WeChat      Избранное

Фатима Садамкулова: “Биз Кытай менен кызматташууга ар дайым ачыкпыз”

24/12/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Фатима Садамкулова: “Биз Кытай менен кызматташууга ар дайым ачыкпыз”

ФотоWWW

СССР убагында Кыргызстанда 30га жакын ири жеңил өнөр жай ишканалары иштеген. Мисалы: Фрунзе трикотаждык фабрикасы жана Камволдук-кездеме комбинаты, Каракол, Нарын, Талас, Ош, Жалал-Абад шаарларындагы кийим жана бут кийим фабрикалары, Оштогу пахта кездемелерин өндүрүүчү бирикме, Токмоктогу жүндү алгач иштетүү фабрикасы, “Чолпон” бут кийим фирмасы (Фрунзе ш.), Кызыл-Кыя ш. бут кийим фабрикасы, Васильев атындагы трикотаждык фабрика жана башкалар.

Ал эми Советтер Союзунун тарашы менен жеңил өнөр жайындагы ири ишканалар жабылууга аргасыз болду. Өндүрүш жайларынын жабдыктары жана башка активдери сатылып кеткен, же жаап салышкан. Бирок, өлкө базар экономикасына өтүүсү менен бул тармак үчүн экинчи мүмкүнчүлүк пайда болду. 

Кыргыз чеберлеринин бай тажрыйбасы эч кандай завод-фабрикасыз, эч кандай шарты жок эле 3-4 машинкадан баштаган уздарыбыз кийимдин түрлөрүн тигип, бизди гана камсыз кылбастан, товарларын чет өлкөлөргө дагы экспорттой баштады. Кирешелүү бизнес жаңы инвесторлорду жана жеке ишкерлерди өзүнө тарта баштады. Жеңил өнөр жайынын орто жана кичи цехтеринин саны бат эле өсө баштады. Ошентип, Кыргызстандын жеңил өнөр жайы калкты жогорку деңгээлде иш менен камсыз кылып, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдө маанилүү орунду ээлеп келди. 

Азыркы убакта Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр-жайы үч негизги түрлөр менен көрсөтүлгөн: текстилдик өндүрүш, кийим тигүү, булгаары жана булгаарыдан жасалган буюмдарды өндүрүү, бут кийим өндүрүү.

Кыргызстанда ошондой эле, көп эмес көлөмдө шырдактарды, туш-кийиздерди, кыргыздын улуттук кийимдерин жана бут кийимдерин, булгаарыдан жасалуучу буюмдарды жана улуттук орнаменти менен идиш-аяктарды, сувенирлерди ж.б.  элдик көркөм өнөр жана жыгач-устачылык кесиптин буюмдарын өндүрүүчү чакан ишканалар иштеп келе жатат. 

Улуттук статистика комитетинин отчетуна караганда, быйыл Кыргызстандан чыгарылган кийимдердин экспорту 40 пайызга төмөндөп кетти. Мына ушул өлкө экономикасындагы эң маанилүү багыттардын бири болгон жеңил өнөр жай тармагынын абалын билүү максатында биз Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин Жеңил өнөр жай жана башка тармактарынын бөлүм башчысы Фатима Садамкулова менен байланышып кызыктуу маек курдук. 

Фатима Исагуловна пандемия жеңил өнөр жайына кандай терс таасирин тийгизгендигин айтып берүү менен бирге, 1-январдан баштап кирген милдеттүү түрдө товарларды маркировкалоо иш-чаралары боюнча дагы маалымат берип өттү. 

- Күтүүсүздөн кирип келген коронавирус дарты бүтүндөй дүйнө жүзүн кыйын абалга калтырды. Бардык өндүрүш иштери токтоп, чек аралар жабылып, жалгыздан бул жугуштуу дарт менен күрөшүүгө туура келди. Кыргызстанда дагы бардык тармактардын иштери токтоду. Жеңил өндүрүш дагы алардын катарында. Мына ушул пандемиянын жеңил өнөр жайына тийгизген таасири тууралуу айтып берсеңиз?

- Негизинен жеңил өнөр жай тармагы Кыргызстандын экономикасында барандуу орунду ээлейт. Ал ата мекендик өндүрүш товарларынын экспорттук структурасында маанилүү позициялардын бирин ээлеп келүүдө. 

Чындыгында, 2020-жылга чейин жеңил өнөр жайы жакшы эле өнүктү. Анын ичинде тигүү өнөр жайы бизде жакшы өрчүдү. Анткени, 2005-жылы өкмөт тарабынан патент түрүндө жеңилдетилген шарттар киргизилген. Мына, ушунун негизинде тигүү өнөр жайынын өнүгүүсүнө жакшы мүмкүнчүлүктөр пайда болгон. Бизде ири ишкана-фабрикалар жок. Негизинен орто жана кичи цехтер бул багытта иш алып барат. Алардын саны 7-8 миңге чейин жетет. Бул цехтердин ордосу Чүй облусунда жайгашкан десек болот. Негизинен Бишкек шаарында жайгашкан. Башка аймактарда дагы бар, бирок негизги бөлүгү ушул жерде жайгашкан. Бул дагы логистикага байланыштуу. Себеби, Бишкек аркылуу экспортко чыгаруу жолдору жеңил. Биздин продукциялар негизинен Казакстан менен Россияга кетет эмеспи. Ошондуктан, бул жактан ал мамлекеттерге жеңил кетет. 

