WeChat      Избранное

Казат Акматов – жан дүйнө баалуулуктарын барктап, улут үчүн күйүп-жанган улуу инсан

27/03/2021  Источник:оригинал   шрифта:

Казат Акматов – жан дүйнө баалуулуктарын барктап, улут үчүн күйүп-жанган улуу инсан

Сүрөттөр интернеттен алынды

12-март күнү белгилүү кыргыз жазуучусу Казат Акматовдун 80 жылдыгы менен Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына арналган “Эгемен Кыргызстандын демократ жарчысы” аттуу эл аралык илимий-конференция И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик унверситетинде болуп өттү. 

Жыйынга Президент Садыр Жапаровдун кеңешчилери Арслан Койчуев, Медетбек Букуев, Коомдук ишмерлер Болот Жанузаков, Калык Мамбетакунов, Бишкек шаарынын мэри Бактыбек Кудайбергенов, укук корогоочу Турсунбек Акун, журналисттер Бакыт Орунбеков, Сабыр Муканбетов, Кубат Чекиров, коомдук ишмер Роза Айтматова, тарыхчылар И. Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Төлөбек Абдырахманов, Нурмамат Эсенкулов, Баяс Турал, Ташмамбет Кененсариев, Казат Акматовдун байбичеси Бактыгүл Султангазиева, уулу Акматов Азим Казатович жана башкалар катышышты. 

Ал эми, Казак, Кыргыз Республикасынын Эл акыны Мухтар Шаханов видео аркылуу кайрылуу жасап, өз куттуктоосун жолдоду. Муну менен катар эле, Чехиядан, Франциядан дагы куттуктоолор болду. 

Көрүнүктүү коомдук ишмер, жазуучу, драматург, публицист, КР Эл жазуучусу, Эгемен Кыргызстанды түптөшкөн Кыргыз легендарлуу парламентинин депутаты (1990-1994),  “Токтогул” атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Казат Акматовду эскерүү кечеси мыкты маанайда өтүп, дагы бир жолу залкардын басып өткөн жолу келечек муун үчүн казына дүйнөсү боло тургандыгы тастыкталды. 

Иш чараны коомдук ишмер, тарых илимдеринин кандидаты Чолпон Субакожоева уюштурду. 

Арслан Койчуев, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси: “Казат Акматов Гайд-паркта көпкө ойго батып турду”

Казат Акматов – жан дүйнө баалуулуктарын барктап, улут үчүн күйүп-жанган улуу инсан

-Мен Казат Акматовдун шакирти болом десем да болот. Бир курдай Казат Акматов менен Лондон шаарында жолуктук. Жолугушуу учурунда шаардын кайсы жерин көрүүгө кызыгып жаткандыгын сурадым. Ошондо, Гайд-паркты көргөзүүмдү өтүндү. Бул жер сөз эркиндигинин символу, ораторлор бурчу катары дүйнөгө белгилүү. Кимде кандай сунуш, кандай идея, кандай ой-пикир болсо дал ошол жерде өз оюн ээн-эркин айтууга укугу бар. Бирок аталган жерде болгон сөздү Англиянын башка жеринде айтууга болбойт. 

Эсиңиздерде болсо, мына ушул жерден Карл Маркс Коммунисттик Манифести жарыялап, “Европаны бир караан аралап жүрөт, ал коммунизмдин карааны” деп айтканы бар. Агай мына дал ошол жерди көргөзчү деди. Ал жерге барган соң көп убакытка чейин терең ойго батып турду. Ал жердеги сүрөттөрү дале менде сакталуу. Ал “Англияда, демократиянын мекени болгон Улуу Британияда тартип турбайбы, эмне себептен сөз эркиндиги болгон жерде тартип, ал эми Кыргызстанда баш аламандык” деп калды. Көрсө Казат Акматов Кыргызстандагы демократиянын абалы, сөз эркиндиги маданияты кандай деңгээлде деген ой-толгоонун тегерегинде ойлонгон экен. Бул ойлор кийин жазуучунун чыгармаларында дагы чагылдырылдыбы, билбейм. Мүмкүн бардыр. 

