WeChat      Избранное

Аруулуктун, жаңылануунун жана тазалыктын майрамы бул - Нооруз

22/03/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Аруулуктун, жаңылануунун жана тазалыктын майрамы бул - Нооруз

“Алас, алас, алас, ар балээден калас. Желин айрылып сүт чык, жер жарылып көк чык!”-деп, элибиздин кадыр-барктуу, сыйлуу ак элечек апалары жер-жерлерде аластап арча түтөтүп, жергебизди жамандыктан коргоп, жакшы тилек менен Нооруз майрамын тосуп алып жаткан учур. 

Жаратылышты жандантып, жан дүйнөнү тазалаган бул майрам эл ичинде өзгөчө баалуу. Жеке гана Кыргызстанда эмес байыркы Улуу жибек жолун бойлой жайгашкан бир нече мамлекеттерде Жаз майрамы жогорку деңгээлде майрамдалып, өзгөчө шаң менен белгиленип келет.

Мына, ушундай улуу күндү утурлай, биз дагы Нооруз тууралуу маалымат берүүнү чечтик. Муну менен катар, Кытай Эл Республикасында, кытайлык кыргыздар арасында дагы бул майрамдын белгилениши жөнүндө кыскача маекти окуй аласыздар.

“Нооруз”-бул байыркы фарс тилинен алынган сөз. Аны кыргыз тилине которгондо “жаңы күн” деген маанини билдирет. Нооруз майрамы Совет бийлиги учурунда белгиленбей, анын маани-маңызы азайып, өзүнүн баалуулугун жоготкон. Бирок, 1988-жылдан баштап, Жаз майрамын майрамдоого уруксат берилген. Ал эми, Кыргызстан өз көз карандысыздыгын алгандан кийин гана бул майрам жыл сайын мамлекеттик деңгээлде белгиленип, жалпы элдик майрам катары майрамдала баштаган. 

2009-жылы Нооруз майрамы ЮНЕСКО тарабынан адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине кирген. 

Нооруз майрамы кайдан келбесин, анын символдору эмнени билдирбесин, кайсы ишенимге таандык болбосун-бул майрам миңдеген жылдар бою жер бетиндеги көптөгөн элдердин чыныгы майрамы катары белгиленип келүүдө. Ал токчулуктун, береке-молчулуктун белгиси болуп, адамдардын жан дүйнөсүн дагы тазартууга өз салымын кошуп келет. 

Аруулуктун, жаңылануунун жана тазалыктын майрамы бул - Нооруз

Сүмөлөк даяр болгондо, келген бардык адамдарга ооз тийгизүү Нооруздун шарты.

Ноорузду кандай тосуп алуу керек? 

Өз аты айтып тургандай, “жаңы күн” майрамында бардык нерсе жаңыланып, жаратылыш ойгонуп, күн менен түн теңелет. Жалпы эл, жаңырган жылда аманчылыкты, жакшылыкты, береке-молчулукту тилеп Ноорузду ынтымак ичинде бирге тосуп алып, болгон сый тамактарын даярдап конок күтүшөт. 

Жаз майрамы алдында ар бир үй-бүлө айлана тегерегин тазалап, там-ташын ирээтке келтирүүсү абзел. Үй ичин таптаза кылып, бардыгын жууп-тазалап, болгон иштерди бүткөрүүгө аракет кылуусу керек. Таарынышкандар болсо, дал ушул күнү бири-бирин кечирип, көйгөйлөрүн унутуп, жакшы тилек менен жаңы күндү тосуп алуусу зарыл. 

Бекеринен Нооруз аруулуктун, тазалыктын жана жаңылануунун майрамы болбосо керек. Бул күнү табият жаңыланат, ойгонот. Ошондуктан, адамдар дагы жан дүйнөсүнүн тынчтыгы, аруулугу үчүн ниет кылып, жакшы тилек менен бул майрамды белгилөөгө аракет кылуусу керек. 

Сүмөлөк менен көжө-Нооруз даамы 

Бул күнү дасторконго дагы өзгөчө көңүл буруу шарт. Сөзсүз түрдө жети даам тасмал үстүндө болуусу керек. Кыргызстандын кээ бир аймактарында Нооруз тамагы сүмөлөк болсо, башка бир жерлеринде көжө жасалып жүрөт. 

Көжө бул буудайдан же акталган дандан (арпа, таруу) эт, май же башка катык кошулуп жасалган суюк тамак. Кыргыздардын байыркы тамактарынын бири. Көжө ак катыкталып ысык түрүндө, кээде ачытылып суусундук ордуна дагы ичилген. 

