WeChat      Избранное

Адила Кермалиева: “Конфуций институту менен төрт жылдан ашуун тыгыз кызматташып келе жатабыз”

20/09/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Адила Кермалиева: “Конфуций институту менен төрт жылдан ашуун тыгыз кызматташып келе жатабыз”

ФотоWWW

Өлкөдө болуп жаткан пандемия кырдаалына байланыштуу 2020-2021- окуу жылы аралыктан окутуу менен башталды. Бул окутуу иштерин толук кандуу жүргүзүп, окуучуларды билимден өксүк кылбоо максатында атайын телесабактар дагы даярдалып, балдарга сунушталууда. Ал сабактар бүткүл республика боюнча көрсөтүлүп, тажрыйбалуу, мыкты мугалимдер тарабынан өткөрүлүп жатат.

Мына, ушундай телесабактарды даярдап, эфирден болсо дагы жалпы окуучуларга тереңдеп билим алуу үчүн бардык ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берип жаткан телеканалдардын бири бул – “Санат” телеканалы. Бул канал жеке гана мектептеги окуу программасы менен чектелбестен, каалоочулар үчүн атайын курстарды дагы ачып, балдардын ар тараптуу өнүгүп, билим алуусуна дагы өбөлгө болууда. 

Биз каналдын жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү менен жакындан таанышуу максатында “Санат” каналынын башкы редактору Адила Кермалиева менен баарлашып, “кытай тилин үйрөтүү” курстары боюнча дагы кенен маалымат алдык. 

- Алгач, “Санат” телеканалы тууралуу маалымат бере кетсеңиз?

Биздин канал 2014-жылы өз ишмердүүлүгүн баштаган. Ал Кыргызстандагы биринчи үй-бүлөлүк жана таанып-билүүчү канал катары белгилүү. Каналдын негизги багыттарынын бири бул – үй-бүлөлүк, маданий, билим берүү болуп саналат. Санариптик каналдардын топтомунда экинчи мультиплексте республиканын бардык аймактарында көрсөтүлөт. 

Биздин эфирде мектеп программасынын чегиндеги телесабактар көрсөтүлүүдө. Күнүнө эки жолу кайталоо менен көрүүчүлөргө сунушталат. Эки блоктон турат, ар бири сегиз сааттан. Ошондо, биз күнүнө сегиз саат бою сабактарды көрсөтүп турабыз. 

Республиканын бардык мектептери менен иштешебиз. Анткени, биздин телесабактар өз ишин мыкты билген, тажрыйбалуу, кесипкөй, күчтүү мугалимдер тарабынан даярдалат. Алар толугу менен билим берүү стандартынын, мектеп программаларынын талаптарына жооп берет. 

Телесабактардан тышкары таанытуу көрсөтүүлөрү да бар. Бул кошумча билим берүүчү программалар болуп саналат. “Атайын курстар” деп биз мисалы, тил үйрөтүүчү, компьютерди үйрөтүүчү курстарды дагы ачканбыз. Мына ушундай жолдор аркылуу окуучуларыбыздын дагы дүйнө таанымын кеңейтип, ар тараптуу билим алуусуна көмөктөш болуп келүүдөбүз.

Адила Кермалиева: “Конфуций институту менен төрт жылдан ашуун тыгыз кызматташып келе жатабыз”

- Пандемия маалында канал кайсы тармакка басым жасоодо?

Пандемия маалында биздин каналга ар тараптуу сунуштар абдан көп түшүп жатат. Анткени, “Санат” Кыргызстандагы билим берүүчү каналдардын эң биринчиси жана алдыңкысы десем эч жаңылышпайм. Биздин техникалык жабдыктар, студиялардын бардыгы билим берүү багытындагы иштерди алып барууга толук ылайыкталып жасалган. 

Бүгүнкү күнү биз мектеп программаларынан сырткары кытай тили жана англис тили сабактарын тартып, эфирге кетирип жатабыз. Мындан сырткары, мугалимдерге арналган методикалык көрсөтүүлөрүбүз дагы бар. Муну менен катар эле, эл аралык медициналык университети, медико-фармацевтикалык колледжи сыяктуу окуу жайлары менен тыгыз иш алып баруудабыз. Бул окуу жайларынын мугалимдери келип, студияларыбызда лекцияларын окушууда. Биз алардын сабактарын тартып, өздөрүнүн сайттарына, ютуб каналдарына жүктөп берүүдөбүз. 

- Каналдын Бишкек гуманитардык университетинин алдындагы Конфуций институту менен болгон кызматташуу алакасы тууралуу дагы айтып берсеңиз?

Жогоруда белгилегендей биз учурдун талабына ылайык атайын кошумча курстарды дагы тартып, чет тилдерин үйрөтүп келебиз. Мына алардын катарын кытай тилин үйрөтүү курсу дагы толуктайт. 

