WeChat      Избранное

Гулмира Жумабаева: “Кытай бул - мүмкүнчүлүктөр өлкөсү”

24/12/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Гулмира Жумабаева: “Кытай бул - мүмкүнчүлүктөр өлкөсү”

Сүрөттөр маек ээсине таандык

“Канча тил билсең – ошончо адамсың” деп, кыргыз эли бекер айткан эмес. Чет тилин үйрөнүү аркылуу ошол элдин маданиятын, кулк-мүнөзүн, салт-санаасын дагы жакындан таанып, тереңдеп үйрөнүү мүмкүн экендиги шексиз. 

Акыркы жылдары Кыргызстан жаштары арасында англис тили менен катар эле кытай тили дагы кадыр-баркка ээ болуп, аны үйрөнүүнү каалагандар күн санап көбөйүп жаткандыгын көрүүдөбүз. Арабызда кытай тилин дагы мыкты бир деңгээлде өздөштүрүп, жакшы ийгиликтерди жаратып жүргөн жаштарыбыз да көп. Алардын бири Гулмира Жумабаева. 

Гулмира бизге Кытай эли, маданияты тууралуу айтып берип, коңшу элдин тилин үйрөнүүдөгү өзгөчөлүктөр менен дагы тааныштырып кетти. 

- Гулмира, алгач кытай тилин үйрөнүүгө эмне себеп болду, ушул боюнча айтып берсең?

- Мен азыркы тапта, Кытайдын силикон өрөөнү аталган Шэньчжэнь шаарында  жашап, эмгектенип жүрөм. Мен иштеген компания коопсуздук  камера жана ага тиешелүү жабдыктарын өндүрүп, сатуу иштери менен дагы алектенет. “Убакыт-учкан куш” деп, бекер айтылбайт тура. Бул жерде иштегениме мына быйыл 7 жылдын жүзү болду.

Гулмира Жумабаева: “Кытай бул - мүмкүнчүлүктөр өлкөсү”

Мен деле көптөгөн биздин жаштар сыяктуу эле кошуна мамлекетке келип, билим алдым. Ошол учурдагы сунган мүмкүнчүлүкү колдон чыгарбай, бул тилди жакшы бир деңгээлде үйрөнүүгө болгон аракетимди жасадым десем жаңылышпайм. Тактап айтканда, Кытай Эл Республикасынын  акыркы 10-15 жыл аралыгында өз тилин, өз маданиятын жайылтуу жана таанытуу багытында алып барган ишмердүүлүгүнүн алкагында бул тилди үйрөнүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мындай кадам аркылуу коңшу мамлекет чектеш өлкөлөр, башка мамлекеттер менен болгон кызматташуу мамилелерин дагы ийгиликтүү чыңдап, алдыга карай ишенимдүү кадам таштай алды десем болот. 

Өзүңүздөр билгендей мурда кытай тилин билген кадрлар чанда кездешчү. Азыркы тапта болсо Кыргызстанда ар бир университет, жада калса мектеп, бала бакчалардан тарта кытай тилин үйрөтүп жатышат. Бул дагы да болсо, кытай тилине суроо-талап бар экендигин тастыктайт.

Акыркы жылдары кытай тилин мыкты өздөштүргөн кадрлар көп. Алар кыргыз-кытай алакаларын өнүктүрүп, кызматташтык байланыштарын бекемдөөгө өз салымдарын кошуп келишет. Ар тараптуу кызматташууларда күчтүү, адискөй жаштарыбыз бар. Мен дагы жогоруда айткандай, кытай тилин мезгилдин талабына жооп берген, татыктуу адис болуу үчүн үйрөндүм десем жаңылышпайм.  

- Кытай тилин үйрөнүүдө кандайдыр бир кыйынчылыктар болдубу?

- Менин жеке пикиримде чет тилди үйрөнүүдө, биринчи кезекте өз эне тилиңди эң мыкты билүүң башкы шарт. Анткени адамдын мээси компьютер сыяктуу эле үйрөнгөн жаңы сөздү өз “сөз казынасында” таба алуусу керек. 

Чындыгында, чет тилин үйрөнүү оңой эмес. Ал эми, кытай тили үйрөнүүгө оор болгон тилдердин катарына кирет эмеспи. Негизинен тил үйрөнүүгө жатык болгон ар бир адам бул тилди үйрөнө алат. Бираз гана башка тилдерден айырмасы бул, анда тондордун жана  үндөш сөздөрдүн,  омонимдердин көп экендиги. 

Мисалы “ли” деп окулган иероглифтердин эң аз дегенде 72 мааниси бар. Бул  эң көп колдонулгандары гана. Балким андан дагы көп чыгаар. Кыргыз тилинде канча сөз бар экендигин так билбейбиз да. Ошондой сыяктуу эле, кытай тилинде да канча тамга бар экендигин так айта албайбыз. Анткени бир иероглиф бир сөздү түшүндүрөт. Муну менен эле катар, ааламдашуу доорунда башка тилдерден дагы жаңы сөздөр кошулуп, жаңы түшүнүктөр пайда болууда. 

 Менин жеке оюмда, ар бир иштин ийгиликтүү болуусу үчүн талыкпас эмгек керек. Тил үйрөнүү деле ошонун катарында. Талыкпаган эмгек, изденүү, тилге болгон кызыгуу, кандайдыр бир мотивация гана чет тилин жогорку деңгээлде үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мен дагы да болсо бул тилди тереңдеп үйрөнүүнүн үстүндөмүн. Башкача айтканда, канча үйрөнгөн сайын көп нерсени билбейт экенимди сезип келем. 

