ФотоWWW
Sputnik Кыргызстан агенттиги популярдуу делген унаалардын баасын талдап көрдү. Акыркы жумада өлкөдөгү эң көп талап кылынган 10 автокөлүктүн наркы кандай өзгөргөнүн айтып беребиз.
Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, калктын арасында суроо-талап төмөнкү унааларга күч:
5-сериядагы BMW;
Daewoo Matiz;
Daewoo Nexia;
Honda Accord;
Honda CR-V;
Honda Fit;
Honda Odyssey;
Mercedes-Benz E-класс;
Toyota Camry;
Volkswagen Passat.
Sputnik автоунаалар сатыкка коюлган төрт интернет ресурска баш багып, бааларын талдап көрдү. Алар: autobaza.kg, cars.kg, turbo.kg, mashina.kg (баарынын наркы дээрлик айырмаланбайт).
Окурмандарга ыңгайлуу болуш үчүн автокөлүктүн орточо баасын чыгарууну чечтик. Буга чейинки анализ 4-сентябрда, акыркысы 11-сентябрда жүргүзүлдү. Орто эсеп менен алганда көпчүлүк машиналардын наркы 50-100 долларга өзгөргөн. Бирок баалар автоунаанын техникалык абалына, чыгарылган жылына жараша, ошондой эле тез арада сатылышына да карайт. Бул факторлор аналитикалык маалыматка таасир этиши мүмкүндүгүн белгилей кетели.
Соңку аптанын ичинде баарынан да Honda CR-V үлгүсүндөгү унаанын баасы өзгөрүп, орточо баасы 8 751 долларды түздү. Бир жума мурун 9 016 долларга сатылган. Ошол эле учурда Toyota Camry 400 долларга кымбаттаган. Башка үлгүдөгү автокөлүктөрдүн баасы дээрлик өзгөргөн эмес.
последние
Рекомендация
- 1В КР никакой «детской» эпидемии нет, стационары работают в штатном режиме - Минздрав
- 2Министр иностранных дел КНР посетит Казахстан в сентябре
- 3В тоннеле на перевале Тоо-Ашуу будут установлены видеокамеры и временно ограничено движение
- 4Китайско-пакистанский экономический коридор и Центральная Азия: развивающиеся связи
- 5В Кыргызстане создан Центр анализа международных отношений