WeChat      Избранное

Бейсебаев Рахат: “Кыргыз-кытай факультети Кытай Эл Республикасынын алдыңкы жогорку окуу жайлары менен кызматташтык алакасын бекемдеп келет”

05/04/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Бейсебаев Рахат: “Кыргыз-кытай факультети Кытай Эл Республикасынын алдыңкы жогорку окуу жайлары менен кызматташтык алакасын бекемдеп келет”

Бейсебаев Рахат. 

Учурда, жергебизде кытай тилине кызыгып, үйрөнүп жаткан жаштардын саны жылдан-жылга көбөйүүдө. Жеке гана жогорку окуу жайларда кытай тили өтүлбөстөн, орто мектептерден дагы коңшу элдин тилин жогорку деңгээлде өздөштүрүп, окуп жаткан окуучуларыбызды көрүүгө болот. Ошондуктан, көпчүлүк жаштардын максаты азыр, бул тилди тереңдеп үйрөнүү үчүн Кытай жергесинен билим алууга аракет кылуу болуп келет. Мындай мүмкүнчүлүктөрдү негизинен, Конфуций институттары менен бирге Кыргыз-кытай факультеттери дагы студенттерине сунушташат. 

Мына, ушундай мыкты шарттарды өз студенттерине түзүп келген билим берүү бутактарынын бири бул - К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин Кыргыз-кытай факультети болуп саналат. 

Факультеттин ишмердүүлүгү, Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайлары менен болгон кызматташуусу жана студенттеринин жаркын келечеги үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу БГУнун Кыргыз-кытай факультетинин деканы, доцент Рахат Бейсебаев биздин гезитке маек куруп берди. 

-Рахат Сансызбаевич, алгач, Кыргыз-кытай факультети тууралуу айтып берсеңиз?

-Биздин К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде Кыргыз-кытай факультети 2004-жылдын февраль айында түзүлгөн. Кыргыз-кытай факультети университет ичиндеги суроо-талап эң көп болгон, бирден-бир алдыңкы орунду ээлеген билим берүү структурасы болуп саналат. 

Биздин факультеттин башкы максаты эмгек рыногундагы суроо-талапка жооп берген, татыктуу, күчтүү жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо болуп эсептелет. Муну менен бирге эле, Кытай Эл Республикасы менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык мамилени бекемдөө дагы негизги багыттарыбыздын бири экендиги шексиз. 

Кытай менен коңшулук алакабызды өнүктүрүүнүн арты менен, учурда, Кыргызстанда көптөгөн кытай ишкерлери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келишет. Ошондуктан, эмгек рыногунда кытай тилинде эркин сүйлөгөн, жогорку билимдүү, өз ишин мыкты билген адистерге муктаждык көп. Мына, ушундай себептерден улам, биз дагы атаандаштыкка татыктуу жооп бере турган билимдүү жаштарды даярдап келебиз. Ушул максаттардан улам, факультетибизде гуманитардык багыттагы бир нече адистиктер бар. Мисалга алсак, Эл аралык мамилелер, лингвистика, философия, котормо жана котормочулук ж. б. у. с..

Мындан сырткары, Кыргыз-кытай факультетинде кытай тили, кытай филологиясы, философия жана дүйнөлүк экономика кафедралары орун алган. Бизде, кытай тилин жана башка тилдерди өздөштүрүү үчүн студенттерге шарттар толугу менен түзүлгөн. Ар бир тилди үйрөнүүдө, сүйлөшүү практикасы биринчи орунда турат эмеспи. Ошондуктан, студенттерибиз, кытай тилинде сүйлөшүү деңгээлин жогорулатуу максатында Кытайдан келген мугалимдери менен ээн-эркин сүйлөшө алышат. Бул дагы да болсо, тилди өнүктүрүп, аны мыкты өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Жалпысынан алганда, бүгүнкү күнү факультетте 900дүн тегерегинде студент билим алууда. 

Бейсебаев Рахат: “Кыргыз-кытай факультети Кытай Эл Республикасынын алдыңкы жогорку окуу жайлары менен кызматташтык алакасын бекемдеп келет”

“Биздин факультеттин студенттери Кытайдын маданиятын дагы жакындан үйрөнүшөт”.