Айтайын дегеним быйыл мамлекетибиздин эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгында дагы бир жолу Казат Акматовдун чыгармалары, коомдук, саясий ишмердүүлүгү аркылуу өзүбүздүн тагдырыбыз тууралуу ойлоно турган мезгил келди деп эсептейм. Себеби, буга чейин Казат Акматовдун жашоосунун негизги бир мүдөөсү улут кызыкчылыгы үчүн күрөшүү болуп келгендиги шексиз. Ааламдашуу доорунда дагы улуттук баалулуктарды сактоо, коргоо зарыл экендигин түшүнүп жатабыз. 

Биз Казат Акматовдун 80 жылдыгын жалпы республикалык деңгээлде белгилемекчибиз. Мындай иш-чаралар дүйнөнүн бир топ булуң-бурчунда болмокчу. Ийгиликтер болсун! 

Бактыбек Кудайбергенов, Бишкек шаарынын мэри: “Жөнөкөй, сезимтал, адамга аяр мамиле жасаган, куйкум сөздүү асыл адам эле”

Казат Акматов – жан дүйнө баалуулуктарын барктап, улут үчүн күйүп-жанган улуу инсан

-Урматтуу эл-аралык конференциянын катышуучулары! Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын алкагында өтүп жаткан белгилүү жазуучу Казат Акматовдун 80 жылдык жаркын элесине, эскерүүгө өтүп жаткан илимий-конференцияга программада жок эле келип катышып атам. 

Рахмат, туура түшүнүп кезек бергениңиздерге. Иш көп болсо дагы, мен дагы улуу инсан жөнүндө эскерип билгенимди айткым келди. Биз Ысык-Атада курортто чогуу бир бөлмөдө жашадык. Асыл адам эле. Жөнөкөй, сезимтал, адамга аяр мамиле жасаган, куйкум сөздүү, ал кишинин кебин угуп жанында жүрүү рахат эле. 

Ушинтип өтүп кеткен улуу адамдардын эмгеги бааланып турса жакшы иш го? Мен дагы шаардык деңгээлде чечиле турган иштерине кол кабыш кылам. Кат жүзүндө кайрылыңыздар, иш-чараларга катышууга, аткарылуучу иштерге активдүү катышам. 

Медетбек Букуев, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси: “Ар бир баян менин жан –дүйнөмдүн көксөгөнү болуп, жыргап уктум” 

-Казат Акматовду эскерүүнү,  кол жазмаларын китеп кылып таберигин таратууну, элге калтырган мурастарын жайылтууну кандай кылсам деп көп ойлончумун. Буйруп сааты чыккан учуру болот окшойт, мен буга чейин көп жакын адамдары менен ой бөлүшкөм. Майнап чыкпай келди эле. Бул  илимий эл-аралык конференциянын өтүп атканы, айтылган ар бир баян менин жан –дүйнөмдүн көксөгөнү болуп, жыргап уктум. 

Казат экөөбүз дос элек. Ааламдын баш катырган нечен сырлары жөнүндө күндөп, түндөп чогуу ич жылытмадан алып, нымшып тердеп, сан жеткис арбын сезимдер, туюмдар, касиеттер, адам дилиндеги ак караны кара өзгөй, көр албасты айтоор пендечиликтин көп кырынан кеп салып чер жазаар элек. Кеп “баатыр” деген наамды алышта эмес, кеп баатырдын өмүрүн жашап өтүштө экенин, баарын тарых ордуна коерун сезгендеймин. 

Менин Эгемен Кыргыз Республикасынын 30-жылдыгында жашап жатып элибиз тынчтыкта, кырсыктарсыз, жаратман, узак тарыхыбыз бар түптүү эл катары,  билимди, тартипти, тарбияны бекемдеп эле, Казат Акматовдой асыл адамдардын кыргыз улутуна кылган өрнөктүү өмүрлөрүнөн үлгү алып, эстеп турууну адамдык парзыбыз деп билели демекчимин. Себеби бөлүнбөй, кыргыз деп жанып иштеген залкарлардын өтөлгөлүү өмүрүн билүү, баалоо биздин милдет. 

