WeChat      Избранное

Айнура Акматова: ““Дени сак адам-өнүккөн өлкө” идеологиясын өнүктүрүү заман талабы”

10/12/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Айнура Акматова: ““Дени сак адам-өнүккөн өлкө” идеологиясын өнүктүрүү заман талабы”

ФотоWWW

2020-жыл менен кошо кирип келген коронавирус дарты дагы да болсо дүйнө жүзүн кыдырып, канчалаган мамлекеттерди дүрбөлөңгө салып келүүдө. Кыргызстанда бул жугуштуу дарттын биринчи толкуну жай мезгилине туура келсе, экинчи толкунун болсо учурда башыбыздан кечирип жатабыз. Мына, ушул багытта биз Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова менен баарлашып, Кыргызстандагы эпидемиологиялык абал, сасык тумоо менен ковид-19дун негизги айырмачылыктары жана оорунун жайылуу жолдору тууралуу маалыматтарды алдык. 

- Коронавирустун экинчи толкунун башталышы менен Кыргызстанда дагы да болсо ооругандардын саны көп болууда. Бирок кырдаал туруктуу болуп, эл арасында кандайдыр бир паникага алдырган учурлар жокко эсе. Мына, ушул багытта Саламаттык сактоо министрлигинин жүргүзгөн ишмердүүлүгү тууралуу айтып берсеңиз?

Айнура Акматова: ““Дени сак адам-өнүккөн өлкө” идеологиясын өнүктүрүү заман талабы”

- Ооба, Кыргызстанды ковид-19дун толкуну кайрадан каптап жатканы менен элибиз азыркы тапта июль айындагыдай паникага алдырбай, бул ооруга кандайдыр бир сабырдуулук менен мамиле кылууда. Биздин бөлүмдүн ишмердүүлүгүнүн башкы багыты дени сак калк менен иш алып барып, оорунун жайылуусун алдын-алуу болуп саналат. Ошондуктан, бул жаатта министрлик тарабынан көптөгөн иштер жүзөгө ашырылды, дагы да болсо аткарылууда.

Чындыгында, Саламаттык сактоо министрлиги  бул жугуштуу дарт тууралуу декабрь айында алгачкы маалыматтар айтыла баштаганда эле, эл аралык медициналык-санитардык эрежелердин мүчөсү катары эл аралык эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөп, анализдеп баштаган. Ошол кезде эле калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлө баштаган. 

Оорунун жайылуусу, симптомдору, дарылоо жаатында дагы маалыматтарды топтоп, анын жайылуусун алдын-алуу боюнча атайын иш-пландарды түзүп, өз аракеттерибизди көрө баштаганбыз. “Өзгөчө кырдаал болсо кандай кылабыз, таанып-билбеген вируска кандай туруштук беребиз?” деген сыяктуу бир катар суроолордун үстүнөн иштер башталган. Ошондуктан, менин оюмча бул иштер элдин арасында бир системага келип, жарандарыбыздын аң-сезимине кандайдыр бир деңгээлде сиңип, учурда өз жемишин берүүдө. Бул жерде Саламаттык сактоо министрлигинин орду абдан зор жана маанилүү. Албетте, Өкмөттүн, тиешелүү ведомстволордун дагы эмгеги чоң экендиги шексиз. Тактап айтканда, биргеликте өз ара жардам, колдоо көрсөтүүнүн арты менен ушундай иштер аткарылды. 

Чындыгын айтканда, бизде бул вирус тууралуу эч кандай маалымат жок болду да. “Ал кандайча жугат, кандай сакталат, ысык абада өзүн кандай алып жүрөт, муздак абада канча сакталат?” деген суроолордун тегерегинде изденип жаттык. Министрликте иш эч токтогон жок, күнү-түнү иштеп жаттык. Мына, ушул кабинетте, конференция залында түнөп, үйгө барбай, тынымсыз иштер жүрүп жатты. Ал кезде июль айы келе элек эле. Бардыгыбызга белгилүү болгондой, бизде медициналык жабдыктар, ИВЛ аппараттары, беткап ж.б. чыкпайт, өндүрүлбөйт. Ошондуктан, коронавирустун айынан чек аралар жабылганда, мына ушулардын бардыгы бизге кирбей калды. 