Ал эми, Нооруз күнү жасалган көжөнү “чоң көжө” деп атайбыз. Ага жети азыктын түрү кошулуп, сүрсүгөн эт менен кошо кайнатылат. Албетте, бул тамакка дагы мурунтан даярдалып өндүрүлгөн буудай кошулат. Аны жасоо үчүн сүмөлөктөй көп убакыт талап кылынбайт. Ошондуктан, элдер майрам күнү чогулганда жасала баштап, оюн-зоок , концерт аяктагыча даяр болуп калат. 

Сүмөлөктү даярдоо үчүн дагы буудай өндүрүлүп даярдалат. Аны бышыруу үчүн 12 сааттан кем эмес убакыт талып кылынат. Ошондуктан, сүмөлөктү Нооруз күнү алдында, түнү менен даярдап чыгышат. Отун таптап жагып, тамакты тынымсыз аралаштырып туруу керек. Сүмөлөк даяр болгондо, келген бардык адамдарга ооз тийгизүү Нооруздун шарты. Сүмөлөктү бышыруунун негизги максаты-аны элге ооз тийгизип, элдин ыраазычылыгын жана сообун алуу болуп эсептелет.

Аруулуктун, жаңылануунун жана тазалыктын майрамы бул - Нооруз

Асылбек Мамбеторозо.

Асылбек Мамбеторозо, Кытай Эл Республикасынын Синьцзян Кызыл-Суу Кыргыз автономдуу облусунун Ыр-бий ансамблинин бийчиси жана бий режиссеру: 

“Нооруз күнү жер-жерлерде оюн-зооктор уюштурулуп, жалпы элдин чери жазылат”

- Нооруз майрамы кытайлык кыргыздар үчүн дагы абдан маанилүү майрамдардын бири. Бул күнү жер – жерлерде майрамдык иш – чаралар уюштурулуп, элдик майрам болот. Кытай жергесинде, Нооруз майрамы кадимки салт-санаасы, жөрөлгөсү менен өткөрүлөт. Нооруз болгон күнү журттагылардын бардыгы чогулуп, чоң казанга Нооруз ашын кылабыз. Нооруз ашы дегенибиз бул, жети түрдүү даам кошулган бардыгыбызга белгилүү көжө. Нооруз-көжөсү желген соң ар түрдүү оюн-зоок программалары дагы уюштурулуп элге тартууланат. 

Көжөдөн сырткары дагы, башка аймактарда сүмөлөк даярдалат. Бирок, ал Ноорузда эмес, бир күн эрте даярдалып, майрам күнү чоң казанга салынып алынып келинет. Чогулган айыл эли арасында оюн – зооктор өткөрүлүп, ыр – бий менен коштолот, жаштар жагылган оттон секирип дагы көңүл ачышат. Комуз күүлөрүн угабыз, Манас айтылат. Бул күнү жалпы элдин чери жазылат деп койсок да болот. Мындан сырткары, айылдын барктуу байбичеси арча менен отурган элди аластап, жаңы күндүн, жаңы жылдын келиши менен куттуктайт. 

Бул майрамды көктөм майрамы деп да коебуз. Ошондуктан, Нооруз менен кошо жаз мезгилин да тосуп алабыз. Биздин Өкмөт тарабынан дагы ушундай майрамдарга абдан жакшы көңүл бөлүнөт. Атайын каражат бөлүп берип, концерттик программага чейин уюштуруп, маданий иш-чараларды өткөрүп беришет. Ушундай, жакшы маанай менен Ноорузду белгилеп келебиз. Бул майрам жеке гана Кызыл-Сууда майрамдалбастан кыргыздар көп жашаган Кытайдын башка аймактарында дагы жогорку деңгээлде өткөрүлүп келет.

Ноорузду дагы, Кытай Эл Республикасындагы аз сандуу улуттардын майрамы деп коюшат. Анткени, кыргыз, казак, өзбек, уйгур, тажик жана дунгандар тарабынан дагы белгиленет. Майрамдын мааниси абдан зор. Өкмөтүбүз дагы ар дайым азчылык улуттардын салт-санаасын, майрамдарын колдоп келет. Ошондуктан, Нооруз Кытай жергесиндеги азчылык улуттардын жөрөлгөлүү майрамына айланган десек да болот.

Учурдан пайдаланып, сиздерди, жалпы кыргыз элин кирип келген Нооруз майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм. Көктөм майрамы жакшылык, береке-молчулук алып келген майрам болсун. Кытай Эл Республикасы менен Кыргызстандын алакасы дагы да бекемдеп, достук ичинде, ынтымак ичинде мамиле өнүгүп-өсө берсин. Эски жылды жакшылап узатып, жаңы жылды татыктуу тосуп алалы!

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)