-Кыргыз-кытай факультетинин Кытай Эл Республикасы менен болгон кызматташтык байланышы кандай?

-Бишкек гуманитардык университети менен катар эле, Кыргыз-кытай факультети дагы Кытай Эл Республикасынын алдыңкы жогорку окуу жайлары менен кызматташтык алакасын бекемдеп келет. Бүгүнкү күндө, Кытайдын 14 университети менен байланышыбыз чыңдалып, ийгиликтүү жыйынтыктарын берүүдө. Аларды атай кетсек, мисалы: Борбордук улуттар университети, Синьцзян университети, Синьцзян педагогикалык университети, Пекин илимий-техникалык университети, Сиань университети, Тянцзинь илимий-техникалык университети ж.б. 

Ал эми, студенттер менен Алмашуу программасы боюнча айта кетсем. Бул багытта дагы бир топ иштер жүргүзүлүп келген, дагы да мунун үстүнөн иштеп жатабыз. 2005-жылдан бери ушул күнгө чейин Академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында, Кытайдын жогорку окуу жайларында бизден 400дөн ашуун студент тажрыйба жогорулатып келишти. 

Бизде, жогоруда атап өткөн Кытай Эл Республикасынын университеттери менен эки тараптуу келишимдер, жеке гана студенттер менен алмашуу программасы аркылуу чектелбестен, профессордук-окутуучу курамдар үчүн дагы каралган. Бүгүнкү күндө, биздин факультетте жети кытай мугалими эмгектенишет. Бул жагынан бизге, Бишкек гуманитардык университетинин алдындагы Конфуций институту көмөк көрсөтүп келет. Дал ушул, Конфуций институту тарабынан сунушталган кытай мугалимдери бизде сабак беришет. Ал эми, биздин кыргызстандын мугалимдерине келсек, учурда, 29 мугалим Кытай жергесинен тажрыйбасын жогорулатып келишкен. Бул жылы дагы, биз Шанхай университетине окутуучулук тажрыйбаны жогорулатуу жана синхрондук котормочулукту өнүктүрүү максатында, ал жакка барууга үч мугалим үчүн билдирме тапшырдык. 

Бейсебаев Рахат: “Кыргыз-кытай факультети Кытай Эл Республикасынын алдыңкы жогорку окуу жайлары менен кызматташтык алакасын бекемдеп келет”

Кытайдын Жианжи өнөрүн үйрөнүп жаткан учурдан бир көрүнүш.

“2+2 окуу системасы заманбап билим берүү түзүлүшү болуп эсептелет” 

-Студенттер жана мугалимдер Кытай жергесине окууга канча мөөнөткө барып келишет, шарттары кандай? 

-Студенттердин жана мугалимдердин коңшу мамлекеттин жогорку окуу жайларындагы өткөргөн убактысы ар түрдүү мезгилди ичине камтыйт. Бул негизинен, алардын кеткен программасына жараша болот. Мисалы, Конфуций институтунун штаб-квартирасы болгон Ханьбань менен Бишкек гуманитардык университети ортосунда биргеликте кытай тили мугалимдерин даярдоо боюнча келишим түзүлгөн. 

Мындан сырткары, азыркы тапта, абдан заманбап, жаңычыл түзүлүш болгон 2+2 системасы дагы бар. Бул система боюнча, биздин студенттер 2 жыл өзүнүн жогорку окуу жайында билим алса, андан кийинки 2 жылда Кытай жергесине окууга кетишет. Ушунун негизинде, эки дипломдун ээси болуп калышат. Бир диплом Кыргызстан жактан берилсе, экинчи диплом Кытай Эл Республикасы тарабынан ыйгарылат. Мындан сырткары, тил үйрөнүү курстары дагы бар. Бул курстардын мөөнөттөрү дагы ар кандай. Бир семестрдан баштап, бир жылга чейинки мезгилди ичине камтыйт. 

