WeChat      Избранное

“Жаңы күн” – жаңы тилектер менен коштолуп, жан дүйнөнү тазалайт

27/03/2021  Источник:оригинал   шрифта:

“Жаңы күн” – жаңы тилектер менен коштолуп, жан дүйнөнү тазалайт

                                                                                                       Сүрөттөр интернеттен алынды

Пандемияга чейин Нооруз майрамын “Алас, алас, алас, ар балээден калас, Желин айрылып сүт чык, Жер айрылып көк чык!”-деп, элибиздин кадыр-барктуу, сыйлуу байбичелери, жер-жерлерде аластап арча түтөтүп, жергебизди жамандыктан коргоп, жакшы тилек менен тосуп алчу эле. Бирок, тилекке каршы быйыл дагы 2021-жылы Бишкек шаарында Нооруз майрамы майрамдалган жок. 

Буга дагы да болсо коронавирус дарты себеп болду. Бир жылдан ашуун Кыргызстандын аймагына кирген бул илдет менен ооругандардын аягы азыркыга чейин суюла элек. Кээ бир Европа мамлекеттеринде ковид-19дун үчүнчү толкуну башталып, кайрадан карантин чаралары күчүнө кирүүдө. Мына, ушул себептерден улам Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан оорунун жайылуусун алдын-алуу максатында Нооруз майрамы Ала-Тоо аянтында белгиленбеди.

Бирок кандай гана жагдай болбосун, Нооруз майрамы эл арасында жакшы маанайда тосулуп алынды. Жаратылышты жандантып, жан дүйнөнү тазалаган бул майрам эл ичинде өзгөчө баалуу экендиги шексиз.  Ал жеке гана Кыргызстанда эмес байыркы Улуу жибек жолун бойлой жайгашкан бир нече мамлекеттерде дагы жогорку деңгээлде майрамдалып, өзгөчө шаң менен белгиленип келет.

Ноорузду канчалык жакшы тилек, жакшы ниет менен тосуп алса, кирип келген жыл ошончолук берекелүү, ийгиликтүү болот деген ишеним бар 

“Жаңы күн” – жаңы тилектер менен коштолуп, жан дүйнөнү тазалайт

Бул майрамдын - символу ынтымак, кайрымдуулук, жан дүйнөнүн тазалыгы, жаратылыштын ойгонушу. “Нооруз”-бул байыркы фарс тилинен алынган сөз. Аны кыргыз тилине которгондо “жаңы күн” деген маанини билдирет. Нооруз майрамы Совет бийлиги учурунда белгиленбей, анын маани-маңызы азайып, өзүнүн баалуулугун жоготкон. Бирок, 1988-жылдан баштап, Жаз майрамын майрамдоого уруксат берилген. Ал эми, Кыргызстан өз көз карандысыздыгын алгандан кийин гана бул майрам жыл сайын мамлекеттик деңгээлде белгиленип, жалпы элдик майрам катары майрамдала баштаган.

Учурда Нооруз майрамы мамлекеттик майрам катары Кыргызстан менен катар эле Иран, Афганистан, Азербайжан, Албания, Грузия, Казакстан,  Македония, Өзбекстан, Тажикстан, Турция, Түркменистанда белгиленет. Ар бир элде Ноорузду канчалык жакшы тилек, жакшы ниет менен тосуп алса, кирип келген жыл ошончолук берекелүү, ийгиликтүү болот деген ишеним бар. 

21-март улуттук майрам катары Россиянын Дагестан, Татарстан, Башкирия аймактарында дагы майрамдалат. Бардыгыбызга белгилүү болгондой Кытай жергесиндеги боордошторубуз дагы бул майрамды өзгөчө шаан-шөкөт, жакшы маанай менен тосуп алышат. 

Майрам дүйнөнүн башка 76 материалдык эмес мурастар элементтери менен кошо 2009-жылдын 30-сентябрында ЮНЕСКОнун Репрезентативдик адамзаттын материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилген. Бул чечим материалдык эмес мурастарды сактоонун өкмөт аралык комитетинин 24 катышуучу-өлкөлөр тарабынан кабыл алынган. 

