WeChat      Избранное

Кыргыздын улуттук баалуулуктары: 1тонна бешбармак жана 100 метр чучук

20/03/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Кыргыздын улуттук баалуулуктары: 1тонна бешбармак жана 100 метр чучукКөптөн күткөн беш бармакты аралаштыруу учуру.

11-март күнү баш калаабыздын “Аю Гранд Комфорт” соода борборунда мыкты саамалык болуп өттү. Бул күнү кыргыздын улуттук баалуулуктарын даңазалоо менен бирге, элибиздин беш бармагын Гиннесстин рекорддор китебине киргизүү тилеги менен аткарылган иш-чара, беш миңге жакын адамдын башын бириктирип, жогорку деңгээлде уюштурулду. 

Иш-чараны манасчылар ачып, андан соң, элдик өнөрпоздор тарабынан даярдалган мыкты концерттик программа тартууланды. Бул күнү элдин маанайын жааган жамгыр дагы түшүрө алган жок. Саамалыкта, кыргыздын улуттук кийимдерин кийип, ак элечеги жана ак калпагы менен өзгөчө майрамдык шаң берип турган айымдар жана мырзалар көп болду. Иш-чарага жеке гана кыргыз эли катышбастан, чет элдик улан-кыздар дагы келип, тамшануу менен кыргыз даамдарынан ооз тийишти. 

Көп өтпөй, эл алдына 117 метр узундуктагы чучук алынып чыгып, көпчүлүккө көргөзүлдү. Соңунда, келген конокторго, көрүүчүлөргө беш бармак жана чучук таратылып, жалпы келген элдер ооз тийүүгө мүмкүнчүлүк алышты. 

Тамак үчүн сегиз жылкы жана бир тай союлду. Жалпысынан, бир жарым тоннага жакын эт бышырылды. Жүз элүү литрге ылайыкталган он эки тай казан орнотулуп, беш бармак Нарын жана Ысык-Көлдүн варианты боюнча даярдалып, тамакка 700 кг эт кошулду.

Жыйынтыгында, жалпы салмак 1902 кгды түзүп, Гиннесс рекорддор китеби үчүн жасалган беш бармактын салмагы 1 тонна 464 кг болду. (Беш бармак даярдалган казандын салмагы 438 кг) Ал эми, чучуктун узундугу 117 метрди багынтты. 

Уюштуруучулардын айтуусу боюнча, 8-март күнү, Гиннесстин рекорддор китебине кирүүнүн биринчи турунан ийгиликтүү өткөндүктөрү тууралуу кат келген. Учурда, экинчи турга документтерди даярдоо жүрүп жатат. Болуп өткөн иш-чаранын жыйынтыгы видеого жана сүрөткө тартылып, ал жакка жөнөтүлөт. Жыйынтыгы эки жумадан кийин белгилүү болмокчу. 

Бул саамалыкты уюштуруу иштерине 500 миң сомдун тегерегинде акча коротулуп, калган керектелген акча-каражаттын бардыгы демилгечилер тарабынан жабылган. Тамактын ашканы балдары үйүнө таратылып берилмекчи. Иш-чаранын жүрүшүнүн коопсуздугу Бишкек шаарынын жана Октябрь районунун ички иштер башкармалыгы тарабынан колго алынды.

Саамалыкты “Кыргыз тилектештиги” коомдук бирикмеси, “Ак элечек”, “Ак калпак” долбоорлорунун негиздөөчүлөрү жана “Аю Гранд Комфорт” фирмасы биргеликте уюштурушту. 

Эскерте кетсек, 2015-жылы Казакстандын борбору Астана шаарында 736 кг беш бармак даярдалып, Гиннесстин рекорддор китебине киргени тууралуу маалымдалган. 

Кыргыздын улуттук баалуулуктары: 1тонна бешбармак жана 100 метр чучук

Сахнада “Манас” дагы айтылды.

Элнура Кулуева, иш-чаранын уюштуруучусу, журналист:

“Башкы максат кыргыздын улуттук баалуулуктарын дүйнөгө таанытуу” 

- Бул Гиннесстин рекорддор китебине кирүү максатында уюштурулган “Бир тонна беш бармак, жүз метр чучук” аталышындагы долбоордун үстүндө бир айдан бери иштер аткарылып келген. Өзүңүздөр көргөндөй, 11-март күнү 1464 килограмм салмактагы кыргыз беш бармагын Гиннес китебине киргизүүгө расмий аракетин жүргүзүп бердик. 

Мындан тышкары, мурунтан айтылган 100 метр чучук эмес, бүгүнкү күндө 117 метр чубалган чучукту эл алдында көрсөтүп беришти, буга өзүңүздөр дагы күбө болдуңуздар. Менин пикиримде, бул бир тарыхый окуя, өзүбүздүн улуттук тамак-ашыбызга болгон сый урматты даңазалоо.