Ал эми, окутуучулар курамынын тажрыйба өтөө мөөнөтү дагы ар түрдүү. Мисалы, жакында Кытай жергесине кете турган мугалимдерибиз ал жакта эки ай болушат. Бул жерден, баса белгилеп айта кетчү нерсе, ушул курамдагы окутуучулар кытай тилин жогорку деңгээлде өздөштүрүшкөн. Башкача айтканда, күчтүү адистер. Ошондуктан, Кытайда синхрондук которуу багыты боюнча билимин жогорулатып, котормочулук чеберчилигин өнүктүрүп келишет. Бардыгыбыз билгендей, учурда, Кыргызстанда кытай тили боюнча синхрондук котормочулар абдан жетишсиз. Ушундай себептерден улам, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим министрлигинин катышуусу менен Шанхай университети дагы бизге, ушул багытта жакшы мүмкүнчүлүктү түзүп берип жатышат. 

Бардыгыбыз билгендей, стажды жогорулатуу үчүн сөзсүз түрдө эле чет мамлекеттерге чыгуу максат эмес. Мисалы, биздин университеттин алдындагы Конфуций институту тарабынан жыл сайын кытай тилин үйрөтүү боюнча квалификацияны жогорулатуу үчүн ар түрдүү семинарлар, тренингдер, окутуп-үйрөтүүлөр өткөрүлүп турат. Кыргыз-кытай факультетинин окутуучулары мындай иш-чараларга активдүү катышып келишет. Негизинен, бул иштер, студенттер кышкы каникулга чыккан мезгилде уюштурулуп, мугалимдердин бардыгы катышууга мүмкүнчүлүк алышат. Окутуунун соңунда, сертификаттарга ээ болушат. Мына ушундай жол менен дагы, жалпы окутуучулардын курамынын квалификациясын жогорулатуу маселеси чечилип келет. 

Биздин студенттер, Кытай жергесине, жалпысынан бюджеттик негизде билим алууга кетишет. Жогоруда айткандай, биздин Ханьбань менен түзгөн келишимибиз бар. Ушул сүйлөшүүнүн негизинде алар бизге, белгилүү бир өлчөмдө гранттык орундарды бөлүп беришет. Ошого жараша, студенттерди окууга жиберебиз. Мына, ушундай орундардын арты менен алар бекер окууга мүмкүнчүлүк алышат.

Мындан сырткары, жарым контракттык келишим менен кеткен студенттерибиз дагы бар. Бул учурда, алар өздөрү демилге көтөрүп, бизге кайрылышат. Биз Конфуций институту менен тыгыз байланыштабыз. Ошондуктан, ушундай кырдаалдарда, алар жарым гранттык негизде, биздин студенттерди кабыл алууга даяр болгон Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайлары тууралуу маалыматтарды беришет. Жарым гранттык система деген бул-окуу акысы же болбосо жатаканасы бекер дегенди түшүндүрөт. 

Бирок, гранттык негизде кетип жаткан же болбосо жарым гранттык система менен кеткен студенттердин бардыгы жол киресин, визанын акчасын өз чөнтөгүнөн төлөшөт. 

Бейсебаев Рахат: “Кыргыз-кытай факультети Кытай Эл Республикасынын алдыңкы жогорку окуу жайлары менен кызматташтык алакасын бекемдеп келет”

“Студенттерибиздин ар тараптуу өнүгүүсү үчүн түрдүү иш-чараларды уюштуруп келебиз”.

 “Чындыгында, бул күчтүү теңтайлашуу заманында К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети студенттерине татыктуу билим берип келет”. 

-Факультеттин алдыдагы пландары менен бөлүшө кетсеңиз?

-Алдыдагы башкы максаттарыбыздын биринчиси бул эл аралык байланыштарды кеңейтип, кызматташтык алакаларды бекемдөө болуп саналат. 2004-жылдан бери факультеттин куруп келген өнүгүү жолун бекемдеп, жаңыртып, замандын агымына ылайык өнүктүрүп-өстүрүү.

Дайыма эле, адам каалагандай ийгилик боло бербейт. Кээ бир жерде жаңылыштыктар болушу мүмкүн, кээде күтпөгөн жыйынтык болушу ыктымал. Мына ушул багытта, мурунтан кылып келген жумуштарыбызды дагы өнүктүрүп, кайрадан жасаган иштерибизге сереп салып, жаңыртып иштеп чыгуу. Ошондуктан, биз алдыда өнөктөштөрүбүз менен биргеликте, ушундай маселелерди чечүү жолдорунун үстүнөн иштемекчибиз.