Министрлик эң биринчи учурда, илдеттин аба аркылуу жугаарын баса белгилеп, күн сайын бул жаатта болуп жаткан жаңылыктар менен жалпы элди тааныштырып турду. Брифинг учурунда толук кандуу маалымат берүүгө болгон аракеттерди көрүп жаттык. Анткени, бул түшүндүрүү иштеринин дагы орду абдан чоң болду. Элде азыр маалымат бар. Белгисиз бир вирус менен күрөшкөнгө караганда, азыркы учурда бул вирусту таанып калдык, дагы да изилдеп жатабыз. 

Мисалы, бул жааттагы акыркы жаңылыктар боюнча, жабык бөлмөнүн ичинде топтолгон адамдарга жуккан вирус туруктуу болуп, тирүү вирустардын саны адамга көбүрөөк кирет. Аны менен ооругандар илдетти оор түрүндө өткөрүшөт. Ал эми, эгерде өтүп бараткан бирөө чүчкүрүп, андан вирус жукса оору жеңилирээк өтөт экен. 

Негизи бул пандемия бизге эмнени үйрөттү, эң эле жөнөкөй колду жуу зарылчылыгын, беткап тагынууну дагы бир калыпка салды десек болот. Чындыгында, министрлик, биздин бөлүм, санитардык-эпидемиология көзөмөлдөө борборлору бардыгыбыз эле, бул өздүк гигиена эрежелерин мурунтан эле айтып, алардын маанилүүлүгүн байма-бай элге жеткирип келгенбиз. Сасык тумоо деле абдан коркунучтуу да. Бирок, эл укчу эмес. Азыр болсо, коронавирустун айынан аз да болсо бул шарттар аткарылып калды. 

Пандемия дагы бир жолу ден соолуктун идеологиясы болуусу керек экендигин далилдеди десем жаңылышпайм. Дагы бир жолу ден соолукка кам көрүү, ага кароо маанилүү экендигин элибиздин эсине салды. Эң эле жөнөкөй ооруп калсаң, дарылануу үчүн канчалаган акча-каражаттары кетет. Ошондуктан, ден соолукту чыңдап, оорунун алдын-алып, өзүбүздү кароо үй-бүлөлүк бюджетке дагы үнөм экендигин түшүнүп-билип калдык. “Дени сак адам-өнүккөн өлкө” идеологиясын дагы өөрчүтүп, ан-сезимибизге сиңирүү зарыл. 

Мен Кытай жергесинде болгонумда карыган апа-аталардын парктарда бийлеп, тайжичуан менен машыгып, теннис ойноп жаткандыктарын көрдүм. Алгач, таң калыштуу көрүнгөн бул адат, чындыгында коңшу элдин ден соолукка болгон кам көрүүсү өзгөчө урмат-сыйга татыктуу экендигин далилдейт. Бизде тилекке каршы мындай көнүмүш адат жок. 

Азыркы тапта, пандемиянын кырдаалы курч бойдон калууда. Бирок, өзүңүз айткандай эл арасында оорунун биринчи толкунундай дүрбөлөң жок. Жогоруда айтып келген себептер менен катар эле, элдин психосаматикалык абалы дагы бул жерде роль ойноодо. Белгисиз нерсе, ар дайым коркунуч туудурат. Себеби, аны менен кандай күрөшүү керектигин, кайсы жактан сактануу зарылдыгын билбегендиктен адам паникага алдырып, анда коркуу сезими күчөй баштайт. Мына, коронавирустун алгачкы толкунунда паника дагы бул илдеттин оор түрдө өтүүсүнө өбөлгө болду. Азыр болсо, элибиз адаптация болуп, психологиялык жактан дагы даяр болуп калды. 

- Эпидемия шартында Бишкек шаарында билим берүүнү жандандыруу жаатында министрлик Билим берүү жана илим министрлигине кандай сунуштарды киргизүүдө?

- Саламаттык сактоо министрлиги оорунун көрсөткүчтөрү ылдый түшүп баштаган кезде эле, тактап айтканда август айында бул боюнча өз сунушун берген. Анда атайын алгоритм иштелип чыккан. Ар бир региондогу эпидемиологиялык абалга жараша жергиликтүү бийлик, ошол жердеги санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлору, билим берүү уюмдары өздөрү мектептерди ачуу боюнча чечимди кабыл алуу укугуна ээ. Бул жаатта атайын комиссия иш жүргүзөт. 

