WeChat      Избранное

Атахан Махмудов: “Бул сыноонун артынан дагы жакшы жетишкендиктер келет”

20/09/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Атахан Махмудов: “Бул сыноонун артынан дагы жакшы жетишкендиктер келет”

ФотоWWW

2020-жыл менен кошо кирип келген пандемия бүтүндөй дүйнөнү сестендирип, оор абалга туш келтирип турган кези. Коронавирус илдети жашоонун нугун такыр эле башка багытка буруп, бардык тармактардын ишмердүүлүгүн токтотту. Башкача айтканда, карантин учурунда жашоо агымы бир топ жайлады. Карантин соңуна чыкса дагы пандемиянын таасири бүгүнкү күнгө чейин созулуп, дагы да болсо бардыгыбыз “ качан ушул илдеттен кутулабыз” деген ой менен жашап келе жатабыз. 

Мына ушундай кырдаалда башка тармактар менен бирге бизнес чөйрөсү дагы бир топ запкы жеди. Биз ушул жаатта баарлашуу максатында “KUPICN” логистикалык компаниясынын орун басары Махмудов Атахан менен байланыштык. Атахан өз мезгилинде кытай тилинен дагы котормочу болуп иштегендигин айтып, кытай тилин үйрөнүү, кытай эли, маданияты боюнча дагы өз ой-пикирлери менен бөлүштү.  

“Кытайда окуган бир жылым, Кыргызстанда 4-5 жыл тил үйрөнгөнүмө тете болгон 

- Атахан Жанышбекович, алгач, өзүң тууралуу маалымат бере кетсең, кытай тилин кандай себептерден улам үйрөнүп калдың?

Мен өзүм Бишкекте төрөлүп, өстүм. №79 мектепте 9-класска чейин билим алдым. Андан соң, алдымда кайсы багытта кесип тандап, окуумду кайдан улантсам деген башкы маселе турду. Чындыгында, мен үчүн кесип тандоо бираз кыйын болду. Анткени, кандайдыр бир кичинемден пландап, “бул багытта иштейм” деп деле максат кылган эмесмин. Англис тилин жакшы окучумун. 

Атам дагы, биздин чет тилдерди үйрөнүүбүзгө басым жасап, көңүл бурчу. Мектептен эле араб тилин үйрөнө баштагам. Атам “жакынкы он жыл аралыгында кытай тили же болбосо араб тили абдан керектүү тилдерден болот” деп айтып калчу. Ошондуктан, 9-класска келгенде кытай тили курстарына барып, окуй баштадым. 

Андан соң, кытай тилин тереңдетип өздөштүрүү максатында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетиндеги Кыргыз-кытай институтунун алдындагы колледжге тапшырдым. Ал жакта төрт жыл окудум. Бул жылдар мен үчүн кытай тилин гана өздөштүрбөстөн, кытай маданиятын, салт-санаасын, үрп-адаттарын жакындан таанып, үйрөнүүгө дагы өбөлгө болуп берди. Окуу жай тарабынан уюштурулган ар түрдүү программаларга, конкурстарга, сынактарга дагы катышып, студенттик жашоом кызыктуу өттү десем жаңылышпайм. 

Ал эми, Кытай жергесине болгон алгачкы сапарым Хэнань провинциясынын Кайфэн шаарына болду. Хэнань университетине окууга өтүп, ал жакта эки жыл билим алып келдим. Кайрадан Кыргызстанга келип дипломумду коргогон соң, окуу менен бирге иштөөгө дагы мүмкүнчүлүк болгон Хайнань шаарында билимимди улантууга мүмкүнчүлүк алдым. Хайнань дүйнөгө туристтик шаар катары белгилүү эмеспи. Мага дагы бул аймак өзүнүн ажайып жайлары, суук түшүп, кыш болбогондугу менен абдан жакчу. Туристтик аймак болгону үчүн жумуш табууга дагы бардык мүмкүнчүлүк бар эле. Мына, ошондуктан Хайнаньга окууга өткөндүгүмө абдан кубандым. Бирок, Кыргызстанда бир кытай инвестору менен биргеликте жумуш башталып калып, ал жакка окууга барбастан, иштеп калууну чечтим. 

