WeChat      Избранное

Кытай геологдору Кыргызстандын суу астындагы 35 жаңы кудуктун бургулоо иштерин жүргүзүшөт

13/12/2017  Источник:оригинал   шрифта:

“Суу атасы-булак” дегендей, 5 декабрьда Бишкек шаарына жакын “Орто-Алыш” суу сайында кудук бургулоо иштеринин ачылыш аземи болуп өттү. Кудук бургулоо жана казуу иштерин Кытай Шеньсилик “Тяньди” геологиялык ишканасы башташты. Ачылышка Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, Бишкексууканал ишканасынын жетекчиси Асылбек Исаев,  “Тяньди” компаниясынын генерал- директору Джи Янг Тао жана башка Кытайдан келген делегация катышты. 

Кытай геологдору Кыргызстандын суу астындагы 35 жаңы кудуктун бургулоо иштерин жүргүзүшөт

Бишкек шаарынын мэри  Албек Ибраимов.

Албек ИБРАИМОВ, Бишкек шаарынын мэри: 

“Бишкек шаарынын бүтүндөй чыгыш райондорун таза суу менен камсыз кылабыз”

- Урматтуу коноктор жана  бүгүнкү иш-чаранын катышуучулары! Бүгүнкү күн  мага абдан жагымдуу болуп турат. Анткени бүгүн биз суу астындагы 35 кудук бургулоо ишинин ачылышын кабыл алып турабыз.Тагыраагы, бул иш-чара Бишкек шаарынын бүтүндөй чыгыш райондорун таза суу менен камсыз кылат. Бул да болсо биздин мыкты жетишкендик деп эсептейм. Мурун айтылгандай, бул долбоордун экинчи фазасы да ишке ашууга киришип калды. Ал жакта суу көзөмөлдөө жана суунун сапатын текшерүү лабораториясы курулганы турат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып бизге гранттык негизде жеңилдетилген кредит алып берген Щвейцария өкмөтүнө,  өнөктөш ЕБРР реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына ыраазычылык билдирем. Анткени алардын колдоосу менен биздин ушул долбоор ишке ашып, бүгүн минтип ачылышына келип олтурабыз. “Шэньси Тяньди” кудуктарды бургулоо иштери менен алектенген кытай компаниясы ушул долбоорду тендерден утуп алышкан. Эми буюрса, ишке ашыруу жолунда иштеп башташат. Компаниянын ишине ийгилик каалайм жана тапшырманы  өз убагында жана сапаттуу бүтүрөт деп терең ишенем! Буюрса, биз  бул милдеттин өтөөсүнө чыгабыз, шаар тургундарын таза суу жана сапаттуу суу менен камсыз кылабыз. Анткени, шаардын өнүгүшү үчүн бул чоң түрткү. Баарынарга ийгилик каалайм!

Кытай геологдору Кыргызстандын суу астындагы 35 жаңы кудуктун бургулоо иштерин жүргүзүшөт

"Бишкексууканал" дын өкулу Сейдалиев Нурдин.

Нурдин Сейдалиев, “Бишкексууканал” өндүрүштүк -эксплуатациялык башкармалыгынын өкүлү: 

“Кудуктарды бургулоо иштерин  кытайлык “Тяньди”  компаниясы аткарат”

- Нурдин Авазович,  Кыргыз өкмөтү менен ЕБРР банкынын ортосундагы инвестициялык долбоордун негизинде, экинчи фазаны ишке киргизүү боюнча аракеттер болуп атат. Бул Бишкек шаарын суу менен камсыз кылуу болуп эсептелет. Биринчи фазада кандай иштер жүргүзүлдү?

- Биринчи фазанын алкагында негизинен атайын техникаларды алдык. 12,5 чакырымга суу түтүктөрүн, 107 жогорку сапаттагы соргучтарды , 57 заманбап суу ченөөчү диаметрин  жана 32 хлораторлорду алмаштырдык.

- Бургулоо иштерин кайсы компания аткарат? Акча каражатына кимдер көмөктөш болду?

- Керектүү жабдууларды ар кандай фирмалардан сатып алдык. Ал эми акча каражатын болсо ЕБРР банктан гранттык негизиде кредит алдык. Кудуктарды бургулоо иштерин  “Тяньди”  компаниясы аткарат.  Кытай геологиялык компаниясы бул долбоорду тендерден утуп алышкан. Азыр экинчи фазасында каралган иштерде кудук бургулоо  иштерине даярдык башталды. Узундугу 3,5 км болгон суу өткөргүчтөрдү, канализациялык курулуштарды жана жаңы лабораториялык жабдууларды курушат. 

- Учурда канча кудук казылып бүттү?

- Биринчи фазасында16 кудук казылды,  экинчи фазасында  болсо 35 кудук казабыз деген оюбуз бар.

