WeChat      Избранное

Боордоштугун актаган Фошань – Ош шаарына КЭРден гуманитардык жардам келди

10/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Боордоштугун актаган Фошань – Ош шаарына КЭРден гуманитардык жардам келди

Сүрөт интернеттен алынды

8-апрель күнү Ош шаарына Кытай Эл Республикасынын Гуандун провинциясынын Фошань аймагынан медициналык гуманитардык жардам келди. Бул иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын кызматкерлери катышып, коңшу мамлекетке учурдагы кырдаалда көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн өз ыраазычылыгын билдиришти. 

Ош шаарындагы Кытай соода палатасынын төрагасы Ян Баого дагы өз сөзүндө: “Бул гуманитардык жардам кытай элинин кыргыз элине ушундай оор кырдаалда болгон колдоосун, бул дартты тез жеңүүсүнө болгон тилектештигин билдирет”, - деп айтып өттү. 

Эске сала кетсек, аталган жардамдын Кыргызстанга келүүсүн толугу менен Ян Баого мырза координация кылган. 

Эмил Шадыканов, Ош шаарынын мэринин кеңешчиси: “Коңшу мамлекет дүйнөгө дагы бир жолу өзүнүн күчтүүлүгүн тастыктай алды” 

-Бардыгыбызга белгилүү болгондой, COVID-19 вирусуна байланыштуу республика боюнча өзгөчө кырдаал, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Ош шаарында дагы 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн гана чыга алышат. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы сөзсүз түрдө болуусу зарыл. Учурда, Ош шаарында блокпосттор коюлган. Тактап айтканда, аталган илдетти жайылтпоо, алдын-алуу боюнча бардык тиешелүү чаралар көрүлүүдө. 

Мындан сырткары, ушундай кырдаалда гуманитардык жардамдар дагы болууда. Мына, жакында эле Ош шаарынын боордош шаары болгон КЭРдин Фошань шаарынан дагы медициналык гуманитардык жардам берилди. 

30 миң даана беткап, 100 медициналык атайын форма жана дене табын өлчөөчү 100 даана инфракызыл термометрлер келди. Учурдан пайдаланып, ушул жардамды берген Фошань шаарына, ага көмөкчү болгон бардык тиешелүү ведомстволорго ыраазычылыгымды билдирмекчимин.

Чындыгында, Кытай биринчилерден болуп бул илдет менен каршылашты. Аны жеңүү менен коңшу мамлекет дүйнөгө дагы бир жолу өзүнүн күчтүүлүгүн тастыктай алды. Азыркы тапта, коңшу мамлекет COVID-19 вирусу менен күрөшүп жаткан көптөгөн өлкөлөргө өз колдоосун көрсөтүп, жардамын берүүдө. Кытай Эл Республикасына, элине дагы бир жолу рахматымды айтмакчымын, бардыгына чың ден соолук каалайм. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)