Атахан Махмудов: “Бул сыноонун артынан дагы жакшы жетишкендиктер келет”

- Кытай тилин үйрөнүүдө кандайдыр бир кыйынчылыктар болдубу?

Чындыгында, кытай тили үйрөнүүдө оор болгон тилдердин катарына кирет эмеспи. Мен алгач курстарга барып тил үйрөнүп жүргөндө иероглифтерди жазуу, жаттоо абдан эле оор болгон. Университеттен дагы бир аз кыйналып жүрдүм. Иероглиф жазуу менен туура сүйлөө мен үчүн оор болду. Кытай тилинде сүйлөөдө төрт тон бар. Эгерде бул тондор туура эмес айтылса, сөздүн мааниси түп-тамыры менен өзгөрүп кетүүсү мүмкүн. Ошондуктан бул тилде туура жана так сүйлөө дагы абдан маанилүү. 

Бирок кытай тилин өтө кыйналып үйрөндүм дегенден алысмын. Колледжде окуп жүргөндө кытай тили сынагын ийгиликтүү тапшырган соң, “тилди үйрөнсөм болот экен, колумдан келет экен” деген ишеним дагы бекем болуп, аны тереңдеп өздөштүрүүгө кандайдыр бир мотивация дагы пайда болгон. 

Ал эми Кытай жергесине окууга келгенимде менин кытайчам ушунчалык начар экендигин аңдадым. Төрт жыл коротуп, жеткиликтүү деңгээлде бул тилди үйрөнө албаганыма абдан өкүндүм. 2-3 айдай мугалимдеримди толук түшүнө албай, алар менин сүйлөгөнүмдү түшүнбөй абдан кыйналдым. Алардын сүйлөп жаткандыгын түшүнсөм дагы, жооп берүү абдан оор болуп жатты. Анткени, биз бул жактан окуп жүргөндө бир-бирибиз менен дээрлик кытай тилинде сүйлөшчү эмеспиз. Ошол себептен, биздин оозеки сүйлөшүүбүз начар болуп калган экен. Бирок убакыт өтүп, көнүшкөндөн кийин, тилди тереңдеп үйрөнүү бир кыйла эле жеңил болуп калды. Чындыгында тил үйрөнүүдө айлана-чөйрөнүн тийгизген таасири абдан чоң. Тилди өнүктүрүү үчүн кытайлар менен дагы көп сүйлөшүп, тырышып окуп жаттым.

Негизи менин Кытайда окуган бир жылым, Кыргызстанда 4-5 жыл тил үйрөнгөнүмө тете болгон десем эч жаңылышпайм. Ошондуктан, бул тилди үйрөнөбүз деген жаштарга, Кытайга барып эле үйрөнгүлө деп кеңеш берип келем. Акча кетет деген менен, ал каражат бул жакта төрт жылда короткон акчага эле барабар болот. Эң башкысы убакыттан утушат. Дүйнө тааным, көз караштары өзгөрүп, ой-максаттар пайда болот. Чет тилди өз мекенинде үйрөнүү, баары бир эффективдүү болуп, жакшы натыйжа берээри шексиз.

- Кытай эли, маданияты тууралуу өз оюң менен бөлүшсөң?

Бардыгыбызга эле белгилүү болгондой, Кыргызстанда кытай элине болгон көз караш негедир башкача. Эмгнегедир, коңшубуз тууралуу туура эмес ойлонобуз. Менде деле бул эл тууралуу көп жакшы ой-пикир жок эле. Көрсө андай эмес экен. Мен Кытайга баргандагы эң биринчи алган таасирим эң жакшы болду. Коңшу эл чет элдиктерге абдан жакшы мамиле кылышат экен. Кандайдыр бир жардам керек болсо, колунан келген көмөгүн көрсөтүшөт. 