Жүзүм Карамолдоева, Карамолдо Орозовдун кызы: “Улут үчүн күйгөн адам эле”  

-Бизге Казат Акматович өкүл ата болгон. Аны биз папуля дээр элек. Азыр балдардын да тили орусча чыгып атат го. Тил маселесин биринчи көтөргөн, “кыргызча сүйлөгулө” деген адам эле. Казат Акматович улуттук баалуулукту сактаган, улут үчүн күйгөн адам эле. Арабыздан эрте кетет деп эч ойлобопмун. Казат Акматов – жемиштүү, үлгүлүү, үзүрлүү өмүр сүрдү.

Өктөм Калиева, жазуучу:  

- Ар бир жазуучунун өзүнчө дүйнө таанымы, негизги критерийи, идеялык жетектөөчү мотиви болот эмеспи. Ошол сыяктуу эле кыргыз элинин көрүнүктүү жазуучусу, драматург, демократияны туу туткан тайманбас коомдук ишмер Казат Акматовдун көркөм чыгармаларында кызыл сызык менен берилген лейтмотив – бул улуттук патриотизм идеялары болуп саналат. Тээ улуу “Манас” эпосунан бери эле идеялык өзөк катары муундан-муунга берилип келе жаткан кыргыз элинин улуттук биримдиги, Ата-Журтту ички жана тышкы душмандардан коргоо, азаттык идеялары таланттуу жазуучубуздун каны-жанына бала күнүнөн эле сиңип, жүрөгүнө бекем орногон. 

“Акын болбосоң мейли, бирок, атуул болууга милдеттүүсүң!” – деп кезинде орус акыны Н.Некрасов айтмакчы, бардык дүйнөлүк даанышмандар тең өз элинин патриоттору болушкан жана ошону менен бирге эле шовинизм менен колониализмге, улуттук геноцидге аёосуз каршы турушкан. Анткени жашоодо кайың, арча, алма, жоогазын, тулаң, бетеге сыяктуу ар бир жаратылыш перзентинин өз орду болгон сыяктуу эле ар бир элдин, улуттун да жашоодо өз орду бар. Ошон үчүн авар акыны, өз элинин улуу патриоту Расул Гамзатов: “Менин Ата мекеним өз атамдын босогосунан башталат” – деп айтканы бар. 

Учурунда бир катар кайчы пикирлерди да пайда кылып, мезгилдин катаал сынынан өткөн “Мезгил” романы тууралуу сөз кылчу болсок, элибиздин тарых-таржымалына, капсалаңдуу учурларына жана социалисттик чарбанын алгачкы жылдарына жаңы бийиктиктен көз чаптырган бул салмактуу чыгарма кыргыз адабий казынасынан небак эле өз ордун тапкан. Ал эми жаңы көз караш, улуттук патриотизм идеялары чагылдырылган чыгармаларга кайчы пикирлердин айтылышы, талаш-тартыштардын болушу табигый нерсе. 

Бирок кайсы калемгер, кандай максатта, кайсыл өңүттөн карабасын, баары бир жазуучунун улут рухунун бийик, асыл нарк көрөңгөлөрү менен сугарылган табигый тазалыгына, кайталангыс таасын талантына, мезгил жүгүн, эл мүдөөсүн батыл аркалай алган эрешен атуулдугу менен көрөсөн акыл уюткусуна кадиксиз таң берет. Казат Акматовдун феноменин ачып берүү аркылуу биз профессионал кыргыз адабиятынын гүлдөгөн алтын доору тууралуу да айкын түшүнүк бере алабыз. Кайсы ганан ракурстан алып карабайлы, Казат Акматов эгемендик үчүн баш сайган, улутман залкар жазуучу. 

Бактыгүл Султангазиева, Казат Акматовдун жубайы: “Мени жашаттырган, асманымда жанган жылдыздар Казат Акматов жана Мунабия!” 