Мындан сырткары, биз дагы да болсо Кытайдын жогорку окуу жайлары менен байланыш түзүп, кызматташтык алакабызды бекемдөөгө кызыкдарбыз. Кытай университеттери дагы бул демилгебизди ар дайым колдоп келет. Ошондуктан, биздин азыркы жумушубуз, коңшу мамлекеттин кылган сунуштарына токтоосуз реакция көрсөтүп, кызыкдар экендигибизди билдирүүбүз абзел. Келечекте дагы ушундай сунуштар менен иштешип, кыргыз-кытай факультетинин толук кандуу иш алып баруусуна ыңгайлуу шарттарды түзүү. 

Бүгүнкү күнү эмгек рыногу абдан күчтүү атаандаштыкты талап кылат. Бардыгыбыз кытай тилин билгендерге, котормочуларга болгон суроо-талап көп экендигин билебиз. Анткени, улам жыл өткөн сайын Кыргызстанда кытай инвесторлору, кытай ишканалары көбөйүп келүүдө. Ошондуктан, биз келечекте, Кыргызстанга келип иш ачып иштеп жаткан кытай инвесторлоруна зарыл болгон адистиктердин ээлерин даярдап чыгууга дагы басым жасамакчыбыз. 

Мына, ушул себептерден улам, биз учурда кыргыз-кытай факультетинин бүтүрүүчүлөрү менен байланыштарыбызды күчөтүп жатабыз. Бул жылдын июнь же июль айларында Бишкек гуманитардык университетинде кытай тилин үйрөнүп, аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн форумун өткөрүүнү пландаштыруудабыз. Форумда бүтүрүүчүлөр кытай тили жаатында кандай кыйынчылыктарга кабылып жаткандыгы тууралуу маселелер каралып, алардын сунуштары менен дагы факультеттин ишин жакшырта алабыз деп ишенем. 

Мындан сырткары, иш берүүчүлөр менен дагы байланышка чыгып, аларга кандай адистер жетишсиз болуп жаткандыгы тууралуу дагы маалыматтарды чогултмакчыбыз. Мына, ушундай пландарыбыз бар. Бул пландар менен биргеликте, албетте, ушунча жылдан бери факультеттин аткарып келген иштерин, жетишкен ийгиликтерин сактап калуу дагы башкы орунда турат. Себеби, 2005-жылдан бери факультетте көптөгөн иш-чаралар өткөрүлүп, мыкты жумуштар аткарылган. 

Ошондуктан, бул өзөктү сактап калуу менен бирге, аны өнүктүрүп, алдыга жылдыруу, атаандаштыкта озуп чыгуу зарыл. Чындыгында, бул күчтүү теңтайлашуу заманында К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети, окуу бөлүмдөрү, факультеттери студенттерине татыктуу билим берип келет. 

-2013-жылы Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин тарабынан “Бир алкак-бир жол” демилгеси көтөрүлүп чыккан. Ушул эл аралык долбоор боюнча өзүңүздүн оюңузду билдирип кетсеңиз?

-Чындыгында, “Бир алкак-бир жол” долбоору абдан масштабдуу долбоор. Менин жеке пикиримде бул демилге байыркы Улуу Жибек жолунун уландысы болуп эсептелет. Тарыхый Улуу Жибек жолу соода-сатыктын жолу болсо, бул долбоор бүгүнкү күндө 21-кылымдын форматына ылайык соодагерчилик менен бирге, мамлекеттер аралык экономикалык байланыштын, коопсуздуктун, маданият таануунун кербен жолу болуп саналат. 

Азыркы тапта, ушул долбоордун алкагында көптөгөн иш-чаралар өткөрүлүп, кыргыз-кытай мамилеси дагы бардык тармактарда бекемделип келет. Билим берүү тармагында дагы эки элдин алакасы өнүгүп жатат. Ошондуктан, бул долбоордун келечеги кең деп ойлойм. 

Бул жеке гана кыргыз-кытай байланышын чыңдабастан, байыркы Улуу Жибек жолун бойлой жайгашкан бардык мамлекеттердин башын бириктирип, экономикалык байланыштарын дагы бекемдөөгө бараандуу салымын кошмокчу.

(Автор:​Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)