Кытай эли абдан эрте турушат. Таңкы саат беш-алтыларда аларда кадимкидей жашоо жанданып, күнүмдүк тиричилик башталат. Спорт менен машыгышып, парктарда бийлешип, жаш-кары дебей эрте турушкандыгы мени таң калтырды. Кечинде болсо, 23төн кийин укташат. Андан дагы эрте жаткандары бар. Бирок, ушул маалда сыртта жүргөндөр абдан азаят. 

Тамак-аш режимин дагы абдан жакшы сакташат. Убагы менен тамактанышат. Сууну көп ичишет. Ар бир кытай жаранынан жанына көтөрүп жүргөн суусун көрүүгө болот. Мына ушул сапаттары абдан жакты. Мындан тышкары бул элде “мен карыдым, оорудум, куурадым” деген сыяктуу ойлор жок экен. Карысы дагы, жашы дагы велосипед тээп жүрүшөт. Кечинде парктарга барсаң музыка коюп алып бийлеп жүргөндөрдү көрөсүң. Кытайда стол тенниси абдан өнүккөн. Бул спорттун түрүн бардыгы ойношот. Жаш-кары деп бөлүнбөйт. Карылары сергек жашоо образына абдан басым жасаарына күбө болдум. 

Чет өлкөлүктөргө абдан жакшы мамиле кылышат. Ар кандай шылтоо таап кыйын болушпайт, мушташышпайт. Эч ким тийишпейт дегендей. Кытай элинин ушундай меймандостук сапаты дагы жакшы таасир калтырды. Кытай ашканасы тууралуу айта турган болсок, чындыгында бул ашкана тамак-аш түрүнө абдан бай. Ар бир провинция гана эмес, ар бир айылдын жеке өзүнө гана таандык болгон даамдары, тамактары бар. Башында ачуу тамак жей албасам, азыр мен ачуусу жок тамак жей албайм. 

Кытай маданияты дагы ар түрдүү улуттук майрамдарга бай. Майрам сайын кызыктуу конкурстар уюштурулуп, оюн-зоок программалары элге тартууланат. Ар бир майрамдын өзүнүн таржымалы, тарыхы бар. Ошого жараша тамак-аштар даярдалып, сынактар өткөрүлүп турат. Кытай эли маданиятына, салт-санаасына абдан маани берет. Канчалаган кылымдар өтсө дагы, аны баалап, барктап келишет. 

“Азыр дагы кеңсенин акчасын төлөөгө, айлык акы берүүгө каражат жок болуп, кыйналып турган кезибиз” 

- Учурда, кандай иш менен алектенип жатасың, кытай тилинин пайдасы болуудабы?

Ооба, “Ашык дөөлөт баш жарбайт” дегендей, кытай тилин билгеним абдан эле жакшы пайда алып келүүдө. Кытайда жүргөндө эле, ишкердик менен алектенүү боюнча өз планымды түзүп, кызыгып баштадым эле. Жаңы идеялар пайда болгону менен, бизнес тууралуу маалыматым жокко эсе болчу. Кыргызстанга келгенде котормочулук кесибин аркаладым. Бирок андан кийинки ишимде жеке гана котормочу эмес, башка жумуштарды дагы жасап жаттым. Бул кырдаал мага жаккан жок, өсүш болбойт экендигин байкадым. Башка жумуш караштырып жүрүп, бир кытай жараны менен таанышып калдым. 

