбап балдар аянтчасы курулуп, түнкү жарык коюлуп, колдонууга берилүү алдында турат. 

Нарын шаары бүгүнкү күндɵ Белорусиянын Могилев, Россиянын Челябинск, Түркиянын Этимесгут, Кастамону, Латвиянын Паргауя шаарлары менен тыгыз кызматташтык алакасын куруп, иш жүргүзүп келет. Башка шаарлар менен болгон достук мамиле кɵптɵгɵн ийгиликтерге жана инвестиция тартууга жол ачып жатканын белгилесек болот. 

Мисалы, Түркиянын Кастамону шаарынын ɵкүлдɵрү Нарын шаарына заманбап парк, ал эми Этимесгут шаарынын ɵкүлдɵрү 250 орундуу бала бакча куруп берүүнү убада кылышкан. 

Ал эми Латвиянын Паргауя шаары менен чакан жана орто ишканаларды ачуу боюнча сүйлɵшүүлɵр жүрүп жатат. 

Ички инвесторлордун колдоосу менен заманбап муз аянты, спорт аянтчалары, мейманканалар курулуп, шаар тургундары жана меймандар үчүн ыӊгайлуу шарттар түзүлүүдɵ. 

-Кытай Эл Республикасынын тɵрагасы Си Цзиньпин тарабынан кɵтɵрүлгɵн демилге “Бир алкак-бир жол” долбоорунда Нарын шаарынын стратегиялык орду кандай?

-Коӊшу Кытай Эл Республикасынын тɵрагасы Си Цзиньпиндин дүйнɵгɵ сунуштап жаткан “Бир алкак-бир жол” долбоору качандыр бир кезде Чыгыш менен Батышты байланыштырып турган Улуу Жибек жолун жана Деӊиздеги улуу Жибек жолун кайрадан жандандыруу менен ɵнɵктɵш ɵлкɵлɵр арасындагы экономикалык жана маданий кызматташтыкты түзүү максатын кɵздɵйт.

Бул демилге Борбордук Азия ɵлкɵлɵрү үчүн  деӊизге жана дүйнɵлүк рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгүн ачат. Бул жагынан логистикалык жана транспорттук маселелерди гана чечүү менен чектелбестен Си Цзиньпиндин санариптик Жибек жолун куруу идеясы жүзɵгɵ ашуусуна дагы тилектештигибизди билдиргим келет. 

Мындай шартта Улуу Жибек жолунун боюндагы Нарын шаарына абдан чоӊ мүмкүнчүлүктɵр түзүлмɵкчү. Ал эми Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолу Нарын аркылуу ɵтсɵ дүйнɵнүн булуӊ-бурчу менен соода-экономикалык байланышын түзүүгɵ кеӊири жол ачылат деген тереӊ ишенимдебиз. 

“Бир алкак-бир жол” демилгесине быйыл беш жыл толуп отурат. Бирок мындай масштабдуу эл аралык долбоор үчүн бул убакыт аралыгы аздык кылат. Чындыгында, Кыргызстанда ушул долбоордун алкагында эки элдин кызматташтык алакасын өнүктүрүү, чыңдоо жаатында көптөгөн иш-чаралар аткарлып жатат. Бул эл аралык долбоордун бизге берген мүмкүнчүлүгү абдан чоң. Ошондуктан, алдыда дагы ушул демилгенин алкагында биргеликте эки тараптуу кызматташууну бекемдеп, мыкты көрсөткүчтөргө жетебиз деп ишенем. 

-Учурда Кытай экономикасынын ушунчалык тездик менен ɵнүгүүсүнүн негизинде, дүйнɵгɵ кытай туристтеринин агымы башталды. Нарын шаарына Кытай туристтерин тартуу боюнча кандайдыр бир иш-чаралар пландалуудабы?

-Бүгүнкү күндɵ Бишкек-Нарын-Торугарт авто жолунун реконструкцияланышы менен Нарын жергесине келген туристтердин агымы жыл сайын кɵбɵйүүдɵ. Анын ичинде албетте, Кытай Эл Республикасынан келген туристтер дагы бар. 

Бардыгыбыз билгендей, кытай эли жаратылышка өзгөчө жакын болуп, табияттын сулуулугун баалай билген эл болот. Ошондуктан, Нарын шаарынын дагы бул багытта потенциалы күчтүү десем жаңылышпайм. 

Туризм тармагы экономикабызга киреше алып келүүчү негизги тармактардын бири болгондуктан, туристтер үчүн ыӊгайлуу шарттарды түзүүгɵ, инфраструктурабызды, тейлɵɵнү жакшыртуу багытында иштиктүү аракеттер кɵрүлүп жатат.

-Нарын шаарынын Кытайдын кайсы бир шаарлары, провинциялары менен кызматташтык алакасы барбы, Кытай рыногуна Нарын шаарынын кандайдыр бир продукцияларын экспортко чыгаруу багытында кандай иштер жүргүзүлүүдө?

-Кытай Эл Республикасы менен Нарын облусунун ортосунда кызматташтык мамиле бар. Жыл сайын “Нарын-Улуу Жибек жолундагы трансулуттук түйүн” аттуу Эл аралык инвестициялык форум уюштурулуп келет. 

Бул Форумдун эң негизги максаты болуп-ата-мекендик жана чет элдик инвесторлорду тартуу менен тоолуу аймакты экономикалык жактан өнүктүрүү багытындагы долбоорлорду турмушка ашыруу, калкты иш менен камсыз кылуучу жаңы ишканалардын соода-экономикалык байланышын чыңдоо, ошондой эле бир катар социалдык проектилерди ишке киргизүү болуп эсептелет. 

Жыл сайын бул иш-чарага кытай ишкерлери дагы чакырылып, катышып жүрүшөт. Алар менен бир катар келишимдерге кол коюлган. Айрымдары бүгүнкү күндɵ Нарын облусунун Кочкор, Ат-Башы, Нарын райондорунда ишканаларды ачып, же жергиликтүү ишкерлердин ишмердүүлүгүнɵ салым кошуп жатышат. 

Ал эми Нарын шаары менен Кытайдын провинция, же шаарларынын ортосунда азырынча кызматташуу келишимдери түзүлɵ элек. Жогоруда айтып кеткендей, Нарын шаарынын инвестициондук потенциалы күчтүү. Учурда, Кыргызстандагы инвесторлордун басымдуу бөлүгү кытай ишкерлери экендиги белгилүү. Ошондуктан, Кыргызстандын коңшусу, стратегиялык өнөктөшү болгон Кытай Эл Республикасы менен алакабызды бекемдеп, кызматташууга, мамилебизди өнүктүрүүгө дайым даярбыз. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)