WeChat      Избранное

Жанылыктар

24/12/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Жанылыктар

ФотоWWW

Артем Новиков: Өкмөт социалдык милдеттенмелерди өз мөөнөтүндө жана толук көлөмдө аткаруусун улантат 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков «2020-жылдын декабрь айы үчүн бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы жана артыкчылыктуу милдеттерди чечүүгө багытталган иш-чараларды каржылоо тууралуу» кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.  

«Бүгүнкү күндө Өкмөттүн пенсияларды төлөө боюнча бардык милдеттенмелери жабылды. Бул маселе боюнча бизде тобокелдиктер жок. Мында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы декабрь айы үчүн камсыздоо төлөмдөрү боюнча пландык көрсөткүчтөрдү аткаруу үчүн бардык чараларды кабыл алуусу зарыл», - деп билдирди Артем Новиков. 

Мындан тышкары, ал белгилегендей, Өкмөттүн тышкы карызды төлөө боюнча бардык милдетенмелери аткарылат. 

Бюджеттин киреше бөлүгү үчүн жооп берген мамлекеттик органдарга үстүбүздөгү жылдын декабрь айына карай пландык көрсөткүчтөрдүн аткарылышын бизнеске басым жасабастан камсыздоо тапшырылды.

Сентябрдан ноябрга чейин тобокел тобундагы 284 188 адам сасык тумоого каршы эмдөө алды (заголовок)

Бул жылы сасык тумоонун катталышы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,4 эсеге төмөн. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Профилактикалык эмдөө үчүн 900 миңден ашуун адам аныкталган.

Жанылыктар


«Планга ылайык 1-2-этапта сентябрдан ноябрга чейин тобокел тобундагы 284 188 адам сасык тумоого каршы эмдөө алган. 3-этапта декабрь айынын башында сасык тумоого каршы дагы 550 миң доза вакцина алынган. Учурда вакцина бардык район-шаарларга бөлүштүрүлүп берилген. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарындагы жана Бишкек шаарындагы тобокел тобуна кирген адамдар арасында эмдөө жүрүп жатат", - деп белгиледи Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев.

30 жогорку окуу жайдын 70 мыкты студенти Президенттик стипендияга татыктуу болду 

Жанылыктар

2019-2020-окуу жылынын жыйынтыгы менен 30 жогорку окуу жайдын 70 мыкты студенти Президенттик стипендияга татыктуу болду. Тиешелүү буйрукка Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өзгөчөлөнгөн студенттерди сыйлоо үчүн КР президентине караштуу Билим берүү фондунан 3 миллион 500 миң сом бөлүнгөн.

Стипендия жеке болуп саналат, бир окуу жылына (10 айга) белгиленет жана Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорундагы окутуунун күндүзгү формасынын студенттерине (курсанттарына) 50 миң сом өлчөмүндө бир жолу төлөнөт.

Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларындагы окутуунун күндүзгү формасынын студенттерине Президенттик стипендияны ыйгаруу мыкты окуусун изилдөөчүлүк иш жана активдүү коомдук иш менен ийгиликтүү айкалыштырып айырмаланган студенттерге (курсанттарга) финансылык колдоо көрсөтүү максатында иштелип чыккан.

Жогорку окуу жайлардын мыкты студенттеринин тизмеси Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен түзүлгөн жана Билим берүү боюнча комиссия тарабынан жактырылган Президенттик стипендия алууга сунушталган талапкерлердин документтерин кароо боюнча жумушчу топ тарабынан бекитилген.

Президенттик стипендия ачык конкурстун негизинде ыйгарылат жана жалпы белгиленген стипендиялардан тышкары төлөнөт.

 



(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)