-Бүгүн Кыргыз Республикасынын Эгемен мамлекет болгонуна чоң салым кошкон адам Казат Акматовду эскерип жатабыз. Мен орус мектебин бүткөм. Кесибим врач. Илимий ишимди Петербург шаарында коргоп, бир профессия менен иштеп келе жатам. 

Тагдырым экен, Казат Акматов менен бирге жашап, турмуштун ачуу-таттуусун бирге таттым. Бактылуу учурларым көп болду. Кыргыз элинин залкарлары Түгөлбай Сыдыкбеков, Сооронбай Жусуев, Сүйүнбай Эралиев,  Жунай Мавлянов, Чыңгыз Айтматов сыяктуу көптөгөн легендага айланган адамдар менен насиптеш да тагдырлаш да болдум.

Улуу кишилер өмүрдөн өткөн соң жылдызга айланышат дешет. Мени жашаттырган, үмүттөрдү ишке ашырган,  асманымда жанган жылдыздар Казат Акматов жана Мунабия!

50дөн ашык тилге которулган чыгармалары, коомдук иштери менен катар жакшы жар, сүйүктүү ата боло алды. Орус эли айтмакчы “Человек жив до тех пор, пока о нём помнят люди...”-дегендей сиздердин келип, эскерип бергениңиздерге толкунданып турам. 

Урматым менен, ыраазычылык билдирем! Эр эмгегин, эл жебейт экен. Мага жардам берген Казат Акматовду тааныган замандаш, калемдеш, жердеш, тууган деген жылуу сөз айтып, аянбаган адамдардын баарына рахмат айтам.

Кыргыз Мамлекеттик Ишеналы  Арабаев атындагы Университеттин ректору Төлөбек Абылович Абдырахмановго, Субакожоева Чолпонго,  эмгек жамаатына Казат Акматовдун үй-бүлөөсүнүн атынан, өзүмдүн атымдан ыраазычылык билдирем!  

Чолпон Субакожоева, модератор уюштуруучулардын бири: “Бул илимий-эл аралык конференция башталышы, жыл бою иш-чаралар уланат” 

Казат Акматов – жан дүйнө баалуулуктарын барктап, улут үчүн күйүп-жанган улуу инсан

-Быйыл Казат агай көзү тирүү болгондо 80 жашка чыкмак. Талантууга таазим кылып, андан өрнөк аласың, өмүрүңө шам жагасың. Ушундай таланттуу Эгемен Кыргызстандын кышын койгон ошол кездин прогрессивдүү ойчулу, КДКны түзгөн, көк жал, жазуучу – Казат Акматов.

Биз уюштуруу тобундагылар ар тармакта эмгектенген, чын жүрөктөрүнөн Казат Акматовдун чыгармаларына, экранда, театрда жараткан эмгектерине, иштеген ишине, өрнөктүү өмүрүнө күйгөн, баалаган, турмуштун ар кыл кырдаалында замандаш болуп, чогуу бирге ой – кыялын билген жакшы адамдардан куралган топ иштеп атат. Жубайы Бактыгүл Бекбоевна, уулу Азим Казатович да биз менен чогуу иш алып барып жатат. Бул илимий-эл аралык конференция башталышы. Жыл бою иш-чаралар уланат. Чет өлкөлкөлөргө да пландар бар. Жараткан жар болсо баары ишке ашат деген тилек менен иштеп атабыз. Мага аябай жаккан жакшы адамдар Казат агайдын  бажалары Эркин, Болот байкелер болду. Азыркы күнгө чейин жоктоп белибиз мертинип калбадыбы деп каңырыгын түтөтө эскергенде денең дүркүрөй түшөт.