Ошондо, бизде тигүү өнөр жайы жылына 10-15 пайызга өнүгүп, жалпысынан 200 миңге жакын кишини жумуш орду менен камсыз кылып келген. Ошондуктан, бул тармактын социалдык мааниси абдан чоң. 

Фатима Садамкулова: “Биз Кытай менен кызматташууга ар дайым ачыкпыз”

Ал эми ушул жылдын жыйынтыгын алып карасак, биринчи чейректе жеңил өнөр жай тармагы 21 пайызга өскөн. Бирок, тилекке каршы быйыл COVID-19 пандемиясынан улам, өлкөнүн экономикасынын бардык тармактары, анын ичинде жеңил өнөр жайы, кыйын учурларды башынан өткөрүп жатышат. Бул биздин өлкөгө гана эмес, бүтүндөй дүйнөлүк экономикага дагы таасирин тийгизди.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу март айынын аягында бул жааттагы ишканалардын бардыгы ишин токтотуп турушту. Дегеле жалпы өнөр жайдын ишмердүүлүгү үзгүлтүккө учурап, экономикалык кыйынчылыктар башталды. Жумуш токтоп турган маалда 25ке жакын гана тигүү ишканасы бет кап, коргонуучу костюмдарды тигип, өлкө боюнча дефицитти жапканга көмөктөшүштү.

Карантин учурунда көптөгөн ишканалар жылдын апрель жана май айларында бош туруп, чийки зат менен камсыздоодо жана экспорттоодо кыйынчылыктарды башынан өткөрдү. Ал эми, ушул жылдын июнь айынын аягында жана июль айында өлкө ичинде вирус менен ооруган адамдар жуктуруп алуу көбөйгөн мезгилде көптөгөн ишканалар дагы токтоого аргасыз болушкан. 

Бүгүнкү күнү деле, иш жүрүп кетти дегенден алыспыз. Себеби, күз, кыш, жай, жазд мезгилин колдоно албай, кеч калышты. Ал учурда жумуш токтоп калды.  Муну менен катар эле, сатып алуучулар дагы жокко эсе. Россиядан, Казакстандан дагы мурункудай буйрутмалар жок. Ошондуктан үстүбүздөгү жылдын 11 айынын жыйынтыгын алып карасак жеңил өнөр жайы 20, 6 пайызга түшүп кетти. Былтыркы жылга салыштырмалуу 40 пайызга жакын экспорт түшүп кетти. Себеби, биздин өндүрүлгөн кийимдердин 90 пайызы Россияга экспортко кетчү. Быйыл мындай мүмкүнчүлүк болгон жок. Көптөгөн ишканалар дагы да болсо толук кандуу ишин баштай элек. Буйрутма жок. Чек аралар дагы толук ачыла элек. Чындыгында эле абал эле оор бойдон калууда. 

- Ушундай кыйын учурда, жеңил өнөр жай тармагын колдоо максатында мамлекет тарабынан кандайдыр бир жардам көрсөтүлүп жатабы?

- Албетте. Карантин учурунда өкмөт тарабынан бир катар чаралар кабыл алынган. Салыктын декларациясын тапшыруу мөөнөтүн узартуу, насыялардын мөөнөтү дагы 3 айга узартылган. Июнь айында өкмөт тарабынан 315 деген токтом кабыл алынган. Ал жерде пандемиядан жабыр тарткан ишкерлерге мамлекеттин казынасынан жеңилдетилген насыяларды берүү иштери каралган. 

Алсак, Финансы министрлиги тарабынан жалпы эле ишкерлерге 3,5 миллиард сом бөлүп, 13 банк аркылуу алты пайыздык ченде жеңилдетилген насыялар берилди. Аны менен катар салыктан бошотулуп, сырттан келген сырьелорго кошумча нарк салыгы алып салынды. 

2020-жылы 14 млрд сомго жакын, 2021-жылы болсо 40 млрдга чейин насыя берилээри белгиленген. 

- 2021-жылдын 1-январынан баштап товарларды маркировкалоо системасы колдонула тургандыгы айтылууда. Ушул боюнча айтып берсеңиз?

- Россия Федерациясында 2021-жылдын 1-январынан баштап жеңил өнөр жай товарларын маркировкалоо иштери башталмакчы. Тактап айтканда, Россия аймагында келерки жылдын 1-январынан баштап маркировкаланбаган товарларды өндүрүүгө, сатууга тыюу салынат. Эгерде товарды 1-январга чейин өлкө аймагына алып кирип, сатып түгөтүүгө үлгүрбөй калса, анда мөөнөт 1-февралга чейин жылдырылат. Россияда бул иш Алдыңкы технологияларды өнүктүрүү борборунун жоопкерчилигинин алдында жүргүзүлөт. Тактап айтканда, дал ушул борбор товарларга кодду берет. Ошондо ар бир товардын коду болот. 

