WeChat      Избранное

Гульмира Кудайбердиева, КРнын Билим берүү жана илим министри: “Кытай өкмөтүнөн бөлүнүп берилген гранттык орундарга министрлик тарабынан конкурс өткөрүлөт”

12/04/2018  Источник:CRI   шрифта:

Гульмира Кудайбердиева, КРнын Билим берүү жана илим министри: “Кытай өкмөтүнөн бөлүнүп берилген гранттык орундарга министрлик тарабынан конкурс өткөрүлөт”

КРнын Билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиева.

Акыркы жылдары, кыргыз жаштары арасында кытай тилин үйрөнүүнү каалагандардын саны күндөн-күнгө өсүүдө. Муну менен катар кыргыз-кытай алакасында дагы, билим берүү тармагындагы кызматташтык мамиле бекемделип келет. 

Мына, ушул эки мамлекеттин билим берүү чөйрөсүндөгү кызматташтык мамилеси тууралуу бүгүн биздин гезитке, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиева кенен маек куруп берди. 

-Гульмира Каримовна, акыркы жылдары, Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасы ортосундагы кызматташтык алака бардык тармактарда өнүгүп келүүдө. Билим берүү жаатында дагы бул багытта бир топ алгылыктуу иштер аткарылып жаткандыгын көрүп жатабыз. Ушул өңүттө эки мамлекеттин Келишим-укуктук база мамилелери тууралуу кенен маалымат бере кетсеңиз? 

-Ооба, чындыгында, кыргыз-кытай алакасы бардык тармактарда ийгиликтүү ишке ашууда. Билим берүү жаатында дагы кызматташтык мамиле жылдан-жылга бекемделип келүүдө. Коңшу мамлекет менен билим берүү тармагындагы байланышыбыз эгемендүүлүк жылдарында бир топ алга жылды десем жаңылышпайм. 

Алгач, 2002-жылдын 24-июнунда Пекин шаарында Кыргызстандын жана Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн ортосунда билим берүү жана илимий даражалар тууралуу документтерди өз ара таануу тууралуу келишими түзүлгөн. Ушул эле жолугушууда КРнын Билим берүү жана илим министрлиги менен КЭРнын Билим берүү министрлиги ортосунда К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин алдында Кытай тили борборун биргеликте түзүү тууралуу макулдашуусу дагы кабыл алынган.

Ал эми, учурда, кытай тилин, маданиятын кыргыз жаштарына жакындан таанытып, аларга Кытай жергесинде билим алууга дагы көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, Кыргызстандын билим берүү чөйрөсүндө ийгиликтүү өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жаткан Конфуций институту тууралуу алгачкы протокол 2007-жылдын 14-августунда Бишкек шаарында каралган. 2015-жылдын 16-декабрында Пекин шаарында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Билим берүү министрлиги ортосунда билим берүү жаатындагы кызматташуу келишими кабыл алынган. 

Жалпысынан, мына ушундай, Келишим-укуктук база мамилелери эки мамлекеттин билим берүү тармагында жөнгө салынган.

-Жылдан-жылга Кытай жергесинде билим алууну көздөгөн жаштарыбыздын саны өсүүдө. Бардыгыбыз билгендей Билим берүү министрлиги тарабынан дагы студенттер Кытайдын жогорку окуу жайларына бюджеттик негизде окууга жиберилет. Ушул багыттагы келишимдер тууралуу айтып берсеңиз?

-Бул багыттагы ишмердүүлүгүбүз коңшу мамлекет менен түзүлгөн эки келишимдин негизинде ишке ашат. Биринчиси, 2006-жылдын 15-июнунда Шанхай шаарында болуп өткөн, Шанхай Кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрү ортосундагы “Билим берүү тармагындагы кызматташуу” макулдашуусуна ылайык аткарылса, экинчиси, 2015-жылдын 16-декабрында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Билим берүү министрлигинин ортосундагы келишиминин негизинде ишке ашып келет. Бул жолугушуу дагы Шанхай жергесинде уюштурулган. 

Ушул сүйлөшүүлөрдүн негизинде, ар жыл сайын КРнын жарандарына КЭРнын жогорку окуу жайларында бюджеттик негизде окуу үчүн атайын орундар бөлүнүп берилет. Бул жакта, биздин жаштар бекер окуу менен бирге стипендия алуу мүмкүнчүлүгүнө дагы ээ болушат. 

2017-2018- окуу жылында Кыргыз Республикасынын жарандарына Кытай тараптан 25 өкмөттүк стипендия бөлүнсө, 2018-2019- окуу жылында болсо бакалавр, магистратура, докторантура жана тил такшалмасы программалары менен бирге, жалпысынан 11 орун берилди. 

