2020-жылдын 13-апрелине карата COVID-19 вирусун жуктургандардын 42 жаӊы учуру катталды-жалпы 419
Сүрөт интернеттен алынды
2020-жылдын 13-апрелине карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 42 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев республикалык штабдын пресс борборунда билдирди.
Нурболот Усенбаев: “Жаңы катталган 42 учурдун ичинен Бишкекте – 10, Чүй облусунда – 6, Ош облусунда – 9, Ош шаарында – 5, Жалал-Абад облусунда – 2, Нарын облусунда – 9, Баткен облусунда – 1.
Ал эми, 2020-жылдын 13-апрелине карата Кыргызстанда коронавирусун жуктурган жалпы 419 учур катталды. Алардын ичинен:Жалал-Абад облусунда – 91, Ош облусунда – 128, Ош ш. – 59, Чүй облусунда – 27, Бишкек ш. – 69, Баткен облусунда – 5, Нарын облусунда – 34, Ысык-Көл облусунда – 6.
Өткөн сутка ичинде COVID-19 вирусун 16 медицина кызматкери жуктурган, алардын ичинен 9 медкызматкер Бишкек шаарында, 4 – Ош облусунда, 2 – Ош шаарында, 1 – Баткен облусунда. Азыркы тапта, бул дарт менен диагнозу тастыкталган медицина кызматкерлеринин жалпы саны – 79 учур.”, - деп маалымат берди.
Муну менен эле катар, жаӊы катталган учурлардан 23 аял, 19 эркек экендиги айтылып, жалпы катталган учурлардын ичинен – 224 аял, 195 эркек болгондугу маалым болду.
“Өткөн сутка ичинде буга чейин COVID-19 диагнозу тастыкталган 13 бейтап айыгып, Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканасынан чыгарылды, чыгып жатканда кайрадан жасалган анализдери терс деп көрсөткөн. Жалпы өлкө боюнча коронавирустан айыккан 67 бейтап ооруканадан чыгарылды”, - саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев.
последние
Рекомендация
- 1Компания "Борусан Макина Кыргызстан" оказала Минздраву гуманитарную помощь на сумму 10 тысяч долларов
- 2Республика боюнча жазгы айдоо 291,1 миӊ га аянтта жүргүзүлүп, өткөн жылдан 37,3 миӊ га көп
- 3Профессор Сооронбаев: Каждый заболевший получает самое лучшее, что у нас есть на сегодняшний день
- 4Департамент лекарственного обеспечения КР дал разъяснение по ценам на маски
- 5Кыргыз-кытай достугу -“Алибаба” жана “Джек Ма” фонддору жалпы суммасы 1 млн 800 миң юанды түзгөн жардам көрсөттү