WeChat      Избранное

Кыргызстандагы коронавируска байланышкан кырдаалга ылайык жакын арада мекенге авиакаттамдар болбойт

13/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Кыргызстандагы коронавируска байланышкан кырдаалга ылайык жакын арада мекенге авиакаттамдар болбойт

Сүрөт интернеттен алынды

2020-жылдын 11-апрелине белгиленген “Сибирь” (S7) авиакомпаниясынын Новосибирск-Бишкек-Новосибирск багытындагы чартердик рейси болбой калгандыгына байланыштуу Башкы консулдуктун кызматкерлери Новосибирск областындагы диаспоранын активдүү мүчөлөрү менен биргеликте  Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) Кыргызстандагы миссиясынын каржылоосунун негизинде Новосибирск шаарындагы мейманканаларында  Кыргызстанга кетүүсүн күтүп жаткан 132 мекендештерибиз менен жолугушуу өткөрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу КРдин Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Жолугушуу учурунда Башкы консул К.Маматалиев жарандарга Кыргызстандагы коронавируска байланышкан кырдаалга ылайык жакын арада мекенге авиакаттамдар болбой тургандыгын кабарлады. Муну менен эле катар, КР жарандарынын жатакана жана тамак-аш маселесин каржылоо, жумушка жайгаштыруу, миграциялык каттоо мөөнөтүн узартуу боюнча суроолоруна жооп берди.

Бүгүнкү күндө 136 кишинин жатаканасын каржылоо (ЭМУ) нун Кыргызстандагы миссиясынын каржылоосу менен  чечилип, тамак-аш маселеси Кыргыз диаспорасынын жардамы менен уюштуруу келишимине жетишилди. Хостелде жайгашкан жарандардын арасынан муктаж болгон 4 жаран Кыргызстандык мекендешибиз ээлик кылган  “Андар” жеке медициналык борбордон медициналык  кароодон өткөрүлдү.

Башкы консулдук Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин алдындагы курамында күн-түн режиминде иш жүргүзүп жатат. Керектүү консултацияларды +79607812324 телефон номери аркылуу жана [email protected] электрондук дареги аркылуу алууга болот.

Башкы консулдук Кыргызстан жарандарын Россия бийлиги киргизген медициналык жана санитардык эрежелерди бекем сактоого жана эпидемологиялык кырдаал турукташканга чейин Кыргызстанга барбай турууга чакырат. 

Эске сала кетсек, Кыргызстанда 13-апрелге карата коронавирус жуктурган 42 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын жалпы саны 419га жетет. Алардын ичинен 67 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)