Гульмира Кудайбердиева, КРнын Билим берүү жана илим министри: “Кытай өкмөтүнөн бөлүнүп берилген гранттык орундарга министрлик тарабынан конкурс өткөрүлөт”

Кытай Эл Республикасынын Төрагасынын катышуусу менен болуп өткөн эл аралык форумдан бир көз ирмем.

-Сиз жогоруда айтып өткөн, министрлик тарабынан Кытайдын жогорку окуу жайларына берилген гранттык орундарга кандай жол менен өтүүгө болот. Быйылкы тандоо иштеринин жыйынтыктары тууралуу дагы айта кетсеңиз?

-Бул гранттык орундар үчүн министрлик тарабынан атайын конкурс уюштурулат. Бул сынакка кытай тилин билген, Кытай жергесинде билим алууну каалаган ар бир кыргыз жараны катыша алат. 

Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуу жана сынактык иштерин уюштуруу максатында атайын Комиссия түзүлгөн. Бул комиссиянын курамына илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун, биздин министрликтин Коомдук Кеңешинин жана министрликтин өкүлдөрү кирген. Конкурста мыктылардын-мыктысы тандалып алынат. Сынак так жана таза өтөт деп ишенимдүү айта алам. 

Кытайдын жогорку окуу жайларында граннтык негизде окууга студенттерди тандоодо абдан маанилүү болгон жаңы шарт кытай тилин үйрөнгөндүгү тууралуу күбөлүгүн талаптандырат. 

Быйыл конкурска жалпысынан 81 адам катышты. Алардын ичинен, 45 баладан 6 орун бакалаврга, 17нин ичинен 2 орун магистратурага, 3 кишиден 1 орун докторантурага жана тил такшалмасына 18 адамдан 2 орун сунушталды. Сынактан алдыңкы орунду ээлеген жарандарыбыз, буюрса, күзүндө Кытай Эл Республикасына билимин тереңдетүү максатында окууга кетишмекчи. 

-Кыргызстандын жогорку окуу жайларында Кытай Эл Республикасынын канча жараны билим алып келет?

-2017-2018- окуу жылындагы статистикага көз салсак, Кыргызстанда контракттык негизде, коңшу мамлекеттин 380ден ашуун студенти билим алып келүүдө. Кытай Эл Республикасынын жарандарынын басымдуу бөлүгү Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде (144) жана К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде (91) окушат. 

Негизинен, кытай студенттери гуманитардык адистиктерди тандашат. Мисалга алсак, лингвистика, филология, бажы кызматы, эл аралык мамилелер, экология ж.б. Мындан сырткары, экономика, финансы жана кредит, журналистика жана аймак таануу багыттарында дагы билим алгандар бар. 

-Азыркы тапта, биздин жергеде Кытай Эл Республикасынан келген этникалык кыргыздар дагы билим алышууда. Ушул багытта кеп салып берсеңиз?

-2003-жылдын 25-мартындагы “Чет мамлекеттерде жашаган этникалык кыргыздардын улуттук маданиятын жана билим берүү тармагындагы маселелерин колдоо чарасы тууралуу” Кыргыз Республикасынын Президентинин Указына жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2003-жылдын 3-декабрында кабыл алынган токтомуна ылайык КРнын жогорку окуу жайларында Кытай Эл Республикасынын жарандары болгон этникалык кыргыздар үчүн жыл сайын атайын бюджеттик орундар бөлүнүп берилет. Ушундай жол менен дагы кытайлык кыргыз боордошторубуз Кыргызстанга келип билим алышууда. 

-Сөз башында айтып өткөндөй, Конфуций институттарынын эки мамлекеттин билим берүү тармагындагы кызматташтык алакасына кошкон салымы абдан зор. Ушул тууралуу маалымат берип кетсеңиз?

-Туура айтасыз, Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын билим берүү тармагындагы алаканы бекемдөө, өнүктүрүү багытында Конфуций институттары өз ишмердүүлүгүн ийгиликтүү жүргүзүп келүүдө. Бул жактан биздин балдар жеке гана кытай тилин өздөштүрбөстөн, кошуна элдин маданиятын, салт-санаасын жакындан үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

 “Канча тил билсең, ошончолук адамсың” деп бекеринен айтылган эмес. Ошондуктан, чет тилдерди өздөштүрүү, үйрөнүү жаңы бир мүмкүнчүлүктөргө эшик ачат. Кытай тилин үйрөнүү дагы, биздин жаштарыбыздын келечегине жакшы фундамент болуп бере алат деп ишенем. Мына ушул багытта, учурда, Кыргызстанда төрт  Конфуций институту иштеп келет. Алар:  Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин алдындагы Конфуций институту, К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин алдындагы Конфуций институту , Ош мамлекеттик университетиндеги Конфуций институту жана Жалал-Абад мамлекеттик университетиндеги Конфуций институту .

