WeChat      Избранное

Гохуа-адамга табияттын чексиз сулуулугун, кооздугун көрө жана түшүнө билүүнү үйрөтөт

19/10/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Гохуа-адамга табияттын чексиз сулуулугун, кооздугун көрө жана түшүнө билүүнү үйрөтөт

 Табияттын сулуулугун даңктаган көз ирмемдер.

Сүрөттөр интернеттен жана О. Синдееванын өздүк архивинен алынды

Кытай живописи-салттуу кытай маданиятынын маанилүү бөлүгү болуу менен катар кытай элинин баа жеткис кенчи болуп саналат. Анын басып өткөн жолу абдан узун жана кызыктуу. Бул живопистин дүйнөлүк искусство чөйрөсүндө дагы ээлеген орду барандуу. 

Кытай живописи менен кытай каллиграфиясы бир-бири менен абдан тыгыз байланышкан. Анткени, бул искусствонун эки түрүндө тең сызыктар колдонулат. Кытай таланттары жөнөкөй сызык-чиймелерди искусствонун жогорку формасына айланта алышкан. Түз сызыктар менен жеке гана сүрөттүн тилкесин белгилебестен, сүрөтчүнүн ички сезимдерин, ойлогон оюн көрүүчүлөргө толук кандуу жеткире билүү чындыгында, терең урматтоону жаратат. Сызыктар ичке, калың, күңүрт, каралжын, ал эми боектор болсо коюу же болбосо супсак болушу мүмкүн. Бирок, алар кандай гана абалда болбосун, искусство өнөрүн баалаган адамдардын жүрөгүнөн түнөк тапкан мыкты сүрөттөрдү жаратуу чеберчилигине эгедер. 

Салттуу кытай живописи поэзия, каллиграфия, живопись, оймо түшүрүү, мөөр басуу сыяктуу бир катар искусство тармактарын өз ичине камтыйт. Байыркы мезгилдерде сүрөтчүлөр каллиграфия жана акындык өнөрлөрүнө ээ болушуп, ушул багыттарда дагы өз чеберчиликтерин өнүктүрүшкөн. Кытай эли үчүн живопись менен поэзиянын эриш-аркак болуп, айкалышып туруусу абдан маанилүү болгон. Сүрөттөгү жазуулар жана мөөрлөр сүрөтчүнүн ошол мезгилдеги жан дүйнөсүнүн абалын жана сезимин чагылдырууга көмөкчү болуп келген. 

Чындыгында, кытай живописи өзүнүн көп түрдүүлүгү менен дагы башкалардан айырмаланат. Бүгүн биз “гохуа” деп аталган кытай стили тууралуу сиздерге маалымат бермекчибиз. Гохуа-бул жибек бетине же болбосо сюаньчэн кагазына (сюаньчэн кагазы-живопись жана каллиграфия үчүн бамбук буласынан даярдалган кагаз) сыя (тушь) жана суу боектору колдонулуп тартылган сүрөттөр. Эгерде, гохуа сөзүн кытайчадан сөзмө-сөз которсок “мамлекеттик же болбосо улуттук живопись” деген маанини түшүндүрөт. 

Табият адамга сулуулукту, кооздукту түшүнүп, көрө билүүгө үйрөтөт. Бул чындык гохуа салттуу кытай живописинин негизги темасы болуп саналат. Анткени, дал ушул живопистин түрүнөн биз жаратылыштын сулуулугун гана көрүп эмес, аны түшүнүп баалоого мүмкүнчүлүк алабыз. 

Гохуа сүрөттөрү эки категорияга бөлүнөт: гунби жана сеи. Гунби түрүндөгү сүрөттөрдө тартылып жаткан объект толугу менен, майда-барат бөлүктөрүнө чейин так жана таамай берилет. Ал эми, сеиде болсо, сүрөтчү объектти өзүнүн жан дүйнөсү көргөндөй, сезгендей кылып, эркин түрдө тартып берет. Бирок убакыттын өтүшү менен, акыркы убактарда гунби жана сеини бир сүрөттө айкалыштырып, эриш-аркак кылып тарткан сүрөтчүлөр дагы көбөйүүдө. 

Салттуу кытай живописи муундан-муунга өткөрүлүп берилип келген улут баалуулугу болуп саналат. Ар бир муун өзүнүн жаңычылдыктарын кошуп, кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү киргизүү менен аны ого бетер байытып, өнүктүрүп келет. Бирок, салттуу кытай живописинин эч качан өзгөрүлбөй турган “төрт кенчи” бар. Алар: сыя, кисть, кагаз жана сыя куйгуч. 

Гохуа-адамга табияттын чексиз сулуулугун, кооздугун көрө жана түшүнө билүүнү үйрөтөт

 Ольга Синдеева кытай мугалими менен бирге. 

Ольга Синдеева: “Кытай сүрөтчүлөрүнүн эмгектеринен эч качан адамга терс тааасир берген, же жагымсыз маанай тартуулаган сүрөттөрдү көрүүгө мүмкүн эмес” 

Азыркы убакта, салттуу кытай живописине карата болгон кызыгуу өсүп жаткандыгы байкалат. Аны өнүктүрүү үчүн, ушул багытта атайын тематикалык көргөзмөлөр уюштурулуп, китептер жазылып, живопись мектептери ачылууда. Живопись аркылуу дагы адамдар дүйнөнү жана өзүн, өз ой-сезимдерин түшүнүүгө мүмкүнчүлүк алып келишет. Биздин арабызда дагы салттуу кытай сүрөт өнөрчүлүгүнө кызыгып, аны жакшы деңгээлде өздөштүргөн мекендештерибиз кездешет. 