Албетте, чечим эң биринчиден аймактагы эпидемиологиялык абалга жараша кабыл алынат. Өзүңүздөр билгендей, көпчүлүк мектептерде бир класста саны 40ка чейин жеткен окуучу бар. Эгерде, алардын арасынан бирөө гана ооруп кала турган болсо, кырдаал дагы курчумакчы. Ошондуктан ушундай учурлар дагы каралып, мектептерди ачуу бир кыйла кечеңдеп жатканын түшүнсөк болот. Бул кадам дагы да болсо, балдарыбыздын ден соолугу, коопсуздугу маанилүү экендигин далилдейт. 

- Азыркы тапта сасык тумоо дагы күчөп жатканын көрүп жатабыз. Бардык адамдарда эле, температура көтөрүлүп, тамак ооруп калса “бул коронавирус эмеспи” деген коркунуч пайда болууда. ПЦР тестин тапшыруу дагы аз акча турбайт. Ошондуктан, ковид-19 менен сасык тумоонун башкы айырмачылыктарын айтып бере аласызбы?

- Чындыгын айтканда, мына ушундай жааттагы маалыматтарды биз өзүбүздүн сайтка дагы, башка маалымат булактарына жайылтып, колдон келишинче элдин бул жааттагы сабаттуулугун жоюуга аракеттерди көрүп келүүдөбүз. Бирок, эмнегедир элге башка жаңылыктар кызык. Мындай керектүү жаңылыктарды окугандан көрө, кимдин байлыгы канча, жашоосу кандай, зордук-зомбулук багытындагы маалыматтарды окууну жакшы көрүшөт. 

Негизинен курч респиратордук грипп менен ковиддин башкы айырмачылыктары бул жыт менен даам сезүүнүн жоголуусу. Муну менен эле катар, көп күн бою температуранын түшпөй, жогорку абалда болуусу. Азыркы учурда, ковид менен ооруганда “мурундан суу акпайт” деген дагы ой-пикирлер болууда. 

Биз башынан бери эле “ноябрь, декабрь, январь айында курч респиратордук грипп келет. Ковид илдети менен аны айырмалай албай каласыздар, андыктан беткап кийип, эл чогулган жерге барбагыла, социалдык аралыкты сактап, колду жуугула” деп эле айтып келе жатабыз. Эгер биз үйдөгү кары адамдарды, жакындарыбызды ойлосок, бул эрежелердин бардыгын сакташыбыз абзел. Чындыгын айтканда, сасык тумоо деле оңой менен өтпөйт. Ал дагы жүрөк-кан тамыр системасына, өпкөгө, бөйрөккө абдан көп зыян алып келет. Грипптен деле ковиддегидей оору күчөп кетип, өлүмгө чейин алып келген учурлары болот. Бирок, “жүрөгү кармаптыр, бөйрөгүнөн кетиптир” деген жыйынтык чыгарып коебуз. Чындыгында болсо, мунун бардыгы жыл сайын сасык тумоо менен ооруп, аягына чейин дарыланбай, иммунитетин көтөрбөй, маани бербей койгондун кесепетинен болуп жаткандыгын көбүбүз биле бербейбиз. Тактап айтканда, сасык тумоонун айынан оорулар күчөп, өнөкөткө айланып кетет. Ошондуктан, грипп болсо дагы улгайган адамга, жаш балага алыс болуу зарыл. 

Азыркы тапта дагы, башынан бери биз айткандай эле эшиктен келгенде сырт кийимдерди чечип, сумка, ачкычтарды эки сааттай эшикте калтырып, бир сыйра тазаланып кирүү керек. Колду самындап жууп, тазалыкты сактоо зарыл.  

ПЦР тести тууралуу айта турган болсок, албетте бул бизди дагы ойлондурган маселе. Бирок, тилекке каршы ал бизде чыкпайт. Сатып алып келүүдөбүз. Сиздерге белгилүү болгондой, пандемия бардыгыбызды эле күтүүсүз каптап кирип калды. Саламаттык сактоо министрлигинин бюджетинде бул учур каралган эмес. Учурдан пайдаланып Кытай Эл Республикасына дагы ыраазычылык билдиргим келет. Анткени, коңшу өлкө алгачкылардан болуп колдоосун көрсөтүп, гуманитардык жардамдарды берип жатты. Тест, беткап ж.б. медициналык каражаттарды жиберип турду. 