2010-жылы болсо БУУнун Генералдык Ассамблеясынын кезектеги сессиясында “Эл аралык Нооруз күнү” резолюциясы бекитилген. Ага ылайык, БУУ 21-мартты Эл аралык Нооруз күнү деп тааныйт. Майрамга байланыштуу салттарды жана маданияттарды сактоо жана өнүктүрүүдө мүчө мамлекеттердин аракеттерин кубаттайт. Муну менен катар эле Нооруз жөнүндөгү билимди эл аралык жамаатка жайылтуу максатында, бул майрамдын келип чыгуу тарыхын жана салтын изилдөөгө чакырат. 

Нооруздун символдору – көжө, сүмөлөк жана от 

“Жаңы күн” – жаңы тилектер менен коштолуп, жан дүйнөнү тазалайт

Нооруз табиятынан дыйканчылыктын майрамы. Андыктан эзелтен келаткан салт боюнча жаңы жылдык дасторконго 7 түрлүү даам коюлат.Бул майрамдын өзгөрүүсүз келаткан дагы бир символу – өнгөн буудай. Өнгөн буудайды бир катар эл жаңырган жашоонун белгиси катары жаңы жылдык дасторкондун ажарын ачуу үчүн коюшат.

Кыргыздар Нооруз майрамында жети түрдүү данды кошуп көжө жасашат. Көжө бул буудайдан же акталган дандан (арпа, таруу) эт, май же башка катык кошулуп жасалган суюк тамак. Кыргыздардын байыркы тамактарынын бири. Көжө ак катыкталып ысык түрүндө, кээде ачытылып суусундук ордуна дагы ичилген. Ал эми, Нооруз күнү жасалган көжөнү “чоң көжө” деп атайбыз. Ага жети азыктын түрү кошулуп, сүрсүгөн эт менен кошо кайнатылат. Албетте, бул тамакка дагы мурунтан даярдалып өндүрүлгөн буудай кошулат. Аны жасоо үчүн сүмөлөктөй көп убакыт талап кылынбайт. Ошондуктан, элдер майрам күнү чогулганда жасала баштап, оюн-зоок , концерт аяктагыча даяр болуп калат. 

Сүмөлөктү даярдоо үчүн дагы буудай өндүрүлүп даярдалат. Аны бышыруу үчүн 12 сааттан кем эмес убакыт талып кылынат. Ошондуктан, сүмөлөктү Нооруз күнү алдында, түнү менен даярдап чыгышат. Отун таптап жагып, тамакты тынымсыз аралаштырып туруу керек. Сүмөлөк даяр болгондо, келген бардык адамдарга ооз тийгизүү Нооруздун шарты. Сүмөлөктү бышыруунун негизги максаты-аны элге ооз тийгизип, элдин ыраазычылыгын жана сообун алуу болуп эсептелет.

Эски жыл бүтүп, эртең жаңы жыл башталат деген күнү өткөрүлүүчү ырым-жырым салты “жыл ажыраш” деп аталган. “Эски жыл ажырады, жаңы жыл жалгады” деп айтылат. Күн менен түн теңелген мезгилде арча, чекенден бүчүр күйгүзүп, үй-бүлөнү, жакындарын жана үй ичин аласташкан. Бул күнү күн менен түн теңелет. Ошондуктан айыл-апа менен биргеликте чогулуп, жаңы жылда элдин тынчтыгын, баш амандыкты, ден соолукту, жана мал-жандыгынын амандыгын тилешкен.

Нооруздун дагы бир символу - от. Байыркы грек тарыхчысы Страбон “Эң байыркы мезгилден тартып ушу күнгө чейин азыркы Сыр-Дарыя менен Амур Дарыясын жээктеп жашаган эл бул күнү От сактаган касиеттүү жайга чогулушчу. Бул күнү соодагерлер базарын жаап, усталар ишин токтотуп, бири-бирине отко жасалган тамак, суусундук берип чер жазышат”,-деп жазган.

Азыр өздөрүн мусулман катары тааныган кыргыздардын жашоосунда зороастризм доорунан бери келаткан отко таазим кылуу, отту – ыйык от деп атоо, шам жагуу, арча түтөтүп аластоо Ноорузда эле эмес күнүмдүк жашоосунда деле байкоого болот.

Нооруз майрамы кайдан келбесин, анын символдору менен ритуалдары эмнени билдирбесин, кайсы ишенимге таандык болбосун – бул майрам миңдеген жылдар бою жер бетиндеги көптөгөн элдердин чыныгы сүйүп, күткөн элдик майрамы катары калууда. 





(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)