Алардын бири, сүрөтчү Ольга Синдеева. “Өмүрүмдө сүрөтчүлүк өнөрдү аркалап, ушул багытта өз эмгектеримди жаратам деп ойлогон эмесмин. Бул кызыктуу дүйнөгө мени салттуу кытай живописи гохуа алып келди десем болот”-деп өз оюу менен бөлүшкөн, Ольга айым бизге кытай искусствосу тууралуу кызыктуу кеп куруп берди. 

-Мен салттуу кытай живопись дүйнөсүнө кокусунан эле келип калдым. Бир жолу Москва шаарында паркта эс алып жүрүп, гохуа живописи боюнча мастер-класс өткөрүлөөрү тууралуу жарыяны окуп калдым. Ага катышууну чечтим. Мына ошол жакта өткөргөн бир сааттык убактым, менин жашоомду толугу менен өзгөрттү. Анткени, дал ошол жерден салттуу кытай искусствосу менен таанышып, анын сыйкырдуу дүйнөсү мени өзүнө арбап алды. Бул мындан толук төрт жыл мурун болгон окуя. Мына, ошондон бери гохуа өнөрүн аркалап, билимимди тереңдетип үйрөнүп келем. 

Өз убагында, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин алдындагы Конфуций институтунда кытай сүрөтчүлүк өнөрү курсунда мугалим болуп дагы эмгектенгем. Бул 2015-жыл эле. Ал кезде биринчи курстун студенттерине бул жаатта ийрим ачылып, бирок сабак өтө турган мугалим жок болгондугуна байланыштуу иштегем. Андан соң, Кытайдан атайын мугалимдер келип сабак өтө башташты. Алардын сабактарына дагы жазылып, убактымды текке кетирбей дагы да болсо ушул сүрөтчүлүк өнөрүн өздөштүрүп келүүдөмүн. 

Мага гохуа абдан жагат. Мен аны тартып жатканда өзгөчө эргүү алып, жан дүйнөм эс алат. Мындай карасаң, ак жана кара түстү гана колдоносуң, бирок ушул өңдөр аркылуу эмне деген гана жан дүйнө сезимин, табияттын укмуштуудай сулуулугу аркылуу кагаз бетине түшүрө аласың. Бул түстөрдүн мүмкүнчүлүгү чексиз. Сыя жана кисть менен колдун чеберчилиги, ички дүйнө абалы бир-бирине айкалышканда гана мыкты эмгектер жаралат. Ошондуктан, салттуу кытай живописинде ар тараптуу өнүгүү абзел. 

Гохуа-адамга табияттын чексиз сулуулугун, кооздугун көрө жана түшүнө билүүнү үйрөтөт

 “Ак менен кара түстүн мүмкүнчүлүктөрү чексиз”.

Чындыгында, бул кытай живописи жашоодогу ар бир көз ирмемди кармап калууга жана аны барктоого үйрөтөт. Себеби, колдун бир шилтеми менен кагаз бетине түшүргөн сызыгыңды кайрадан оңдоп, же түздөөгө мүмкүнчүлүгүң болбойт. Ошондуктан ушул “шилтемдин” туура жана так болуусу зарыл. Кытайлар бул көрүнүштү жашоого дагы салыштырышат. Бир басып өткөн жолуңду кайрадан кайталап оңдоого, айткан сөзүңдү артка алууга болбойт. Кандайдыр бир деңгээлде муну “жашоо философиясы” деп койсок да болот. Гохуа сүрөттөрү бир дем менен жаралган эмгектер. Анткени, сүрөттү баштап коюп, башка бир жумушка алагды болуп, кайра келип улантууга мүмкүн эмес. Аны бир дем менен гана тартып, аягына чыгуу зарыл. 

Азырынча, кытай сүрөтчүлөрү менен бетме-бет жолугушуп, тааныша элекмин. Бирок, алар тууралуу абдан көп окуп, изилдеп келем. Эмгектерине кызыгам. Салттуу кытай искусствосундо: “көркөм өнөр чыгармалары ичине кандайдыр бир маанини камтуусу керек, ал эми ошол маани сөзсүз түрдө бактылуулуктун белгиси болуусу абзел”-деп айтылат. Чындыгында, кытай сүрөтчүлөрүнүн эмгектеринен эч качан адамга терс тааасир берген, же жагымсыз маанай тартуулаган сүрөттөрдү көрүүгө мүмкүн эмес. Алардын бардыгында, позитивдүү болгон, бакыт көз ирмемдерин чагылдырган жашоо сүртүмдөрү берилет. Мындай эмгектер үй ээлерине дагы жакшылыктарды алып келет деген ишеним бар. Мындай философиялык ойлор менин жан дүйнөмө дагы абдан жакын. 

Албетте, кыскача маек арасында салттуу кытай искусствосу, гохуа тууралуу толук кандуу маалымат берүүгө мүмкүн эмес. Мен дагы да болсо бул багытты үйрөнүп келем. Алдыда, кытай тилин үйрөнүп, ушундай көркөм өнөр жаралган Кытай жергесине барып келсем деген максатым бар. Жөн гана барбастан, кытай сүрөтчүлөрүнө жолугуп, алардын эмгектери менен жакындан таанышып, мастер-класс алуу изги тилегим. 

Убакытты барктоого үйрөткөн, бактылуу көз ирмемдерди сүрөт кылып түшүрүп калууга аракет кылган, табияттын сулуулугун даңктаган бул сүрөт өнөр дүйнөсү менин жан дүйнө азыгым десем да болот. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)