Чындыгында биздин канал Конфуций институту менен көп жылдан бери эле кызматташып келүүдө. Тактап айтсак бул алакага быйыл төрт жыл толуп, бешинчи жылга кетип жатат. Буга чейин дагы “Кытай тилин үйрөнөбүз” курстарын сандан-санга тартып жүргөнбүз. Жалпысынан 100дөн ашык сабак тарттык. 

Кытай тилин үйрөтүү курсу эл тарабынан дагы абдан жакшы кабыл алынып, учурдун талабына жооп берүүдө. Бардыгыбызга белгилүү болгондой, акыркы жылдары Кытай Эл Республикасынын экономикасы өтө тездик менен өнүгүп, ал дүйнөдөгү алдыңкы мамлекеттердин катарын толуктоодо. Ошондуктан, коңшу мамлекетке барып билим алууну каалаган окуучуларыбыз, жаштарыбыз дагы абдан көп. Мына ушул себептерден улам Конфуций институту менен жолугушуп, тил үйрөтүү, маданият таанытуу багытында иш алып баруу жаатында сүйлөшүп, таанытым курстарын ачуу боюнча биргеликте чечим кабыл алганбыз. 

Алгачкы жылы 30дан ашуун сабак тартканбыз. Алар жыл бою республика боюнча бардык аймактарга биздин эфир аркылуу кайталоо менен көрсөтүлүп жатты. Ошондон бери, эл арасында бул курска кызыгуу, суроо-талап дагы көп болуп, долбоор ийгиликтүү уланып келүүдө. 

Быйыл болсо, долбоор жаңы форматта чыгып жатат. Өткөн жылдарга салыштырмалуу учурда, телесабактын сапаты дагы бир топ жакшырып, мугалимдер, окуучулар менен бирдикте иш алып барып, жакшы бир деңгээлде өтүүдө десем болот. Жумасына кытай тилин үйрөтүүдө эки жаңы сабак тартылып, эки жолу кайталоо менен көрсөтүлүп жатат. Мындан сырткары ишемби, жекшемби күндөрү дагы кайталоолор бар. Ошондо бир жумада жалпысынан, 6 жолу эфирге чыгып жатат. 

Ал эми көрүүчүлөр арасында бул тилди дагы тереңдеп үйрөнүүнү каалагандардын саны күн сайын өсүүдө. Биз курстарыбызда жеке гана кытай тилин үйрөтпөстөн, коңшу элдин маданиятын, салт-санаасын дагы жакындан таанытып жатабыз. Бул сабактар эфирге чыккандан кийин каналдын ютуб каналына дагы жүктөлөт. Муну менен эле катар, фейсбук баракчабызда дагы бар. Мына, ушул жерлерде сабактын болчу убактысын сураган көрүүчүлөрүбүз арбын. Студияга телефон чалып сурагандар, дискке жаздырып, сатып алсак болобу дегендер дагы бар. Ошондуктан бул долбоорду ийгиликтүү долбоор деп эсептейм. 

- Долбоор, мугалимдер тууралуу дагы маалымат бере кетсеңиз?

Ушул ишке ашып жаткан долбоорлордун бардыгында тең эки мугалим иш алып барат. Бирөөсү кыргыз мугалими болсо, бирөөсү кытай мугалими. Ушул эки окутуучу биргеликте балдарга сабак өтүшөт. Сабактын методикасын атайын телесабакка ылайык кылып иштеп чыкканбыз. Ошого карата студия жасалгаланып, мугалимдер алдын-ала абдан жакшы даярдык менен келишет. Долбоорду каржылоо маселеси Конфуций институту тарабынан каралат. Алар жылдык бюджетине киргизип, каржылап келе жатышат. Бул жагынан эч кандай маселе жаралган жок. 

- Бул жаатта алдыда дагы эки тараптуу кызматташуулар боюнча кандайдыр бир пландар барбы?

- Албетте, бул багытта дагы ой-сунуштарыбызды билдиргенбиз. Мен Конфуций институтунун директоруна кытай тилин, маданиятын жакындан таанытып, негизи эле ушул эки коңшу элдин ынтымагын, достугун чыңдоо максатында биргеликте иштерди алып баруу боюнча өз оюмду билдиргем. 

Алдыда, дагы бул жаатта кызматташуу боюнча ойлорубуз бар. Мисалы, мультфильмдер, балким билим берүүчү сериалдар, үй-бүлөлүк тасмалар, көркөм өнөр жаатында дагы кандайдыр бир программалар ж.б.у.с. көрсөтүүлөр болсо биздин каналдан көрсөтүүгө даярбыз. Дагы да болсо, кытай тилин үйрөтүү курстарын тарта бермекчибиз. Аны жакшыртып, өнүктүрүп, кийин мүмкүн чоң адамдардын үйрөнүүсү үчүн дагы ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө аракет кылмакчыбыз. 

Азыркы тапта, Кыргызстандан көптөгөн жаштар коңшу мамлекетте билим алып жатышат. Эки мамлекеттин достук, кызматташтык алакасы дагы чыңдалууда.  Ошондуктан, бул багытта дагы бир топ ийгиликтүү долбоорлорду ишке ашырабыз деп ишенем. 


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)