Ошентип, 2018-жылы аны менен биргеликте чогуу “KUPICN” аттуу компания ачтык. Биздин компания Кытайдан сатып алууларды тейлөө менен катар товарларды жерине жеткирүү иши менен алектенет. Тактап айтканда, биз клиенттерге товарларды фабрикалардан болобу, дүкөндөрдөн болобу таап, сатып алып берип, Кыргызстанга жеткирип беребиз. Логистика менен бирге сатып алуу кызматын дагы көрсөтөбүз. Мына ошол мезгилден бери бүгүнкү күнгө чейин чогуу кызматташып келүүдөбүз. Биз ишмердүүлүк Кыргызстанда жаңыдан гана бутуна туруп келе жаткан тармак десек болот. Кытайда интернет магазиндер абдан өнүккөн. Үйдө туруп эле, өзүңүзгө зарыл болгон товарды тандап, бизге буйрутма берсеңиздер болот. Кытайда кандай гана товар болсо дагы бардыгын таап берүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. 

- Азыркы тапта, пандемия бардык тармактардын ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизип жаткандыгы маалым. Ушул кездеги компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип кетсең?

Чындыгын айтканда, биздин компания 2020-жылдын башына чейин абдан жакшы болуп, ийгиликтүү иштеп келе жаткан. Бирок, бардыгыбызга белгилүү болгондой дүйнөдө пандемиянын башталышы менен жумуш токтоп, банкрот болуп калдык.  Январь айынын аягында Кытай жаңы жылын тосууга кесиптештерибиз кетишти. Майрамга карата чек ара жабылып, биздин товарлар чек арадан өтпөй калды. “Мына эми майрам бүтүп, ишибиз кайрадан жанданат” деп жатканда вирустун айынан чек аралар ачылбай калды. Товарларды алып келе албай жаттык. “Эми, ачылат” деп күтүп жатканда Кыргызстан карантинге жабылды. Биздин клиенттер товарларды же акчасын талап кыла башташты. Көп ызы-чуу болду. Эми ал күндөр дагы өттү. 

Биздин банкрот болгондугубуздун башкы себеби бул, пандемиянын күчөп турган маалында беткап, медициналык коргоочу каражаттарды, костюмдарды ж.б.у.с. товарларга ири буйрутма алганыбыз болду. Мындан башка дагы, буйрутмаларыбыз бар болчу. Аларды Кыргызстанга алып келээрде биздин чек ара жабылып, Казакстан аркылуу алып жеткирүү чечимин кабыл алганбыз. Мына ошол коңшу мамлекеттин чек арасынан бир катар көйгөйлөр пайда болуп, өз дарегине жеткире албай калдык. Документтер бардыгы ордунда болчу. Бирок негедир товар контрабанда делип, Казакстандын чек арасынан камакка түшүп калды. Сотко чейин жеттик, бирок карантин маалы болуп, ага дагы катыша албадык. Бул биздин ири суммадагы биринчи банкротубуз болду. 

Экинчиси болсо, товарларыбыз болсо жолдо жоголуп, өз убагында ээлерине жеткирип бере албай калганыбыз үчүн дагы бекер берүүгө аргасыз болуп калып жаттык. Биз иштетип жаткан кеңсенин ижарасын дагы, карантин болгондугуна карабастан толугу менен төлөп берүүгө туура келди. Сегиз кызматкерибизди жумуштан кетирүүгө аргасыз болдук. Себеби алардын айлыгын төлөп берүүгө каражатыбыз жок эле. Кеңсенин дагы ижарасы кымбат болгондугу үчүн, офисти башка жакка көчүрдүк. Кызматкерлерибиздин 90%ы жумуштан кетти. Азыркы тапта, эки кызматкер менен гана иштешип жатам. Чындыгын айтканда, учурда дагы жумушубуз абдан начар болууда. Үрумчүдө вирус чыккандыгына байланыштуу Кытай кайра чек араларын жаап салган. Бул дагы болгон ишмердүүлүктү токтотууда. Учурда дагы кеңсенин акчасын төлөөгө, айлык акы берүүгө каражатым жок болуп, абдан кыйналып турган кезибиз. 