Эми жардамга келген тесттер дагы зарыл болгон жактарга бөлүндү. Калгандарын болсо сатып эле алып жатабыз да. Бирок, эгер адам биздин үй-бүлөлүк медицина борборлоруна кайрылса, тез жардам кызматына, мобилдик бригадаларды чакырса, стационарга жатып калса, бейтап менен байланышта болгондугу эпидемиологиялык изилдөөлөрдө билинсе, анда алардан тесттер бекер алынып, бекер изилдөө жүргүзүлүүдө. Ал эми, чет өлкөгө, эс алууга, иш сапарга же кандайдыр бир өз иштери менен сыртка чыгууну каалаган жарандарыбыз ПЦР изилдөөлөрүн төлөп, жыйынтыгын алса болот. 

- Өлкө ичиндеги эпидемиологиялык көрсөткүч болжол менен качан төмөндөөсү мүмкүн?

- Бул эми, чындыгында элдин канчалык деңгээлде санитардык-эпидемиологиялык талаптарды туура жана так аткаруусуна түздөн-түз көз каранды. Мисалы, өлкөбүздө карантин бүткөн учурда, экономикалык субьекттердин кээ бири өз ишмердүүлүгүн баштаган эле. Ошондо калкыбыз эшикке чыгып, бардыгы кафелерде, соода түйүндөрүндө жүрүштү. Андан 14 күн өткөндөн кийин эпидемиологиялык таякча өйдө көтөрүлдү. Ооругандардын саны көбөйүп, көрсөткүч жогорулады. Бул мезгил июнь айынын аягы, июль айынын башына туура келди.

Азыр эл арасында оорунун башында карантин киргизүүнүн зарылчылыгы бар беле деген дагы ой-пикирлер жүрөт. Албетте, киргизүүнүн зарылчылыгы бар болчу. Эгерде карантин киргизилбесе, абал мындан дагы курч болмок.  Анда элибизди ого бетер паника каптап, беткап тагынуу, колду жуу, үйдө отуруу сыяктуу эрежелер сакталмак эмес. Кыйын кырдаалга кабылмакпыз. 

Ал эми, сентябрь шайлоого даярдык болду, аймактан-аймакты элдер кыдырып, эң жок дебесе 200-300дөн адам бир жерге чогулуп жатты. Андан кийин октябрдагы окуялар болду. Бул жерден мен эч кандай саясатка аралашпайм, жөн гана айткым келгени мына ушул окуялардан 14 күн өтүп-өтпөй эпидемиологиялык көрсөткүч кадимкидей жогорулады. Канча күн катары менен ооругандардын саны 500дөн түшпөй турду. Ошондуктан бул жерден айта турган нерсе, оорунун жайылып, мындан ары дагы күчөп кетпөөсү үчүн ар бирибиз жоопкерчилигибизди сезишибиз керек. Бардыгы өзүбүздүн колубузда. Бул жаатта маалыматтарды көп окуп, жакындарыбыздын коопсуздугу үчүн кам көрсөк коронавирустун жайылышын алдын-алып, азайта алабыз деген ойдомун. 

- Пандемия учурундагы Саламаттык сактоо министрлигинин Кытай Эл Республикасы менен болгон кызматташтык алакасына дагы токтоло кетсеңиз?

- Пандемия бүтүндөй дүйнө жүзүн эле кыйын абалга калтырды. Мына, ушундай оор кырдаалда Кыргыз Республикасы дагы башка мамлекеттер менен болгон байланышын үзгөн жок. Өзгөчө, бул жаатта Кытай Эл Республикасы менен дагы тыгыз кызматташтык алакада болдук.

Жогоруда айткандай, Кытай эң биринчилерден болуп бул вирус менен күрөшүүдө болгон тажрыйбасы менен бөлүшүп, изилдөөлөрү тууралуу маалыматтарды берип жатты. Гуманитардык жардамдар келди. Ошол кезде эң зарыл болгон дем алдыруучу аппараттар, медициналык жабдыктар келип жатты. Тесттер менен дагы жардам беришти. Оорунун очогунда иштеп, тажрыйбасы мол болуп калган дарыгерлердин катышуусунда видео-конференциялар өткөрүлүп, кеп-кеңештерин угуп жаттык. Кыргызстанга чейин келип, өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, лекцияларды дагы окуп кетишти. Бүгүнкүгө чейин дагы өз жардамдарын берип жатышат. 

Сөз соңунда, коңшу мамлекетке дагы бир жолу ушундай оор кырдаалда колдоо көрсөтүп, жардамын бергендиги үчүн ыраазычылыгымды билдирип кетмекчимин. Кыргыз-кытай кызматташтык алакасы достук, ынтымак ичинде өнүгө берет деп ишенем. 


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)