- Борбор шаарыбызда таза суу жетишпегени жашыруун деле эмес болуп калды. Ал эми бул долбоор эмне менен байланыштуу  жана анын мааниси канчалык?

- Ооба, Бишкекте таза иче турган суу жетишпейт. Айрыкча жайкысын анча-мынча көйгөйлөрдү байкоого болот. Өзгөчө түштүк райондордо, жаңы конуштарда таза суу жетишпегени чындык.  Буга кошумча кээ бир шаар тургундары иче турган таза сууну туура эмес пайдаланышат. Ушулардын баарын эске алганбыз.

- Демек, ошондо бир гана Бишкек шаары таза суу менен камсыз болобу?

- Ооба, азырынча бир гана борбор шаарды камсыздайбыз.

- Келечекте Кыргызстандын башка аймактарына да кудуктар казылабы?

- Азырынча план боюнча Бишкек шаары турат. Балким келечекте башка аймактарда да бургулоо иштери башталышы толук мүмкүн.

- Долбоордун суммасын билсек болобу? 

- 16 млн. евро.

- Эмне үчүн Кытай компаниясын чакырдыңар? Тендерге башка компаниялар катышты беле ? 

- Тендерге Кытайдан, Турциядан, Казакстандан, Россиядан катышкан. Бирок ушул Шэньсилик “Тяньди”  компаниясы утуп алышты. 

Кытай геологдору Кыргызстандын суу астындагы 35 жаңы кудуктун бургулоо иштерин жүргүзүшөт

Генерал директор " Тяньди" Джи Янг Тао жана. "Бишкексууканал" жетекчиси Асылбек Исаев.

Чен Гуа Чан, башкы инженер: 

“17 айдын ичинде 35 кудукту толугу менен өз убагында бүтүрөбүз”

- Өзүңүздү тааныштырып кетсеңиз? 

- Мен ушул Шэньсилик “Тяньди”  Геологиялык компаниясында башкы  инженер-адисимин. Мына бүгүн өзүңүздөр көрүп тургандай долбоордун ачылышы болуп, Бишкектеги биздин долбоордун бирден бир негизги жумушу – шаар тургундарын таза суу менен камсыздаган кудуктарды казып атабыз. Ушуга байланыштуу бардык иштер менин көзөмөлүмдө. Башкы инженер-адис катары ушул иштердин бардыгына жоопкерчилик менин мойнумда.

- Аталган иштерди канча убакыт аралыгында бүтүрүүнү пландаштырып жатасыздар?

- Бизде жалпысынан 35 кудук бар. Келишим боюнча 17 айда бүтүрүшүбүз керек.

- Кудук казуу  жана бургулоо боюнча сиздин иш-тажрыйбаңыз башка өлкөлөрдө да болгонбу?

- Албетте, болгон. Мисалы, Филлипин өлкөсүндө жана башка бир катар өлкөлөрдө болуп, бургулоо иштери боюнча ийгиликтүү  иштеп келдик.

Кытай геологдору Кыргызстандын суу астындагы 35 жаңы кудуктун бургулоо иштерин жүргүзүшөт

"Тяньди" компаниясынын жетекчисинин орун басары Яао Джен.

- Кыргызстандын кудук казуу иштеринде кандай өзгөчөлүктөрү бар? Азыр кыш келип суук башталып да калды. Кудуктарды бургулоо процесси кандай болуп атат?

- Азырынча жакшы эле. Бирок иште ар кандай учурлар болот эмеспи. Ар бир жумуштун өзүнүн өйдө-ылдыйы бар дегендей. Биз болсо бардык күч-аракеттерибизди жумшап,  ишти өз убагында бүтүрөбүз деп турабыз.

- Кыргызстанда иштөө кандай ойго алып келди сизди? 

- Биз биринчи жолу Кыргызстанга келип иштеп атабыз. Башында албетте бир аз кыйын болот, жердин кандай экенин жана жердин алдында суу барбы жокпу, булардын баарын алдын ала биле албайсың да. Дегеле жумуштун башталышынан баштап, ишке ашып, тээ бүтүшүнө чейин ойлоносуң. Эми алгач кудук казууну бургулоодон кийин акырындап жеңил боло баштайт деп ойлойм.

- Кудуктарды бургулоо үчүн  Кытайдан канча техника алып келдиңер жана кимдер иштешет? 

- Өзүбүз менен бирге 6 бургулоочу техникалык машиналарды алып келдик. Бул жумушка абдан жөндөмдүү, тажрыйбасы мол адистер тартылган. Жакында келишет деп күтүп атабыз. 17 айдын ичинде 35 кудукту толугу менен өз убагында бүтүрөбүз деген ойдобуз. 

- Азыр канча жумушчу орун бар?

- Болжол менен 20 жумушчу орун бар.