Азыркы кезде дагы Кытайдан товар алып келүү абдан оор. Беш айдан бери бул өтө кыйын болууда. Бирок кеч болсо дагы товарлар өлкөгө кирип жатты. Жол кире абдан кымбат болууда. Мурун жер менен Гуанчжоудан Бишкекке алынып келинген товардын жол киреси 2.5 доллар болсо, азыр 4 доллар болуп кетти. Бул дагы арзандап калган кези. Ал эми учак менен келген товарлар мурун 5 доллар болсо, азыр 10 долларга чейин жетти. 

Бирок, кандай болсо дагы бул сыноо экен. Чындыгында мен ушул кырдаалдан эң көп тажрыйба топтодум десем болот. Мындай нерсеге даяр болгон эмесмин, көргөн дагы эмесмин. Буюрса мындан аркы ишмердүүлүгүм үчүн бул алган сабактарым жакшы үлгү болуп бере алат деп ойлойм. 

- Сенин оюң боюнча, ушундай кырдаалда мамлекет логистикалык компанияларга кандай колдоо көрсөтө алат, кандай багытта иш алып барса силерге жеңил болмок?

Албетте бардыгыбыздын башыбызга ушундай оор күндөр түшүп турганда, биринчи мамлекет кандайдыр бир жардам көрсөтүүсү зарыл болчу. Кыргызстанда абдан оор кырдаал болуп, ооруканалардан орун жетпей, эл жардамга муктаж болуп, кычкылтек байытуучу аппараттарга, коргонуу каражаттарына жетпей жатканда, негедир биздикилер Кытайдан товар алып келүүгө тыюу салып койду. Элге жардам беребиз дегендердин бардыгы айласыздан Туркиядан алып жатышты. Ал жакка деле товарлар негизинен Кытайдан бараары белгилүү эмеспи. Алар зарыл болгон жабдыктарды эки-үч эсе кымбат баада алып жатышты. 

Биз деле элге жардам кылып, товарды өз баасында, кошпой эле берели деп аракет кылдык. Бирок, Кытайдан алып кирүүгө мүмкүнчүлүк болбоду. Албетте, ошол учурда деле алып келгендер болуп жатты, бирок алар кандай жол менен алып келгени белгисиз. Менин жеке пикиримде, Кыргызстан Кытайдан товарларды алып келүүгө тыюу салбоосу керек эле. Кишилерден жугат десек да, товарлардан вирусту жугуу коркунучу жок экендиги белгилүү болчу. Ошондуктан, жол кире да кымбаттады. Доллар дагы көтөрүлүп, ошондон эле бир топ минуска кеттик. Элде акча жок болуп кыйналды. Товар өтпөй калды. Чындыгында кырдаал аябай эле кыйын болду. Азыр деле абалыбыз оңой эмес. Иркештам ачылганы менен ал жакта дагы унаалар абдан көп. Кезек жетпейт. Товарларыбыз кечигүүдө. 

2020-жыл бардыгыбыз үчүн эле эң оор жылдардан болду окшойт. Бирок, кайгыга батып отуруп калбоо керек. Алдыга умтулуп, болгон аракеттерди кылып, иштей берүү зарыл. Бул дагы сыноо. Бардыгыбыз үчүн сабак болду окшойт. Чындыгында, кымбатка түшкөн тажрыйба болду. Азыркы тапта дагы жеңил эмес. Ошондой болсо дагы, өз аракеттерибизди кыла берели. Менин оюмча, бул сыноонун артынан дагы жакшы жетишкендиктер келет. 

Эң башкысы ден соолук болсун. Оору жашоого болгон көз карашыбызды дагы өзгөрттү. Ушундан сабак алып, жашообузда колдоно билели. Бардыгыбыз бирге, ынтымак ичинде ийгиликке жетише алабыз деп ишенем. Пандемиянын күйүп-жанып турган кезинде кыргызстан эли дагы бир жолу кыйын кезде бир-бирин таштабай, колунан келген жардамын берээрин далилдей алды. 


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)