Акын Эсенгул Ибраевдин ырында айткандай “Өткөн өмүр өкүнтөт айла барбы, Өкүнгөндө же табар пайда барбы”. Каймана мааниси өкүнгөн, чалакайым жүргөн, кенебестен калган китептер. Өлбөчүдөй чуркап жүрөт экенбиз да. “Ачуу чындык, акыйкат сөз” деп Казат агайдан маек алып, “Манас” эпосу жана досу Чыңгыз Айтматов жөнүндө эл билбеген жактарын айтып, акыл наркка бай, жан-дүйнөсү терең асыл адамдардын сыр сандыгын ачканда биринчи бөлүгү бүтүп, экинчисин жазып жатканбыз, шум ажал арабыздан алып кеткени өкүндүрөт. Казат агайдын жакшы санаалаш адамдары, замандын тынч болушу, элдин аманчылыгы менен алдыдагы максаттарды ишке ашыруунун бул конференция башаты болду деп ойлом. 

Казат Акматовдун эмгектеринен ар бир адам өзүнө зарыл болгон ой гүлдөрүн алып, жашоого эргүү ала алат 

Менин Казат Акматовдун чыгармалары менен болгон алгачкы таанышуум “Күндү айланган жылдар” романы аркылуу болгон. Бала чагымдан китептер  дүйнөсүндө жашап, чоңойдум. Ата-энем кыргыз тилчи, адабиятчы болгондугу үчүн үй ичи китеп такталарына толо. Ошондой күндөрдүн биринде колума “Күндү айланган жылдар” чыгармасы колума тийди.  Эч бир жумушка толук көңүл бурбай, сабактан келээрим менен эле китеп окууга киришээр элем. Үй жыйнасам дагы бир колумда китеп, бир колумда шыпыргы, идиш жуусам дагы китеп жанымда. Мына, ушундай кыймылдарым менен эжемди тажатсам керек. 

Бир күнү дал ушул чыгарманы окуп, Жайсаңдын жашоосу, манасчылыктын дем-күчү, кудурети, сыйкырына таң берип, баш каармандын дүйнөсүндө жашап жүргөнүмдө, эжем китепти колумдан алып, катып койду. “Үйдү оңчулуктуу жыйнайсың, жумуштарды бүтүргөндөн кийин китепти берем” деген талап койду. Чынын айтсам бул мен үчүн чоң трагедия болду десем жаңылышпайм. Ыйлап, китепти табалбай, чоң чыр салганым эсимде. 

Окуялардын кызыктуу жерине мен катышпай, билбей калчудай болуп, алты Жайсаңдын тагдырына аралашпай калдым деп, манасчылык өнөрдүн түбөлүктүүлүгүнүн сырын каткан зор эмгекти эки саат бою издеп, кадимкидей трагедияны башымдан өткөргөн элем. Ал кезде 7-класстын окуучусу болсом дагы, ушундай чыгарманы өзүмдүн деңгээлимде түшүнүп, мага абдан катуу таасир берген. 

Убакыт өтүп, бул чыгарманы кайрадан окуган сайын жаңы чыгарма окугандай болом, жаңы билимдерди үйрөнөм, жаңы жан дүйнө баалуулуктарын табам. Бул түбөлүктүү чыгарма. Андан ар бир адам өзүнө зарыл болгон ой гүлдөрүн алып, жашоого эргүү ала алат. Казат Акматовдун күчү дагы дагы сыйкыры дагы дал ушунда. Ал акыл казынасын ушунчалык кынаптап түзүп, сөздүн күчүн, кудуретин, касиетин толук колдонгон. Чыгармаларында материалдык байлык, кандайдыр бир коомдук чектөөлөрдөн сырткары дагы чексиз болгон, түбөлүктүү дүйнөгө жол ача алган. Бул дүйнөнү түшүнө алуу жөндөмү тандалгандарга гана берилет деп ойлойм. 

Казат Акматовго 

Көрсөм деп көксөп самагам,

Көлүмдөй залкар жан агам.

Ак тилек агай сизди мен, 

Алптарга теңдеш санагам...

Керемет болду мен үчүн,

Китебим кезиктиргенге жараган.

Киренем чыккан немедей,

Кир калбай ичте кенедей.

Оозанттың сары май менен,

Олуя умай энедей.

“Бак” карап койгон каратып,

Бай Аке! – ал ким, мен эмей.




(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)