Коңшу Казакстан домбурадан баштап, казы-карта, беш бармак жана башка дагы бир топ түрдүү тамактары менен өздөрүн даңазалап келишет. Өзбекстан болсо, былтыр 8 тонна ашты, бир казанга басып, алар дагы Гиннесстин китебине коюшкан. 

Биз дагы да болсо, сарамжалдуулук максатында Гиннесстин экинчи видео версия эрежесинин негизинде, элге дагы, мамлекетке дагы ашыкча чыгым болбосун деп бул долбоорду ашар жолунда ишке ашырып бердик. Кудайым кааласа, элдин маанайы жакшы, албетте, эми көпчүлүктө баарына жетпей калуусу мүмкүн. Бирок, жалпы коомчулукка жеткирүүгө, көрсөтүүгө аракет кылдык деп эсептейм. Ушундай деңгээлде өткөрүп алгандыгыбыз үчүн абдан кубанычтабыз. Негизи тилек, ниет болсо, бардык нерсе ишке ашат экен. 

Тамакка жалпысынан, сегиз жылкы бир тай союлду. Кыргыздар ар качан улууларын, аксакалдарын сыйлап келген эмеспи. Ошондуктан, жети жылкынын учасы Кыргызстандын жети облусунун аксакалдарына узатылды. Уча бардыгыбыз билгендей эң сыйлуу устукан болуп эсептелет. 

Бүгүнкү иш-чарада дагы кыргыздын ак калпагын ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүүгө кол топтолду. Атайын, саамалык үчүн чоң калпакты жана чоң элечекти жасап, даярдап келгенбиз. Эки жылдан бери “Ар бир үйдө бирден элечек” аттуу долбоорун ишке ашырып жүрөбүз. 

Мындан сырткары, сүмөлөк фестивалын дагы 2 жылдан бери уюштуруп келүүдөбүз. Былтыр, кырк бир казан сүмөлөктү беш миң адамдын катышуусунда Бишкек шаарында уюштуруп, бекер бердиргенбиз. Мына, ушундай бир идея, баалуулук менен адамдарды жакшы бир жаратмандык нерсеге үндөөгө багыштап, ушул максатта иштерди аткарып келебиз. 

Кыргыз эли меймандостугу менен белгилүү, бардык нерселер доо болобу, уруш-талаш болобу сый тамак үстүндө, ынтымак ичинде чечилген. Ошондуктан, биз ушул багыттагы иштерибизди кудай буюрса жүргүзө бермекчибиз. Албетте, мамлекетке, элге оорчулук келтирбеген жагын тандап, кыргыздын баалуулуктарын дүйнөгө таанытууга болгон аракетибизди жумшамакчыбыз. 

Кыргыздын улуттук баалуулуктары: 1тонна бешбармак жана 100 метр чучук

117 метр чучукту ченөө учурунан бир көз ирмем.

Түгөлбай Казаков, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм экс-министри:

“Бул саамалыктын тарыхый мааниси абдан зор” 

- Бүгүнкү иш-чаранын тарыхый мааниси абдан зор. Кыргыздын улуттук дөөлөттөрүнүн бири, бул өзүнө гана мүнөздүү башка эч кимге окшобогон тамак-ашынын башында турган беш бармагы. Беш бармакты Гиннесстин рекорддор китебине сунуш кылабыз деген идеянын өзү эле далай кыргыздын духун көтөрөт. 

Бул биздин байыртадан, Манас атабыздан дагы мурда, нечен кылымдарды карытып келе жаткан улут баалуулугу. Бардык гениалдуу нерсе жөнөкөй болот деп коет го. Мына, беш бармактын дагы татаал эч нерсеси жок, бирок бул гениалдуу нерсе. Тарых барактарына сереп салсак, ортодо канча маданият, канча эл жок болду. Бирок, беш бармак, кыргыз эли бар да. Беш бармак кыргыз менен кошо жашай турган улуттук дөөлөттөрдүн бири. 

Ушуну даңазалап, дүйнөлүк аренага алып чыгып, тарыхка киргизебиз деп жаткан азаматтардын бардыгына ыраазычылык билдирүүбүз керек. Бул идеяны көтөрүп, колдоп, уюштуруу иштерин аткарып жаткан бардык жарандарыбызга рахмат. Мындай саамалык, биздин аз да болсо духубузду көтөрсө, анда биздин алдыга карай жылып, өнүгүп жаткандыгыбыздын белгиси боло алат. 