Бул товарларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо аны мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө жогорку натыйжалуу инструмент болуп саналат. Бардыгы ачык-айкын болмокчу.

Жеңил өнөр жайынын товарларынын 90 пайызы Россияга экспорттолгону үчүн биз дагы ушундай багытта иш алып бармакчыбыз. Бул жаатта иштер жүргүзүлүп жатат.  Кыргызстанда товарларга кодду берүү жоопкерчилиги “АльфаТелеком” ЖАКына берилди. Бир катар иш-чаралар өткөрүлдү, талкуулар болду. Биз 31-декабрга чейин ушул ишти бир калыпка салып, маселелерди чечүүбүз зарыл. Товарларыбызды экспортко чыгарууга эч нерсе тоскоол болбоосу учурдун талабы.

- Кыргызстандын жеңил өнөр жай тармагынын Кытай Эл Республикасы менен болгон кызматташуу алакалары барбы?

- Чындыгында, жеңил өнөр жайына колдонулган сырьенун көпчүлүк бөлүгү Кыргызстанга Кытайдан алып келинет. Мисалы, өлкөдөгү синтетикалык кездемелердин 99 пайызы Кытайдан келет. Негизинен, ата мекендик чийки заттардын (пахта талааларынын аянтынын азайышы жана түшүмдүүлүктүн төмөндөшү, чийки заттар менен камсыз кылуудагы кыйынчылыктар) жана сатуу рынокторунун жетишсиздиги менен шартталган, жеңил өнөр жай ишканаларында продукцияны чыгаруу көлөмүнө дагы өз таасирин тийгизбей койбойт. Бул кырдаал пандемия учурунда өзгөчө байкалды десек болот.  

2013-жылы Кытайдын  Текстилдик ассоциациясы менен биздин ассоциация ортосунда кызматташуу меморандуму кабыл алынган. Кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясы аркылуу дагы кытай инвесторлоруна кайрылып келебиз. Бул жерде негизинен биздин токтоп калган ишканаларды жандандырып, иштетүүсү боюнча сунуштар айтылат. Азырынча, бул багытта кандайдыр бир конкреттүү иштер баштала элек. Бирок кызматташуу жаатында алгачкы кадамдар ташталган. 

Чындыгында, кандайдыр бир товарды биздин өлкөнүн аймагында өндүрүп, ЕАЭБ аймагына салыксыз чыгарууга дагы мыкты мүмкүнчүлүк бар экендигин айтып келебиз. Бул бардык тараптарга ыңгайлуу жана пайдалуу болмокчу. ЕАЭБ аймагы абдан чоң рынок экендиги бардыгыбызга маалым. 

Мисалы, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтомуна ылайык, “Легпром” бирикмесинин 49 жылдык мөөнөткө ижарага 40.74 га жер аянты убактылуу пайдаланууга берилген, ал  Сокулук районунун Военно-Антоновского айылдык аймагында жайгашкан.

Муну менен катар эле, мамкомитет тарабынан индустриал паркы “Силк Вей” ААК долбоорун ишке ашыруу боючна иш чаралар өткөрүлүүдө. Индустриалдык паркынын өндүрүштүк процессине 35 миңден ашык киши тартылат, бул текстилдик жана тигүү тармактарынын жалпы жумуштуулуктун 15% түзөт. Парктын аймагында 327 миң кв м. аянттагы тигүү, текстилдик жана бут кийимдерди чыгаруу боюнча 112 тармактык фабрикаларды куруу пландалууда, ал жерде петенттик негизиндеги ири ишканалар ошондой эле, жеке ишкерлер иштешет.

Мына, биз ушул жерлерде иштөөнү дагы кытай инвесторлоруна сунуштап келебиз. Биз кызматташууга дайым ачыкпыз. 

Бардыгыбызга белгилүү болгондой, Кытай дагы жеңил өнөр жай тармагын өнүктүргөн алдыңкы мамлекеттердин катарын толуктайт. Ошондуктан, биз дагы бул жаатта тиешелүү ведомстволор менен кызматташып, тажрыйба алмашуу жаатында дагы иш алып барсак деген оюбуз бар. Алдыда, пландар көп. Аларды жүзөгө ашыруу үчүн болгон аракеттерди кылмакчыбыз. 

- Сөз соңунда, элибизге жаңы жылдык куттуктооңузду айтып, каалоо-тилегиңизди билдире кетсеңиз?

- Мен эң биринчиден ушул жугуштуу дарт коронавирустан бүтүндөй дүйнө тезирээк кутулуп, бардыгыбыз мурункудай жайбаракат жашообузга кайрылып келсек экен деп тилейм. 2021-жылды пандемиясы жок, жадырап-жайнап тосуп алсак экен. Экономикабыз көтөрүлүп, эл аралык кызматташтык алакаларыбыз бекемделе берсин. Кыргызстан-Кытай достук мамилеси дагы өнүгө берсин. Элибизде токчулук болуп, жергебизди тынчтык байырласын. Ден соолугубуз болсун!



(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)