Ар жыл сайын Конфуций институттары тарабынан Кытай жергесине узак жана кыска мөөнөттөргө студенттерди окууга жиберүү үчүн белгилүү сандагы орундар бөлүнүп берилет.

Гульмира Кудайбердиева, КРнын Билим берүү жана илим министри: “Кытай өкмөтүнөн бөлүнүп берилген гранттык орундарга министрлик тарабынан конкурс өткөрүлөт”

Кытай тарап менен жолугушуу учурунда.

-2017-жылы эл арасында “кытай мектеби” аталган, №95 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси колдонууга берилди. Ушул мектеп тууралуу маалымат бере кетсеңиз?

-2012-жылы 2-мартта Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан Кытай Эл Республикасынын Бишкек шаарында кытай тилин үйрөтүү багытындагы жалпы билим берүү мектебин куруу долбоорун ишке ашыруу сунушу менен кайрылган кат ратификацияланган. 

Ушунун негизинде, 2015-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарынын мэриясы менен “ЕПЦЗИЕН” корпорациясы ортосунда Бишкек шаарында кытай тилин үйрөтүү багытындагы мектепти куруу келишими түзүлгөн. Мектеп Кытай Эл Республикасынын кайтарымсыз грантынын негизинде курулган.

Курулуш 2017-жылы аяктап, колдонууга берилген. 2017-2018 окуу жылында мектепте 1500 окуучу билим алууда. Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан мектепке компьютерлер, интерактивдик такталар жана кытай тилин үйрөнүү үчүн окуу куралдары, китептери тапшырылган. 

2017-жылдын 3-июлунда №95 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси менен Кытай Эл Республикасынын Сиань шаарынын Түндүк-батыш университетинин алдындагы орто мектеп ортосунда кызматташуу тууралуу Меморандумга кол коюлган. 

2018-жылдын 11-январында №95 мектеп менен Ж. Баласагын атындагы КУУнун Кыргыз-кытай факультети ортосунда факультеттин студенттеринин педагогикалык практикасын мектепте өтүү тууралуу келишимге кол коюлду. 

Мына, ушундай багытта, №95-мектеп окуучуларына кытай тилин жогорку деңгээлде өздөштүрүүгө жардамчы болуп келет. 

Кытай Эл Республикасынын каржылоосуна карабастан окутуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик стандарттарына ылайык жүргүзүлөт. 

-Сөз соңунда, “Бир алкак-бир жол” долбоору тууралуу өз оюңузду билдире кетсеңиз?

-Бул долбоор 2013-жылы Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин тарабынан көтөрүлүп чыккан демилге экендиги баарыбызга маалым. “Бир алкак-бир жол” долбоору жеке гана кыргыз-кытай алакасын бекемдебестен, бүтүндөй байыркы Улуу Жибек жолун бойлой жайгашкан мамлекеттердин өз ара байланышын, мамилесин жөнгө салган долбоор болуп эсептелет. Эл аралык экономикалык байланыштарды чыңдоодо, коопсуздук маселелерин кароодо бул долбоордун салымы зор деп айтсак болот. 

Ал эми, Кыргызстан “Бир алкак-бир жол” долбоорун башынан бери колдогон, дагы да колдоп келүүдө. Ушул демилгенин алкагында эки мамлекет ортосунда бир нече иш-чаралар өткөрүлдү. Алдыда дагы, коңшу мамлекет менен билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү багытында дагы пландар бар. 

Канчалаган кыргыз жаштары Кытай жергесинде билим алып жатышат. Бул дагы да болсо, келечекте эки элдин достук мамилесине өз салымын кошчу жарандарыбыздын мууну жетилип келе жаткандыгынан кабар берет. 

Кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясына сунуштар 

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясынын 13-отурумунун протоколуна киргизүү үчүн төмөнкүдөй сунуштарды жолдогонун билдирет. 

1.“Таза коом” программасын ишке ашыруунун алкагында Кытай Эл Республикасынын билим берүү мекемелеринде IT-технология багытында КРнын окутуучуларынын, билим берүү тармагынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу;

2.Кытайдын университеттерине окууга кетип жаткан КРнын жарандарына виза жактан колдоо көрсөтүү маселелерин Тараптардын талкуулоосу;

3.КРна окууга келген кытай жарандары-этникалык кыргыздарга паспорт берүү маселесин Тараптардын талкуулоосу;

4.Кыргызстандын 13-18 жашка чейинки мектеп окуучуларын Кытай Эл Республикасынын жайкы лагерлери менен тааныштыруу иштерин уюштуруу.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)