WeChat      Избранное

Назира Мамбетова: “ “Курманжан Датка” тасмасына кытай көрүүчүлөрү жогорку баасын беришкен”

20/03/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Назира Мамбетова: “ “Курманжан Датка” тасмасына кытай көрүүчүлөрү жогорку баасын беришкен”

  “Курманжан Датканы ойноо ары сыймыктуу, ары түйшүктүү”.

Жаз майрамын улай кыргыздын атактуу, сыймыктуу кыздарынын бири, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттин сыйлыктын ээси, актриса Назира Мамбетова менен маек курдук. Өзүнүн бүт өмүрүн чыгармачылыкка арнап, сахна менен кино тасмаларда бараандуу ролдорду аткарып, кыргыз маданиятына зор салымын кошуп келе жаткан Назира эже, бүгүн бизге өзүнүн ары сыймыктуу, ары түйшүктүү чыгармачылыгы тууралуу кеп салып, Кытай жергесине болгон сапары жөнүндө да айтып берди.

-Назира айым, алгач, чыгамачылык жолуңуз боюнча кеп салып берсеңиз?

-Менин бул чыгармачылыкка жол аттаганыма быйыл 51 жыл толуп отурат. Ушул 51 жылдын ичинде канчалаган роль ойнодум, кандай гана кырдаалдарды башымдан өткөргөн жокмун, көкөлөдүм, учтум, талп этип жерге түштүм. Анын баарын айтып отурсам бул узак жомок. 

Жараткан эмгектерибиздин бардыгы-эл үчүн, биз, чыгармачыл адамдар адамдын жашоосундагы жакшыны, жаманды, оң менен терсти айырмалап үйрөнүүнү сахна, кино аркылуу элге айткыбыз келет. Менин сахнадагы ишим жүздөн, экрандагы эмгегим дагы отуздан ашса керек. Ошонун бардыгы оңой менен эмес, түйшүк менен жаралган эмгектер.

Мен аялмын, энемин, эки балам төрт неберем бар. Аларды чоңойтконго дагы үлгүрдүм. Бул арада, сүйүктүү ишимди дагы таштабай, улантып иштеп жаттым. Жашоого эч нааразы эмесмин, ыраазымын. Мен көчөдө кетип бара жатканымда элдер жылмайып мени менен учурашып, таанышат. Кээде келип колумдан өбүшөт, бул мен үчүн сыймык. Мунун бардыгын ак эмгегимдин үзүрү деп эсептейм. Мейли, айлыгым аз болсун, мейли, астымда унаам, кабат-кабат үйүм жок болсун, бирок, менин сыймыгым, байлыгым-кыргыз элим. Элим мага ыраазычылыгын билдирип, колдоп жатса мындан өткөн бакыт жок. 

Назира Мамбетова: “ “Курманжан Датка” тасмасына кытай көрүүчүлөрү жогорку баасын беришкен”

Фото 2: “Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты алуу учурунан бир көз ирмем.

-Бул кесипти кандайча тандап калдыңыз, жакындарыңыз тарабынан таасир болдубу?

-Чындыгын айтканда, менин үй-бүлөмдө, чыгармачылыкка жакын, ушул чөйрөнүн казанында кайнаган эч ким жок. Бул кудайдан берген бир жолдомо болсо керек.

Мен бала кезимден эңседим. Эмне себептен дегенде, кичинекей кезимде айылга театр келчү. Аларды көрүп, мен дагы ырдагым, бийлегим келип, өзүнчө кыялданчумун. Бала кезимден ошолорго таасирленип жүрүп, ушул татаал из менен издеп жүрүп өз жолумду таптым десем болот.

Москвадагы театралдык Институтта 5 жыл окудум. Быйыл, сахнада, экранда иштеп жаткандыгыма 46 жыл болду. 

-Эми, кеп нугун сиздин “Курманжан Датка” тасмасындагы Курманжан Датканын ролуна бурсак...

-Мен мурунтан эле, Курманжан Датканын ролун Ош Кыргыз драма театрында ойноп келгем. Курманжан Датканын мааракеси болгондо дагы, бул ролду аткаргам. 2012-жылы мен “2012-2013-жж. “Курманжан Датка” тасмасы тартылат экен” деп уктум. Чындыгында, ички дүйнөмдүн тээ түпкүрүндө, “мен ушул ролду ойносом” деген ой бар болчу . Анан, акыры келип, менин тагдырыма, тасмадан Курманжан Датканын ролун жаратуу буюрду. 

Алгач, бул ролду Садык Шер Нияз мага айтканда, бираз, чочулоо болду. Себеби, мектеп жашынан баштап, “мен кыргызмын” деген атуулдарыбыздын бардыгы Курманжан Датка энебизди жакшы билишет. Ошондуктан, ар бир көрүүчүнүн, инсандын табитине татыктуу роль жаратуу жеңил болгон жок. 

Дүйнөлүк чыгармаларда, башка бир жерлерде эл-жери үчүн өз баласын курмандыкка чалган аял жок. Андыктан, бул ролду аткаруу, мен үчүн бир жагынан бакыт, бир жагынан түйшүк болду. “Жаман ойнодумбу, жакшы ойнодумбу, кандай тасманы көрүүчүлөргө тартууладык, алардын купулуна толдукпу-мунун бардыгына элибиз баа берет”-деп ойлойм. 

-Тарыхый эпикалык “Курманжан Датка” көркөм тасмасы менен бир нече эл аралык сынактарга дагы катышып келдиңиздер. Алардын арасында Кытай Эл Республикасынын “Жибек жолу” фестивалына дагы катыштыңыздар. Ушул багытта кеп салып берсеңиз?