- Кытай эли, маданияты тууралуу өз оюң менен бөлүшсөң?

- Кытайдын тарыхы узун, маданияты терең экендиги бардыгыбызга маалым. Кытай тарыхый булактарынан бүтүндөй дүйнө элинин байыркы тарыхын билүүгө мүмкүн. Ал эми, коңшу элдин маданияты тууралуу сөз боло турган болсо, ал узун кепке айланмакчы. Ар түрдүү маданияттар жуурулушуп, бир-бири менен айкалышып бир аймакта жашап келет. Ошондуктан, кытай маданияты ар түрдүү жана абдан кызыктуу. 

Кытай элинин эң мыкты сапатынын бири бул – талыкпас эмгек. Коңшу элдин эмгекчилдигине таазим. Алар тынымсыз эмгегинин жана өжөрлүгүнүн арты менен өнүгүп-өсүп, азыркы тапта дүйнөнүн алдыңкы державаларынын катарын толуктоодо. Аларды  алга сүрөп, өнүктүргөн, дүйнөдө барандуу орду бар экономикалык күчкө ээ болуусуна дал ушул эл эмгегинин кошкон күчү зор. Андан соң биримдик. Сырттан карасан билинбегени менен кытай эли  укмуштудай ынтымактуу жана мекенчил келет.

Миллиарддан ашык элдин бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган ички биримдиги чындыгында,  алкышка арзыйт. Таң калтырат.

- Учурда, кандай иш менен алектенип жатасың, кытай тилинин пайдасы болуудабы?

- Өмүрүмдүн дээрлик жарымын Кытайда өткөрдүм десем жаңылышпайм.  18 жашымда Кытайга окууга келдим. 4 жыл  кесиптик 2 жыл жогорку билим алгандан кийин, бул жакта калып эмгек жолумду баштоону чечтим. “Кытай-бул мүмкүнчүлүктөрдүн өлкөсү” десем болот. Чынында , бул жакка көнүп, аралашып калсаң, андан чыгуу оңой эмес. 

Шэньчжэнь шаары Гонконг шаарына жанаша жайгашкан . Кытайдын адыңкы шаарларынын бири. Электроника жабдыктары чыккан  бир акак шаары. Чоң шаар чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ. Миллиондогон адамдарга бул мүмкүнчүлүктү сунган шаарга мен деле жуурулушуп өз жумушумду кура алам деген ишенич менен келдим.

Албетте, оңойго турган жок. Катаал учурлар да болду. Жаңы жана жаш фирма элек 2013- жылы  трейдинг компания болуп кичинекей дүкөн менен алып-сатуучулукту баштадым. Анан башта айтып өткөндөй, талыкпаган эмгектин арты менен жакшы ийгиликтерге жеттик. 

Учурда өзүбүз коопсуздук камера жана регистраторлорду чыгарабыз. Негизинен, Туркия, Иран, Индия жана КМШ өлкөлөрүнө сатабыз. Ар бир алуучубуз өзүнүн маркасы менен жасата алат. Чакан болсо да фабрикам бар буюрса, ишимди так жана саз аткарууга аракеттенем. Технология күн сайын жаңырып турат. Ошондуктан  анын алып келген пайдасы да жакшы.  Бул тармакты тандоомдун себеби да ушул десем болот. 

- Азыркы тапта, пандемия бардык тармактардын ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизип жаткандыгы маалым. КЭРде пандемия менен күрөшүү кандай деңгээлде өттү, азыркы кезде абал кандай, ушул багытта сүйлөп берсең?

  -Бардыгыбызга белгилүү болгондой, пандемия дүйнөгө катуу таасирин тийгизди.  Ушул тапта аны менен күрөшүүнүн эң эффективдүү жолун тапкан жалгыз мамлекет бул Кытай десем болот. Анын себеби өлкөдөгү орнотулган темирдей катуу мамлекеттик тартип жана ошондой эле  жарандардын ички дүйнөсүнүн зор  мекенчил тартиптилүүгүсү.

Дүйнө бул илдетке даярдыксыз чалдыкты. Анын кесепети бүтүндөй дүйнө өлкөлөрүнүн экономика жана медицина тармагын  солгундатты. Кытай  бул жугуштуу илдет менен күрөшүүгө олуттуу чараларды  көрдү. Ал элинин саны жана калктын жыштуулугуна байланыштуу коркунуч эң жогорку  деңгээлде болгон өлкө эле. Бирок талыкпас эмгек, тартип жана биримдик илдетти эң кыска убакытта ооздуктап, жашоонун өз нугуна кайтып келүүсүнө себепчи болду.

- Жаңы жыл дагы жакындап келип калды, кыргыз элине болгон каалоо-тилегиң?

- Жаңы жыл бүткүл адамзатына чың ден соолук алып келсин. Пандемия бардыгыбыз үчүн чоң сабак болду деп эсептейм. Ошондуктан, бир-бирибизди барктап, өмүр баалуулуктарына көңүл буруубуз керек. Андыктан  элибиз аман, жерибиз тынч болсун. Жаштарыбыз биримдикте, эрктүү жана эмгекчил болсун деп тилеп кетмекчимин.  


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)