Кыргыздын улуттук баалуулуктары: 1тонна бешбармак жана 100 метр чучукБеш бармактын жалпы салмагы-1902 кг.

Улукбек Кутманбаев, журналист: 

“Биздин улуттук баалуулуктарыбызды даңазалоо менен бирге, аны дүйнө жүзүнө таанытып, Кыргызстанга туристтерди тарта алсак-бул биздин утушубуз болуп эсептелет” 

- Мына, бүгүн Кыргызстанда абдан жакшы саамалык болуп өттү. Жалпы жонунан алып караганда, Кыргызстандагы Гиннесстин рекорддор китебине беш бармак менен чучукту киргизүү демилгеси ийгиликтүү өттү. Бул идея колдоого алаарлык. 

Бүгүнкү иш-чарага жалпы кыргыз эли, карапайым калк келип өздөрү дагы күбө болушту. Ушул концепцияга эл тарабынан жакшы баа берилип жатат. Мен бул саамалыктын жүрүшүн түз эфир аркылуу көрөрмандарга сунуштагам. Ал жактан дагы бир топ жакшы ой-пикирлерди байкоого болот, алкыштарын билдирген окурмандарыбыз дагы бар. Жеке гана Кыргызстандагы эмес, бүтүндөй дүйнөдөгү кыргыздардын мыкты ойлорун, ыраазычылыктарын көрүүгө болот. 

Не демекчимин, негизи, бул бир тонна беш бармак жана жүз метр чучук идеясы кыргыз элинин улуттук баалуулуктарынын бирин даңазалоо болуп эсептелет. Мындай иш-чаралар аркылуу Кыргызстандын туризм тармагын дагы өнүктүрүүгө болот. Себеп дегенде, беш бармак Гиннесстин китебине катталып калса, анда чет элдиктердин, туристтердин дагы көңүлү биздин мамлекетке бурулат деп ишенем. 

Биздин улуттук баалуулуктарыбызды даңазалоо менен бирге, аны дүйнө жүзүнө таанытып Кыргызстанга туристтерди тарта алсак-бул биздин утушубуз деп ойлойм. Ушундай жол менен келечекте, мамлекетибиздин казынасына, элибизге дагы пайда алып келчү туристтик тармакты өнүктүрө алабыз. Ошондуктан, бүгүнкү саамалыкты колдоп берген демилгечилерге, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирмекчимин. 

Кыргыздын улуттук баалуулуктары: 1тонна бешбармак жана 100 метр чучукСаамалыкка келген элге тамак таратуу учурунда.

Мээрим Сайдилканова, “Демилге Ак” фондунун директору: “Ак калпакты ЮНЕСКОго киргизүү ою абдан жакшы идея” 

- Бүгүнкү иш-чаранын жүрүшүндө кыргыздын жүзү, сыймыгы, улут баалуулугу болгон ак калпакты дагы ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине каттоого кол топтолду. Мен дагы жолдошум менен бирге барып, кол коюп кеттим. 

Жеке пикиримде дүйнө элине кыргыздын калпагынын маанисин, зоболосун, анын улуулугун айтуу, таанытуу бул заман талабы. Кыргызда баш кийимди ар дайым урматтап келишкен. Ак калпактын мааниси абдан зор. Анын түзүлүшүнөн баштап, ар бир формасы өзүнчө бир маанини ичине камтыйт. 

Ошондуктан, калпакты аздектеп, ар кайсы жерге таштабай, анын улуулугун сактап, кийинки муунга өткөрүп берүүбүз зарыл деп эсептейм. Ушундай улуттук кадамдар ташталып, иш-чаралар өткөрүлүп туруусу, кыргыздын келечеги үчүн дагы жакшы. 

Кыргыздын улуттук баалуулуктары: 1тонна бешбармак жана 100 метр чучук

Бул күнү Ак калпакты ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү үчүн каттоо иштери дагы жүргүзүлдү.

Эт тууроо өнөрүнөн алдыга озгон Ат-Башылыктар 

11-марттагы бир тонналык беш бармакка кошулчу этти тууроо сынагы 10-март күнү болуп өткөн. Бул сынакта Нарын облусунун Ат-Башы районунун командасы 1-орунга татыктуу болгон. 2-орунду журналисттерден куралган топ багындырса, 3-орунду Бишкектин командасы ээлеген. Калыстардын айтымында, сынакта эттин майда жана текши тууралуусу башкы талап катары каралган. 

Эт тууроо-атадан балага өтүп келген өнөр. Тууралчу эт жик-жиги менен солго кармалып, ыңгайына карай тууралат. Эт канчалык майда тууралса, ошончолук деңгээлде карыяларды, улууларды сыйлоо болуп эсептелет. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)