-Ооба, учурунда, Кытай жергесинин Сиань шаарына “Жибек жолу” фестивалына ушул тасмабыз менен барып катышып келдик. Ал жакка, продюсер Фархад Бекмамбетов, режиссер Садык Шер Нияз жана мен болуп үчөөбүз бардык. Барганда эле абдан жакшы тосуп алышты.

Фестиваль күнү кызыл килем үстүндө кабыл алуу болду. Мен элечек тагынып, кыргыз кийимин кийдим. Бизге чейин кытай көрүүчүлөрү “Курманжан Датка” тасмасын көрүшүптүр. Ошондо, баягы кызыл килемдин үстүнөн өтүп баратсак, бир кытай кызы:“Курманжан Датка” деп кыйкырды. Карай салсам эле, ал кичинекей баласын мени көздөй сунуп жатыптыр. Анан мен, кызыл килемден өтүп барып, баланы колунан алып, кучактап, чекесинен өөп туруп өтүп кеттим. Ушул учур мага өзгөчө таасир калтырды десем болот. 

Фестиваль жогорку деңгээлде өттү. Тасмабыз кытайча субтитр менен көрүүчүлөргө тартууланып, кытай элинин купулуна толду. Ал жактан биз, башкы сыйлыктардын бир болгон “Көрүүчүлөрдүн сүйгүнчүктүү тасмасы” наамына татып келдик. 

Назира Мамбетова: “ “Курманжан Датка” тасмасына кытай көрүүчүлөрү жогорку баасын беришкен”

Фото 3: Кытай жергесиндеги “Жибек жолу” фестивалынан бир учур.

-Сиань сизге кандай таасир калтырды?

-Сиань эми, жомоктогудай жер экен. Бекеринен Кытайдын байыркы борбор шаары болбоптур. Сианьдан биз “эски шаарды” жана “жаңы шаарды” көрдүк. Шаарда эң көп кабат 47 кабаттуу имарат бар экен. Таң калтырганы, элдерге бериле электен мурда эле, жапжаңы курулган үйлөрдү, курулуштарды алдын-ала тургузгандары болду. 

Мага жаккан, эң ажайып жери бул-дүйнөгө белгилүү жер астындагы жоокерлер армиясы болду. Сиандын бардык мыкты жайларына бардык, чындыгын айтканда, маданий эс алуу абдан жогорку деңгээлде өттү. Ошонун бардыгын көрүп, абдан жакшы маанай менен жергебизге кайтып келдик. 

-Сөз соңу...

-Мына жакында эле, 8-март майрамы кирип келди. Ушул майрам менен бардыгыңыздарды чын жүрөктөн куттуктайм. Кыргыз элинде ар дайым тынчтык болсун, дасторконубуз жакшылыкка гана жайылып, жергебизде ар дайым күн тийип турсун. Ырыскыңар колуңарда болсун, улуулар төрүңөрдө болсун!

“Сиз Кадийчасыз да, “сизди жаман аял экен”-деп ойлогом” 

Чыгармачылык чөйрөдө иштеген адамдар кызыктуу окуяларга көп кабылышат, ушундай окуяларыңыздан болсо айтып бербейсизби?

-Мындай окуялар абдан көп болот. Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” чыгармасынын негизинде тартылган “Мен - Тянь-Шань”” аттуу кино Мосфильм тарабынан тартылып, көрүүчүлөргө сунушталган. Ал тасмада мен Кадийчанын ролун аткарган болчумун. 

Эмнегедир, элдин баары, Кадийчаны ролун терс каарман деп кабыл алышат. Эмне үчүн терс каарман? Кадийча эмне сүйүүгө акысы жокпу? Кадийча бала төрөөгө, сүйүктүүсү менен бирге бактылуу өмүр сүрүүгө укугу жокпу? Ал өз сүйүүсүн Ильяздан көргөн. “Сүйгөнүнө жетсем экен”-деп аракет кылган. Ошондуктан мен, Кадийчаны эч терс каарман деп кабыл албайм. 

Мына ушул, “Кадийчанын” артынан бир нече окуяларга кабылгам. Бир күнү Ош Кыргыз драма театрында иштеп жүргөн кезимде, “Жаңыл Мырза” аттуу спектаклдин бет ачаары болмок. Ошол учурда тамагым катуу ооруп калды. Поликлиникага келип, дарыларды алып укол сайдырууга кирсем, эч ким мени кабыл алган жок. Көпкө күтүп отурдум. Акырында, бир медайым келип процедураны кылды. Он күн бою келип–кетип жаттым. Анан акыркы күнү, биринчи кабыл албай койгон медайым келип: “Сиз Кадийчасыз да, ошондуктан сизге көңүл бурган эмесмин, сизди жаман аял экен деп ойлогом, көрсө жакшы эле экенсиз” –деп онунчу процедураны өзү жасады.

Экинчи жолу болсо, Ноокат районуна Ош Кыргыз драма театры менен бирге бир айылга спектакль койгону барып калдык. Ошондо, топтогу бир кыз, бизди чоң энесинин үйүнө конокко чакырды.Анан, үйүнө киргенде эле, ал: “Апа, бул “Мен Тянь-Шаньда” ойногон Кадийча эжем”-деп тааныштырды. Ошондо байбиче: “Иий, өлүгүңдү көрөйүн, бул бузукуну эмне ээрчитип келдиң”- деди. Элдер жайгашып отургуча, сөгүнө берди, жаман сөздөрүн айта берди. Соңунда, мен үйгө отура албай, эшикке чыгып, автобуста жалгыз элдерди күтүп отургам. 

Чындыгында, мен ал байбиченин айтканына, таарынган жокмун. Бул дагы болсо, биздин эмгектин жыйынтыгы болсо керек деп ойлойм. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)