Джи Янг Тао, “Тяньди” компаниясынын башкы директору:  

“Кыргызстан биздин өнөктөш өлкө”

- Алгач сиздерди тендер утуп алуунуздар менен куттуктайбыз ! Бул долбоор канча мөөнөттө иштерди аткарууга берилген?

- Рахмат. Кыргызстан биздин өнөктөш өлкө. Мен атайын ушул ачылышка учуп келдим. Келишим боюнча биз 2019-жылдын январь айына бүтүрүшүбүз керек. Бирок биз божомолдоп жатабыз 2018-жылдын ноябрында бүтүп калат окшойбуз.

- Башка өлкөлөрдө дагы сиздин компания ушундай долбоорлор менен иштешкенби?

- Ооба. Мисал айтсам көп эле өлкөлөрдө иштешкенбиз . Кытайда да биздин компаниябыздын кадыр-баркы абдан жакшы. Айрыкча СУАРда. 

- Кытай жана кыргыз жумушчуларына эмгек акы кандай төлөнүп атат?

- Биз Кытайдын ченеми менен төлөйбүз. Мындай суук жана оор шартта иштеп атышат. Тамак-аш жана жатаканасын да беребиз. Ар бир жумушчу  айына 1000 доллардан айлык акы алышат.

Кытай геологдору Кыргызстандын суу астындагы 35 жаңы кудуктун бургулоо иштерин жүргүзүшөт

Кудук казуу иштеринде.

Асылбек Исаев, “Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын башчысы: 

“Долбоор Бишкек шаары үчүн абдан маанилүү”

- Бул сууну бургулоо, кудуктарды казуу долбоору Бишкек шаары үчүн абдан маанилүү. Буюрса, долбоор ишке ашып, шаар тургундарынын жашоо-шартын абдан жакшыртат жана таза суу менен камсыздайт деген ишенимдебиз. Мындан тышкары, бул саамалык жаңы салынып келаткан райондорго да жетип, тургундарды таза суу менен камсыз кылуу пландалууда. 

- Бишкек кеңейтилип атат.  Албетте, адам баласына суусуз жашоо мүмкүн эмес. Эмне үчүн дал ушул районду тандап алдыңыздар? 

- Бул жер негизи Бишкек шаарындагы эң биринчи сай  “Орто-Алыш” сайы . Ал 1929 жылдан бери  бар. Бул эң ири суу сайы десем болот. Бишкек шаарынын аймагынын 40% суу менен камсыз кылат. 

- Кандай деп ойлойсуз, эми ушул кытай техникасы дал келеби кудук бургулоого? 

- Албетте, дал келет. Бул алдын ала да текшерилген да. 

- Суу чыгарыш үчүн канча метрге  чейин казып атасыздар ?

- Кудуктардын тереңдигин белгилеп кетсем – 20 кудук 180 метр жана 15 кудук 160 метр тереңдикте казылат. 

- Бизде суунун сапаты жакшыбы ?

- Суу бизде абдан жакшы. Кудай бизге суунун жакшысын бериптир !

Яао Джен,  “Тяньди”  геологиялык  компаниясынын орун басары: 

“Кыргызстан кичинекей болгону менен чоң потенциалдарга ээ”

 - “Бир алкак – Бир жол” демилгесин сиз кандай түшүнөсүз?

- Менин түшүнүгүм боюнча  “Бир алкак – Бир жол” демилгеси бизге жана башка өлкөлөр менен иштешүүгө чоң мүмкүнчүлүк берет . Бири-бирибизди ар тараптан колдоп, толуктап туруу менен бирге жалпы өнүгүүгө, адамдык  ресурстары жана техникалык ресурстар менен бирге коомдун жалпы өнүүгүсү.

- Сиз Кыргыз-Кытай өлкөлөрүнүн кызматташуусуна кандай карайсыз? Кайсы тарап менен кызматташуу Кыргызстанга пайдалуу? 

- Акыркы бир нече жылдан бери Кыргызстанга өнүктүрүү жана кызматташуу жаатына көп көңүл бурулуп келатат. Мен ойлойм, энергия потенциалы бул жерде абдан көп. Ошону менен мүмкүнчүлүктөр да абдан көп. Илимий жана техникалык чөйрөдө абдан чоң мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, кызматташсак болот.

- Кыргызстан өтө кичинекей өлкө. Коңшу Казакстан өлкөсү жаныбызда. Абдан көп долбоорлор Казакстанда да бар. Кыргызстан бул планда бир аз артта калганыбызды тана албайбыз. Кандай кызыкчылыктар үчүн Кытай Кыргызстанга долбоорлорду берет ?

- Кыргызстан кичинекей болгону менен чоң потенциалдарга ээ. Ар тармактан өнүктүрсө болот. Энергия, туризм,  инвестиция ж.б.. Буюрса, келечекте бир топ багытта долбоорлорду ишке ашырса болот.


(Автор:Эленора Дуйшоналиева / Редактор:GL)