WeChat      Избранное

Педагогика, дипломатия, идеология тууралуу кытай авторлорунун эмгектери кыргыз тилинде

02/12/2020  Источник:оригинал   шрифта:

 Кесипкөй дипломат, педагог жана саясат таануу илимин аркалаган окумуштуулар менен бирге дүйнө таанымын кеңейтүүгө белсенген окурмандар үчүн жагымдуу жаңылыкты Кыргызстандын Marzalek publishing group эл аралык тобуна кирген “Arcus” басма үйү менен Кытайдын China Renmin University Press басмасы тартуулады десек ашык болбостур. Жакында эле “Идеологиялык өнүгүү”, “Дипломатия жана эл аралык мамилелер” жана “Кытайдагы Жаңы жана Соңку жаңы доордогу педагогикалык акыл-ойдун тарыхы” аттуу кытай авторлорунун эмгектери кыргыз тилинде жарык көрдү. 

Ондун бири 

Китеп тууралуу кыска баяндан мурун, “Кытайдагы Жаңы жана Соңку жаңы доордогу педагогикалык акыл-ойдун тарыхы”  китебинин автору тууралуу эки ооз сөз айтып кетсек: агартуучу Чжу Юнсинь Кытайдын заманбап билим берүү тармагындагы башкы эксперт, “Кытайдын билим берүү тармагындагы он чыгаан инсандын” жана “Кытайдагы он таланттуу ишмердин бири” катары көрүнүктүү инсан. Белгилүү болгондой таланттуу, күчтүү авторлор кабылдоого оор маалыматты жөнөкөй, жеткиликтүү тилде жазганы менен айырмаланып турат. 

Чжу Юнсиндин бул эмгеги 302 беттен турат. Ал бул китебинде Апийим согушунан тарта Кытай Эл Республикасы негизделген күнгө чейинки педагогикалык акыл-ойдун тарыхын чагылдырган.  

Бул аралыкта автор бир гана терең талдоону гана чагылдырбастан, кызыктуу тарыхый фактылар менен коштогон. Мисалы, Батыш педагогикасы Кытайга мындан дээрлик 400 жыл мурун эле кире баштап, ал эми эң алгач батыштын диний наркын жайылтууга укук алган киши, италиялык миссионер-иезуит Маттео Риччи болуптур. Ал эми 1890-жылы протестанттык чиркөө мектебинде 16 миң 836 бала, католик чиркөө мектебинде 25 миңден ашуун бала билим алып турган. 

Кийин, Кытайдын педагогика илими Жапон өлкөсү менен да тыгыз байланышта болгон. Мисалы, 15 жыл аралыгында эле (1896–1911) жапон тилинен кытай тилине педагогикага байланыштуу 76 китеп которулган! 

Эмгекте мындан да кызыктуу, Кытайда жаралган ар кандай педагогикалык теориялар да камтылган. Мисалы, турмуштук билим берүү теориясы, кичинекей мугалим системасы, айылдык билим берүү теориясы же болбосо үй-бүлөлүк типтеги билим берүү сыяктуу бир чети кызыктуу, бир чети педагогикалык билимди байытуучу маалыматтар кеңири берилген.  

Китепти орус тилинен кыргыз тилине белгилүү котормочу жана журналист Кубат Чекиров которгон.

Кытай дипломатиясы 

Окурмандарга тартууланган дагы бир кызыктуу эмгек Кытай дипломатиясына жана эл аралык мамилелерге арналат. Ал эмгек Чен Юй менен Пу Пиңдин калемине таандык “Дипломатия жана эл аралык мамилелер” китебин англис тилинен кыргызчага белгилүү тарыхчы, публицист, журналист Тынчтыкбек Чоротегин которгон.  

Бул эмгек саясат таануучулар, эл аралык мамилелерге кызыккан окурмандар үчүн чоң табылга. Практикалык реалдуулуктан алынган маалыматтын негизинде жазылган анализ менен таанышууга болот. Айрыкча “Алкак менен жол” демилгеси боюнча нары кызыктуу, нары объективдүү маалыматтар менен тааныша аласыз.  

Идеология 

Кыргызстан эгемендик алгандан баштап эле коомчулукта идеология тууралуу ой-толгоолор күн тартибинен түшпөй келет. Идеология деген эмне, бүгүнкү күндө Кытайдын идеологиялык жактан өнүгүүсү, дүйнөдөгү экинчи экономика болгон мамлекет кандай идеологиялык саясатты жүргүзөт, “кытай кыялы” деген эмне сыяктуу суроолорго жооптор камтылган.

Кытайдын  идеологиялык өнүгүүсүндө, бүтүндөй зор мамлекетке багыт берүүсү абдан кызык.  Себеби мамлекет жетекчилиги тарабынан, жалпы эле түшүнүктүү, так ураандар сунуш кылынат. Мисалы, Дэн Сяопиндин “ак мышыкпы же кара мышыкпы, чычкан кармаса болду” деген учкай сөзүндө кандай терең философиялык ой-толгоо, ошону менен бирге ар бир адамга түшүнүктүү идеологиялык багыт жатат. 

Азыркы учурда да жетекчи Си Цзинпин жеткиликтүү, терең мааниге ээ багыттарды берип, ал ойлорун кыска-нуска сөздөр менен жумурай журтка да, жетекчилерге да жеткирет. 

Анан дагы бул китепте, кытайдын идеологиясында кырдаалга, шартка жараша өзгөрүүлөр болуп, бирок – коммунизм, марксизм теориялары өзгөрбөй, ошону менен кытай өзгөчөлүгү менен социалисттик түзүлүш  өркүндөп өсүп жаткандыгы айтылат.  

Китепти тарыхчы, публицист Тынчтыкбек Чоротегин англис тилинен кыргыз тилине которгон. 

Ал эми “Аркус” басмасынын жетекчиси Иван Фадиндин айтуусу боюнча, кытай авторлорунун чыгармаларын кыргыз, орус тилдеринде чыгарып туруу долбоорун мындан ары да улантып тураарына басма кызыкдар экенин баса белгилеп кетти. 

Бүгүнкү күндө бул китептер ачык сатыкка чыгып, андан сырткары жогорку окуу жайларына бекер таркатылат.   


 




(Автор:Сүйүнбек ШАМШИЕВ / Редактор:GL)